Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мурдагы таштанды төкчү жай, азыркы элеттик сейил бак турмуштук энергиянын булагына айланды

2020-06-08 / Жергиликтүү демилге
Мурдагы таштанды төкчү жай, азыркы элеттик сейил бак турмуштук энергиянын булагына айланды

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси

Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак АА

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ЖД Конкурсунда 2018-жылы Миң-Булак айылдык аймагынын тургундарынын демилгеси биринчи орунду ээлеген. “Таштанды төкчү жайдын ордуна эс алуу үчүн сейил бак” деп аталган жергиликтүү демилге 150 000 сом өлчөмүндө байгеге ээ болгон эле. Өтүнмөнүн автору – “Аракеттеги жарандар” демилгелүү тобу 2016-жылы түзүлгөн. Анын курамына айылдагы жашоочулардын ичинен жигердүү жана кайдыгер эмес 19 адам кирген. Демилгелүү топтун аракети менен 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбооруна аянты 20 сотик болгон участокту сейил бакка айландыруу ишин каржылап берүү сунушу киргизилген. Бул жерди буга чейин таштанды төкчү жай катары колдонуп келишкен. Ошентип, жыл ичинде мурдагы таштанды жайы адамдар эс алчу сейил бакка айланды. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 110 000 сом бөлүнүп, бул акча аймактагы жерди тегиздеп, тегерек четин тосмолоп чыгууга сарпталды. Ошентип, жергиликтүү бюджеттин эсебинен аймак жашылдандырылып, карагайдын 70 көчөтү отургузулду. Демилгелүү топтун мүчөлөрү аймактытазалап, көчөттөрдү отургузууга жардам беришти. Бул жергиликтүү демилгени конкурстук комиссия мыкты деп баалап, биринчи орунду ыйгарды. Байге катары алган 150 000 сомдун эсебинен демилгелүү топтун мүчөлөрү айыл өкмөтүнүн жардамы менен сейил бакта сегиз отургуч орнотуп, ар биринин жанында таштанды челектерин коюп чыгышты. Мындан тышкары чөп тегиздегич, суу үчүн насос, сууну бөлүштүрүүчү төрт системаны, араба, күрөктөрдү жана тырмоочторду, шлангдарды сатып алып, жарык берүүчү чырактар орнотулган сегиз металл устундар орнотулду. Ошентип, ойлогон план толугу менен ишке ашып, таштанды төкчү жай бардык шарттары бар эс алуу аймагына айланды.

Кымбат ЖУНУСОВА, жергиликтүү демилгенин лидери: “Мурда бул жер адамдарда терс эмоцияларды гана жаратчу. 40 жылдан бери бул жакка таштанды төгө бергендиктен айлана-тегеректи жагымсыз жыт аралап, баштыктар жана желим бөтөлкөлөр туш тарапта жатчу. Башында адамдар сейил бак идеясына шектенүү менен мамиле жасап, “Муну кантип ишке ашырмак элеңер? Бул мүмкүн эмес да” деп ачык эле айтышчу. Бирок биз өз максатыбызга жеттик. Эл да шыктанып, бизге жана жергиликтүү бийликке ишеним артып, бул маселени чечүүгө салым кошкондорго ыраазычылыгын айтып бүтпөй жатышат. Анткени биздин айылда буга чейин сквер же сейил бак, жада калса чакан аянтча да болгон эмес. Ал эми азыр таштанды төкчү жайдын ордуна 20 сотик муниципалдык жерде чыныгы парк пайда болду. Бүгүнкү күндө бул сейил бак Миң-Булак айылындагы 170 үй-бүлө үчүн эс алуучу жайга, маданий борборго айланды. Бул жерде Балдарды коргоо күнү, Нооруз, Жаңы жыл майрамдары өткөрүлүп турат. Майрам болгон сайын боз үйлөрдү тигип, адамдар улуттук тамак-аштарды жасашат, жергиликтүү жана сырттан келген эстрада жылдыздары концерт коюшат, улуттук конкурстар жана оюндар өткөрүлөт. Элеттиктер күн сайын бул сейил бакта балдары жана неберелери менен ары-бери басып, көңүл ачышат. Жаштар болсо бош убактысын бул жерде өткөрүп, түн оогончо жүрүшөт. Анткени бул бак кеч киргенде айылдагы эң жарык жерге айланат. Башка жактан келген конокторду да ушул жакка алып келебиз. Атүгүл көптөр куда-сөөктү да ушул жерден тосуп алышат. Сейил бакты тазалап, карап туруш керек. Ошондуктан атайын кызматкер бөлүп берүү маселеси расмий деңгээлде чечилгенге чейин демилгелүү топтун мүчөлөрү кезектешип бул бакты карап турууну макулдаштык. Биз жыл сайын өзүбүз ремонт жасап, тегерек четин сырдап, актап, чөптөрдү отоп, жер семирткичтерди чачып, гүлдөрдү отургузуп, сугарып турабыз. Ал эми мал жайылып, чөптү тебелеп кетпеши үчүн бакты кайтаруу милдетин мен өзүмө алгам. Анткени жакын жерде жашайм жана мага жолдошум, балдарым жардам беришет”. 

Долбоор ийгиликтүү ишке ашырылгандан кийин элеттиктер айылдын өнүгүүсүнө дагы кандай салым кошо алаары тууралуу ойлоно башташты. Алар демилге көтөрүп, түрдүү көйгөйлөрдү чечип келатышат. Мисалы, таза суу тартыштыгы өңдүү маселени чечүү боюнча жаңы демилгелүү топ түзүлдү. Кымбат ЖУНУСОВА башында турган “Аракеттеги жарандар” демилгелүү тобунун мүчөлөрү жаңы түзүлгөн топко кошулуп, көчөлөрдү жарыктандыруу маселесин чогуу чечмей болушту. Алар бюджет боюнча коомдук угууда сунуштарын берип, элеттиктердин колдоосуна ээ болушту. Ошентип 2020- жылы айыл өкмөтү бул маселени чечүүгө бел байлады. Ушул тапта 40 устун, зымдар жана чырактар сатып алынды. Пандемия бүткөндөн кийин булардын баарын орнотуп чыгышмакчы. Бирок жашоочулар азыртадан эле бул иштерге жардам берүү ниетин билдирип жатышат. Ал эми ыктыярчылар жумушчуларды ысык тамак менен камсыз кыларын айтышты.

Кымбат ЖУНУСОВА: “Айыл өкмөтү аймактын бардык көйгөйлөрүн жалгыз чече албайт, эл да өз демилгелери менен жардам бериши керек. Бул үчүн жөн гана кандай көйгөй бар экенин айтып тим болбостон, бул маселелерди чечүү боюнча конструктивдүү сунуштарын берүүгө тийиш. Алдыда биздин топтун чоң пландары бар: 1) балдар аянтчасын куруп, селкинчектерди, каруселдерди, дөбөлөрдү орнотуп, ролик тепчү жерди даярдап, таманташ тизип чыгабыз; 2) спорт аянтчасын куруп беребиз. Бул жерде жаштар гана эмес, улгайган адамдар да дене тарбия көнүгүүлөрүн жасашы үчүн машыктыргычтарды коюп беребиз. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ЖД Конкурсундагы жеңиш бизге акчадан да баалуу нерсени тартуулады: кармалап, сезе албасак да айланабыздагы дүйнөнү өзгөртүүгө жөндөмдүү болгонубузга ишендик. Бул ишеним дүйнө тааныбызды түптамырынан бери өзгөртүп, айлана-чөйрөдөгү бардык нерсеге да башкача мамиле жасап калдык. Бул жеңиш бизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты, адамдар менен жергиликтүү бийликти бириктирди, кийинки кадамды таштоого шыктандырды, бардык жашоочуларды ойготуп, кыймылга түрттү. Байгеге алган акчага элге пайда алып келчү буюмдарды сатып алдык. Учурда сейил бак гүлдөп, бир айылдын гана эмес, жалпы аймактын жашоочулары жакшы көргөн жерге айланды. Ошондой эле бул сейил бак кошуналар үчүн үлгү болуп калды”.

Парк, сквер же бакча өңдүү жерлер – бул энергетикалык жана эстетикалык жактан абдан күчтүү болуп саналат. Бул жерде адам күч-кубат топтоп, ден соолугун бекемдеп, руханий тең салмактуулукка ээ болот. Жашоодогу энергиянын эң маанилүү булагы – бул табият менен байланышта болуу. Бул байланыш адамга эмоционалдык жактан ашыкча жүктөн арылып, дене боюн сергитип, эң негизгиси – күч-кубат топтоп алууга мүмкүнчүлүк берет. Адамдар жашаган чөйрөдө мына ушундай жерлер канчалык көп болсо, айыл жана шаар тургундары- нын физикалык жана психикалык саламаттыгы да ошончолук бекем болот. Ушундан улам сейил бак аймактын жашоочулары жакшы көргөн жерге айланды”.

 

Окшош материалы: