Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаштардын жергиликтүү демилгелери коомдук фондго айланды

2020-06-08 / Жергиликтүү демилге
Жаштардын жергиликтүү демилгелери коомдук фондго айланды

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси

Чүй облусунун Москва районундагы Александровка АА

2017-жылы Александровка айылдык аймагынын “Жаштардын биримдиги – айылдын өнүгүүсү жана келечеги” аттуу жергиликтүү демилгеси ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ЖД Конкурсунда үчүнчү орунду ээлеп, 70 000 сом көлөмүндө байге алды. Артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо боюнча масштабдуу иштерди жүргүзгөндөн кийин Александровка айылынын жаштары бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн күчүн бириктирүүнү чечишти.

Ошентип, жергиликтүү жамааттын лидери Абдулла ШАРИПОВ (айыл старостасы, айылдык кеңештин депутаты) элеттеги жаш активисттердин башын бириктирип, коомдук башкаруу системасын түздү. 150гө жакын адам катышкан жалпы чогулушта жоопкерчиликтүү жаш лидерлер – айылдагы 38 көчөдөн эки адамдан тандалды. Абдулла ШАРИПОВ “Вотсапта” 76 лидер үчүн байланыш тайпасын түзүп, алар өз кезегинде ушундай эле байланышты өз көчөлөрүндөгү жашоочулар менен түзүштү. Мобилдик байланыштын мындай түрү чоң ишке жол ачты: жаштар ЖӨБ органдары менен биргеликте бардык маселелерди жеринде, ар бир көчөдө эле ыкчам чечип жатышат. Бүгүнкү күндө ички жолдор, көчөлөрдү жарыктандыруу, таштанды тазалоо жана чыгаруу өңдүү көйгөйлөр чечилди, бардык көчөлөрдө ыктыярчылар элдик кошуундарды түзүп, көзөмөлдөп турушат. Мындан тышкары айылдын жаштары кайрымдуулукту да унутушкан жок. Алар чөнтөгү жука үй-бүлөлөргө азык-түлүктөн, кийим-кече, бут кийимден жардам берип турушат.

Конкурста утуп алган 70 000 сомго жаштардын чечими менен 20 отургуч, үч кеңсе столу сатып алынды. Бул эмеректи Александровка айылынын Маданият үйүндөгү кенен кабинеттердин бирине алып барышты. Мындай чечим эки себептен улам кабыл алынды. Биринчиден, жаштар лидерлери үчүн өзүнүн “бурчу” керек эле, бул жерде алар пландарды талкуулап алуу үчүн чогулуштарды жана жумушчу жолугушууларды өткөрүп турушат. Экинчиден, айыл өкмөтүнүн имараты тар болгондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлери үчүн кошумча бөлмө керек болчу. Кызматкерлер бул жерде чогулуштарды, тренингдерди, семинарларды жана кеңештин сессияларын өткөрүп турушат. ЖӨБ органы Маданият үйүнүн бир бөлмөсүнө капиталдык ремонт жасоо үчүн атайын каражат бөлүп берди. Ал эми бул бөлмөгө жаңы эмеректерди киргизишкенден кийин бул жерде жигердүү жана жемиштүү жашоо башталды. Мурда жаштардын лидерлери чогула турганга жер таппай, көчөлөрдө, кафелерде жана соода борборлорунда, же болбосо айыл өкмөтүнүн имаратында кездешчү. Бирок айыл өкмөтүндө деле бош турган кабинет дайыма эле боло бербейт. Эми болсо бардык жолугушуулар ыңгайлуу бөлмөдө өтүп жатат.

“Азыр жаштар лидерлеринин бардык жумушчу жолугушуулары мурдагыдан да сапаттуу деңгээлде өтүп жатат. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, айылдын көйгөйлөрүн ийне-жибине чейин талкуулайбыз, келечекке план түзөбүз, биринчи кезекте чечилиши керек болгон көйгөйлөрдү карап чыгабыз, уюштуруучулук жана финансы маселелерин чечип, кимге, кандай даражада материалдык же азык-түлүк жагынан жардам бериш керектигин, эл аралык турнирлерге аттанган спортчуларды кантип каржыласа болоорун, айтор, толтура маселелерди чечебиз.

Коронавирус пандемиясынан улам карантин башталганда эле жаш лидерлер “Ихляс” коомдук фондун түзүүнү чечишти. Бул фонд калктын аярлуу жана аз камсыздалган катмарына, ардагерлерге, майыптарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жардам берүү максатында түзүлдү. Бир нече күндүн ичинде фонддун расмий документтери колубузга тийип, эсеп ачтык. Эки айдан бери өз пландарыбызды ишке ашырып, чөнтөгүбүздөн акча чыгарып, жону жука үйбүлөлөргө, жетимдерге, майыптарга, батирде жашаган жана жумушсуз калган балдарга жардам берип жатабыз. Алдыда дагы толгон-токой иштер бар. Бул үчүн биздин Фондго инвестиция таап, ойлогон ой-максаттарыбызды ишке ашырабыз деп үмүт артып турабыз.

Жергиликтүү кеңештин депутаты катары жакшы билем: мурда кеңештин сессиялары ар кайсы жерде, айыл өкмөтүнүн бош бөлмөлөрүндө, же Маданият үйүнүн жыйын залында өтчү. Жылуулук системасы иштебегендиктен кышында бул жер сөөктөн өткөн суук болчу. Ошондуктан кеңештин сессиялары дайыма эле талаптагыдай деңгээлде өтпөстөн, кээде чийки чечимдерди кабыл алгандан кийин канааттанбагандай сезим кала берчү. Эми болсо депутаттар да Маданият үйүндөгү жаңыланган бөлмөнү колдонуп жатышат: ыңгайлуу шартта күнүмдүк маселелерди талкуулап, стратегиялык тапшырмаларды аткарып, чекесинен чечип келатабыз. Мындан тышкары айыл өкмөтү бул жерде түрдүү донордук эл аралык уюмдардын алкагында тренингдерди жана семинарларды өткөрүп турат.

ЖД Конкурсуна катышып, байгеге ээ болгонубуз бизди шыктандырып, кийинки кадамдарды таштоого түрттү. “Ихляс” фондун түзүү менен, биз расмий деңгээлде ЖӨБ органдары менен чогуу биздин коомдун көйгөйлөрүн чечүүнүн үстүнөн иш алып баруудабыз”.

 

Окшош материалы: