Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жөб Кадрдык дарамети: жоготуулар жана мүмкүнчүлүктөр. Эксперттердин жана жарандардын көз карашы

2012-02-29 / ЖӨБ кадрлары

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери бийлик өкүлдөрүнүн корпусунун ичинен калкка эң жакын турганы деп эсептелет.

 

Кадрлар – бул балким жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын административдик дараметинин эң өзөктүү бөлүгүн түзөт. Аларды күчтөндүрмөйүн административдик жана саясий автономияга жетүү мүмкүн эмес. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери бийлик өкүлдөрүнүн корпусунун ичинен калкка эң жакын турганы деп эсептелет. Алар жарандардын көйгөйлөрүнүн жана кайрылууларынын негизги агымын өзүнө кабыл алып, жергиликтүү маанидеги өтө көп маселелерди чечишет. Бул маселелерден Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо шартынын сапаты көз каранды.  
 
Андыктан кадрлардын дараметине объективдүү баа берип, аларды күчтөндүрүү жана өнүктүрүүнүн башкы багытын аныктоо – изилдөөчүлөрдүн алдында турган эң маанилүү маселе. 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча, муниципалдык кызматкерлердин жалпы саны 9 974 адамды түзгөн. Ошол эле учурда мамлекеттик кызматкерлердин саны 38 494 адам болгон, башкача айтканда үч эседен көп десе болот. 
Кыргыз Республикасындагы учурдагы эмгекти баалоо жана каттоо системасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эффективдүүлүгүн салыштыруу болбогон иш. Ошентсе да жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын адамдык ресурстары мамлекеттик башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүктөрүнүн алдында олуттуу деңгээлде чабалдыгын көрсөтүп жатат. 
 
Ошол эле учурда бийликтин башка бутактарына салыштырмалуу ЖӨБ системасынын өкүлдөрүнүн маянасы жана жашоо деңгээли өзгөчө элеттик муниципалитеттерде эң төмөнкүлөрдөн бойдон кала берүүдө. Элеттик ЖӨБнун жетекчисинин айлык акысынын минималдык базалык көрсөткүчү айына 7000 сомду, жооптуу катчыныкы 7000 сомду, финансисттики 2100 сомду, адистики 2100 сомду түзөт. Салыштыра келсек, мисалы мамлекеттик райондук администрациянын кызматкерлеринин базалык көрсөткүчү айына 3000 сомду түзөт. Бул фактор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын толуктоо маселесинде өзөктүү мааниге ээ.
 
ЖӨБ органдары иш берүүчү катары жергиликтүү мамлекеттик администрация менен атаандаша албайт. Натыйжада квалификациясы жогору болгон муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик кызматтарга кетип жатат. Калыптанып калган салттардын негизинде райондук мамлекеттик администрация ЖӨБ органдарын кол алдындагы структура катары карайт. Ошондон улам ЖӨБнун кызматкерлери ЖМАга өтүүнү кызматтан жогорулоо катары кабыл алышат жана ушуга умтулушат. Муниципалдык кызматкерлердин аз саны гана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өз алдынча табиятын түшүнө алат жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кысымына туруштук берип келет. Ал эми муниципалдык кызматты өзүнүн узак мөөнөттүү карьералык жолу катары карагандардын саны андан да аз (жетекчилерден башкасы, анткени алар үчүн бийликтин белгилүү бир көлөмү мотивация болуп берет).
 
Мындан тышкары “кадрлардын чаң соргучу” ролун эки баш калаа тең  аткарууда. Карьерасын ойлогон ийгиликтүү, билимдүү адистер өзүн ири шаарлардагы мамлекеттик кызматта көрсөтүү үчүн элеттик муниципалитеттерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы ишин таштап кетүүдө. Сурамжылоого катышкандардын 26 пайызы Бишкекте министрликте иштегенди каалайт (2-сүрөттү караңыз).
 
Адамдардын көбү – 29 пайызга жакыны – такыр эле башкаруу органдарында иштегиси келбейт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштегиси келгендердин эң аз саны Ысык-Көл облусунда (7%), эң көп Нарын облусунда (25%). Жалпысынан өлкө боюнча жарандрдын 16 пайызы гана ЖӨБ органдарында иштөөгө даяр.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкарууда жооптуу кызматта иштөөгө кызыккандардын саны боюнча эң төмөнкү көрсөткүч жашы өтүп бараткандар арасында байкалат. Муну негизинен төмөнкү менен түшүндүрүүгө болот: профессионалдык жана турмуштук тажрыйбага ээ болуу менен, адамдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде өзүн өзү көтөрүү мүмкүнчүлүгүнө азыраак ишене башташат. Ошол эле учурда жергиликтүү өз алдынча башкарууда жооптуу кызматтарда иштөөгө эмне түрткү болот эле деген суроого 20 жаштан 70 жашка чейинкилер “өз жамаатыма пайда алып келүүнү каалайм” десе, 71 жаштан жогорку топтогулар ал жердеги иштин туруктуулугуна кызыгышаарын айтышкан. 
 
 
Кадрлардын кетип жатканына карата изилдөөлөр көрсөткөндөй, муниципалитеттердин жарымынан көбүндө кадрлар 2 – 5 жылда бир жолу алмашып турат, бирок сурамжылоого катышкандардын 34% кадрлар 1 жылда бир жолу алмашаарын 
айтышкан. Көбүнчө айыл өкмөттөрүндөгү иштен жер түзүүчүлөр, салык инспекторлору, бухгалтерлер/экономисттер кетет. Жетекчилер да айыл башчылары ичинде кадрлар токтобой жатканын айтышат. Анткени алардын эмгеги көп жакшы төлөнбөйт, ал эми иштин көлөмү дайыма өсүп турат.
 
Жарандар ЖӨБ органдарындагы кадрлардын даярдык деңгээлин орточо деп баалашкан (4-сүрөттү караңыз). Ошентсе да ЖӨБ органдарынын башчылары кызматкерлердин ушул корпусу менен иштешүүгө көнүп калганын да эсепке алыш керек. Алар өздөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзгөрүп жаткан функцияларына жана миссиясына жетишпей калышууда, андыктан кызматкерлердин деңгээлин өзүнүкү менен салыштырышат. Даярдыктын жалпы деңгээлин так баа-
лоо үчүн масштабдуу тестирлөө же объективдүү көрсөткүчтөргө негизделген башка изилдөөлөрдү жүргүзүш керек. Мындан тышкары фокус-топтор көрсөткөндөй, ЖӨБ кызматкерлери адатта өздөрү жалпы деңгээлди “орточо” деп баалашат, бирок конкреттүү бир адистер жөнүндө сөз болгондо алар даярдык деңгээлин “төмөн” деп баалашат. 
 
Жетекчилердин да, муниципалдык кызматкерлердин да курамындагы көп сапаттар кызмат орунга талапкерлерге мыйзам тарабынан айтылган талаптардан көз каранды. Мэрлер жана айыл өкмөт башчыларына карата Мыйзам төмөнкү талаптарды койгон: жогорку билим жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта иш стажы, же мамлекеттик билим берүү же саламаттыкты сактоо мекемелеринде иш стажы бери дегенде 5 жыл болуш керек (айыл өкмөт башчысы үчүн – бери дегенде үч жыл). 
 
Башка кызматкерлерге карата муниципалдык кызмат тууралу мыйзам тиешелүү критерийлерди орноткон, анын ичинде белгилүү бир кызмат үчүн жогорку билимдин болушу шарт. Ошол эле учурда кайсы бир убакыт бою жогорку билим муниципалитеттин башчысын аныктоодо башкы талап болбош керек деген талаш-тартыштар да болгон. 
 
Ошентсе да жарандар ЖӨБ жетекчиси биринчи кезекте жогорку билимдүү болуш керек, экинчи кезекте чынчыл, үчүнчүдөн, акыйкат жана башчы катары тажрыйбага ээ болуш керек деп эсептешет.
 
 Ушул тапта компьютерлер ар бир ЖӨБ органында бар. Жок дегенде эки компьютерге ээ болбогон бир дагы айылдык аймак жок. Адатта компьютерди финансисттер жана жооптуу катчылар колдонот. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары компьютерди чанда колдонот. Фокус-топтун дээрлик бардык катышуучулары башчылар компьютерде иштөө жөндөмүн жакшыртышы керектигин, техникалык потенциалын жогорулатышы зарыл экендигин белгилешти. Компьютердик жөндөмдү иш жүзүндө алуу жакшы. Анткени көпчүлүк айылдык аймактарда компьютер боюнча адистер жокко эсе. Адатта бул ишти кайсы бир жооптуу кызматкердин жаш туугандары аткарат жана алар муну кээде гана жасайт, бул үчүн айлык акы албайт. Натыйжада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары компьютердик техниканын мүмкүнчүлүктөрүн толук көлөмдө колдоно албай келишет.
 
Интернетке байланыштуу. Ушул тапта мобилдик байланыш болгон бардык жерде интернетти токсуз колдонууга техникалык тоскоолдуктар жок. Ал эми мобилдик байланыш Кыргыз Республикасынын аймагынын 95 пайызын камтыган. Ошону менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары интернетке тоскоолдуксуз кире алат. Бирок бул дайыма эле мүмкүн эмес. Анткени компьютердик сабаты жоюлбагандыктан ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде башчылар да түйүндү колдонууда жетиштүү жөндөмгө ээ эмес. Ошол эле учурда башка себептер да актуалдуу бойдон калууда: мобилдүү интернетке байланыштуу – бул кызмат элеттик гана эмес, жада калса шаардык ЖӨБ органдары үчүн да кымбат, салттуу интернетке байланыштуу – көп учурда телефон байланышы өтө төмөнкү сапатта болгон үчүн интернетке туташуу мүмкүн эмес.  
 
Бул сурамжылоого жана башка изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына таянуу менен докладдын авторлору муниципалдык кызматты жана ЖӨБнун ишин жалпысынан баалоонун эффективдүү системасы жок деген тыянакка келди. ЖӨБнун иш сапатын өлчөөнүн жалгыз инструменти – муниципалдык кызматтарга канааттануунун деңгээлин изилдөө. Бул инструменттин акыйкат жана адекваттуу болгонуна карабастан ал жалгыз бойдон кала бербеш керек. Анын үстүнө олуттуу каржы чыгашаларды талап кылгандыктан өтө чанда колдонулат. Муниципалдык кызматты күчтөндүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын административдик дараметин бекемдөө үчүн ЖӨБ органынын ишинин жыйынтыгын жана дараметин жалпысынан жана ар бир кызматкерди өз алдынча баалоонун объективдүү критерийлерин иштеп чыгуу зарыл. Баалоонун бул системасынын борбордук критерийи болуп жашоо жана адамды өнүктүрүү шарттарын жакшыртуу жөндөмү болуп калышында күмөн жок.
 
 
 
Муниципалдык кызмат мамлекеттик кызмат менен атаандаша албайт
Муниципалдык кызматты аныктоо  мамлекеттик кызматты аныктоо менен бирге пайда болгон. Адегенде эки кызмат тең биринен экинчисине өтүүдө шайкеш болот, башкача айтканда стаж үзгүлтүккө учурабайт, бардык чиндер жана кызматтык өсүш мүмкүнчүлүктөр сакталат деп пландаштырылган. Бирок убакыттын өтүшү менен мыйзамдагы өзгөрүүлөрдүн натыйжасында муниципалдык кызмат мамлекеттикке салыштырмалуу “экинчи сорт” деген мүнөздө болуп калды. Бул болсо адамдардын басымдуу бөлүгүнүн көз алдында муниципалдык кызматтын баркын кетирип койду.
 
Төлөбек Омуралиев, 
Жергиликтүү өз алдынча башкару иштери жана аймакты өнүктүрүү боюнча мурдагы министри
 
Жергиликтүү өз алдынча башкарууда лидерлер жетишсиз болуп жатат
 
- Көп нерсе элдин башында турган адамдын лидердик сапатынан көз каранды болот. Бул өлкө б а ш ч ы с ы н а да, айыл өкмөт башчысына да бирдей деңгээлде тиешелүү. Инсандын адамзат тарыхындагы ролу жалпыга маалым жана аны четке кагууга болбойт. Ушул тапта мен эл аны ээрчий турган адамдарды өтө аз кездештире баштадым. Совет доорунда болочок лидерлерди, өндүрүштүн командирлерин даярдоого өзгөчө көңүл бурушчу – бул ар бир шаардын же айылдын башкаруу жашоосундагы негизги багыттардын бири болчу. Адамдын өмүр баянында “кара тактар” болбогондо гана ал кызматынан жогорулай алчу.
 
Ал эми азыр эмне болуп атат? Жакында эле шаар мэрин тандоо маселеси талкууланып жатканда катышуучулардын бири 
шаар башчысы өңдүү жооптуу кызматка талапкер сөзсүз эле жогорку билимдүү болбош керек деп айтты. Көрсө ал университеттик диплому жок эле шаар мэри болуп убактылуу иштеп жаткан экен. Ал адамдын айтымында, Өмүрбек Текебаев “айрым эки жогорку билимдүү жетекчилерге караганда он жыл мектептик билими барлар жакшы иштейт” деп айткан имиш. Менимче, кадрларга карата мындай мамиле туура эмес. 
Зоотбек Кыдыралиев, 
Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы