Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мектептер жана ата-энелер – шериктер жана өнөктөштөр. Окуу сапардын катышуучуларынын пикирлери

2012-03-30 / Бюджеттин айкындуулугу

Үч мектептин иши менен таанышып чыккандан кийин, мен ата-энелерди мектептин турмушуна тартуу канчалык маанилүү болгонунун, бул тыгыз өз ара мамилелер мектептеги көйгөйлөрдү чечүүгө канчалык таасирин тийгизеринин ынанымдуу далилдерин алдым.

Төрт-Күл мектебинин камкордук кеңешинин төрагасы Таайлайбек Жайлобаев

Үч мектептин иши менен таанышып чыккандан кийин, мен ата-энелерди мектептин турмушуна тартуу канчалык маанилүү болгонунун, бул тыгыз өз ара мамилелер мектептеги көйгөйлөрдү чечүүгө канчалык таасирин тийгизеринин ынанымдуу далилдерин алдым. Биз барган мектептер татыктуу билим үчүн бардык шарттарды түзгөн экен – жылуу класстар, гүлдөр,жабдуулар, ар бир бөлмөдө техника, бий залдары,инвентары бар спорттук залдар. Эң чоң жетишкендик №2 мектеп-лицейинде экен. Ал жактан кошумча профессионалдык төлөнүүчү курстар ачылган. Мунун бардыгы окуучуларды шыктандырып турат, билимдин деңгээли жогорулайт, окуучулар олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлейт. Тилекке каршы бүгүнкү күндө көпчүлүк көйгөйлөрдү акча болбосо чече албайсың. Бул жагынан алганда элеттик мектептерге өзгөчө оор. Анткени биздин коомдук бирикмелер эң жакшы дегенде бир окуучудан жылына 200 сом ала алат. Сапардан кийин менде мектепке коомдук угууларды өткөрүүгө көмөктөшүү тууралуу пландар пайда болду. Муну жетекчиликтен бюджет тууралуу маалыматты талап кылуу үчүн гана эмес, ошону менен бирге окутуу процессин дагы да жакшы шарттар менен камсыздоодо кантип жардам бере аларыбызды чогуу кеңешип, чечүү үчүн да өткөрүш керек.

Ленин айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты, мектептин педагогу, тажрыйба алмашуу иш сапарынын катышуучусу Бактыгүл Анарбаева

Тажрыйба алмашуу бизге ата-энелердин окуу процессиндеги, орто билим берүүнү уюштурууда ролун бир аз сырттан кароого жардам бере алды. Биз коомдук угууларды эмне үчүн жана кантип өткөрүү керектигин; окуучулардын бюджетке арналган иш-чараларга даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө аралашуусу тууралуу; бюджет боюнча теория жүзүндөгү билимдерин иш жүзүндө колдонуу маселеси боюнча окуучулар үчүн “Адам жана коом” аттуу класстык сабактарды өткөрүү жөнүндө маалыматка ээ болдук.Эң негизгиси – биз барган мектептердин директорлору коомдук угууларды өткөргөндөн кийин мектептин чыгашалары тууралуу ушак-айыңдар жоголгонун, ортодогу чыңалуу азайганын ишенимдүү тастыкташты. Өзүбүздө биз бардык көргөн-билгенибизди, угууларга даярдык тажрыйбасын сөзсүз колдонобуз, окуучуларды жана ата-энелерди бул ишке активдүү тартабыз, гезит чыгарып, жергиликтүү жана мамлекеттик бийликтин өкүлдөрүн, жергиликтүү жана райондук кеңештердин депутаттарын, демөөрчүлөрдү жана ишкерлерди чакырмакчыбыз. Бүгүнкү күндө бизде коомдук бирикмелер өңдүү уюмдар жок, бардык демөөрчүлүк жардам стихиялуу түрдө келет, аларга эсеп жүргүзүлбөйт. Эми биз ата-энелерди чогултуп, аларга ушул өңдүү уюмду ачууну сунуш этебиз.

Ленин айылдык аймагынын Гагарин ат. №27 ОМ директору Альфия Абдулина

Кайтып келгенден кийин ата-энелер комитетинин төрагасы менен биргеликте биз ата-энелер менен коомдук бирикменин ишинин бардык варианттарын,алардын мектеп менен кызматташуусун талкуулайбыз. Бизди элеттик аймакта жумушчу кесиптерге багыт алууга болот жана муну жасоо керек деген факт кызыктырып койду. Биз акы үчүн кошумча профессионалдык билим берүү кызматын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү чечтик. Мектептердин бюджет боюнча коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү багытындагы иштери абдан жакты. Бул үчүн таратылган материалдар абдан мыкты экен, биз аларды өз ишибизде колдонобуз. Ошондой эле ата-энелер жана окуучулар өз артыкчылыктуу маселелерин айтышы үчүн биздин мектепте угууларды өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Алмашуу сапарын уюштургандарга ыраазычылык билдирем, анткени көп пайдалуу нерселерди билдик. Эң негизгиси – үч мектептеги иштин формасын өлкөнүн башка мектептеринде да колдонууга болот. Мына ушунун өзү эң жакшы практика. Бирок бизге мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды уюштурууда жана өткөрүүдө мындан ары техникалык жана консультациялык жардам керек.

Иванов айылдык аймагынын башчысынын орун басары Канат Алиев

Мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өткөрүү – бул чоң жетишкендик. Биз болгон үч мектеп ата-энелерге зарыл болгон маалыматты жеткире алган жана каржылык жардам түрүндө кайра жооп алган. Окуучулар тартылган, анткени алар мындан ары финансы каражаттарын түзүүгө жана чыгымдоого аралашышы үчүн үй-бүлөнүн жана мектептин бюджети эмнеден түзүлөрүн билиши керек. Коомдук угуулар ата-энелердин каражаттары эмне үчүн, кайда жана кантип сарпталары тууралуу көп суроолоруна жооп берет, мектепти дайыма текшере берүү зарылчылыгы жоголот, мектепке болгон ишеним артат, ал эми ишеним – бул алгачкы максат. Анткени балдарды тарбиялоодо негизги салымды мектеп кошот эмеспи.

Коомдук бирикмени ачууга карата бир кооптонуу бар: ата-энелер кызыкчылыктар боюнча топторго бөлүнүп алып, ар кимиси өзүнүкүнө тартышы мүмкүн. Буга себеп – элеттик тургундардын социалдык деңгээлиндеги чоң айырма. Элеттик жашоо менен шаардык турмуштун деңгээлдери айырмаланып турат жана албетте шаардык мектептерде жүргүзүлгөн иштердин мындай түрлөрү айылдарда убактысы боюнча создугат жана алдыга коюлган тапшырмалар аткарылат деген ишеним жок. Андыктан бул мектептерде көргөндүн баары эле автоматтык түрдө элеттерде колдонула албайт, ата-энелердин коомдук уюмдарын уюштуруу механизми элеттин шарттарына ыңгайлаштырылыш керек. Кептин баары айылдык ата-энелердин төлөө жөндөмдүүлүгү шаардыктарга салыштырмалуу төмөн болгонунда жана ата-энелердин максималдуу жардамын коомдук бирикмелер аркылуу тартуу маселеси ачык бойдон кала берүүдө.