Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органы менен бизнестин өнөктөштүгү: элеттик тигүүчү цехти кантип ачса болот?

2020-09-02 / Муниципалдык-жеке өнөктөштүк
ЖӨБ органы менен бизнестин өнөктөштүгү: элеттик тигүүчү цехти кантип ачса болот?

Бакыт АЙТКУЛОВ, USAIDдин "Ийгиликтүү аймак" Долбоорунун компонентинин лидери

Кыргыз Республикасынын түндүк-чыгышында орун алган Тепке муниципалитетинин курамына үч айыл кирет. Алар: Тепке, Курбу жана Жылдыз айылдары. Тепке айылынын жашоочулары өз турмуш сапатын жогорулатуу максатында болгон күч- аракеттерин бириктирүүнү чечишти. Жергиликтүү тургундардын колдоосу менен муниципалдык бийлик көчөлөрдөгү жарыктандыруу системасын оңдоп чыгышты. Жеке демөөрчүлөр берген каражаттын эсебинен жергиликтүү фельдшердик-акушердик пункттун жаңы имараты курулду. Ал эми бошогон эски имарат колдонулбай турган эле. Өз алдынчалуулукка жетүүдө шаарларга жана айылдарга колдоо көрсөтүү максатында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору өлкө боюнча түрдүү 50 муниципалитет менен өнөктөштүктө иш алып барат. Долбоор муниципалитеттерге эффективдүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет. Буга адатта суу менен жабдуу, таштанды чыгаруу, жолдорду тейлөө жана көчөлөрдү жарыктандыруу кызмат көрсөтүүлөрү кирет. Тепке айылы тууралуу айта турган болсок, бул жакта жергиликтүү бийлик жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү бюджетке жаңы киреше алуу үчүн бошогон имараттарды ийгиликтүү колдонгонду өздөштүрдү.

Муниципалдык-жеке өнөктөштүк

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору бул айылда муниципалдык менчикти башкаруу маселеси боюнча тренингдерди өткөргөн. Ошол тренингдерге катышкандан кийин жергиликтүү бийлик жашоочулар менен талкуу өткөрүп, ээнсиреп турган имаратты тигүүчү цехке айландырууну чечишти. Муну менен жергиликтүү колу шыктуу аялдарга жумуш орундары пайда болду.

Мурда ФАПтын, ал эми азыр тигүүчү цехтин имараты чакан эле, болгону үч кичинекей бөлмө жана верандасы бар. Ошондуктан кандайдыр бир чакан өндүрүшкө же кызмат көрсөтүүгө колдонууга ылайыктуу. Буга чейин тигүүчү кыз-келиндер үйүндө эле иштешчү, бирок бул өздөрү үчүн да, кардарлар үчүн да бир топ ыңгайсыздыктарды жаратчу. Тигүүчү цехти ачууга түрткү болгон дагы бир себеп бар: Тепке ААнын

Социалдык-экономикалык өнүгүү программасына чакан ишканаларды ачып, аялдар үчүн жумуш орундарын түзүү боюнча иш-чаралар киргизилген. Мындан улам тигүүчү цех бул тапшырманы аткарууга жардам болду.

Ошентип имаратты оңдоп, тигүүчү цех үчүн жабдууларды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен акча бөлүндү. Айталы, имараттын ичинде жеңил ремонт жасоого 20 миң сом; тигүүчү жабдууларды сатып алууга 160 миң сом бөлүндү. Ошентип, тигүүчү цехти ачууга кеткен жалпы чыгым 180 миң сомду түздү. Жабдуулардын түрү жана тизмеги Каракол шаарындагы тигүүчү цехтердин иши менен таанышып чыккандан кийин аныкталган. Жабдуулардын тизмегине тигүүчү цехтер үчүн жабдуулардын стандарттык топтому кирди. Мисалы: эки түрлүү тигүүчү машина, оверлог, жалпак тигиш машинасы, буу үтүгү, кийим бычуучу стол жана эмерек.

Андан кийин муниципалдык имаратты жана тигүүчү жабдууларды ижарага берүү боюнча ачык конкурс өткөрүлгөн. Имарат жана жабдуулар муниципалык менчик болуп эсептелгендиктен, конкурстун жол-жобосу “Муниципалдык менчик объекттерин башкаруу тартиби жөнүндө” Жобого ылайык өткөрүлгөн. Бул Жобо USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун колдоосу алдында даярдалып, Тепке айылдык кеңешинин сессиясынын 2018-жылдын 14-сентябрындагы №67 Токтому менен бекитилген.

Келишим жергиликтүү ишкер Эдита ИСМАИЛОВА менен түзүлдү, ал Тепке айылынын төрт тургунун туруктуу ишке алды.

Бул жаңы ачылган ишкана болгондуктан, ишинин алгачкы жылында имарат жана жабдуулар үчүн ижара акыдан бошотулган. Иши башталгандан кийин төрт ай өткөн соң тигүүчү цехтин жумушчулары патент ала башташты.

Тигүүчү цехти ачуудан ЖӨБО жана жергиликтүү жамаат көргөн негизги пайдалар төмөнкүлөр болду:

  • 2020-жылдын сентябрынан баштап имарат жана жабдуулар үчүн ижара акысы алына баштады, бул болсо жергиликтүү бюджетке кошумча киреше булагы болду.
  • Ай сайын тигүүчү цехтин төрт жумушчусу жеке эмгек ишкерчилиги менен алектенүүгө патент алып турушат, патент үчүн төлөнгөн акча да жергиликтүү бюджетке түшөт.
  • Эми жергиликтүү эл, негизинен аялдар кийим тиктирүү үчүн Каракол шаарына (20 км) барбай калышты.
  • Эки айылдын – Тепкенин жана Курбунун жашоочулары – 2450 адам же 460 үй кожолугу тигүүчү цехтин кызмат көрсөтүүлөрүн колдонушат.
  • “Муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, ижарага алуучу менен жабдууларды сатып алуу укугун берген келишим түзүү пландалууда. Муну менен жабдууну сатып алууга кеткен акчанын бир бөлүгү жергиликтүү бюджетке кайтып келет. Ал эми ижарага алуучуда бул жабдууларга аяр мамиле жасоого стимул пайда болот.
  • Жылына эки жолу Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу тигүүчү цехтин ишине мониторинг жүргүзүп турат. Бул топ USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун колдоосу менен түзүлгөн.

Бала кездеги кыял орундалды

“Мен бала кезимде эле кийим тиккенди жакшы көрчүмүн, дайыма эле куурчактарым үчүн кооз кийимдерди тиге берчүмүн!”, - деп кубанычы менен бөлүшкөн Эдита “Саркеч” деп аталган цехти көрсөтүп жүрдү. Кампа катары колдонулган чакан бөлмөдө кездемелер, тигүүчү фурнитура жатат. Бул цехке кирген адам дароо жылуу чыгармачыл атмосфераны сезет. Цехте төрт тигүүчү иштейт, алардын ар бири өз чөйрөсүндө таланттуу. Айталы, Айжамал балдар кийимдерин тиксе, Жылдыз спорттук жана күнүмдүк кийимдерге адистешкен.

Туруктуу кардарлар

Жылдыз Жанетова жергиликтүү Маданият үйүн жетектейт. Жаңы жыл майрамы үчүн Жылдыз өз тарбиялануучулары үчүн өтө көп көлөмдөгү костюмдарга буюртма берген. Мындан тышкары Эдита сахнаны кездеме менен кооздоп чыккан экен. Буюртманын негизги бөлүгү жергиликтүү жашоочулардан түшөт. Мисалы, эски кийимди жаңылоо, үлпөт тойдун алдында келиндин себин даярдоо өңдүү буюртмалар түшүп турат.

Жемиштүү кызматташтык

Жергиликтүү бийлик да өзгөчө буюртмаларды берип турат. Алардын өтүнүчү менен Эдита жана анын кызматкерлери жону жука үй-бүлөдө өскөн балдар үчүн мектеп формасын төмөн баада тигип беришкен. Тигүүчү цехтин ишинин жыйынтыгына, суроо-талапка, рыноктун конъюнктурасына жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ЖӨБ органы Жылдыз жана Тепке айылдарында дагы эки тигүүчү цехти ачууну пландап жатат. Бул максатта бийлик Каракол шаарындагы кызыкдар тургундар үчүн окууларды өткөрүүдө. “Мен жергиликтүү жумушсуз аялдарга тигүүчүлүк курстарга жазылгыла деп кеңеш берип жатам. 13 кишиден турган топ түзүлгөндө окуу башталат. Мындай болгондо биз дагы эки цехти ача алабыз”, – деп айтты жергиликтүү администрация башчысы Азиз Айтбосунов.

COVID-19дун цехтин ишине тийгизген таасири

Жергиликтүү бийлик тигүүчү цехтин ишин ар тараптан колдоого аракет кылып келатат. Колдоонун биринчи баскычы – ижара акысын албастан тигүүчү жабдууну жана имаратты колдонууга берүү. Мындан тышкары баштапкы этапта тигүүчү цехтин жумушчулары патентти төлөөдөн бошотулган. Карантин маалында айыл өкмөтү COVID-19 илдетинин жайылышы менен күрөштүн алкагында беткаптарды жана коргонуучу кийимдерди тигүүгө буюртма берип, цехти иш менен камсыз кылды. COVID-19 тигүүчү цехтин ишине жана пландарына олуттуу таасирин тийгизди. Жыл сайын мектептерде бүтүрүү кечелеринин алдында Тепкен айыл өкмөтүнүн курамына кирген үч айылдын бүтүрүүчүлөрү тигүүчү цехке өтө көп буюртма берип, иш туруктуу болчу. Бул жылы COVID-19 вирустук инфекциясынын жайылышы менен күрөштүн алкагында киргизилген карантин чараларына байланыштуу, тилекке каршы, мындай буюртмалар түшкөн жок. Жалпысынан буюртмалардын саны бир кыйла азайды. Себеби карантин шартында жана обочолонуу режиминде жергиликтүү эл кийим тиктирүүгө буюртма бербей калышты. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу буюртмалардын деңгээли 60-70 пайызга төмөндөдү.

Эдитанын мындан кийинки пландары

Жай мезгилинде тигүүчү цехтин жумушчулары жергиликтүү мектептердин окуучулары үчүн кийим тигүүнү пландап жатышат. Мындан тышкары ишкананын жетекчиси Бишкек шаарындагы тигүүчү цехтер менен байланыш түзүп, алардан да буюртма алып турууга аракет жасоодо. Азырынча кийимдерди бычып берүү тууралуу алдынала макулдашуу бар.