Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кызылсуулуктар ыгын таап, жергиликтүү демилгелерди өнүктүрүүдө

2020-06-08 / Жергиликтүү демилге
Кызылсуулуктар ыгын таап, жергиликтүү демилгелерди өнүктүрүүдө

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу АА

Кызыл-Суу айылдык аймагынын алгачкы жергиликтүү демилгеси натыйжалуулук жана туруктуулук жагынан алып караганда эң ийгиликтүү мисалдардын бири боло алат. Себеби бул демилге башка долбоорлордун пайда болушуна шарт түзүп берди. Натыйжада мектепке чейинки билим берүүдөгү көйгөйлөр толугу менен чечилди.

Кызыл-Суу АА ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ЖД Конкурсуна өтүнмөнү биринчи жолу 2017-жылы тапшырган. “Балдар – биздин келечек” аттуу жергиликтүү демилге 64 талапкердин ичинен биринчи орунду ээлеп, 150 000 сом өлчөмүндө байге утуп алган. Элдин демилгеси боюнча, мектепке чейинки билим берүүчү мекеменин маселеси чечилген. ЮНИСЕФ жана “Ага-Хан” Фонду өңдүү донордук уюмдар бөлгөн 600 000 сомдун, 100 000 сом көлөмүндө демөөрчүлөрдүн салымы жана жергиликтүү жамаат чогулткан 35 000 сом акчанын жардамы менен бир топ иштер жасалган: мектептин ичиндеги бош турган бөлмөлөр ремонттолуп, жабдуулар жана керектүү шаймандар сатып алынып, жаңы балдар аянтчасы курулган. Ошентип “Султанмурат” бала бакчасы ачылып, наристелерди адегенде күн сайын үч саатка кабыл ала баштады. Көп өтпөй толук ишке кирип, балдар 9 сааттык убактысын бакчада өткөрүп калышты. Бала бакча мамлекеттин эсебинен каржыланат. 21 кызматкер үчүн жаңы жумуш орундары ачылып, алар штаттык ырааттамага ылайык эмгек акы алышат. Бул бала бакчада 90 наристе тарбияланат, алардын ичинде ата-энеси чет өлкөдө иштеп жүргөн балдар да бар. Мына ушул демилге 150 000 сом өлчөмүндө байге утуп алган. Байге каражаты кандай пайда алып келди?

Бардык каражаттар эки тайпа үчүн жабдууларды сатып алууга жумшалды: 60 отургуч жана 8 парта, 54 керебет, китеп үчүн 8 шкаф жана оюнчуктар, медайымдын бөлмөсү, методикалык кабинет жана директордун бөлмөсү үчүн эмеректер сатып алынды.

Телегей БОСТОНБАЕВА, бала бакчанын директору: “Бул жаңылануу балдарга жана тарбиячыларга чоң пайда алып келди. Себеби мурда мындай нерселер дээрлик болгон эмес да. Балдардын бир бөлүгү темир керебетте уктаса, калганы диванда уктачу. Бул дивандарды ата-энелер убактылуу колдонууга беришкен. Айрым балдар болсо атүгүл жерде эле уктачу. Балдар ойногон паластар эскирип, китептерди жана оюнчуктарды картон коробкаларга чогултуп койчубуз. Эми ар бир баланын өзүнүн керебети бар, баары партага отурат, китептер жана оюнчуктар шкафтарга тизилген. Бүгүнкү күндө биздин бала бакча бардык нормаларга жана стандарттарга жооп берет, жабдуулар жетиштүү, балдарга жана тарбиячылардын иши үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Мунун баары элеттик балдарга сапаттуу билим жана тарбия берүүгө жол ачууда. Натыйжада балдар көп чыргоолонбой калышты, күн бою ойноп жүрүшөт, билим алышат. Методикалык кабинетте тарбиячылардын жана ата-энелердин чогулуштары өтүп турат. Бардык китептерди жана шкафтарга тизип койгонбуз. Тарбиячылар өз милдеттерине олуттуу мамиле жасап, билимин өркүндөтүүгө умтулушууда, балдарды заман талабына ылайык тарбиялоо боюнча көбүрөөк китептерди окугусу келет. Ата-энелер да абдан ыраазы. Себеби балдары мектепке барганга чейин эле талаптагыдай билим алып жатышпайбы”.

Бул демилге 2018-жылы өткөн конкурска кайрадан катышты. Бул жолу жергиликтүү демилгенин лидери Телегей БОСТОНБАЕВА санаалаштары менен (бала бакчанын жамааты, тарбиялануучулар жана алардын ата-энелери, ошондой эле ЖӨБ органы жана жергиликтүү жамааттын лидерлери менен) “Каада-салттарды жана тарыхый мурасты сактап калуу” деп аталган өтүнмөнү тапшырышты. Бул демилге балдарды жана жаштарды элдик каада-салттар менен тааныштыруу максатын көздөгөн. Этно-буюмдардын, санжыра тууралуу китептердин жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган көргөзмөлөр өткөрүлдү. Балдар үчүн этнокостюмдарды тигип бердик, элдик күүлөр жаңырып турду, улуттук тамак-аштар даярдалып, боз үй тиктик. Мындан тышкары элдик каада-салттар менен тааныштырып, дагы бир топ иш-чаралар өткөрүлдү.

Бул демилге ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ЖД Конкурсунда 25 000 сом өлчөмүндө шыктандыруучу байгеге ээ болду. Майрамдарды сапаттуу уюштуруу үчүн утуп алган акчага демилгечилер балдар үчүн 10 улуттук костюм, үч комуз жана үч ооз-комуз сатып алууну чечишти. Мунун натыйжасында бала бакчада комуз ийрими ачылып, бүгүнкү күндө 30га жакын бала жана тарбиячылар комуз черткенди үйрөнүүдө. Эми бала бакчанын тарбиячылары жана наристелер айылдыктар үчүн концерт коюп калышты. Бала бакчадан чыгып, мектепке барып калгандар болсо айылдагы маданиятты өнүктүрүүнүн алкагында түрдүү конкурстарга жигердүү катышып жүрүшөт. Алар конкурстарда байгелүү орундарды, грамоталарды жана дипломдорду алышууда. Тарбиячылар алардын ийгиликтерине сыймыктанып, ыңгайы келгенде бул балдардын таланты бала бакчада ачылганын белгилешет.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ЖД Конкурсундагы эки жеңиш аймактын башка активисттерине да дем берди. Айталы, жергиликтүү жамааттын лидери, айылдык кеңештин депутаты Адил ЖАБИЕВ тарапташтары менен 2019-жылы өткөн конкурска катышып, “Суу – бул жашоо” деген жергиликтүү демилгени көтөрүп чыкты. Өтүнмөсүндө демилгечилер таза сууга жеткиликтүүлүк көйгөйү артыкчылыктуу маселе болгонун, аны чечүү үчүн долбоорду ишке ашырганын баяндап беришкен. Жети адамдан турган демилгелүү топтун жардамы менен, жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органдарынын катышуусу менен жаңы суу түтүк тарамы өткөрүлгөн. Узундугу 1,5 км болгон бул системанын жардамы менен айылда 2088 адам таза суу менен камсыздалды. Демилгени ишке ашырууга бөлүнгөн акча мындай болду: демилгечи депутат 8 000 сом берсе, айылдын тургундары 12 500 сом чогултушкан. Буга кошумча АРИС долбоору аркылуу 51 700 сом көлөмүндө инвестиция тартылды. Ал эми бардык жумуштар (траншея казуу, түтүктөрдү төшөө ж.б.) жергиликтүү жамааттын кара күчү менен жасалды. Бул долбоордун жардамы менен жеке турак жайда жашагандарга гана эмес, бала бакчага да таза сууга жетти. Мурда бала бакчанын тарбиячылары жана техкызматкерлери сууну күн сайын алыстан флягалап ташып келүүгө мажбур болсо, азыр суу чыгып, бакчадагы иш шарттары бир кыйла оңолду.

Бул жергиликтүү демилге 35 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байгеге ээ болду. Бул акчаны демилгелүү топ кайрадан эле “Султанмурат” бала бакчасына жумшайын деп чечти: электр меш, палас жана чоң күзгү сатып алышты. Мурда ашпозчулар тамакты сыртта казанга жасаса, эми ашканада ыңгайлуу шарттарда даярдап калышты. Атүгүл түрлөнтүп ысык тамак жана таттууларды да жасап жатышат. Мурда балдар эски, тамтыгы чыккан килемдин үстүндө ойношсо, азыр жаңы, жумшак паласта ойной беришет.

Кызыл-Суу ААнын жергиликтүү демилгелери ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ЖД Конкурсуна жалпысынан үч жыл катары менен катышты. Үч жолу тең биринчи орунга жана шыктандыруучу байгелерге ээ болушту. Бирок кеп байгеде эмес. Эң негизгиси, жашоочулар жергиликтүү демилгелерге жигердүү катышып, кайсы бир маселени чечүүгө бардык жамаатты, ЖӨБ органдарын, жергиликтүү ишкерлерди тартып, болгон күчтү мобилдештирип, акча каражаты жана элдин эмгек салымы өңдүү ресустарды бириктире алышты. Бул жалпы айылдык аймакка чоң пайда алып келүүдө. Мунун арты менен жергиликтүү маанидеги маселелер чечилип, айылдагы жашоо да оңоло баштады.

 

Окшош материалы: