Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү демилгенин натыйжасында коомдук иш-чаралар үчүн парк-бакча пайда болду

2020-10-06 / Жергиликтүү демилге
Жергиликтүү демилгенин натыйжасында коомдук иш-чаралар үчүн парк-бакча пайда болду

Түрмөктүн автору Гуляим ШАМШИДИНОВА, ӨСИнин мыкты практика боюнча адиси

Кызыл-Туу айылдык аймагынын Новое айылында ЖД жөнүндө Жобону пилоттук түрдө киргизүүнүн алкагында жергиликтүү демилге ишке ашырылды. Бул айылда элдин эс алуусу үчүн, майрамдар, айылдык чогулуштар, угуулар жана жыйындар өңдүү коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн жаңы парк-бакча пайда болду. Бул максатта ЖӨБ органы айылдын аймагынан 600 чарчы метр (6 сотик) жер участогун бөлүп берди. Бул аймак тосмолонуп, алма, өрүк, алмурут, тегерек четине гүлдөр отургузулдуДолбоордун жалпы суммасы 35 000 сомду түздү.

Окуянын таржымалы

2019-жылдын ноябрь айында бир катар муниципалитеттерде “Жергиликтүү демилге – жергиликтүү бюджеттеги каражатты башкаруунун жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө чындап катышуусунун жигердүүлүгүн жогорулатуунун аспабы” аттуу темада тренинг өткөн. Бул тренингди ЭҮЖӨБОЖ Долбоору уюштурган1. Кызыл-Туу айылдык аймагынан окууга жергиликтүү бийликтин жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү катышты. Алардын арасында АӨ башчысы жана кызматкерлери, беш айылдын старосталары, Жаштар комитетинин, Аялдар кеңешинин, Айылдык ден соолук комитетинин (АДК) өкүлдөрү, активисттер, айыл лидерлери да болду. Жалпысынан тренингге 60 адам, анын ичинде 24 аял катышты.

“Тренинг бизге ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерге финансылык колдоо көрсөтүү боюнча жаңы механизм, жергиликтүү демилгенин максаттары жана милдеттери, ЖД боюнча конкурстарды ишке ашыруу практикасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берди. ЖД жөнүндө Жобону киргизүүнүн жол-жобосу менен кенен таанышып чыгып, биз ЖД жөнүндө Жобону ишке ашыруу боюнча пландын долбоорун иштеп чыктык. ЖД жөнүндө Жобону биздин муниципалитетте киргизүү үчүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоору гранттык жардам катары 27 000 сом бөлөт деген кабар бизге абдан жакты”, - деп эскерди АӨнүн жооптуу катчысы ШАТЕМИРОВА Валентина.

Тренингден кийин өткөн биринчи эле чогулушта ЖД жөнүндө Жобону ишке ашыруу тууралуу чечим кабыл алынды. Ал эми депутаттар айылдык кеңештин кезексиз сессиясында “Кызыл-Туу ААнын ЖӨБ органы тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуунун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” Жобону карап чыгып, аны бекитүү тууралуу Токтом (2019-жылдын 15-ноябрындагы №28) кабыл алышты. Бул документ Юстиция министрлигинин облустук бөлүмүндө каттоого алынып, АӨнүн веб-сайтына жайгаштырылды2.

Андан кийин конкурсту уюштуруу жана жергиликтүү демилгени тандап алуу максатында беш адамдан турган конкурстук комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамына АӨнүн жооптуу катчысы, айылдык кеңештин депутаты (жергиликтүү бюджетти карап чыгуу боюнча комиссиянын төрагасы), айыл өкмөтүнүн кызматкери (катчы), аялдар кеңешинин төрайымы жана Новое айылынын старостасы киришти. Конкурстук комиссиянын курамы АӨ башчысынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы №143 Буйругу менен бекитилди.

Комиссия жарыяны даярдап, аны АӨнүн веб-сайтына жана аймактагы беш айылдын ичиндеги маалымат такталарына жайгаштырды.

2019-жылдын 18-декабрынан 2020-жылдын 10-январына чейинки мезгил аралыгында беш өтүнмө түштү:

  • “Аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү аркылуу эс алуу үчүн паркты уюштуруу”.
  • “Көчөлөргө жарык орнотуу”.
  • “Бир бүтүрүүчү – бир дарак”.
  • “Маловодное айылындагы Маданият үйүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртуу”.
  • “Музыкалык аспаптарды – комузчулар тобу үчүн комуздарды сатып алуу”.

Комиссия белгилеген күнү өтүнмө ээлери өз долбоорлору менен тааныштырышты. Натыйжада комиссия өз баасын берди. Упайларды эсептеп чыккандан кийин “Аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү аркылуу эс алуу үчүн паркты уюштуруу”долбоору жеңүүчү деп табылды. Бул долбоор 50 упайдын 38ин алган. Протокол түзүлүп, маалымат такталарында жана АӨнүн веб-сайтында жайгаштырылган.

“Биздин демилгенин максаты – айылда элдин эс алуусу үчүн, майрамдар, айылдык чогулуштар, угуулар жана жыйындар өңдүү коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Айылдын аймагында бир гана административдик имарат бар – бул мектеп. Бардык коомдук иш-чаралар ошол мектептин жыйындар залында өтүп келген. Бирок ал зал мектеп үчүн абдан зарыл болгон ашканага айланганда коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн жер таппай калдык. Маанилүү коомдук маселелерди талкуулап алчу жер жок эле. Жергиликтүү демилге боюнча өткөрүлүп жаткан конкурс тууралуу жарыяны окуур замат кесиптешим Гулазия Давлетбакова экөөбүз айыл өкмөтүнө телефон чалып, конкурстун шарттары тууралуу маалымат алдык. Новое айылынын эң жигердүү жети тургуну чогулуп, конкурска катышууну чечтик. Бул үчүн Демилгелүү топ түзүп, өтүнмөнү даярдап, конкурстук комиссиянын кароосуна жибердик. Чынын айтсам, биз жеңебиз деп деле ойлогон эмесмин. Себеби долбоорлорду тааныштыруу маалында башка талапкерлерди да көрүп, алардыкы жакшыраак деп ойлогонбуз. Бирок комиссия жыйынтык чыгарып, биздин долбоорду жеңүүчү деп тапты. Кубанычыбыз койнубузга батпай, балдарга окшоп сүйүндүк!”, - деп айтып берди Демилгелүү топтун мүчөсү, Новое айылынын старостасы ОРОЗАКАНОВА Шайыр.

Эмнелер жасалды?

Бул жергиликтүү демилгени ишке ашыруу үчүн жер участогу керек эле. Аянты 600 чарчы метр (алты сотик) жер ЖӨБ органынын чечими менен Новое айылынын аймагынан бөлүнүп берилди.

Долбоордун сметасына ылайык, тосмону орнотуу үчүн жалпы суммасы 27 000 сом болгон товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр сатып алынды:

  • төрт бурчтуу түтүк – 6 000 сомго 150 метр,
  • 100 метрлик тор – 8 000 сомго,
  • 410 метрлик үч бурчтук – 12 300 сом,
  • транспорт чыгашалары – 700 сом.

Жер участогун тазалап, тегиздеп чыгуу үчүн айыл тургундары 7 000 сом чогултушту. Бул акчанын эсебинен трактор жалдашты; жүк ташуучу машинелер таштарды ташып, ар кандай курулуш материалдарын, көчөттөрдү алып келип беришти. Эмгек салымы катары айылдын 20 тургуну пландоо иштерин жүргүзүп, тирөөчтөр үчүн чуңкур казып, шагыл жана цемент сатып алып, тирөөчтөрдү орнотуп, торлорду тартып, 25 даана алма, өрүк жана алмуруттун көчөттөрүн сатып алып, 25 түп гүлдү (гибискус) бакчанын тегерегине отургузуп чыгышты.

Бакты түзүү боюнча бардык жумуштар 2020-жылдын май айында жасалып, карантиндин айынан ЖДны ишке ашыруу мөөнөтү бир аз кийинкиге калды. Себеби санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо максатында курулуш иштерине бир күндө бештен адам гана катышып жатты.

Жергиликтүү демилгенин жыйынтыгында жаңы парк-бакча пайда болуп, жергиликтүү жамаат бул жерде бардык коомдук иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатат.

“Биздин идеябыз ишке ашканына абдан бактылуу болуп турабыз. Мурда ар кайсы көчөнүн бурчунда чогула калып чогулуш, жыйындарды өткөрүүгө мажбур болсок, эми бул үчүн атайын жер пайда болду. Жергиликтүү бийлик бизге жер участогун жана акча каражатын бөлүп берди. Бул үчүн аларга абдан ыраазыбыз. Биз, Демилгелүү топтун мүчөлөрү эми бакка көз салып, сугарып, инфраструктуралык маселелерди чечип жатабыз: отургучтарды жана таштанды челектерин орнотуп, сугат системасын өткөрүп чыгалы деген планыбыз бар”, - деп кубанычы менен бөлүштү жергиликтүү демилгенин лидери ДАВЛЕТБАКОВА Гулязия.

ОРОЗАКАНОВА Шайыр, Демилгелүү топтун мүчөсү, Новое айылынын старостасы: “Жергиликтүү демилге боюнча конкурс сонун долбоорго айланды. Мында элге айылдын актуалдуу маселесин чечүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Акча аз бөлүнсө да, жалпы жамаатка пайда алып келди. Биздин биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында айылда бир парк-бакча пайда болду. Бул жерде кийин бак-дарактар өсүп, көлөкө болуп калат. Айылдын эли бул жерде эс алгандан тышкары, түрдүү иш-чараларды – майрамдарды, чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүп турмакчы. Карантиндин айынан парк-бакчанын расмий ачылышы белгисиз мөөнөткө калды. Айыл өкмөтү ушундай конкурстарды көбүрөөк өткөрүп турат дем үмтөтөбүз. Ал эми биз аларга сөзсүз катышабыз. Биздин башка да демилгелерибиз бар. Мисалы, биздин парк-бакчада 50 кишиге эсептелген отургучтарды орнотобуз. Ошондо айылдын жашоочулары ар кандай иш-чаралар маалында кенен отуруп, көрө алышат”.

ШАТЕМИРОВА Валентина, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: “Жергиликтүү демилге боюнча конкурсту өткөрүү жаатындагы биринчи тажрыйбабыз ийгиликтүү болду деп ойлойм. Албетте, башында корктук, бирок каалоо жана бюджетте акча болсо, бардык ойду ишке ашырса болооруна көзүбүз жетти. Акча болсо, жыл сайын бир нече жолу ушундай конкурстарды өткөрүп турсак жакшы болмок. Жергиликтүү демилгелер боюнча конкурстар ЖӨБ органдарына да, жергиликтүү жамаатка да абдан зарыл. Себеби аларды ишке ашыруунун натыйжасында жергиликтүү маанидеги маселелер чечилип жатпайбы. Бирок, тилекке каршы, 2020-жылдын бюджетинде мындай иш-чараларга акча каралбаптыр. Анын үстүнө муниципалитет мамлекеттин дотациясында турганын да эстен чыгарбаш керек”.

Эмнелерге сарпталды?

Жергиликтүү демилгени ишке ашырууга кеткен чыгашалардын жалпы суммасы 35 000 сомду түздү. Алардын ичинен:

  • ЭҮЖӨБОЖ Долбоору 27 000 сом берди,
  • жергиликтүү бюджет 1 000 сом бөлдү,
  • элдин салымы 7 000 сом болду.

Бенефициарлар: Новое айылынын тургундары – 600 киши, алардын ичинен: эркектер – 265, аялдар – 230, балдар – 105.

 

___________________


1 2015-жылдын жаз мезгилинен бери Кызыл-Туу муниципалитети “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун максаттуу муниципалитети болуп эсептелинет. Аталган долбоорду Шейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келатат. Толук маалымат үчүн: www.vap.kg  

 

Окшош материалы: