Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Теплоключенка АӨ: Калк менен тыгыз байланышта иштөөнүн натыйжасында, тарифтерди көтөрүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга, жарандардын алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аброюн көтөрүүгө болот

2021-05-21 / ЖӨБ кызматтары
Теплоключенка АӨ: Калк менен тыгыз байланышта иштөөнүн натыйжасында, тарифтерди көтөрүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга, жарандардын алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аброюн көтөрүүгө болот

Талант КОБОНБАЕВ, Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл өкмөтүнүн башчысы

Теплоключенка айыл өкмөтү ар дайым өнүктүрүү долбоорлору менен байма-бай кызматташып келет, анткени сапаттуу консультациялар башкарууну жакшыртууга жардам берерин жана калктын жашоо деңгээлинин өсүшүнө көмөктөшөрүн түшүнүшөт. Ошондуктан 2017-жылдын январь айында аймак ынтызарлык менен “Ийгиликтүү аймак” долбоору менен иштешүүгө киришкен. Кызматташуу учурунда төмөнкү натыйжаларга жетишүүгө мүмкүн болду:

  • жергиликтүү жамааттын уставы жаңыртылды;
  • WhatsApp аркылуу жарандар менен байланыштын мобилдик механизми киргизилди;
  • 2023-жылга чейин коммуникациялык стратегия жаңыртылды;
  • муниципалдык менчиктин реестри жаңыртылды;
  • Теплоключенка АӨнүн Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы иштелип чыгып, ага төмөнкү кызмат көрсөтүүлөр кирди жана уюштурулду: кой-эчкилер үчүн жугушсуздандыруучу ванна уюштуруу, таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, айылдын ички жолдорун оңдоо боюнча кызмат көрсөтүү.

Долбоордун колдоосу менен Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, ЖӨБ органы жергиликтүү деңгээлде кызматтарды уюштуруу процессин жөнгө салган бир катар жергиликтүү ченемдик укуктук актыларды кабыл ала алды. Тактап айтканда, Кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоо боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө жобо, Кызмат көрсөтүүнүн баасын (тарифин) эсептөө боюнча жобо жана башка бир катар документтер кабыл алынды. Аталган документтер кызмат көрсөтүүлөрдү КРдин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга жардам берет. Долбоордун ишинин алкагында алган билими жана ишке ашырылган процедуралар, жарандардын алар үчүн маанилүү болгон кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кыйла жакшыртты.

Кой-эчкилер үчүн жугушсуздандыруучу ванна (күпкө)

Өлкөнүн көптөгөн айыл аймактарындай эле, Теплоключенка айыл аймагында мал чарбачылыгы өнүккөн. Айыл аймагында 2500гө жакын жылкы, 6000ге жакын бодо мал жана 18000ге жакын кой-эчкилер өстүрүлөт. Айылдык чогулуштарда жергиликтүү тургундар малдарды жайкы жайлоого жиберүүдөн мурун ветеринардык дарылоодон өткөрүү маселесин көп ирет көтөрүшкөн. Ветеринардык препараттар колдонулуп келет, бирок алар керектүү натыйжа бербейт. Калк койлорду жугушсуздандырууну талап кылган, бирок Советтер Союзунун убагында курулган керектүү объект аянычтуу абалда болчу. Түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен, айыл өкмөтү буга чейин “Заря” кооперативине таандык болгон жугушсуздандыруу ваннасын сатып алууну чечкен.

Андан соң жугушсуздандыруучу ванна жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле айыл өкмөтүнүн өнөктөштөрүнүн финансылык колдоосу менен оңдолгон. Бирок, объекттин натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча маселе пайда болгон. Мына ушул жерде USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоору жардамга келип, ал чечимди табууга жардам берди, тактап айтканда, малды жугушсуздандыруу иштерин башкаруу жана жарандарга кызмат көрсөтүүнү аткаруучуну тандоо үчүн конкурс уюштурулду. Долбоор ошондой эле аталган кызмат көрсөтүүнүн тарифин эсептөөгө жардам берди, ал мал башына 13 сомду түздү. Андан соң, конкурс жарыяланып, анын жыйынтыгы боюнча күпкө ветеринар Сыртбай АБДЫКАРИМОВГО ижарага берилди. Учурда күпкө муниципалдык-жеке өнөктөштүктүн алкагында ийгиликтүү иштеп жатат, эң башкысы, аймактын жашоочулары ыраазы, анткени ветеринардык оорулардын саны азайды. Өнөктөштүктүн бул формасынын кошумча пайдасы, бул объектти тейлөө үчүн жергиликтүү бюджетке жүктү азайтуу болду, анткени объект учурда толугу менен ижарачы тарабынан тейленет. Акыркы эки жылда малды күпкөгө салуу кызматын жакын жайгашкан Октябрь айыл өкмөтүнүн малчылары да пайдаланышууда. 

Таштандыларын чыгаруу жана айылды көрктөндүрүү 

Экологиянын начарлашы, башаламан пайда болгон таштанды таштоочу жайлар - Теплоключенка айыл өкмөтү үчүн гана эмес, жалпы өлкө үчүн чоң көйгөй. 2015-жылы аймакта «Тазалык» муниципалдык ишканасы уюштурулган. Ошол учурда ишкананын бир гана трактору жана ЗИЛ машинасы болгон, бирок таштандыларды чыгарууга аракет кылган. Бирок ишкана 2015-жылга чейин айылдын чет жактарында жана сейил бактарында пайда болгон таштандыларды таштоочу жайлардын көптүгүнө туруштук бере албай калган. Ошол себептен, тез аранын ичинде «Тазалыкты» кантип бекемдөө керектигин ойлонуштуруу керек болду.  Кошумча жабдууларды сатып алууга жана тарифти ар бир үй чарбачылыгынан 50 сомго чейин көтөрүүгө туура келди. Башында калк бул маселеге жана тарифтин көтөрүлүшүнө ишенбөөчүлүк көрсөткөн, бирок көп өтпөй, кызматтын жакшырышынын натыйжаларын көргөндөн кийин, эл ишенип, кызмат үчүн акы төлөй баштады. 2021-жылы Теплоключенка айыл аймагынын калкынын 65%ы таштандыларды ташып чыгаруу үчүн толугу менен жана өз убагында төлөйт. Азыркы учурда «Тазалык» толук кандуу иштеп жатат: ишкананын жүктөгүч трактору, экскаватору, грейдери жана эки ЗИЛ автоунаасы бар. Кийинчерээк баасы үч жарым миллион сомду түзгөн, таштанды ташуучу унаа сатылып алынган. Арткы жүктөө каралган атайын жабдууну сатып алуу менен, ишкананын иши жеңилдеп жана КТК толугу менен чыгарыла баштады. Бирок дагы бир жолу көйгөй келип чыкты - таштанды чыгаруучу жер жетишпегендиктен, жаңы таштанды полигону керек болду. Бүгүнкү күндө көйгөй чечилип, аймак таштанды полигону үчүн бардык керектүү документтерди, анын ичинде экологиялык паспортту алды. КТКларды чыгаруу боюнча иште, USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоору тарифти эсептөөгө жардам берди жана бүгүнкү күнгө чейин муниципалдык ишканага тарифтерди кайра эсептөөдө жана муниципалдык ишкананын натыйжалуу иштешине жардам берип келет.

Калк менен кайтарым байланыш жана коммуникациялык стратегия

Теполоключенка аймагынын жаштарынын демилгелүү тобунун мүчөлөрү көптөн бери жамаат ичинде туруктуу байланыш каналын уюштуруу идеясын көтөрүп келишкен, бирок аны кантип ишке ашырууну билишкен эмес. Маселени чечүүнүн ыкмасын «Ийгиликтүү аймак» долбоору сунуштады. Ошентип, Теплоключенка долбоордун максаттуу муниципалитеттеринин арасында WhatsApp аркылуу калк менен мобилдик кайтарым байланыш түзүү механизмин ишке ашыруу жаатында «пионер» болуп калды.

Мындай демилгенин негизги максаты - калкка көйгөйлөр, иштин натыйжалары жөнүндө өз убагында маалымдоо, жергиликтүү бийликтин дарегине сунуштарды жана сын-пикирлерди чогултуу. WhatsApp аркылуу ЖӨБ органына тургундардан көптөгөн суроолор жана каалоолор келип түшөт. Мисалы, бир жерде жарыктандыруу иштебейт же жолдор бузулган деген билдирүүлөр; жерди, маалымкатты же жеңилдиктерди кантип алуу керектиги, өзгөчө кырдаалдардын (табигый өрттөрдүн) келип чыгуу коркунучу жана башка нерселер туурасында суроолор. 

Учурда ЖӨБ органы 1900 байланыш менен өз ара аракеттенип, аларга WhatsApp аркылуу муниципалитеттин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип турат. Айылдын тургундарынын номерлеринин маалымат базасы бар, ал такай жаңыртылып турат. Механизм 2020-жылы, COVID-19 пандемиясынын учурунда өтө пайдалуу болду, анткени ал учурда аралыктан байланышуу жана калкты кабарлоо механизмдери өзгөчө керек болгон. 

USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоорунун колдоосу менен коммуникациялык стратегияны иштеп чыгуунун алкагында, ЖӨБ органы Теплоключенка АӨнүн Facebook-баракчасын ачкан, анда аткарылган иштер жөнүндө отчеттор гана жарыяланбастан, калк тарабынан кайтарым байланыш да байкалат. Ошондой эле жакында АӨнүн сайты ачылды. Мунун бардыгы жашоочулар кандай жумуштар аткарылып жаткандыгы жана эмне пландаштырылып жаткандыгы жөнүндө өз убагында маалымат алышы үчүн жасалды. Бул жарандардын ишенимин жогорулатат. 

ЖӨБ органдарынын ишин баалоонун индикаторлору

Долбоор тарабынан киргизилген жана жагдайды ЖӨБ органынын көз карашы менен баалоо үчүн пайдалуу болгон инновациялык жана кызыктуу ыкманы белгилей кетүү керек - кеп ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгүн баалоо индикаторлору жөнүндө болуп жатат (ЖӨБИБИ). Бул инструменттин жардамы менен муниципалитет калктын ишеним деңгээлин көрүп турат. Инструментти ишке ашыруунун башталышында ЖӨБ органдарынын кызматкерлери «жаман баа алуудан» коркушкан, калк алардын ишине баа берүү системасын анчейин кубатташкан эмес. Бирок баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча, калк ЖӨБ органына ишенгени аныкталган, бул ЖӨБ органын мындан ары дагы жакшыраак жана көбүрөөк иштөөгө шыктандырган. Инструмент кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, облустун экономикалык жыргалчылыгын жогорулатуу, калк менен өз ара диалогду өркүндөтүү жана муниципалитеттин имиджин көтөрүү үчүн, ошондой эле башка ЖӨБ органдары, бизнес-сектору жана эл аралык уюмдар менен кызматташтык түзүү үчүн керек экендиги белгилүү болду. 

 

Окшош материалы: