Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Спорт балдарды өзгөртөт, аларды жоопкерчиликтүү жана ийгиликтүү адамдарга айландырат

2020-03-12 / ЖӨБ кызматтары
Спорт балдарды өзгөртөт, аларды жоопкерчиликтүү жана ийгиликтүү адамдарга айландырат

Ош облусунун Өзгөн районундагы Жазы АА

Кулмамат КЫДЫКОВ, 54 жашта:

– Кара-Дыйкан айылына 30 жыл мурда көчүп келгем. Кара-Жыгач борбордук айыл болгондуктан бул жакта Жазы ААнын бардык административдик имараттары орун алган. Ушул айылда калып, үй-бүлө күттүм. Аймактагы төрт айылдын ар биринде мектептер бар. Үч мектепте спорт залдары бар, ал жакта балдар волейбол жана баскетбол менен машыгат. Соңку он жылда Кыргызстандын көптөгөн айылдарында жана шаарларында боло жүргөндөй эле биздин айылдык аймакта да жаштар мектепти бүтөөрү менен тамеки чегип, аракка бериле башташат, маңзат колдонгондор да бар. Натыйжада жаштар арасында кылмыштуулук күчөп, арактынайынан ажырашкандар көбөйүп, атүгүл окуучулар да бири-бири менен мушташып, окуусун таштагандар да аз эмес. Акыркы жылдары кырдаал бир аз өзгөрө баштады. Жаштар спортко кызыгып, күрөш, кикбоксинг жана футбол менен алектенгиси келгендер көбөйдү. Бирок мектептеги спорт залдар бардык каалоочуларды батыра албай, аймакта спорттук аянтчалар же залдар болгон эмес. Ошол себептен жаштар жардам сурап айыл өкмөтүнө кайрылып, спорт маселесин чечип берүүнү өтүнүшкөн. Бирок жергиликтүү бюджетте акча тартыш болчу. Себеби муниципалитет дотацияда тургандыктан башка өтө маанилүү көйгөйлөргө да акча жетип-жетпейт.

2017-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун лидери Максат ИБРАИМОВ башында турганЖазы айылдык аймагы ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу муниципалитети болуп калгандан кийин көптөн бери көтөрүлүп келаткан маселе да чечилди. Айылдын жаштары ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун иш-чараларына жигердүү катышып, АӨ башчы менен чогуу спортту өнүктүрүү жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн аймактын мүмкүнчүлүктөрүн караштыра башташты. Ошентип, жаштардын демилгеси менен имарат толугу менен оңдолуп, спорт залдары уюштурулду: Жеренчи айылындагы мектептин жертөлөсүндө, Кара-Дыйкан айылындагы бош турган клубда, Кызыл-Дыйкан айылындагы кароосуз калган имаратта спорт залдары ачылды. Ал эми Жазы айылынын жаштары спорт залы үчүн имаратты өз күчү менен курууну чечишти. Себеби бош имарат табылбай койду. Ошентип жергиликтүү жаштар, Орусияда иштеген мигранттар биригип, 35 адам чукул арада 328 000 сом чогулта алышты. Ар бир адам мүмкүнчүлүгүнө жараша 5 миң сомдон 35 миң сомго чейин акчалай салым кошту. Жергиликтүү бюджеттен 25 000 сом бөлүндү. Чогулган акчага курулуш материалдарын сатып алып, жаштар өз күчү менен залды курушту.

Андан соң бардык спорт залдарды шаймандар менен камсыз кылуу маселеси чыкты. Буга да көп акча талап кылынган эле. Дал ошол маалда айыл өкмөтү ар бир айылда артыкчылыктуу көйгөйдү аныктоо боюнча сурамжылоо жүргүзүп жаткан. Адамдар бала бакча, таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу өңдүү бир топ көйгөйдү көтөрүштү. Ал эми жаштар спорт залдар үчүн шаймандарды сатып алуу тууралуу маселени козгошту. Ошентип ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттык программасына катышуу үчүн артыкчылыктуу көйгөйлөрдү тандап алуу боюнча чогулушта аймактын тургундары эки өтө маанилүү маселени тандап алышты. Алар: таза сууга жеткиликтүүлүк жана спорт шаймандарын сатып алуу. Бул маселелерди чечүү үчүн ар бир долбоорго бир миллион сомдон грант утуп алышты, ал эми жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоо катары 200 000 сом бөлүндү. Жаштар маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүп, Интернет аркылуу спорт шаймандары тууралуу зарыл болгон маалыматтарды чогултуп, ар бир айыл керектүүсүн тандап алды. Ошентип, ар бир айылга 250 000 сом бөлүндү. Спорт залдар үчүн гантеля жана гиря, килем, мушкерлердин мээлейлери, күрөш үчүн манекен, машыктыргычтар, турник, штангалар, теннис столдору, аркан жана башка шаймандар сатып алынды.

Эми ар бир айылда бокс жана кикбоксинг менен ар кайсы курактагы 40-56 адам алектенүүдө. Төрт айылдагы спорт залдарда жапысынан 200 адам, анын ичинде кыздар да машыгып жатышат.

Менин эки уулум да спорт залга барып, бокс жана кикбоксинг менен машыгышат, таймаштарга катышып, байгелүү орундарды, медалдарды жана грамоталарды да алып турушат. Спорт балдарымдын кулк мүнөзүн да өзгөрттү. Мурда алар бош убактысын текке кетирип, эч нерсеге кызыкпай, кеч киргенге чейин максатсыз ары-бери жүрүшчү. Азыр болсо таң атпай спорт менен алектенип, жашоого олуттуу карап, өздөрүндө ишеним пайда болуп, жоопкерчиликтүү жана өз алдынча болуп, оорубай да калышты. Атүгүл мектепте да окуусу оңолду. Мурда мугалимдер кичүү балама көп даттанышса, азыр мактоо сөздөрүн да угуп калдым.

2018-жылы Кара-Дыйкан айылында спорт комплексинин курулушу үчүн республикалык бюджеттен 24 миллион сом бөлүнгөн. Бул комплекстин курулушу 2020-жылы бүтөт деп пландалууда. Комплекстин ичинде баскетбол, волейбол жана гимнастика залдары болот. Бул залдарда негизинен айылдын кыздары машыгат. Айыл өкмөтү жыл сайын футбол боюнча чемпионаттарды өткөрүп турат. Жеренчи айылында кыздар үчүн фитнес зал ачуу пландалып жатат. 2019-жылы Жазы айылдык аймагында кикбоксинг жана күрөш боюнча райондук жана облустук төрт таймаш өттү. Адамдар спорт менен жапырт алектене баштады деп айтсак болот. Көпчүлүк окуучулар волейболго кызыгууда, түрдүү курактан куралган командалар да бар. Арак ичкен адамдар дээрлик калган жок. Жаштардын баары спортко өтө баштады!

 

Окшош материалы: