Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл өкмөт башчысын шайлоо жөнүндө

2021-08-09 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарына кеп-кеңештерди КР ЖӨБ Союзунун адистери Данияр АЙТБАЕВ (жооптор) жана Венера БОЛТОБАЕВА (консультациялар) беришти.

СУРОО. Мен азыркы убакта айыл өкмөтүнүн башчысымын. Алдыда айыл өкмөттүн башчылыгына боло турган шайлоого кайрадан талапкерлигимди коюу ниетим бар. Талапкер болуп катталган соң өзүмдүн ыйгарым укуктарымды башка бирөөгө өткөрүп беришим керекпи же иштей беремби? 

ЖООП. Алдыдагы айыл өкмөт башчы кызмат ордуна болчу шайлоого айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттерин аткаруучу катары катыша бересиз.  Анткени, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесине ылайык, айылдык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаган күндөн тартып айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн жаңы шайланган башчысы кызмат ордуна кирген күнгө чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттерин аткаруучу деп эсептелинет.

СУРОО. Айыл өкмөт башчы кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли кандай аныкталат жана талапкерлерди каттоодо тил боюнча кайсыл документтер талап кылынат?

ЖООП. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен “Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык “ортодон жогорку” деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат менен ырасталат.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу өз сертификатын аймактык шайлоо комиссиясына бербей коюусу каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.

СУРОО. Эгерде айыл өкмөттүн орун басарынын же жооптуу катчысынын жакын тууганы айыл өкмөт башчысы болуп шайланган болсо, анда орун басар же жооптуу катчы иштен бошош керекпи?

ЖООП. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамдын 4-беренесинин 7-пунктуна ылайык, жакын адамдар - ушул Мыйзамдын мааниси боюнча жубайы, атасы жана апасы, балдары, анын ичинде асырап алган балдары, кандаштыгы боюнча жакын туугандары, ошондой эле багуусунда же болбосо толук көзөмөлүндө турган башка адамдар деп белгиленген.

Аталган Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга жайылтылат. 

Ошондой эле, ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга кызматтык милдеттерин аткарууда алардын жана жакын адамдарынын өздүк (жеке) кызыкчылыгы бар көзөмөлдөө, контролдоо, функцияларын жүзөгө ашырууга, келишимдерди түзүүгө тыюу салынат. Демек, айыл өкмөт башчысынын орун басар же жооптуу катчы кызматындагы жакын тууганына карата кызматтык ыйгарым укуктарынын алкагында көзөмөлдөө, контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруусу мыйзамга каршы келет. Андыктан, бул жерде кызыкчылыктардын кагылышуусу орун алгандыгына байланыштуу, жакын туугандары ээлеген кызмат орундарынан бошотулушу керек болот.

Окшош материалы: