Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызматчыларга коюлган талаптар жөнүндө

2021-04-30 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын (www.myktyaimak.gov.kg) адистери жооп беришет

СУРОО. Айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер “Менеджмент” адистиги боюнча жогорку билимге ээ, ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу болуп үч жыл иштеген. Комиссия бул талапкерге сынактан өтүүгө уруксат бербей жатат. Муну билиминин дал келбестиги жана муниципалдык кызматта иш тажрыйбасынын жоктугу менен негиздеп жатат. Сынакка катыштыруудан баш тартуу канчалык мыйзамдуу?

ЖООП. “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, кызматчы төмөнкү талаптарга шайкеш келиши керек: 1) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга; 2) мамлекеттик жарандык кызмат үчүн - 21 жаштан жаш болбоого; 3) муниципалдык кызмат үчүн - 18 жаштан жаш болбоого; 4) ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка алууну жүзөгө ашырып жаткан тиешелүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө. “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинде административдик кызматчыларга квалификациялык талаптар коюлган.

Айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысынын кызматы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы №17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде кызмат орундарынын жогорку тобуна киргизилген. “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, административдик кызматчыларга карата квалификациялык талаптарга төмөнкүдөй талаптар киргизилет: 1) стажга жана адистик боюнча иш тажрыйбага жана тийиштүү кесиптик көндүмдөргө карата; 2) административдик кызмат орундарынын категориясын жана тобун эске алуу менен билимдин деңгээлине жана тармагына карата; 3) мыйзамдарда каралган учурларда кызматчы ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө карата. “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүндө административдик кызмат орундарын ээлөө үчүн иш стажына карата квалификациялык талаптар белгиленген. Ошентип, жалпысынан мамлекеттик же муниципалдык кызматтын бир жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы болушу керек. 

“Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы эмгек стажына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген убактысы, ошондой эле убактылуу жок болгон кызматкерди алмаштыруу боюнча эмгек иши кирет. Ошондой эле “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, убактылуу болбогон кызматчынын милдетин аткаруу боюнча эмгек иши мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажына эсептелет, ал эми класстык чендер жана иштеген жылдар болгондо тиешелүү үстөктөр төлөнөт.

Бул ченем 2016-жылдын 7-июнунан тартып иштеп жатканын эске алуу керек (“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенде). 

“Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 3-бөлүгүндө улук административдик кызмат орундары үчүн билим деңгээлине карата квалификациялык талап белгиленген – жогорку билим. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптардын 15-пунктунда улук топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына типтүү квалификациялык талап белгиленет – тийиштүү багыттагы жогорку билим.

Финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлердин конкурстук талаптарында экономикалык багыттагы жогорку билим көрсөтүлгөн болушу ыктымал. Ал эми талапкер “Маалыматтык менеджмент” багыты боюнча жогорку билимге ээ.

Демек, талапкер иш стажына коюлган квалификациялык талаптарга жооп берет, бирок билим деңгээлине коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербейт.

 

Окшош материалы: