Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызматчылардын кесипкөй квалификациясын жогорулатуунун жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын күчөтүүнүн келечектеги системасынын көрүнүшү

2020-12-14 / Көңүл чордонунда
Муниципалдык кызматчылардын кесипкөй квалификациясын жогорулатуунун жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын күчөтүүнүн келечектеги системасынын көрүнүшү

Муниципалдык кызматчылар жана жергиликтүү кеңештин депутаттары улам өзгөрүп жаткан реалдуулукка даяр болуп, жергиликтүү жамааттардын жашоосу алардын алдына күн сайын коюп жаткан жаңы тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн дайыма өз квалификациясын жогорулатып, жаңы билим алып турушу керек. Кыргызстанда муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун туруктуу мамлекеттик системасы бар. Бул системаны Мамлекеттик кадр кызматы түзүп, ошонун аракети менен иштеп жатат. Бирок мамлекеттик система ЖӨБ органдарынын жаңы билимге жана көндүмдөргө болгон бардык муктаждыктарын канааттандыра албайт жана муну кылбашы да керек. Бул жерде адистердин өз билимин өзү өркүндөтүү көндүмү, алардын өз ишинин сапатын жогорулатуу максаты, ошондой эле өлкөнүн башка муниципалитеттеринде жана дүйнөдө түптөлүп калган башкаруунун жакшы практикасы тууралуу маалыматка жеткиликтүүлүгү да чоң ролду ойнойт. Мындан улам квалификацияны жогорулатуунун мамлекеттик системасы жаңы элементтер менен толукталууга тийиш. Бул элементтер – ресурс жана тажрыйба алмашуу механизми, практикалык маалымат. Ушундай боштук бар болгонун баамдоо менен, ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Квалификацияны жогорулатуунун болочок системасынын көрүнүшүн иштеп чыкты. Аны менен 2020-жылдын 5-ноябрында Долбоордун өнөктөштөрү, анын ичинде КР Мамлекеттик кадр кызматы, КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик, КР Финансы министрлиги, КР ЖӨБ Союзу жана башкалар таанышып чыгышты. Сунуштар абдан жакшы кабыл алынды. Анткен менен талкуунун жүрүшүндө катышуучулар бул сунуштарды ишке ашыруунун алдында катуу ойлонуп, чоо-жайын терең иликтеп чыгуу керектигин белгилешти. Төмөндө Муниципалдык кызматчылардын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын квалификациясын жогорулатуу жана потенциалын күчөтүү системасынын келечектеги көрүнүшүнүн кыскача сүрөттөлүшү берилди.

Квалификацияны жогорулатуунун заказчылары (бенефициарлары)

  • Мамлекет (КР Өкмөтү): ал муниципалдык кызматчылар жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди, аларга КР Өкмөтү өткөрүп берген ыйгарым укуктарды колдонуп чеччү маселелерди компетенттүү башкарууга жөндөмдүү боло тургандай шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.
  • ЖӨБ органдары: булар муниципалдык кызматчылардын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жергиликтүү маанидеги маселелердин, аларга КР Өкмөтү өткөрүп берген ыйгарым укуктарды колдонуп чеччү маселелердин алкагында калктын муктаждыктарын канааттандыруу боюнча иш-аракеттери акылга сыярлык, өз убагында болуп, элди канааттандыра тургандай жыйынтыкка жеткирилишине муктаж.
  • Муниципалдык кызматчылар: булар өзүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарууга, кесипкөй болууга, карьералык өсүшкө жана маянасынын көтөрүлүшүнө муктаж.
  • Жергиликтүү кеңештердин депутаттары: булар жергиликтүү маанидеги маселелер, аларга өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды колдонуп чеччү маселелер боюнча натыйжалуу жана акылга сыярлык мыйзамдарды кабыл алууга милдеттүү (жергиликтүү кеңешке бул үчүн жетиштүү билимге ээ болгон депутаттар дайыма эле шайлана бербейт).
  • Жарандар: ЖӨБгө катышууну жана ЖӨБ органдары менен эффективдүү диалог түзүүнү каалаган жергиликтүү активисттер.

Келечектеги көрүнүш

Квалификацияны жогорулатуунун идеалдуу системасы муниципалдык кызматчыларга жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарына жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн да, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн да зарыл болгон билимди, практикалык көндүмдөрдү өз убагында жана толук көлөмдө алууга жол ачат. Муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу системасы аралаш болуп эсептелинет. Мында КР Өкмөтү (мамлекеттик да, муниципалдык да кызматтарга тиешелүү негизги жалпы компетенциялар боюнча, мамлекеттик маанидеги маселелерге байланышкан компетенциялар боюнча – системанын “тик” бөлүгү) жана ЖӨБ органдары (жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата – системанын “түз” бөлүгү) окутуунун заказчысы катары чыгат.

Мамлекеттик кадр кызматы (МКК) системанын “тик” бөлүгүнүн лидери болуп саналат жана негизги жалпы компетенциялар боюнча потенциалды өнүктүрүүнү уюштуруу үчүн жооп берет. Ал эми министрликтер жана ведомстволор мамлекеттик маанидеги маселелерге байланышкан, конкреттүү тармактарга караган компетенциялар жаатында “тик” системанын бөлүгүн баштап барышат (мисалы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ЖӨБ үчүн кооптуу мезгилдерде көрүлүшү керек болгон атайын чараларга арналган окууларды өткөрөт; же өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда ЖӨБдүн катышуусун жөнгө салган мыйзамдардагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтык өнөктүктү өткөрөт). КР ЖӨБ Союзу (ЖӨБ Союзу) системанын “түз” бөлүгүнүн лидери болуп саналат. Бул система өз мүчөлөрүнүн атынан, тагыраак айтканда, ЖӨБ органдарынын атынан иш жүргүзөт жана ЖӨБ органдары үчүн окууларды уюштуруу боюнча өз мандатын аткарат[1]. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА) КР Өкмөтүнүн атынан системанын “тик” бөлүгүн башкарууга катышат[2].

Окуу программалары заказчылардын – өкмөттүн жана ЖӨБ органдарынын керектөөлөрүнүн негизинде иштелип чыгат. Алар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланат. Окуунун жыйынтыктары боюнча анын сапатына окугандар, алардын жетекчилери баа беришет. Окуу темага тийиштүү формада, учурдагы кырдаалга жана заказчынын күндүзгү, сырттан жана онлайн түрүндө окууга болгон мүмкүнчүлүктөрүнө жараша өткөрүлөт.

Билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жеткирүүчүлөр окуунун провайдерлери болуп эсептелинет. Өкмөт каржылаган окуу кызмат көрсөтүүлөрүн атаандаштык негизде тандалып алынган провайдерлер аткарат, же министрликтер, ведомстволор өзүнүн окуу борборлору аркылуу жеткиришет. ЖӨБ органдары каржылаган окутуунун кызмат көрсөтүүлөрү 1) ЖӨБ Союзу жана ал ЖӨБЭММА менен өнөктөштүктө түзгөн ресурстар аркылуу мүчөлүк акыны төлөөнүн алкагында жеткирилет; 2) мамлекеттик сатып алуулар аркылуу атаандаштык негизде тандалып алынган провайдерлер жеткирет.

Квалификацияны жогорулатууга болгон муктаждыктардын классификациясы

Квалификацияны жогорулатууга болгон муктаждыктын төрт түрү бар. Алар пайда болгон булагына жана каржылоосуна жараша эки топко бириктирилген – КР Өкмөтү аныктаган жана каржылаган муктаждыктардын “тик тобу”; ЖӨБ органдары өздөрү аныктаган жана каржылаган муктаждыктардын “түз тобу”. Ушинтип бөлүштүрүү мамлекеттик маанидеги иштерди жана башкаруу маселелерин бөлүштүрүүгө шайкеш келет, алар бардык жергиликтүү жамааттар, өлкө үчүн бирдей болот. Ал эми жергиликтүү маанидеги маселелер түрдүү муниципалитеттерде ар башкача болушу мүмкүн.

Өкмөт аныктаган жана каржылаган “тик топтор”. Бул топтун керектөөлөрү боюнча окуу бардык ЖӨБ органдары үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ жана эки топко бөлүнөт.

  • A. Карьералык тепкичтен көтөрүлүүдө жана конкурстан өтүүдө муниципалдык кызматчыларга коюлган квалификациялык талаптарга негизделген негизги жалпы компетенциялар. Негизги жалпы компетенциялар жергиликтүү кеңештердин жаңы шайланган депутаттарынын эффективдүү иши үчүн да зарыл.
  1. B. Кууш адистиктеги функцияларды аткаруу үчүн же өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн талап кылынган кууш адистиктеги компетенциялар жана көндүмдөр, ошондой эле өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда ЖӨБ органдарынан талап кылынган ченемдик укуктук чөйрөдөгү жаңылоолор. Мисалы, мамлекеттик сатып алуулар, эпидемия шарттарында иш-аракеттер, табигый кырсыктардан коргонуу ж.б.

ЖӨБ органдары аныктаган жана каржылаган “түз топтор”. Бул топтун муктаждыктары боюнча окуулар ЖӨБ органдарынын баарына да, муниципалитеттин өзгөчөлүктөрүнө жараша жекече да өткөрүлүп, эки топко бөлүнөт.

  • C. Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча өз функцияларын аткарууда ЖӨБ органдарынан өзгөрүүлөрдү талап кылган ченемдик укуктук чөйрөнү жаңылоо. Бул муктаждыктар мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу бардык ЖӨБ органдарында пайда болот. Мисалы, ЖӨБ органдарынын жарандар менен өз ара байланышынын жаңы нормаларын киргизүү, штаттык ырааттаманы түзүү тартибин өзгөртүү ж.б.
  1. D. Башка ЖӨБ органдарынын жана башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбасына негизделген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн мыкты практикасы. Бул муктаждыктар ар бир ЖӨБ органы үчүн топтук мүнөзгө да, жекече мүнөзгө да ээ болуп, анын өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Мисалы, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде сейил бактарды башкаруу – ушундай парктары бар ЖӨБ үчүн гана зарыл болот; канализация кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтик саясатты жакшыртуу канализация киргизилген ЖӨБ органдарына гана зарыл; түрдүү конфессиялардын өз ара байланышы. Ушул эле топто – жарандардын ЖӨБгө катышуу укугун мүмкүн болушунча жакшылап пайдалангысы келген жергиликтүү активисттер үчүн билим алууга болгон муктаждыктар.

А, С жана D түрлөрүндө окутууга болгон муктаждыктарды туруктуу иликтеп, анализдеп, жалпылаштыруу менен ЖӨБ Союзу алектенет. А жана В түрлөрү боюнча муктаждыктарды ЖӨБ Союзу мамлекеттик органдардан түшкөн заказдын негизинде же алар менен биргелешип иликтейт. ЖӨБ Союзу туруктуу негизде ЖӨБЭММА жана ӨСИ менен биргелешип түзгөн структурасы аркылуу (Мыкты практикалар порталы) билимге болгон муктаждыкты аныктап, топтоштурат, А жана В боюнча муктаждыктарды ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүп берүү үчүн, С жана D муктаждыктары боюнча окууну өз алдынча уюштуруу үчүн аларды түрлөрү боюнча бөлүштүрөт. Ошондой эле ЖӨБ Союзу ЖӨБ органдарынан алынган пикирлердин негизинде окуунун тийиштүү формасын сунуш кылат.

Мыкты тажрыйбалар порталы – окууга болгон “түз” муктаждыктарды канааттандыруу үчүн системанын инфраструктурасы. Ал ЖӨБ органдарынын окууга болгон муктаждыктарын аныктоо үчүн, онлайн жана күндүзгү окууну уюштуруу үчүн, потенциалды жогорулатуу боюнча башка кызматтарды көрсөтүү үчүн ЖӨБ Союзу колдонгон механизм. ЖӨБЭММАнын башка бейөкмөт өнөктөштөр менен бирдей укукта Порталды башкарууга мыйзамдуу түрдө тартылуусун камсыз кылуу максатында ЖӨБдү өнүктүрүү борбору түзүлүп жатат.

Ошондой эле ЖӨБ Союзу жыл сайын квалификацияны жогорулатууга муктаж болгон муниципалдык кызматчылардын санын тактап, бул маалыматты Мамлекеттик кадр кызматына (МКК) берип турат. МКК ЖӨБ Союзу аныктап чыккан темалардын негизинде мамлекеттик заказды түзөт. Ар бир муниципалдык кызматчы квалификацияны жогорулатуу окуусуна эң аз дегенде үч жылда бир жолу катышып турат.

Ведомстволук (кууш адистиктеги) маселелер жана темалар, окуудан өтүп жаткан муниципалдык кызматчылардын контингенти боюнча квалификацияны жогорулатууга муктаждыктарды министрликтер жана ведомстволор аныктайт. Жергиликтүү маанидеги маселелер жана муниципалдык башкаруу практикасы боюнча квалификацияны жогорулатууга муктаждыктарды ЖӨБ Союзу жана ЖӨБ органдарынын өздөрү аныкташат.

Негизги жалпы компетенциялар боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын күчөтүүгө муктаждыктарды МККнын буйрутмасы менен ЖӨБ Союзу аныктайт. Союз жергиликтүү шайлоодон кийин (төрт жылда бир жолу өтөт) бир жылдын ичинде негизги компетенциялар боюнча окууну уюштуруу үчүн МККнын дарегине кайрылат. Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын күчтөндүрүүгө болгон муктаждыктарды ЖӨБ Союзу аныктайт.

________________


[1] КР ЖӨБ Союзунун уставына, мүчөлүк уюмдун максаттарына жана тапшырмаларына ылайык.

[2] Потенциалды бекемдөө системасында ролдорду жана функцияларды ушинтип бөлүштүрүү түрдүү секторлор үчүн мүнөздүү көрүнүш. Мисалы, саламаттык сактоо секторунда Саламаттык сактоо министрлиги уюштурган, Медициналык Академия өткөргөн потенциалды милдеттүү түрдө өнүктүрүүдөн, кадрларды кайра даярдоодон тышкары ар кандай кесиптик ассоциациялар атайын тренингдерди уюштуруп, өткөрүп келатышат (кардиологдор ассоциациясы жүрөк оорулары боюнча окууларды өткөрүп турат).

 

Окшош материалы: