Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Адамдар жергиликтүү демилгелерге ишеним артып, айылдын көйгөйлөрүн ЖӨБ органы менен чогуу чечкенди үйрөнүштү

2020-06-08 / Жергиликтүү демилге
Адамдар жергиликтүү демилгелерге ишеним артып, айылдын көйгөйлөрүн ЖӨБ органы менен чогуу чечкенди үйрөнүштү

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси

Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк АА

2018-жылы Шарк айылдык аймагы ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ЖД Конкурсуна төрт өтүнмө жиберген. Алардын ичинен “Үй-бүлө, мектеп жана коом” деп аталган жергиликтүү демилге суурулуп чыгып, Жаңы-Талап айылдык аймагынын демилгеси менен катар үчүнчү орунду ээлеген. Бул долбоор 50 000 сом өлчөмүндө байгеге ээ болду.

Элдин демилгеси менен мектептеги жыйындар залынын маселеси чечилди. Активисттер марафон өткөрүп, олуттуу суммада акча топтой алышты: жергиликтүү ишкерлер курулуш материалдарын сатып алууга 254 000 сом бөлүп берсе, жергиликтүү эмерекчилер 150 000 сомдук отургучтарды жасап беришти. Ал эми тигүүчү цех 36 000 сомдук терезе пардаларын тигип берди. Айылдын жаштары ремонт иштерин өз мойнуна алып, кара күч түрүндө салым кошту. Натыйжада мурда спорт зал катары колдонулган бөлмө заманбап, ыңгайлуу, жакшы жабдылган жыйын залына айланды. Бүгүнкү күндө бул жерде мектептеги иш чаралардан тышкары, айылдык аймактын бардык коомдук иш-чаралары – чогулуштар, жыйындар, коомдук угуулар жана курултайлар өткөрүлүп турат.

Байге катары берилген 50 000 сомду демилгенин лидерлери Падаван айылындагы мектеп үчүн көп функционалдуу жабдууну жана спорт шаймандарын (палас, секунда эсептегич, баскетбол, волейбол жана футбол топторун, секирме, жарышуу үчүн жабдуулардын комплектин) сатып беришти. Мурда мектепте эски көчүрүп басуучу аппаратты колдонушчу. Бул аппарат бир гана функцияны аткарып, тез-тез бузулуп, мектептин муктаждыктарын канааттандырчу эмес. Азыр болсо жаңы аппарат 68 мугалимге жана мектептин кызматкерлерине чоң пайда алып келүүдө. Бул мектепте 1033 бала окуйт. Жаңы аппараттын жардамы менен баары керектүү материалдарды басып чыгарып, сканер- ден өткөрүп жатышат. Кызматкерлер буйруктарды, сабактын пландарын, жарыяларды, тесттерди, документтерди тынбай басып чыгарууда. Бул аппарат мугалимдердин түйшүгүн жеңилдетип, документ иштерин азайтты. Анткени мурда мугалимдер убактысын да, акчасын да коротуп, документтерди көчөдөн басып чыгарууга мажбур болчу. Жаңы спорт шаймандары мектепке дем бергендей болду. Окуучуларда дене тарбия сабагына болгон кызыгуу пайда болду. Мурда мынчалык көп түрдөгү шаймандар болгон эмес, жада калса жарылып кеткен топторду алмаштырганга эле бир нече апта кетчү. Жарышка түшүү үчүн зарыл болгон жабдуулардын комплекти дене тарбия сабактарын ого бетер кызыктуу кылды. Башталгыч класстардын мугалимдери кызыктуу спорттук таймаштарды өткөрүп, ага окуучулар да, ата-энелер да катышып жатышат. Дене тарбия мугалиминин эмгеги да жемиштүү болуп, балдарга ар кандай көнүгүүлөрдү жасатууда. Балдар да сабактардан качпай калышты, өзгөчө дене тарбиясы сабагына бардык окуучулар катышат. Элеттик мектеп үчүн 50 000 сом – бул чоң акча. Бул каражатты мектептин администрациясы айыл үчүн маанилүү болгон маселелерди чечүүгө жумшады. Окуу жайдын ичиндеги оң өзгөрүүлөрдөн тышкары, мектеп менен жергиликтүү жамааттын байланышы чыңдалды, ата-энелер комитетинин жоопкерчилиги артты, ЖӨБ органы менен байланыш да бекемделди.

Розупаша ЮСУПОВА, жергиликтүү демилгенин лидери, меугалим: “2017-жылга чейин элеттиктер “жергиликтүү демилге” деген эмне экенин, жергиликтүү маанидеги маселелер кайсылар болгонун, “жергиликтүү бюджет” деген эмне экенин жана жергиликтүү жамааттын Уставы кандай пайда алып келерин билчү эмес. Эми бизде демилгелүү топтор, биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору пайда болуп, көпчүлүк тургундар бюджет боюнча коомдук угуулар, курултайлар менен жакындан тааныша алышты. Мурда чогулуштарга “дүжүр активисттер” эле катышчу. Ал эми азыр болсо бардык каалоочулар келет, айылда кулактандыруу үчүн атайын жерлер да пайда болду. Бул жерден элеттиктер жасалган иштер жана келечекке пландар тууралуу болгон маалыматтар илинет. Адамдар жергиликтүү бийликке ишеним артканды үйрөндү, жергиликтүү демилгелердин күчүнө ишеништи, ЖӨБ органы менен чогуу айылдын көйгөйлөрүн чогуу чечип жатышат. ЖӨБ органы да эл менен иш алып баруунун формасын өзгөрттү. Буга жооп катары элеттиктер жергиликтүү демилгелерди көтөрүп, активдүүлүгүн көрсөтүп жатат. Айталы, жергиликтүү демилгелер аркылуу ичүүчү суу маселеси 90 пайызга чечилди, алты айылдын бешөөндө ички жолдор оңдолду, алты айылда тең көчөлөр жарыктандырылды. Ал эми Маданият айылында жаштардын демилгеси менен 12 коомдук аялдама курулду. Бул үчүн мектептин бүтүрүүчүлөрү 100 000 сом бөлүп берип, өздөрү да курулуш иштерине катышкан эле. Бардык айылдарда жаштар арасында бейбаштык, тартип бузуу көрүнүштөрү тыйылып, көпчүлүк мектептерде рэкетчилик көйгөйү чечилди.

Азыр жаштар ишемби сайын чайканада чогулуп, айылдагы көйгөйлөрдү талкуулап турушат. Жаштар атайын кутуга 50 сомдон ташташат. Ошондуктан бул кутуда дайыма акча бар. Зарыл болгон учурда бул акчаны өтө чукул маселелерди чечүү үчүн, мисалы, көчөдө жарык өчүп калса, лампа же зым сатып алуу үчүн жумшашат. Көрсө, биздин жарандар абдан эле чапчаң экен. Мисалы, айылдардын бириндеги негизги көчөнү оңдоого эл миллион сомдон ашык акча чогултту, жергиликтүү бюджеттен эки миллион бөлүндү. Натыйжада узундугу эки километрге жеткен жолго асфальт төшөлдү. Бир айылдагы жүз түтүндү ар бирине таза суу жеткирүү үчүн жашоочулар өздөрү чуңкур казып, кызматкерлерди түшкү тамак менен камсыз кылып беришти. Ал эми жергиликтүү бюджеттен үч миллион сом бөлүнүп, айыл өкмөтү инженер адистер жана атайын техника менен камсыздады.

Пландар тууралуу айта турган болсок, жакында эле жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктап чыккан элек. Ошондо жаңы конуш артыкчылыктуу маселе деп табылган. Биздин айыл кеңейип бараткандыктан мында жашагандардын саны да көбөйүп, жаңы көчөлөр пайда болууда. Мындан улам айрым жерлерде ичүүчү суу, жол, жарык менен камсыздоо маселелери чечиле элек, клубдар жана электрондук китепканалар зарыл болуп турат. ЖӨБ органы бул маселелерди чечүү үчүн аларды бюджетке киргизди. Ал эми жаңы конуштардын жашоочулары кара күчүн да, акчасын да жумшап, бул көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошкусу келет”.

 

Окшош материалы: