Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Маданияты жок эл болбойт

2020-03-09 / ЖӨБ кызматтары
Маданияты жок эл болбойт

Баяндардын топтомун ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси Гуляим ШАМШИДИНОВА даярдады

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу АА

Эсен ЗАРЛЫКОВ, 34 жашта, клубдун башчысы

– 2013-жылы Токмок шаарындагы Республикалык Маданият колледжин бүтүргөндөн кийин Мантыш борбордук айылындагы Кара-Суу аймагындагы жалгыз клубду жетектеп калдым. Клубдун имараты 1972-жылы курулган. Менин атам бул клубда директор болчу. Бала чагымда ата-энем менен клубга кино көргөнү барганда бул имарат мага чоң театрдай эле көрүнчү. СССР кулагандан кийин жергиликтүү театр маанисин жоготуп, эч ким маданиятка кызыкпай калган. Ошентип имарат четинен урап түшүп, тонолуп, айрымдар терезелерин чыгарып кетсе, башкалары эмеректерин көтөрүп кеткен. Жада калса жылытуучу трубаларды да чыгарып кетишкен экен. Мындай мародерлук башталганда 1994-жылы жергиликтүү бийлик имаратты таптакыр жоготуп албаш үчүн атама үй-бүлөсүн алып, клубдун имаратына көчүп барууну сунуш кылган. Имаратта жылуулук болгон эмес, чатырынан суу акчу, тегерек чети урап, анда-санда гана жеңил ремонт жасалып турчу. 2011-жылы гана имараттын чатырын толук оңдоп чыгышты. Оңдоо иштери маал-маалы менен, күн жылуу учурда жасалчу. Ал эми кышында ремонт толугу менен токтоп калчу. Мындай көрүнүш 2018-жылга чейин улана берди. Бирок ошол жылы жомоктогу сыйкырдай эле биздин маселе толугу менен, биротоло чечилди. Бул кантип мүмкүн болду? Анда сөз башынан болсун.

2017-жылы жайында Мантыш айылында элеттиктердин арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Мындай кымгуут көптөн бери боло элек эле. Бардыгы иш-чарага жигердүү катышып, бардык көйгөйлөрдү ачык айтып чыгууну каалап турушту. Ал эми көйгөйлөр өтө көп болчу – жолдор, көчөлөрдү жарыктандыруу, таштанды жыйноо жана чыгаруу, бала бакчанын жана мектептердин абалы. Акыры клубдун ремонту тууралуу да сөз козголду. Андан соң чогулушта добуш берүү жолу менен элеттиктер эки артыкчылыктуу долбоорду тандап алышты. “Инфраструктураны өнүктүрүү – адамдын татыктуу жашоосунун кепили” долбоору инфраструктуралык объекттерди тейлөө үчүн атайын техниканы сатып алууга багытталган. Экинчи долбоор “Айылдык клубдун концерттик залын толук ремонттоо” деп аталды. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттык конкурсуна катышып, эки долбоор тең ар бири миллион сомдон утуп алды. Жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоо катары клубдун ремонтуна 150 000 сом, ал эми атайын техниканы сатып алууга 720 000 сом бөлүндү. Долбоорлор ошол замат ишке ашырыла баштады: ички жолдордун көйгөйүн чечүү үчүн, таштандыны тазалап, чогултуп кетүү үчүн экскаватор-жүктөгүчтү сатып алдык. 2018-жылдын күз мезгилинде тендер өткөрүп, подрядчы клубдун имаратын толугу менен оңдоп чыкты: түшүп калган шыпты оңдоду, пластик терезелерди орнотту, дубалдар түздөлүп, акталды, сахна жаңырды, бардык эшик-каалгалар алмаштырылды, клубду жылытуу үчүн төрт электр калорифер кошулду. 14 плафон жаңыланып, 284 жаңы, жумшак, ыңгайлуу жана тыкан креслолор сатып алынды.

Клубдун жаңы имаратынын расмий ачылышы 2018-жылдын декабрь айында өтүп, иш-чарага айыл эли, айылдык кеңештин депутаттары, жергиликтүү жамааттын лидерлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жана ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун өкүлдөрү чакырылды. Ошондон бери клубда коомдук иш-чаралар, чогулуштар, жыйындар, бюджет боюнча коомдук угуулар өтүп турат. Майрамдар абдан шаңдуу белгиленет, концерттер уюштурулуп, ага кыргыз эстрадасынын жылдыздары катышат. Айылдын жаңы мектебинде азырынча жыйын залы жок, ошондуктан мектептин бардык коомдук иш-чаралары да клубда өткөрүлөт. Кыргызда “Маданияты жок эл болбойт” деген накыл кеп бар. Маданиятты артыкчылыктуу тема катары тандап алган элиме абдан ыраазымын. Ошондой эле айылда маданияттын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк берген айыл өкмөтүбүзгө жана Долбоорго да терең ыраазычылыгымды билдирем.

 

 

Окшош материалы: