Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун ийгилиги ЖӨБ органынын ийкемдүүлүгүнөн, жеткирүүчүнүн экономикалык кызыкчылыгынан жана керектөөчүнүн жоопкерчиликтүү жүрүм-турумунан көз каранды

2021-05-21 / ЖӨБ кызматтары
Кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун ийгилиги ЖӨБ органынын ийкемдүүлүгүнөн, жеткирүүчүнүн экономикалык кызыкчылыгынан жана керектөөчүнүн жоопкерчиликтүү жүрүм-турумунан көз каранды

Асылбек ЧЕКИРОВ, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча эксперт

Тарыхы

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамда жергиликтүү маанидеги маселелер аныкталган, аларды аткаруу ЖӨБ органдарынын жарандардын алдындагы милдеттенмеси болуп саналат. Жергиликтүү маанидеги көптөгөн маселелерди чечүүнүн жыйынтыгында жарандарга ар кандай кызматтар көрсөтүлөт. Мисалы, ичүүчү сууну жеткирүү, саркынды сууларды чыгаруу системаларын тейлөө, тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана утилизациялоо, коомдук транспорт кызмат көрсөтүүсү, эс алуу кызмат көрсөтүүлөрү, маданият, спорт боюнча ийримдердин иштери ж.б.. Кызматтар дайыма жеткирүүчүнүн жана керектөөчүнүн ортосундагы өз ара мамилелердин алкагында көрсөтүлөт. ЖӨБ органдарынын ролу – кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну камсыздоо жана аларды көрсөтүүнү контролдоо. Мындай кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун өзгөчөлүгү ар башка. Ар кандай башкаруу моделдерин колдонуу талап кылынат, алар администрациялык иш-аракеттерди, экономикалык моделди түзүүнү, тиешелүү инфраструктура, финансы менен камсыздоону камтыйт. 

Муниципалдык кызматчыларга өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт, анткени алар жарандар үчүн уюштурушу керек болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн спектри өтө кеңири. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктары муниципалитеттин Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларында (СЭӨП) белгилүү бир ресурстар менен, анын ичинде коюлган милдеттерди чечүү боюнча иш-аракеттерди сүрөттөө менен бекемделген, калктын түзүмдөлгөн суроо-талаптары жана каалоолору түрүндө чагылдырылат. Көпчүлүк учурда калктын артыкчылыктары кызмат көрсөтүү түрүндө эмес, инфраструктурага муктаждык түрүндө түзүлгөн. Ошондуктан, СЭӨПда тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн техника сатып алууга, суу түтүк тармагын курууга, спортзалды оңдоого, музыкалык аспаптарды сатып алууга ж.б. муктаждык белгиленет. Бирок мүлк сатып алуу – бул кызмат көрсөтүү эмес, ошондуктан муниципалитеттерде концерттерди, депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн гана ачылган, бош калган спорт комплекстерин, маданият үйлөрүн, колдонулбаган шаймандарды ж.б. байкоого болот. Таштанды жыйноочу машина, трактор, экскаватор сыяктуу сатылып алынган атайын техника кыска мөөнөттө жараксыз болуп калат, анткени экономикалык жактан негизделген пайдалануу эрежелери сакталбайт. Эмне үчүн мындай болуп жатат? 

Кандай иштер жасалды?

USAID тарабынан каржыланган “Ийгиликтүү аймак” долбоору өз ишмердүүлүгүнүн башында кызмат көрсөтүү тутумунун туруксуздугунун себептерине талдоо жүргүзгөн. Алар өтө көп, бирок бул серепте мүнөздүү жана маанилүү себептерди бөлүп көрсөтөбүз:

  • жергиликтүү деңгээлде пландоо жамааттардын пикирлеринин негизинде артыкчылыктарды аныктоого негизделет;
  • кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча натыйжалуу башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн ЖӨБ органдарынын, муниципалдык кызматчылардын потенциалы жетишсиз;
  • кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерин кароодо жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында көрсөтүлгөн көпчүлүк кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук мүнөзү эске алынбайт.

Талдоонун жыйынтыгында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору тарабынан төмөндөгүдөй корутундулар жасалган.

  • Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана көрсөтүүнүн “тапшырыкчы-жеткирүүчү-керектөөчү” чынжырчасында мамлекет, анын ичинде ЖӨБ органдары, борбордук субъектке – кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүгө тийиштүү көңүл бурбайт.
  • Ошондуктан, чынжырча туруксуз, ал эми керектөөчү талап кылынган сапаттагы кызмат көрсөтүүлөрдүн зарыл көлөмүн албайт.
  • Сапатсыз кызмат көрсөтүү кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн нааразылыгын жаратат, алар мындай кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөдөн баш тартышат, бул кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн ишин туруксуз кылат. “Туюк тегерек” пайда болот, аны ажыратуу үчүн кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн да, керектөөчүнүн да муктаждыктарын канааттандыруу үчүн чечимди издөө зарыл.
  • Кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү менен иштөө пайдасыз жана барксыз. Жеткирүүчүнүн дарегине нааразылыктарды ЖӨБ органынын атынан заказчы да, керектөөчүлөр – жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү да айтышат. Ошондуктан, кадрлардын туруксуздугу жогору жана квалификация деңгээли жетишсиз.
  • Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жана көрсөтүү жол-жобосунун бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарынын балансы жок. Башкача айтканда, өз ишин сапаттуу аткарууга мотивация жок.

Талдоонун жыйынтыктарына жана корутундуларга таянуу менен, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору төмөндөгү принциптерди түзүп, алар максаттуу айыл аймактарында киргизилген.

  • үн жеткирүүчүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү керек. Эгерде кызмат көрсөтүүнүн жеткирүүчүсүнө бул чөйрөдө иштөө ыңгайлуу болсо, анда ал калкка кызмат көрсөтүү боюнча өз милдеттенмесин максималдуу аткарат. Кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү өзү үчүн пайдалуу иш чөйрөсүн жоготпоого кызыкдар болот.
  • уюштуруу тутуму, биринчи кезекте, экономикалык максатка ылайыктуулукка негизделиши керек. Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу эрежелери кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн чыгымдарын жабууну жана анын белгилүү бир пайда алуусун камсыздашы керек.
  • кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн жеткирүү келишимин аткаруу боюнча өз милдеттенмесин аткарышы болуп саналат (тарифти төлөө, мүлккө аяр мамиле кылуу, келишимде көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо).

Бул принциптердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгуу боюнча методика иштелип чыккан.

1-диаграмма. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын түзүү схемасы

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы (мындан ары – Стратегия) – бул кызмат көрсөтүүнү уюштурууга багытталган жана муниципалдык башкаруунун ар кандай чөйрөлөрүндөгү милдеттердин кеңири чөйрөсүн камтыган, негиздүү, ырааттуу иш-аракеттер.

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясынын “өзөгү” болуп кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун башкаруу схемасы саналат, ага ар бир этапта тиешелүү деңгээлдерде жыйынтыкка жетүүгө шарт түзгөн, муниципалдык башкаруу милдеттери кошулат (1-диаграмманы караңыз).   

2-диаграмма. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору тарабынан 50 кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясында аларды уюштурууга колдоо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүнүн түрлөрү.

Стратегия шаарлардын жана айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасында көрсөтүлгөн милдеттерди жана чараларды, ошондой эле жергиликтүү жамааттын аныкталган кошумча муктаждыктарын чечүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун туруктуу тутумун түзүүгө багытталган.

Жогоруда аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баары 4 топко бөлүнгөн:

  • “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамдын жоболоруна ылайык көрсөтүлгөн, башкача айтканда, түздөн-түз муниципалдык кызматчылар жана муниципалдык мекемелер көрсөткөн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр;
  • коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, аларга аныктама КР Турак жай кодексинде берилген: ичүүчү суу менен камсыздоо, сууларды агызып чыгаруу, тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу, утилизациялоо кызмат көрсөтүүлөрү;
  • гуманитардык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр, алар өзүнө маданият, спорт, эс алуу, социалдык жардам көрсөтүү кызмат көрсөтүүлөрүн камтыйт;
  • айкын (коомдук) кызмат көрсөтүүлөр, алар өзүнө аймакты абаттоо, жашылдандыруу, жарыктандыруу, жолдорду, тротуарларды күтүү ж.б. камтыйт.

Кызмат көрсөтүүлөрдү мындай бөлүү маанилүү, анткени кызмат көрсөтүүнүн түрлөрү боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу ыкмалары ар башка болот. 

2017-жылдан 2021-жылга чейин USAIDдин  “Ийгиликтүү аймак” долбоору Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын областтарындагы 47 айыл аймагына; Нарын, Каракол, Ноокат шаарларына Стратегия даярдоо боюнча колдоо көрсөткөн. 50 Стратегияга 241 кызмат көрсөтүү киргизилген, алардын ичинен 185 кызмат көрсөтүү USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун түздөн-түз колдоосунда уюштурулган же жакшыртылган. Жогоруда көрсөтүлгөн 185 кызмат көрсөтүүнүн ичинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр (77 кызмат көрсөтүү; бардык кызмат көрсөтүүнүн 41%ы), анын ичинде 39 ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүү жана 38 катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана утилизациялоо боюнча кызмат көрсөтүү артыкчылыктуу болгон.

Биздин айыл аймакта таштандыларды ташып чыгаруу боюнча атайын кызмат болгон эмес. Калк таштандыларды айылдын четине ыргыта берген. Алгач айыл өкмөтү атайын техниканы сатып алып жана таштанды ташып чыгара турган муниципалдык ишкана уюштурууну каалаган. Бирок USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоорунун колдоосунда биз эсептөөлөрдү жүргүздүк жана өздүк транспорту бар жеке ишкерди тартуу жакшы болооруна ынандык. Жаңы тарифтерди киргизүү шарттарында калдыктарды чогултуу жана ташып чыгаруу ага пайдалуу болору аныкталды. Азыркы учурда биз бул ишти жеке ишкерди тартуу менен уюштурдук жана ЖӨБ органында жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен техника сатып алуу жана ишкана түзүү зарылчылыгы жок.

М. Р. МАМАТОВ, Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүнүн башчысы

Гуманитардык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн курамында спорт (24 кызмат көрсөтүү) жана маданият (16 кызмат көрсөтүү) кызмат көрсөтүүлөрү басымдуулук кылат. Коомдук кызмат көрсөтүүлөр (28 кызмат көрсөтүү, 15%) ички жолдорду оңдоо (17 кызмат көрсөтүү), көчөнү жарыктандыруу (6 кызмат көрсөтүү), айылды абаттоо (5 кызмат көрсөтүү) сыяктуу кызмат көрсөтүүнүн түрлөрүн камтыган. “Башка кызмат көрсөтүүлөр” категориясына ЖӨБ органдарынын түз милдеттенмеси болуп саналбаган жана айрым учурларда кызмат көрсөтүү белгилерине ээ болбогон, бирок жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органдарынын муктаждыгын чагылдырган кызмат көрсөтүүлөр кирген (мисалы, агрономия жана ветеринария кызмат көрсөтүүлөрү, мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү, айыл чарба кызмат көрсөтүүлөрү, салыктарды төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр ж.б.). 

Эмне өзгөрдү?

Стратегияда кызмат көрсөтүүнү уюштуруу боюнча типтүү кадамдардын тизмеси каралгандыгына карабастан, кызмат көрсөтүүнүн ар бир түрүнүн өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү туура экономикалык талдоодо алыскы айыл аймактарында атайын техниканы сатып алуу зарылчылыгы жок экени, бул кызмат көрсөтүүнү аткарууну жеке секторго берүү пайдалуу болоору аныкталган.

Инфраструктуралык чечимдерди башкаруу методдору менен айкалыштыруунун жакшы үлгүсү Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагында көрсөтүлгөн. Ичүүчү сууну жеткирүү сууну керектөөнү эсепке алуусуз жүргүзүлгөн. Тариф негиздүү эсептөөлөрсүз бекитилген, жарандардын пикирине жана каалоосуна басым жасалган. Ошондуктан, суу туруксуз жеткирилген, суу түтүк тармагын күтүү үчүн каражаттар жетишсиз болгон. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун колдоосунда ичүүчү суу менен камсыздоо кызмат көрсөтүүсүнүн наркын негиздүү эсептөө жүргүзүлгөн. Калкка жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына талап кылынган чыгымдар жана кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн пайда табуу зарылчылыгы жөнүндө кеңири маалымат берилген. Ошондуктан, тариф каршылыксыз кабыл алынган. Ушундан кийин гана суу керектөө эсептегичтерин орнотуу боюнча иш башталган, эсептегичтер донордук уюмдун колдоо көрсөтүүсүнүн алкагында сатылып алынган.  

Ар кандай өнөктөштөрдүн аракетинин мындай синергиясы ичүүчү суу менен камсыздоо туруктуу процесс болуп калгандыгына алып келди. Бардык тарап өз пайдасын алды: калк сапаттуу сууга туруктуу жетүү мүмкүндүгүнө ээ болду, ЖӨБ органы суу түтүк тармагын күтүүгө жергиликтүү бюджеттен чыгымдарды төмөндөттү, ал эми Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин (ИСКАКБ) атынан кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөр суу менен жабдуу системасын пайдалануу үчүн керектүү каражаттарды алды. Мындан тышкары калктан кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү  жыйноо кыйла өстү. Эгерде кызмат көрсөтүү сапаттуу болсо, анда калк дагы кызмат көрсөтүүгө төлөө боюнча өз милдеттенмесин аткарууга даяр болот.

Жети-Өгүз айыл аймагында Ысык-Көл областындагы эң ири спорт комплекстеринин бири жайгашкан, ал «Кумтөр Год Компани» компаниясынын колдоосунда курулган. Курулуш аяктагандан кийин, ал бир жылдан ашык жабык турган, анткени аны күтүүгө, машыктыруучуларга эмгек акы төлөөгө каражат жок болгон. Биздин айыл өкмөттүн башчысы А. Сейдакматов USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоорунун колдоосунда муниципалдык-жеке өнөктөштүк моделин пайдаланып, спорт комплекстин ишин уюштурууну сунуштаган. Ошентип, спорт комплекси иштей баштады. Азыр комплексте 120дан ашык адам туруктуу машыгат, ар кандай спорттук турнирлер өткөрүлөт. Биздин айылдын тарыхында биринчи жолу спорт бийи секциясы ачылды.

Эки жыл иштегенден кийин комплекс тейлөө боюна чыгымдарды толук өзүнө алды. Бул иштин жүрүшү баарына пайда алып келет. Айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен каражат сарптабастан, спортту өнүктүрүү боюнча өз милдетин аткарат, ата-энелер аз акыга балдары спорт менен машыгып жатканына ыраазы, мен жана машыктыруучулар татыктуу эмгек акы алабыз.

Д. КИИЗБАЕВА, Жети-Өгүз айылындагы спорт комплексинин жетекчиси

Стратегиянын алкагында ишке ашырылган чаралардын арасында гуманитардык мүнөздөгү, биринчи кезекте, маданият жана спорт жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдү бөлүүгө болот. Адатта, ЖӨБ органы мындай кызмат көрсөтүүлөрдү дайыма тартыш болгон жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана көрсөтүүгө аракет кылат. Мындан тышкары, эреже катары, ар дайым базалык шарттарды түзүүгө: имараттарга, шаймандарга, коммуналдык кызмат көрсөтүүнү каржылоого муктаждык болот. Бирок бул имараттар жана курулмалар маданиятты жана спортту өнүктүрүү боюнча өз миссиясын аткарбайт. Маданият үйлөрү жабык турат жана концерт, шайлоо, жыйын өткөрүү үчүн пайдаланылат. Спорт аянтчалары спорт менен машыгуу үчүн орун эмес, эс алуу орду болуп калат. Ошондуктан, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору Стратегияда мындай кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жана көрсөтүү үчүн муниципалдык-жеке өнөктөштүк принциптерин киргизүү мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн. Кыска убакытта бир катар айыл аймактарында: Липенка АА, Бозучук АА, Ак-Дөбө АА, Кулатов АА, Исанов АА, Көк-Бел ААда бий, комуз чертүүнү үйрөтүү балдар кружоктору, күрөш, футбол, волейбол боюнча спорт секциялары иштеп баштаган. 

Бул ийгиликтин өзөгүн түзгөн жагдай – кызмат көрсөтүүчү субъекттер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болду. Бул маданият, спорт чөйрөсүндө иштеген КЭУга, айрым машыктыруучуларга, окутуучуларга тиешелүү. Спорт, маданият аркылуу жергиликтүү жамааттын мүчөсүн гармониялуу тарбиялоо боюнча ЖӨБ органынын саясый, идеологиялык максатын, кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн материалдык кызыкчылыгы менен бириктирген модель киргизилген. Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүнүн наркы кызмат көрсөтүүнү колдонуучулардын төгүмдөрүнүн эсебинен гана эмес, ар кандай киреше булактары, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен субсидиялар менен толукталат.

ЖӨБ органдарынын жана USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун өнөктөштүгүнүн натыйжасында – маданият, спорт чөйрөсүндө иштөө кызыктуу, абройлуу жана пайдалуу ишке айланды. Ошол эле учурда жергиликтүү жамааттын муктаждыгы максималдуу канааттандырылат. Иштелип чыккан Стратегияларда маданият менен байланыштуу долбоорлордун үлүшү жогору болгондугу кубандырат. Алсак, Маданият үйлөрүндө муниципалдык-жеке өнөктөштүк негизинде ийримдер иши туруктуу уюштурулган. Алгач айыл жеринде музыка, бий, ыр боюнча квалификациялуу кадрларды табуу кыйын деген кооптонуулар болгон. Бирок ЖӨБ органы USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору сунуштаган башкаруу моделин киргизгенде, буга чейин үйдө отурган аялдар сынактарга катышып жана далай жеңишти багындырышты. Ошентип, алар кызыктуу жумуш жана татыктуу акы алып башташты.

Стратегиялардын арасында Каракол шаарында санитардык тазалоону киргизүүгө байланыштуу кызыктуу тажрыйба бар. Мурда Караколдо короо тазалагычтар таптакыр болгон эмес. “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун консультанттары көчөлөрдү, тротуарларды, сейил бактарды санитардык тазалоо боюнча технологиялык карталарды киргизүүнү сунушташкан. Ошентип,  үч жылдан бери короо тазалагычтар шаар көчөлөрүндө тазалоо иштерин жүргүзүп келишет.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөрдүн экономикалык туруктуулук моделдерин киргизүү менен алектенген, Кыргыз Республикасындагы саналуу долбоорлордун бири болуп калганын белгилей кетүү керек. Долбоордун идеялары, иштөө ыкмалары 2040-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында чагылдырылганы кубандырат. Алсак, “Өлкө региондорун өнүктүрүү” бөлүмүндө айтылган: “Жаран өлкөнүн аймагында жашаган жерине карабастан, менчиктин ар кандай түрлөрүндө сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды коюучуларды тандоо мүмкүнчүлүгүн алышат. Мамлекеттик, муниципалдык жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүү рыногун түзүү керек. Мамлекет ар кандай уюштуруу-укуктук түрүндөгү субъекттердин кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө тартылышына дем берүү үчүн шарттарды камсыз кылат. Жүйө фактору баа түзүү, тариф саясаты, субсидиялоо принциптери, мамлекеттик, муниципалдык, социалдык заказды кызмат көрсөтүүлөрдү мыкты коюучулардын арасында жайгаштыруунун өз ара пайдалуу системаларына негизденет. Жеке жана коммерциялык эмес сектор мамлекеттик жана муниципалдык органдарды алар үчүн мүнөздүү эмес функцияларды аткаруудан бошотуп, кызматтарды көрсөтүүнүн негизги функцияларын өзүнө алып, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден ашыкча жүктөм алынышы керек”.

Ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуунун тарыхында биринчи жолу КР Өкмөтү ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун натыйжалуу башкаруунун жоктугун, ичүүчү сууну жеткирүүчүлөрдүн экономикалык туруктуулугу үчүн шарттарды түзүүнү приоритеттүү көйгөй катары белгилегендиги жөнүндө маалымат Долбоор тарабынан кубануу менен кабыл алынды. Бул КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы №330 токтому менен бекитилген, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүү программасында чагылдырылган. 

Белгилей кетүүчү нерсе, мурда мамлекеттик саясатта дайыма инфраструктуралык маселелерге артыкчылык берилип келген.  

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу чөйрөсүндөгү негизги жыйынтыктары 

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору биринчи кезекте кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү үчүн шарттарды түзүүгө негизделген ыкманын тууралыгын көрсөттү.

Бул кийин кабыл алынган мамлекеттик программалар менен далилденген.

  • Долбоор кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөрдүн туруктуулугун аныктаган моделдерди киргизүүнүн өз убактылуулугун жана маанилүүлүгүн көрсөттү.
  • ЖӨБ органдарынын, кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн, анын ичинде финансылык кызыкчылыкка негизделген, өз ара аракеттенүүсүнүн моделин тестирлөөнүн оң жыйынтыктары алынды.
  • Долбоордун максаттуу ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди жаңы, салттуу эмес ыкмалар менен, биринчи кезекте, муниципалдык-жеке өнөктөштүк принциптеринде чечүүгө болооруна ишеништи жана түшүнүштү.
  • Долбоор жергиликтүү жамаатты бийликтен кызмат көрсөтүү боюнча иш-аракеттерди “талап кылуучу” катары гана эмес, жоопкерчилик жана милдеттенмелер боюнча тең өнөктөш катары көрсөттү.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун башкы ийгилиги - жергиликтүү жамаат, ЖӨБ органы, кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөр жарандарга кызмат көрсөтүүнү уюштурууда жана көрсөтүүдө өз ролдорун жана жоопкерчилигин түзгөндүгү жана түшүнгөндүгү болуп саналат.

 

Окшош материалы: