Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандык журналистика: шарлотт – нью-йорк – бердск – бардык жерде, Виктор Юкечев*, Прессаны өнүктүрүү институту-Сибирь же салттуу масс медиа канааттандырбай калганда, карапайым адамдар эмне кыла тургандыгы жөнүндө так аталышты издөө

2012-02-29 / Жарандык журналистика

Ар бир адам жаңылык таштай ала турган сайтты түзүү идеясы Рейчел Стернге (Rachel Sterne) БУУдагы стажировкасы маалында келген.

 

4-версия.  
  
Жарандык журналистика – бул профессионалдык масс-медиа айтпай жаткан нерсе.
 
Эмне үчүн адамдар дүйнөдө болуп жаткан окуялар тууралуу ушунчалык аз билет?
 
“Граунд Репорт” (GroundReport.com) – бул заманбап технологияларды бириктирген жана кабарчылардын түйүнүн кеңири жайылткан дүйнөлүк жаңылык платформасы. Анын жети миңден ашуун каттоодон өткөн колдонуучулары, 80 000ге жакын жаңылыктары, күн сайын сайтка жүктөлүп жаткан жаңылыктарды карап, көзөмөлдөп турган 23 редактору жана 7000 кабарчысы бар. Бир күндө текшерүүдөн өткөн 30дан 60ка чейин жаңылык жарыяланат. Алардын көбү расмий ММКда чагылдырылбаган окуялар тууралуу. Бүгүн “Граунд Репортко” “Таймс” же “Гугл Ньюс” өңдүү абройлуу басмалар шилтеме жасайт. 
 
Ар бир адам жаңылык таштай ала турган сайтты түзүү идеясы Рейчел Стернге (Rachel Sterne) БУУдагы стажировкасы маалында келген: “Мен дүйнөдө чындыгында  болуп жаткан окуялар менен алардын прессада чагылдырылып жатканы ортосундагы айырманы көрүп алып, абдан таң калдым, - дейт ал. – Анткени эгерде адамдарга иш жүзүндө эмне болуп жатканын ачык айтышпаса, өлкөлөрдүн өкмөттөрү жоопкерчиликтен кутулуп кетет да. 2006-жылы мен файлдарды жараткан (музыкаларды жүктөгөн жана башка) компанияга ишке орноштум. Мына ошол жерден мен мазмунду (контентти) түзүү эмне экенин билдим. Мага “эл аралык” ишмердүүлүк жетишпей жатты. Ошондой күндөрдүн биринде мага технология менен дүйнөлүк баарлашууну бириктирүү идеясы келди”. 
 
Каалаган адам жаңылыктары менен бөлүшкүсү ЖаРандыК Катышуу келсе, сайттын кабарчысы боло алат. Сайтка жүктөлгөн жаңылык алдын ала текшерүүдөн өтөт. Мында редакторлор тексттин өзүн да (сүрөт, тасманы), колдонуучуну да дыкаат текшерет. “Граунд Репорт” бул принципти катуу карманып келет. Ошондой эле сайтта колдонуучулардын рейтингинин системасы жана ак тизме бар. Бул тизмеге өзүн ишенимдүү деп тастыктай алган колдонуучулар кирет. Алардын жаңылыктары сайтта ошол замат, текшерүүгө кабылбастан жарыяланат. Жарандык журналисттер өз эмгеги үчүн акча да алаарын белгилей кетүү зарыл. Бирок ал акча өтө көп эмес, болгону кошумча шыктандыруу катары кызмат өтөйт.
 
Адатта бул сайтта жаңылыктар салттуу медиага салыштырмалуу тезирээк чыгат жана алар тереңирээк чагылдырылат. Мисалы, Танзанияда негроид альбиностордун өлтүрүлүшү тууралуу жаңылык “Нью-Йорк Таймс” жазганга чейин эле “Граунд Репортто” бир ай мурда жарыяланган. Мындан тышкары өз убагында сайтта 2008-жылы Бээжиндеги олимпиада учурундагы тибеттиктердин видеосу, шайлоо учурундагы Ирандагы толкундоолордун сүрөттөрү ж.б. өңдүү жаңылык “бомбалары” чыккан. 
 
Баса, журналистикадагы мындай ыкма бийлик структураларына көзөмөл гана жүргүзбөстөн, айрым бир учурларда адам өмүрүн да сактап калууга түрткү болот. Мисалы, Ооганстандан кабарчы күйөөсүнөн зомбулук көрүп жаткан жергиликтүү аял тууралуу сайтка жазган. Бул окуя ачыкка чыгып, кайрымдуулук уюму аялдын өмүрүн сактап калган.
 
Биз элдик журналистика форматындагы уникалдуу маалымат порталынын негиздөөчүсү Рейчел Стерн менен жолугушуп, баарлашуу үчүн адегенде Нью-Йоркко келдик. Андан кийин ал бизге, Новосибирскке Жарандык коммуникациялар мектебинин семинарына катышып, блогерлер менен жолугушуу үчүн келди. Мына ошол мезгил бою биз чогуу “жарандык журналистика – бул эмне?” деген суроого жоопту издей бердик.
 
“Жакынкы убакытка чейин журналисттер маалымат таратуучу гана болчу, ал эми элдик масса жаңылыктарды пассивдүү күтүп отурчу. Интернет бул процессти толугу менен өзгөрттү: адамдар бири-бири менен маалымат алмаша баштады, эми 
аларды ээрчий башташты – өздөрү маалымат түзөт, аны өздөрү текшерет, өздөрү аны таратат”, - деп чечмеледи Рейчел. 
 
Новосибирсктеги Жарандык коммуникациялар мектебиндеги семинарда Рейчелге абдан түз суроолорду узатышты. Ал да бул суроолордон качпай, түз жооп берди. 
 
Ким жана эмне үчүн “Граунд Репорттун” кабарчысы боло алат?
 
- Жарандык журналистика жаңылык өндүрүшү үчүн чыгашаларды азайтууга жардам берет деп айтышат. Ооба, ошондой. Биринчиден, жаңылык таап жаткандарга акча төлөбөй деле койсо болот. Экинчиден, кабарчынын жол киреси да төлөнбөйт. Маалымат таратуунун баасы басма сөз ММКга салыштырмалуу бир кыйла аз. Бирок мунун артыкчылыктары ушуну менен гана бүтпөйт. Үчүнчүдөн, сиз үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан укмуштуудай көп сандагы кабарчылар иштейт. Төртүнчүдөн, инструменттердин баарынын эле колунда болгону: көп адамдарда бүгүнкү күндө ноутбуктар, санарип камералар, телефондор бар. Бешинчиден, жарандык журналистика адамдардын өзүн таанытуу аракетин жана активдүүлүгүн колдонот. Интернеттеги дээрлик бардык активдүүлүк маалымат алмашууга байланышкан. Андыктан бардык социалдык түйүндөрдү социалдык жаңылык жарата алчу платформа катары караса болот. Жетинчиден, жарандык журналистика жумасына жети күн, суткасын 24 саат бою маалыматты жарыялай алат. Бул нерсе ар бир эле дүйнөлүк агенттиктин колунан келе бербейт. 
 
Бирок жарандык журналистиканын телегейи тегиз деп айта албайбыз. Маалыматты текшерүүгө байланышкан көйгөй бар, анткени жарандык журналисттер миңдеп саналат. Дагы бир маанилүү фактор – бул билим. Ошондой эле техникалык проблема – биз адамдарга кантип мультимедиалык каражаттарды колдонууну үйрөтөбүз. Дагы бир нерсе: биз карапайым адамдарды кантип шыктандырабыз, алар үчүн эмне сыйлык болуп берет. Негизги идея – алар абдан маанилүү ишти жасап жатат. Бирок мыктыларына дем берүү үчүн акчаны кайдан алабыз?! Биздин өз миссиябыз бар. “Граунд Репортун” миссиясынын биринчи аспектиси – эгерде биз жаңылыкты өзүбүздөн өткөрсөк, аны өз көз карашыбыз, эмоциябыз менен толуктасак – мына ошол эң кызыктуу жаңылык болуп берет. Кийинки идея – бул медианын демократизацияланышы: бул процесске ар бир каалоочу катыша алат. Үчүнчүсү – профессионалдуу ММК унчукпаган окуяны чагылдыруу. Биз пикирлердин бир өңчөй болушунан кутулгубуз келет. Эң соңунда биз жаңылыктар үчүн туруктуу бизнес-моделин түзгүбүз келет. 
 
Менден “жарандык кабарчыларды кантип тандайсыңар, өзгөчө мурда кызматташпаган өлкөлөрдөн кабарчылар кантип тандалат” деп көп сурашат. “Граунд Репортко”  активдүү тарткан кабарчылардын үч тобу бар. Биричнден, бул профессионал журналисттер. Биз дүйнөлүк жаңылыктардын сайты болгондон кийин дүйнөлүк журналисттик агенттиктерге кайрылып, биз менен кызматташуунун артыкчылыктарын түшүндүрөбүз. Экинчи топ – студент журналисттер, биз факультеттердин жетекчилигине кайрылып, студенттерди ишке чакырабыз. Үчүнчү топ – блогерлер, булар журналисттердин ыкмасын эле колдонгон адамдар. Дагы төртүнчү топ бар – бул коммерциялык эмес структураларда иштеген адамдар: аларда ар түрдүү жаңжалдар тууралуу маалыматтар, өз көз карашы бар, бирок биз алардан материалында жаңылыкты кандай позициядан берип жатканын көрсөтүүсүн  өтүнөбүз. 
 
Эгерде сиз “Граунд Репортко” чыккан жаңылыктарды жараткан топторду карай турган болсоңуз, “жарандык журналистика” деген термин бизге карата толугу менен колдонулса болот деп так кесе айта албайсыз. Биздин сайтка жазгандардын көбүндө журналистикалык билим бар. Жогоруда айткан себептерден тышкары да биз менен кызматташууга түрткү болгон башка себептер да бар. Биринчиден, бул – эго. Адамдар өз атын масс-медиада көрүүнү каалашат.  Экинчиден, бул – баары бир акча. “Граунд Репортто” биз сезилээрлик болсун деп көпкө чейин каржылык сыйлык боюнча бир топ эксперименттерди жүргүздүк. Биз биз журналисттин трафик үлүшүн сайттын жалпы трафигинен бөлөбүз, анан ал ошол кирешенин үлүшүн алат. Ошондой эле биздин кабарчылар репортаж жасай алсын деп чакан видеокамераларды таратканбыз, кийин ал камералар өздөрүндө калды. Үчүнчү себеп – профессионалдык өнүгүү, өз брендин өнүктүрүү. Бул өзгөчө журналисттик факультеттин студенттери үчүн да, профессионалдык журналисттер үчүн да маанилүү. Бул аларга “Мен эмне кылып атам, аны кантип кылып атам” деген суроолоруна жооп алып, өз портфолиосун жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн берет. Төртүнчү себеп – бул өз көз карашын сактап калуу мүмкүнчүлүгү. Өзгөчө бул бейөкмөт уюмдардын атынан жазып жаткандар үчүн маанилүү. Бул кайрымдуулук ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жерлердеги окуялар тууралуу жазган адамдар. Бул аймактагы абал тууралуу так айтып бере турган адамдар. Бешинчи себеп – бул мурда эч качан жазбаган, бирок өз көз карашын билдирүүнү каалагандар үчүн майдан болуп берет. Алар кандайдыр бир акыйкатсыз окуяга күбө болуп, ошону менен бөлүшкүсү келет. “Граунд Репорт” – бул ошондой эле мурда жазылган, бирок азырынча жарыялана элек иштер үчүн аянтча. Эң соңунда сен өз ишиң менен салым кошуп жатканың да кошумча мотивация болот. Бул да салмактуу жүйө. 
 
Жарандык журналисттерден түшкөн кайсы маалыматтар факт болуп калат?
 
- Биз төрт жыл бою маалыматтардын түшүнүктүү жана айкын болушунун үстүнөн иштеп, система иштеп чыктык. Биз колдонгон ыкмалар: артыкчылык берилген журналисттердин тизмеси, колдонуучуларда кандайдыр бир бузуулар тууралуу маалымдоо мүмкүнчүлүгү болгону. Мына ушундай ишенимдүү доминанта менен өз алдынча иштеп чыккан технологиябыз бар. Бул “Википедия” мисалындагы система – ар кандай версиялар менен. Биз аларды YouTub сайтында жарыялайбыз. Бизде динамикалык түрдө өнүгүп жаткан биринчи бет менен иштөө алгоритми бар. Бул СЕО-оптимизация өңдүү, ал бизге өзөктүү сөздөрдү бөлүп чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет.  
 
Мен “Граунд Репортто” макала кантип чыгаарын айтып бере алам. Адегенде адам сайтта катталат –бул милдеттүү шарт, андан кийин өзүнүн макаласын же видеосун жайгаштырат. Эгерде кабарчы биздин тизмеде болсо, анда анын рейтинги бар болсо, анда анын макаласы ошол замат GoogleNews сайтында чыгат. Эгерде ал бул тизмеде болбосо, анда анын макаласын редакторлордун бири жактырыш керек. Ал эми ага чейин анын макаласы көрүнбөй турат. Мен редактор катары өз атым менен кирген учурда бардык көрүнбөй турган макалаларды көрө алам. Бул макалалардын баарынын алдында кызыл желек турат. Бул демек макала текшериле элек дегенди билдирет. Биз аны менен алектенбеш үчүн өчүрүп деле койо алабыз. Мен бул жаңылыкпы, же үйлөнүү үлпөтүнө кийчү көйнөкпү – мына ошону  бир карап эле түшүнөм. Башкача айтканда макала “Граунд Репортко” ылайыктуу болбосо, ошол замат өчүрөм. 
 
Эгерде мени бир нерсе кызыктырып калса, ошол замат аны ачып, макаланы толугу менен окуп чыгам. Эгерде макалада кандайдыр бир грамматикалык каталарды көрсөм жана макала мага негизинен жакса, редактор катары мен аны өзгөртүп, 
макаланын каалаган жагын редакциялай алам. Биз редактор менен кабарчы ортосунда жаңжал чыкса, талашты жөнгө салуу үчүн макаланын бардык версияларын сактайбыз. Мен макалага өзүм каалаган сүрөттү жайгаштыра алам. Андан кийин редактордун атынан деп кыска билдирүү жасам. Мен кандай өзгөртүүлөрдү киргизгенимди жана эмне үчүн өзгөрткөнүмдү түшүндүрүп берем. Мен “жарыяла” дегенди бассам редакцияланган макала чыгат, бирок ал ошол замат эле сайтка чыгып кетпейт. Эми мен кызыл желекти басам, ошондо макала сайтка толугу менен чыгууга даяр дегенди билдирет. Кийин көрүнбөй турган макалалардын тизмесине киргенден кийин ал макаланы ошол жерден таппайм. 
Макала сайтка чыккандан кийин автоматтык түрдө ага беш жылдыз рейтинги берилет.
 
Ой-пикир таштоо үчүн да сиз катталышыңыз керек. Редактор сайтта жайгашкан бардык контентти редакциялай алат. Макала сайтка чыкканына карабастан мен аны андан ары да редакциялай берем. Эгерде автор мыкты кабарчы деп чечсем, анда анын ысымын артыкчылык берилген журналисттердин катарына кошом. Бул үчүн анын атын тандап, белги коём, ошондон кийин бул кабарчынын жаңы макаласы чыгаар замат ал автоматтык түрдө сайтка жайгаштырылат. Бул тизмени ак деп атап койгонбуз. 
 
Шарттуу түрдө фильтрация системасын жогору жактан баштайбыз, мында кабарчы макала жазган учурда система автоматтык түрдө бул кабарчы артыкчылык берилгендердин тизмесинде болуп-болбогонун аныктайт. Эгерде “ооба” болсо, макала ошол замат сайтка чыгат, “жок” болсо”, биз кабарчынын өздүгүн текшере алабыз. Эгерде кабарчы “Граунд 
Репортто” он ишин жарыяласа, биз аны ошол замат ак тизмеге киргизебиз. Ошондой эле Google сайтынан анын кандай материалдары интернетте жарыяланганын карайбыз. Биз анын кандай макалалары жарыяланганын, релиздерди жазып жазбаганын, башка макалалардын компиляциясы менен иштеп-иштебегенин карайбыз, анткени мындай адамдар эч качан “Граунд Репорт” үчүн иштебейт. Ал биздин алгачкы текшерүүбүздөн өткөндөн кийин сапат стандартын карманганы текшерилет. Биздин талаптар өтө жөнөкөй – бул жаңылык түрүндөгү окуя болуш керек, башка булактардан көчүрүлбөш керек, реклама же керексиз маалыматты, же расисттик маанайдагы мазмунду камтыбаш керек. Биздин талаптарга жооп бербеген макалалар автоматтык түрдө биздин системадан өчүрүлөт. Ошондой эле биз дүйнө жүзүндөгү кабарчылар менен кызматташабыз – бирок аларды да ошол замат тизмеге киргизбейбиз: жарыялаардан мурда бүт материалдарды карап чыгабыз. Чындыгында чечим соңку эмес жана бир статустан экинчи статуска өтүү мүмкүн. Ошондой эле биздин колдонуучулар силердин “В контакте” өңдүү топторду түзө алат. Бирок бул топтор контентке негизделген. Башкача айтканда биз (шарттуу түрдө) өз сайтын түзүүгө уруксат беребиз. Ал жабык да (чакыруу менен гана), ачык да болушу мүмкүн. Ал жакта колдонуучу-редакторлор да, макала гана жазган колдонуучулар да бар. Алардын бардык өзгөрүүлөрдү көрсөткөн баракчасы бар. Ал жакка өз логотипин, баннерин, сүрөттөлүшүн кошсо болот.  “Граунд Репортко” окшоп үч башкы жаңылыктар менен өз баракчасын түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул жамааттардын ичинде да текшерүү болот. Адегенде алар ички текшерүүдөн өтөт, андан кийин “Граунд Репорттун” текшерүүсүнөн өтөт. Башкача айтканда алар ички коммуникацияны түзөт. Бул, мисалы, жергиликтүү чакан гезиттерди тартуунун ыкмасы. Мындай гезиттер өз сайтыбыз бар деп айта алат жана ал жерге локалдык маселелер тууралуу жаза алышат. Эгерде ошол жаңылыктар “Граунд Репорт” үчүн кызыктуу болсо, биз аларды чыгарабыз. 
 
Кантип чогуу жакшы иштеше алабыз?
 
…Эми мен силерге суроолорду узатсамбы деп турам: биз кантип профессионал журналисттерге жардам бере алабыз? Менимче, жарандык журналистика эч качан профессионалдык журналистиканы толугу менен алмаштыра албайт. Бул эки күч кызматташып иштеш керек. Иште жогорку стандартты колдоо үчүн биз кантип бул системаны өнүктүрө алабыз? Адатта жергиликтүү жаңылыктар борбордон алыстаган, биз аларды кантип бир жерде топтой алабыз? Ошондой эле ар нерсени рекламалаган макалалар өтө көп, биз алар менен кантип күрөшөбүз? Интернетте өз ишибизди өнүктүрүү үчүн эффективдүү бизнес-моделдерди кантип табабыз? Менин чоң атам BaltimoreSun гезитинде башкы редактор болуп иштеген. Ал мага журналистикада эң оор нерсе – сенсацияларга болгон каалоону жеңип, коомго кызмат өтөө өңдүү өз функцияңды сактап калуу деп айткан. Муну биз биргелешип жасай алабыз. Биз – бул “жарандык” жана профессионалдык журналисттер.
 
5-версия.     
Жарандык журналистика –   бул адамдардын жандуу үнү.
 
…Ал арада Орусиянын көпчүлүк башка муниципалдык бирдиктеринде болгон өңдүү эле Новосибирск облусунун Бердск шаарында шайлоо жакындап келатты (алар дайыма маал-маалы менен жакындап турат). Ошондо Бердскте “Шарлотт долбоорун” эстешти. Дагы бир жолу биздин “Курьер. Шаршемби. Бердск” гезитинин редакциясына Түндүк Каролинадан алынып келинген, башкы редактор Рик Теймздин кол тамгасы коюлган “Шарлотт долбоору” тууралуу китепти окуп чыгышты. Анан өзүнүн “Шайлоо-2011: сиздин добуш маанилүү” долбоорун башташты. 
 
“Курьер. Шаршемби. Бердск” гезитинин сайтында жарыяланган айрым мультимедиялык басылмалардын (видео да, аудио да, текст түрүндөгү репортаждар да) аталыштарын гана санап өтөйүн: “Бердсктин башчысы ишенчээк болбош керек”, “Бердсктин борбору чөл сымал”, “Бердсктин мэри ишке жөө барыш керек”, “Жаңы мэр – Омскко саякат”, “Жолдор да, балдар аянтчалары да жок”. 
 
Бул басылмаларда реалдуу адамдардын сөздөрү жана ойлору жаңырат. Ошол адамдар алардын үнү жамаатка өз жашоосун жакшыртуу программасын биргелешип иштеп чыгууга жана бул программаны ишке ашырууга жөндөмдүү адамды тандоого жардам берет деп үмүттөнүшөт. Алар бүгүн алардын жандуу үндөрү эч нерсе өзгөртүүгө мүмкүн болбой калган формалдуу шайлоо күнү эмес, дал бүгүн өзгөчө мааниге ээ деген ишенимде. 
 
“Курьер. Шаршемби. Бердск” гезитинин журналисттеринде (профессионал да, жарандык да) “Шарлотт Обзервердин” 1991-жылдагы үлгүсүндөгү кесиптештеринин алдында күчтүү артыкчылыгы бар: аларда тез ылдамдыкта интерактивдүүлүктү камсыздаган ишенимдүү өнүгүп бараткан интернет порталы бар. Ошондой эле аларда кесиптештердин да – анын ичинде ушул беттерде жарандык журналистиканын тагдыры тууралуу өз ой-толгоолору менен бөлүшкөндөрдүн да тажрыйбасы бар.
 
Демек алардын максаты орундалат!