Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Көйгөйлүү кызмат көрсөтүүлөрдүн рейтинги: сап башында турган үчиликтен таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү чыгып кетти, анын ордун рейтингдин башына суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсү чыкты

2020-09-02 / ЖӨБ кызматтары
Көйгөйлүү кызмат көрсөтүүлөрдүн рейтинги: сап башында турган үчиликтен таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү чыгып кетти, анын ордун рейтингдин башына суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсү чыкты

Надежда ДОБРЕЦОВА, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору; Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары; Жамала УМАНКУЛОВА, “Erfolg Consult” ЖЧК командасынын лидери; Оңолкан УМАНКУЛОВА, “Erfolg Consult” ЖЧК командасынын аналитиги

Өнүктүрүү саясат институту түрдүү долбоорлордун алкагында жана өз демилгеси менен жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата мамилесин көп жылдардан бери изилдеп келатат. 2020-жылы социологиялык сурамжылоо ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буйрутмасы боюнча “Erfolg Consult” ЖЧКнын күчү менен өткөрүлгөн. Сурамжылоонун негизинде алынган маалыматтарга анализ “Erfolg Consult” ЖЧКнын жана Өнүктүрүү саясат институтунун биргелешкен күч-аракети менен жасалды. Анализдин жүрүшүндө буга чейин түрдүү долбоорлордун алкагында өткөрүлгөн сурамжылоолор маалында алынган маалыматтар колдонулду. “Муниципалитет” журналы жарандардын ЖӨБ органдарына, алардын ишине жана көрсөткөн кызматтарына карата пикирлерине арналган макалалардын серияларын улантууда. Буга чейин 2020-жылдын май жана июнь айларында чыккан сандарда изилдөөнүн айрым бир үзүндүлөрү берилген. Бул фрагменттер жарандардын ЖӨБго катышуу процесстерин жана жарандар ЖӨБдү кантип кабыл алаарын ачып берет. Бул жолку санга ЖӨБ органдары көрсөткөн кызматтар тууралуу жарандардын пикирлерин талдаган макалалар кошулду.

Кызмат көрсөтүүгө ыраазы болбогондук бул кызмат көрсөтүү эң маанилүү дегенди билдире бербейт

ЖӨБ органдары көрсөткөн кызматтарга карата аны колдонгон керектөөчүлөр – жарандар тарабынан баа берүүсүндө бир нече олуттуу өңүттөрү бар. Биринчиден, ЖӨБ органдары кайсы кызмат көрсөтүүлөр жарандар үчүн өзгөчө маанилүү болгонун билиши керек. Бул пикирлер жарандардын жергиликтүү бюджеттин каражатын тигил же бул кызмат көрсөтүүгө багыттоого даярдыгы менен өлчөнөт. Экинчиден, ЖӨБ органдары кайсы кызмат көрсөтүүлөр жарандардын өзгөчө кыжырын келтирип, канааттандырбаганын түшүнүп алышы керек. Чечим кабыл алуу процессинде бул эки көрсөткүчкө салыштыруу менен баа берилиши керек.

Мисалы, 2020-жылы таштанды чыгарууга, жолдорду эксплуатациялоого, жашылдандырууга канааттанбагандык жогорку деңгээлде болгон. Буга карабастан жарандардын көбү жергиликтүү бюджеттеги каражатты биринчи кезекте суу менен жабдуу жана канализация кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоого багытташы керек деп эсептешет. Ошондуктан чечим кабыл алып жатканда атүгүл жарандардын кайсы бир кызмат көрсөтүүгө канааттанбагандык деңгээли жогору болгонуна карабастан ЖӨБ органы көбүрөөк маанилүү болгон кызмат көрсөтүүлөргө артыкчылык бериши керек. Жарандар өзүнүн ден соолугу жана коопсуздугу үчүн суу менен жабдуу жана канализация кызмат көрсөтүүлөрү канчалык маанилүү болгонун түшүнүү менен, мына ушундай кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алышууда. ЖӨБ органы да дал ушундай жолду тандашы керек.

1-диаграмма. Кызмат көрсөтүүнүн маанилүүлүк рейтингинде жарандардын ошол кызмат көрсөтүүгө канааттанбоо деңгээлинин салыштырылышы, 2020-жыл

Жалпысынан жарандардын кызмат көрсөтүүнүн маанисине карата артыкчылыктары убакыттын өтүшү менен көп деле өзгөрбөйт: ондогон жылдар бою сап башынан үчөө түшпөй келди. Алар: суу менен жабдуу, таштанды чыгаруу жана жолдорду эксплуатациялоо. Дал ушул кызмат көрсөтүүлөр турмуш тиричиликтин коопсуздугуна жана экономикалык активдүүлүккө тикелей таасирин тийгизээри маалым. Айталы, суу менен жабдуу иш жүзүндө бардык үй-бүлөлөрдүн саламаттыгына таасирин тийгизет, аялдар жана балдар бош убактысын суу ташыбай, башкача, натыйжалуу өткөрөт дегенди билдирет. Таштанды – ден соолукту, жолдор – коопсуздук жана экономикалык факторлорду билдирет. Андан кийин рейтингде көчөлөрдү жарыктандыруу, көчөлөрдү жыйнап-тазалоо жана жашылдандыруу турат.

2-диаграмма. Жарандар ыраазы болбогон кызмат көрсөтүүлөрдүн рейтинги, 2018-2020-ж.ж., пайыздар менен

Жарандардын көз карашы боюнча, жолдорду эксплуатациялоону каржылоого болгон муктаждык бир аз азайды. 2018-жылга салыш тырмалуу 2020-жылы кызмат көрсөтүүлөргө канааттанбоо деңгээли баа берилип жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык өңүттөрүнө карата бир нече эсе түшүп кеткен. Бирок алардын арасында коомдук транспорт жок. 2007-жылдан тартып изилдөө башталгандан берки мезгил аралыгында айрым өтө маанилүү кызмат көрсөтүүлөргө каратаэлдин нааразычылыгы салыштырмалуу түрдө азайып жатканы байкалууда. Көчөлөрдү жарыктандырууга кайсы бир даражада ыраазы болгон жарандардын үлүшү өстү – 13 жылда өсүш 30 пайызды түздү; жолдорду эксплуатациялоого ыраазылар – 24 пайызга; көчөлөрдүн тазаланышына ыраазылар – 7%; суу менен жабдууга ыраазы болгондор 6 пайызга көбөйдү. Бирок таштанды чыгарууга жана бала бакчаларга канааттануу деңгээли мурдагыдай бойдон кала берүүдө, атүгүл төмөндөп да баратат. Канализация жана суу бөлүштүрүү кызмат көрсөтүүлөрүнө канааттануу деңгээли гана туруктуу түрдө төмөндөп баратат – жада калса айыл тургундары да канализациясы жок жашагысы келбей калды. Кызмат көрсөтүүгө канааттангандардын саны үч эсе азайып, өтө төмөнкү деңгээлге – 10 пайызга түшүп кетти. 3-диаграммада 2012-жылы канааттануу деңгээли түшүп кеткенин байкабай коюуга болбойт. Мунун түшүндүрмөсү бар. Жогоруда айтылгандай, ЖӨБдүн ишине канааттануу деңгээли жергиликтүү бюджеттердеги кирешенин деңгээлинен тикелей көз каранды. 2009-жылы үч деңгээлдүү бюджет киргизилип, 2010- жылы мугалимдердин айлык акысын көбөйтүүгө кенемте төлөө үчүн жоопкерчиликти ЖӨБ органдарына жүктөгөндөн кийин ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди каржылоо жөндөмдүүлүгүн дээрлик жоготуп алышты. Бул сөзсүз түрдө жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн жана сапатынын түшүп кетүүсүнө алып келмек. Ал эми бул көрүнүш өз кезегинде жарандардын канааттануу деңгээлине да терс таасирин тийгизди.

Жарандар эң эле көйгөйлүү деп эсептеген кызмат көрсөтүүлөрдүн рейтинги 2014-жылдан кийин өзгөрдү. Лидерлердин үчилтигинен таштанды чыгаруу кызмат көрсөтүүсү чыгып кетти. Анын ордуна рейтингде биринчи орунду суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсү ээледи. Чындыгында эле Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдарынын көбү тушкелди ыргытылган таштандылар менен күрөштө кандайдыр бир деңгээлде ийгиликке жете алды, катуу тиричилик калдыктарын туруктуу чыгарып туруу иши жөнгө салынды. Бул сектордо ЖӨБ органдары үчүн биринчи планда таштандыны жок кылуу маселеси турат. Бирок башкаруу органдарына караганда жарандар үчүн ал көп байкалган жери жок. Ал эми суу менен жабдуу, тескерисинче, элдин баамы боюнча эң көйгөйлүү маселеге айланды. Суу менен жабдуу 2018-жылдан бери эң көйгөйлүү кызмат көрсөтүү бойдон калып жатканын эске алуу менен, бул маселени тереңирээк изилдеп көрүш керек. Жалпысынан алганда, прогресс көз көрүнөө болуп турат: 2020-жылы респонденттердин тиричилик шарттары оңолгон. Себеби респонденттердин көбү суу түтүк системасын колдонушат – 30,9%. 2018-жылы мындай респонденттердин үлүшү 22,1 пайызды түзгөн, ал маалда респонденттердин көбү жалпы колдонуудагы колонкалардан суу алышчу. Ошол эле кезде булактан же дарыядан суу алган жарандардын саны бир аз да болсо көбөйдү. 2020-жылы жарандардын басымдуу бөлүгүндө канализацияга жеткиликтүүлүк болгон жок. Мындайлардын саны өсүүдө: 2018-жылы 91% болсо, 2020-жылы 93 пайызга жетти. Бул көрсөткүчтүн өсүшүн канализация курулмалары катардан чыгып жатканы менен эмес, кожолуктардын саны көбөйүп, бирок канализациянын өзүнүн кубаттуулугу азайып баратканы менен түшүндүрсө болот. Албетте, респонденттердин көбү – элет жергесинде жашагандар. Айылдарда канализация ушул күнгө чейин сейрек көрүнүш бойдон кала берүүдө. Бирок техникалык прогресстин өнүгүүсү, айлана-чөйрөгө келтирилип жаткан зыяндын азайбай жатканы, жугуштуу оорулардын жайылуусу кир сууну тазартуу, элет жергесинде канализациялык курулмаларды уюштуруу маселесин күн тартибине чыгарууда. Азырынча Кыргыз Республикасы мындай зыяндын айлана-чөйрөгө жана адамдын коопсуздугуна жараткан коркунучуна баа бере элек. Бирок бул көйгөй биринчи планга чыга турган күн да алыс эмес.

3-диаграмма. Айрым кызмат көрсөтүүлөргө толугу менен же жарым-жартылай канааттанган жарандардын үлүшүнүн динамикасы, 2007-2020-ж.ж., пайыздар менен

Эл коопсуздукка көбүрөөк көңүл бура баштады. Мындан улам ичүүчү суунун сапатына жана үзгүлтүксүз берилишине коюлган талаптар да көбөйүүдө. Айталы, 2018-жылы респонденттер суунун начар басымын (60%), бир күн ичинде сууну берүү убактысынын аздыгын (29%) негизги көйгөй деп тандашса, 2020-жылы сууну берүү үзгүлтүккө учурап жатканына респонденттердин 80% даттанган. Ошондой эле суунун сапатына тынчсыздангандардын үлүшү бир кыйла көбөйгөн. Мурда “суунун сапаты тынчсыздандырат” деп жооп кайтаргандар дээрлик болчу эмес. Бул көрүнүштү эки өңүттөн түшүндүрсө болот: бир жагынан сууга жетүүгө байланышкан кырдаал, суунун сапаты начарлаган болушу мүмкүн. Экинчи жагынан жарандар суунун сапатына көбүрөөк көңүл бура баштаган болушу ыктымал. Себеби мурда жарандарды суунун жоктугу же анын тартыштыгы көбүрөөк т ы н ч с ы з д а н д ы р ч у.

4-диаграмма. Ичүүчү суунун булактары, 2020-жыл, пайыздар менен

Экинчи өңүт чындыкка жакын дегенди статистика да тастыктап турат: 2020-жылы берилип жаткан суунун сапаты жакшыраак болушу үчүн көбүрөөк акча төлөөгө макул болгондор 76,5% түздү. Бул демек 2018-жылга караганда 6,9 пайызга көп дегенди билдирет.

 

Окшош материалы: