Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Көчөлөрдү жарыктандыруу адамдардын жашоосун коопсуз кылып, жакшы келечекке үмүт берет

2020-03-09 / ЖӨБ кызматтары
Көчөлөрдү жарыктандыруу адамдардын жашоосун коопсуз кылып, жакшы келечекке үмүт берет

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жээк АА

Раиса Васильевна САЗОНОВА, 63 жашта, пенсионер

– Төрөлгөндөн бери Жээк айылдык аймагында жашап келатам. Бул айылда менин балдарым да, неберелерим да жарык дүйнөгө келишкен. Үч неберемди күн сайын эртең менен мектепке узатып барчумун. Орус тилдүү мектеп Дмитриевка айылында жайгашкан. Башка айылдардан көптөгөн балдар билим алуу үчүн үч километр жерди жөө басып өтүшөт. Өзгөчө кыш маалында абдан кыйналышат, себеби таңында мектепке барып, кечинде ошол эле ээн жерди басып өтүп үйлөрүнө кайтышат. Чынын айтсам, кантип ушундай кырдаалга чыдап жүргөнүбүзгө ушул кезге чейин таң калам. Анткени балдардын өмүрү коркунучта болчу да. Анын үстүнө балдар Чоң Чүй каналынын үстүндөгү көпүрөдөн өтүшчү. Бир жолу жолбун ит кошунамдын баласына кол салды, мен таяк менен кууп жибергенге үлгүрдүм. Жолбун иттерди маал-маалы менен атып жатканына карабастан алар азайган жок, үйүр-үйүр болуп караңгы жерден адамдарга кол салышат. Мына ошол окуядан кийин улуулар балдарын мектепке коштоп бара башташты. Бирок өздөрү да бул жерден өткөндөн коркушчу. Көптөр транспортко жетишпей калышат, ошон үчүн мектепке жөө барып-келишет. Кечинде туугандарынан “мени тосуп алгыла” деп суранышат. Ал эми кары адамдар такыр эле эч жакка чыкпай калышкан. Адамдар кечинде көчөдө ары-бери баспаганын айтпасак да түшүнүктүү. Мындан тышкары жол кырсыгы да болду: караңгыда бурчтан машине чыга калып, кырсыкка учураганда адамдар жаракат алып, ооруканага түшүп калышты.

Айылдын бардык тургундары үчүн бул өтө маанилүү тапшырмага айланды. Чукул арада чечим кабыл алып, бул оор кырдаалдан чыгуунун жолдорун табыш керек эле. Түрдүү чогулуштардабиз бул маселени бир нече жолу көтөрүп чыгып, көчөлөрдү, болгондо да борбордук трассаны жарыктандыруу канчалык маанилүү болгонун какшап эле айтып жаттык. Бирок бардык нерсе акчага келип такалат. 2016-жылы айыл өкмөт башчы элеттиктерди чогулушка чакырып, ал күнү артыкчылыктуу көйгөйлөрдү тандадык. Бир топ көйгөйдүн ичинен элеттиктер көчөлөрдү жарыктандыруу маселесин тандап алышты. ЭУЖӨБОЖ Долбоору берген гранттын жардамы менен биздин айыл өкмөтү Дмитриевка менен Жээк айылдарынын ортосундагы көчөлөргө жарык жеткирди. Ошентип адамдар кадимкидей сергий түшүштү. Балдар мектепке коркпой өздөрү эле барып калышты. Жолбун иттер да азайды. Көчөлөргө светофор орнотулуп, балдар жолду эрежеге ылайык кесип өтүп калышты. Кары адамдар да жанданып, бири-бирине каалаган учурда конокко бара башташты.

Алим АТТАСАУОВ, 33 жашта, дыйкан:

– Жээк айылдык аймагынын Дмитриевка айылында төрөлүп, ушул жерде өскөм. Бул жерде дайыма эле көйгөйлөр көп болчу. Бирок эл үчүн эң маанилүү көйгөйлөрдүн бири – көчөлөрдө жарыктын жоктугу. Балдарымды бала бакчага өзүм жеткире албай калган учурларда аялым таң атпай туруп, жөө балдарды жеткирип келчү. Көчөлөр караңгы, ар бир адам коркот. Окуучуларды сөзсүз бир улуу адам узатып барчу. Кечинде жумуш күнү бүткөндөн кийин көчөдө эч кимдин карааны да көрүнчү эмес, анткени адамдар үйлөрүнөн чыкчу эмес. Айдоочулар караңгыда адамдар көчөгө жүгүрүп чыгат деп коркушчу, машиненин фаралары адамдын көздөрүнө чагылышып, кырсык ыктымалдуулугу да жогору болчу. Адатта машине иттерди тебелеп кетчү. Көчөлөр караңгы болгондуктан мал уурулук да тыйылбай келди. Кыш-жай дебей, көчөлөр караңгы бойдон кала берчү. Кары адамдар жана балалуу аялдар үчүн бул өзгөчө азап эле. Биз үч жыл бою бул маселени көтөрүп, айыл өкмөтүнө кайрылып келдик. Бирок көлөмү 6,5 миллион сом болгон жергиликтүү бюджетте акча тартыш эле. Себеби жергиликтүү бюджет эки мектепти, эки ФАПты, бир суу мунарасын, беш насосту жана башка объекттерди каржылайт. 

Мен аймактын бардык көйгөйлөрүнө кайыгер карай албаган адаммын. Ошондуктан айылдын коомдук турмушуна жигердүү катышып жүрөм. Бир жолу маанилүү чогулушка катышып калдым. Ал жерде айылдын башка тургундары менен фокус-топторго бөлүнүп алып, артыкчылыктуу көйгөйлөрдү талкуулап чыктык. Биз жолдордун жана мектептердин абалы, жарыктын жоктугу, таза суунун тартыштыгы өңдүү бир топ көйгөйлөрдү көтөрүп чыктык. Андан соң айыл өкмөтү мени демилгелүү топтун мүчөсү катары ишке тартып, аныкталган көйгөйлөрдү чечүүнү суранды. Биз план даярдадык. Ал пландамаселелерди, анын ичинде көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча көйгөйдү чечүүнүн түрдүү жолдорун, каржылоо булактарын сүрөттөп бердик. Көп өтпөй аймактын көптөгөн тургундарындай эле мен да элеттик чогулушка катыштым. Ал чогулушта өтө артыкчылыктуу көйгөйдү тандап алышыбыз керек эле. Чогулуштун бардык катышуучулары көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча долбоор үчүн добушун беришти. Натыйжада бул долбоор ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттык программасынан 1 миллион сом утуп алды. Жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоо түрүндө 300 миң сомдон ашык акча бөлүндү. Натыйжада айылдагы узундугу 3285 метр болгон эки көчөдө 64 шамчырак, 64 лампа орнотулуп, 2 237 метр сым өткөрүлүп, электр жарыгын берчү үч автомат-щит орнотулду.

Ошол замат аймактагы атмосфера да өзгөрө түштү. Айыл көзгө жагымдуу көрүнүп, ыңгайлуу болуп калды. Кечинде кадимкидей шаарда басып бараткандай болосуң. Көчөнүн башынан аягына чейин жарык. Адамдар да өзгөрдү, баарынын жүзү жарык, маанайы ачык. Элеттеги турмуш оңоло баштады. Адамдар жумуштан кийин үймө-үй болуп чогулуп, ары-бери басып сейилдеп жүрүшөт. Жаш курагына карабай топ-топ болуп чогулуп, кайсы бир теманы кызуу талкуулашат. Балдар жыргап ойноп жүрүшөт. Айдоочуларга да жеңил болду, алар жөө бараткан адамды алыстан эле көрө калып, машинесинин ылдамдыгын азайтышат. Окуучулар үчүн жакшы болду, алар караңгы көчөдөн кантип өтөм деп коркпой калышты. Ата-энелердин да санаасы тынчыды. Айыл тургундары болсо шамчырактарды маал-маалы менен өздөрү эле текшерип турушат, зарыл болсо өз убагында алмаштырып коюшат.

Бул маселени чечип берүү үчүн чын дилинен аракет кылган адамдардын баарына, өзгөчө айыл өкмөт башчысына жана кызматкерлерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Алар элдин көйгөйүн жумушта гана эмес, бош убактысында да унутушпайт.

 

Окшош материалы: