Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

КР ЖӨБ Союзу жана Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджеттик резолюциясына берген сунуштар

2020-05-07 / Көңүл чордонунда
КР ЖӨБ Союзу жана Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджеттик резолюциясына берген сунуштар

“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу” ЮЖБ (мындан ары– ЖӨБ Союзу) жана Өнүктүрүү саясат институту” КБ (мындан ары – ӨСИ) “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.

Бюджеттик резолюциянын бул долбоору буга чейинки Бюджеттик резолюциялардан олуттуу түрдө айырмаланат. КР бюджеттик системасын өнүктүрүүнүн башка маселелери менен катар, бул документ жакынкы жылдары чечилиши керек болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумундагы маанилүү көйгөйлүү маселелерди да камтыйт.

Мындан тышкары Бюджеттик резолюцияда “КРда бюджет аралык мамилелерди өнүктүрүү” темасында өткөн парламенттик угуулар маалында ЖӨБ Союзу1 жана ӨСИ2 берген көптөгөн сунуштар да эсепке алынган. Бирок практика көрсөткөндөй, КР Өкмөтү жана Жогорку Кеңеши республикалык бюджетти түзүп жана кабыл алып жатканда ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын, чыныгы муктаждыктарын көп жакшы эске албайт. Бул болсо ЖӨБ органдарын каржылоодо дисбаланска алып келип, ЖӨБ органдары алдына коюлган милдеттерди эффективдүү чече албай кыйналышат. Бюджеттик процессте ЖӨБ менен борбор ортосунда конструктивдүү диалогдун жоктугу төмөнкүдөй көйгөйлөрдү жаратууда:

  • финансылык децентралдаштырууда;
  • ЖӨБ деңгээлине өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоодо;
  • жергиликтүү бюджеттерди теңдештирүүдө;
  • жөнгө салынган кирешелерди бөлүштүрүү саясатында;
  • дем берүүчү гранттарды бөлүп берүүдө;
  • жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин пландоодо;
  • капиталдык салымдардын ички инвестициялык долбоорлорун бөлүштүрүүдө.

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-мартындагы №116 токтому менен кабыл алынган 2016-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында бюджет аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясында бюджет аралык мамилелер системасын өркүндөтүүнүн, аны реформалоонун жана натыйжалуулуктун жаңы деңгээлине чыгаруунун бир катар прогрессивдүү жолдору сүрөттөлгөн. Тилекке каршы, Концепциядагы көпчүлүк тапшырмалар аткарылбаган бойдон кала берди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин буйруктарына, Өкмөттүн күч-аракеттерине жана 2019-жылы көрүлгөн чараларга карабастан, акыркы алты жылдан бери жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин жалпы кирешесинде жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин үлүшү стагнация абалында кала берүүдө, республикалык бюджеттин кирешелери туруктуу темп менен өсүп жатса да, жергиликтүү бюджеттерде бул көрүнүш байкалган жок. Бул демек жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин ортосундагы кирешелерди бөлүштүрүүдө аймактарды өнүктүрүүгө карата өлкөнүн артыкчылыктары эч эсепке алынбай турганын билдирет. Натыйжада ЖӨБ органдарына өз функцияларын жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды сапаттуу аткаруу үчүн ресурстар жетпей жатат.

2020-жылдын жаз мезгилиндеги COVID-19 пандемиясына байланышкан окуялар ЖӨБ органдарынын бир катар көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды. Бул көйгөйлөр республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосундагы чыгаша милдеттенмелери бөлүштүрүлүп бүтпөй калганын, ошондой эле жалпысынан бюджет аралык мамилелерде кемчиликтер бар болгонун тастыктады.

Мисалы, ӨСИ 2020-жылдын апрель айында кырдаалга жасаган анализи көрсөткөндөй, эпидемиологиялык иш-чараларды жана жарандардын обочолонуусун каржылоо боюнча тапшырмаларды ири, дотацияда турбаган ЖӨБ органдары аткарып жатат. Бирок бул максатка жумшалган чыгымды бюджетинин көлөмүнө жана теңдештирүүчү гранттын болуп-болбогонуна карабастан бардык ЖӨБ органдары көтөрүүгө мажбур. ЖӨБ огандары өз каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөрдү каржылоодо:

  • дезинфекциялоо үчүн хлору бар препаратттарды сатып алууну;
  • дезинфекциялоо үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууну;
  • коргонуучу костюмдарды, беткаптарды, антисептиктерди, тепловизорлорду, коргоочу көзайнектерди сатып алууну;
  • калктын аярлуу катмарларына материалдык жардам көрсөтүүнү (ун, кумшекер, өсүмдүк майын ж.б. сатып алууну);
  • өткөрмө бекеттер үчүн вагондорду жана боз үйлөрдү уюштурууну.

Бул чыгашалардын бир бөлүгүн ЖӨБ органдарынын өз иш-милдети деп айтууга болбойт. Мисалы, саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн коргонуучу каражаттарды сатып алуу жана жапырт материалдык жардам көрсөтүү ЖӨБдүн функциясына кирбейт.

Саламаттык сактоо объекттерин COVID-19 жуктургандарды дарылоого даярдоо иштерин камсыз кылуу боюнча ЖӨБ органдарынын финансылык жөндөмдүүлүгү өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Жергиликтүү бюджеттерден каржыланган айрым Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун айланасында түзүлгөн кырдаал бир нерсени көрсөттү: КР Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында турган жана ЖӨБ органдарынын карамагында турган объекттердин материалдык-техникалык жабдылышындагы олуттуу айырмачылыктар дарыгерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө да, коомго да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Жалпысынан Кыргыз Республикасында көпчүлүк ЖӨБ органдары муниципалдык менчикте турган саламаттык сактоо объекттеринин айрым чыгымдарын каржылоону улантууда.

ЖӨБ органдарынын билим берүү объекттерин – жалпы билим берүүчү мектептердин жана жарым-жартылай бала бакчалардын – талаптагыдай санитардык абалын камсыз кылууга финансылык жөндөмдүүлүгү терең тынчсызданууну жаратат. Көпчүлүк элеттик мектептерде ичүүчү суу күнүнө 3-5 саатка гана берилет, дээрлик бардык жерде канализация жок, кол жуучу жайлар тартыш, ысык суу жок. Жергиликтүү бюджеттерге карата жалпы кырдаалды эсепке алуу менен, ЖӨБ органдары 2020-жылдын жай мезгилинде бул маселелерди чечип, жаңы окуу жылына карата окуучулардын эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылганга жетишери шек туудурат. Ошол эле маалда билим берүү функциясы жергиликтүү маанидеги маселе болуп саналбайт, ал ЖӨБ органдарынын өз функциясына кирбейт. Бирок учурда иш жүзүндө бийлик жана коом балдардын ден соолугу жана өмүрү үчүн жоопкерчиликти ЖӨБ органдарына жүктөп койгону жатышат. Себеби COVID-19 вирусунун жайылуу коркунучу 2020-жылдын сентябрына чейин толугу менен жоголот деген кепилдик жок. Көңүлүңүздү бир жагдайга бургубуз келет: 2018-2020-жылдары КР Өкмөтү жалпы билим берүүчү мектептердин имараттарын мамлекеттик менчикке – КР Билим берүү министрлигинин башкаруусуна өткөрүп берүү тууралуу маселени караган, бирок кабыл алынган чечимдерге жана саясий эркке карабастан бул маселе чечилбей кала берген.

Жогоруда баяндалгандарды эсепке алуу менен, 2021-2023-жылдарга КР Бюджеттик резолюциясына төмөнкү маселелерди кошууну сунуш кылабыз.

Саламаттык сактоо жана билим берүү объекттерин каржылоону республикалык бюджетке токтоосуз өткөрүп берүү же республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосундагы жалпы республикалык салыктарды бөлүштүрүү системасын өзгөртүү зарыл.

Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 17-октябрындагы 3296-VI токтомуна ылайык так бөлүштүрүп, республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджеттер ортосундагы чыгаша милдеттенмелерин, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү чөйрөлөрүндөгү милдеттенмелерин, ошондой эле өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген шарттардагы милдеттерин так аныктап алуу зарыл.

Буга чейин кабыл алынган КРда бюджет аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясы эмне үчүн аткарылбай калганына анализ жасап, кийинки орто мөөнөттүү мезгилге жаңы концепцияны иштеп чыгуу зарыл.

Жергиликтүү бюджеттердин өсүш ыргагын республикалык бюджеттин өсүш ыргагына шайкеш келишин камсыз кылуу зарыл.

Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын, анын ичинде өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда берилген ыйгарым укуктардын, ошондой эле саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык өнүктүрүү чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктардын баасын аныктоо методикасын өркүндөтүү зарыл.

Жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн нормативдерин айыл аймактардын топтору боюнча дифференцияланган аныктамасынын механизмин киргизүү зарыл. Ага кошуу бул аймакта салык базасынын кайсы түрлөрү басымдуулук кылганына жараша болот. Мисалы, формалдуу соода болбогон жана киреше потенциалы киреше салыгынан көз каранды болгон ЖӨБ органдарынын топтору үчүн дал ушул салыкты артык кылып койсо болот. Ал эми формалдуу соода өнүккөн жана жеке ишкерлердин саны көп болгон ЖӨБ органдары үчүн сатуудан алынган салыкты артык кылып коюуга болот.

ЖӨБ органдарынын структурасын камсыз кылып, алардын функцияларын адекваттуу кылуу максатында ЖӨБ органдарына штаттык санды бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп бериш керек. Муниципалдык кызматчылардын санын эч жүйөсүз көбөйтүү көрүнүшүн болтурбоо үчүн штаттык санды максималдуу жана минималдуу деп белгилеп коюш керек. Бул чекти карманып, ЖӨБ органдары зарыл болгон штаттык ырааттаманы өздөрү эле түзүп, беките алышат.

КР Өкмөтү КР ЖӨБ Союзу менен биргеликте КР Бюджеттик резолюциясынын 29-беренесине өзгөртүүлөрдү даярдап, КР Жогорку Кеңешинин кароосуна бериши керек. Бул өзгөртүүлөр ички бюджеттик инвестицияларды (капиталдык салымдарды) программалык негизде бюджеттөөнүн принциптерине шайкеш пландалышын камсыз кылат. Ошондой эле ЖӨБ органдары өздөрүнүн Экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программаларын, пландарын жана жергиликтүү бюджеттердин болжолун жүйөлүү иштеп чыгышы үчүн маалыматтын ачык-айкындуулугун камсыздайт.

Өзгөчө статусу бар трансчек аралык аймактарды өнүктүрүү боюнча программалардын ишке ашырылышына анализ жүргүзүп, кийинки орто мөөнөттүү мезгилге жаңы программаны даярдоо зарыл.

Бюджеттик резолюциянын сунушталган текстине карата төмөнкүдөй редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылабыз.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы №1 “2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Буйругун ишке ашыруу максатында “2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик саясатынын негизги багыттары” аттуу I бөлүмдөгү жалпы мамлекеттик программаларды жүзөгө ашырууда жана бюджеттик камсыздалгандыкты теңдештирүү саясатын жүргүзүүдө жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө 11-пунктту алып салууну сунуш кылабыз. Бул пункт эч кандай маанилик жүктү көтөрбөйт. Себеби мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүн, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын бир категорияга бириктирип, алардын ортосунда бөлүштүрүлгөн ыйгарым укуктарды эсепке албайт.

“Өлкөнүн экономикасын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында мамлекеттик финансыны натыйжалуу жөнгө салуу боюнча мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү” аттуу II бөлүмдөгү 7-пунктка “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ЖӨБ органдары ортосундагы бюджет аралык диалогду ЖӨБ органдарынын бирикмелеринин (союзу, ассоциациялары) атынан акыркылары жүргүзөт” деген редакциялык өзгөртүүнү киргизүүнү сунуш кылабыз.

“Кыргыз Республикасындагы бюджет аралык мамилелерди өнүктүрүү” аттуу IV бөлүмдө теңдештирүүчү трансферттерди эсептөөнүн методикасын жана формуласын кайра карап чыгуу тууралуу жобону сунуш кылабыз. Муну менен жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын минималдуу мамлекеттик социалдык стандарттарга шайкеш каржылоону камсыз кылса болот. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн алардын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн теңдештирүү максатында бул пунктту “трансферттер тууралуу маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылып, автоматташтыруу жолу менен трансферттердин ачык-айкындуулугун жогорулатуу” деген сөз менен толуктоону сунуш кылабыз.

“КР ЖӨБ Союзу” ЮЖБнын директору АЛМАНБЕТОВ Ө. Б.

ӨСИнин башкаруу төрайымы ДОБРЕЦОВА Н. Н.

 

 


1 “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу” юридикалык жактардын бирикмеси мүчөлүк уюм болуп эсептелинет. Бул уюм КР ЖӨБ органдарын бириктирип турат жана өлкөдөгү ЖӨБ органдарынын жалпы позициясынын жалгыз легитимдүү өкүлү болуп саналат

2 “Өнүктүрүү саясат институту” мекемеси – жергиликтүү жамааттарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасындагы алдыңкы жергиликтүү коммерциялык эмес бейөкмөт уюм.

 

Окшош материалы: