Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарык көчө – жарык жашоо

2020-03-09 / ЖӨБ кызматтары
Жарык көчө – жарык жашоо

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу АА

Гүлбайра ИСМАИЛОВА, 52 жашта, мугалим:

– Мен бул Корок айылында 1987-жылдан бери жашайм. Мен билгенден бери бул көчөдө эч качан жарык болгон эмес. Бирок бул борбордук көчө, балдар жана чоңдор мектепке, бала бакчага, мечитке барышат. Кышында кечирээк таң атат, кечиндеболсо тез эле караңгы болуп калат. Таңкы беште Кара-Суудан Ошко автобус жөнөйт. Ошого үлгүрүп калгысы келгендер өзгөчө кыйналышчу. Караңгы көчөнү аралап автобуска чуркаган балдар жана кыздар үчүн абдан тынчсызданаар элек. Балдар мектептен көздү чукуп алчудай караңгы маалда келишчү. Биз аларды ойлоп алып санаага батып эле отурчубуз. Кечинде балдар дүкөнгө өздөрүбара алчу эмес, улуулардын гана коштоосунда барууга мажбур болушчу. Кары адамдар мечитке каттай албай калышкан. Адамдар караңгыда бутун кайрып алып, же жыгылып, тизесин айрытып алчу. Караңгыдан пайдаланып мал уурулук да күч алды, тоокторубуз болсо түлкүлөргө жем болду. Ошондуктан ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттык программасына катышуу үчүн артыкчылыктуу көйгөйдү аныктоо максатында өткөрүлгөн чогулушта адамдардын басымдуу бөлүгү “Жарык көчө – жарык жашоо” деген долбоор үчүн добуш беришти. Албетте башка да көйгөйлөр аталды. Мисалы, ички жолдор, селди тосуу үчүн дамбаларды куруу, бала бакча, сугат суу, спорт, саламаттыкты сактоо өңдүү көйгөйлөр көтөрүлдү. Бирок элеттиктер көчөлөрдү жарыктандыруу максатын көздөгөн долбоор үчүн добуш беришти. Ичүүчү суу маселеси добуштардын саны боюнча экинчи орунду ээледи. Биз бул долбоорду каржылоо үчүн грант алдык. Албетте бул Кызыл-Суу айылдык аймагы үчүн чоң окуя болуп калды. 1 миллион сомдук гранттык каражаттан тышкары жергиликтүү бюджеттен 365 миң сом бөлүнүп берилди. Бул акчага төрт айылдын төрт көчөсүнө 40 устун жана 138 жарык берчү чырак орнотулду, 5500 метр сым өткөрүлдү.

Натыйжада көчөлөрдүн баарына жарык келип, айылда жаңы жашоо башталды. Тынчсызданган күндөр артта калды, айыл коопсуз болуп, көчөдө “чалынып жыгылам” деп коркпой эле сейилдеп калдык. Балдар кечинде көчөдө ойноп жүрө беришет, энелер балдарын коляскага отургузуп алып арыбери сүйрөп сейилдешет. Балдарын мектепке жиберген ата-энелердин санаасы да тынчыды. Балдар, өспүрүмдөр, кыздар саат беште Кара-Сууга коркпой эле кетишет. Карылар мечитке каттап калышты. Балдар дүкөнгө каалаган учурунда кирипчыгышууда. Мал уурулук да токтоду. Адамдардын маанайы оңолду, баары күлүп жүрүшөт, чоң пландарды кура башташты, башка көйгөйлөрдү чогуу чечүү тууралуу сөз кылып калышты.

Камал МАМАТОВ, 75 жашта, пенсионер:

– Мен Жайчы айылында төрөлүп, өмүр бою ушул жерде жашап келатам. Бул аймактын борбордук айылы. Бул жерде 1500гө жакын адам жашайт. Айылда административдик имараттар, анын ичинде айыл өкмөтү да жайгашкан. Айылда эч качан көчөлөр жарык болгон эмес. Буга кошумча жолдордун быт-чыты чыкты. Биз өзүбүздү орто кылымда жашагандардай эле сезчүбүз. Кышында жашоо токтоп калчу. Көптөр үчүн таңкы саат 5-6да шаарга кетүү чоң тозок болчу. Кечинде кошуна айылдар менен байланыштырып турган эки көпүрөгө чейин жетип алуу өтө оор эле. Адамдар кечинде үйүнөн чыкпаганга аракет кылчу. Ал эми айылда иш чачтан көп да. Күн сайын иш табылат, мал багыш керек, туугандарга же кошуналарга кирип чыгыш керек. Бирок баарынан да аялдарга оор болду. Анткени алар бала бакчадан же ооруканадан кайтып келатканда өтө кыйналышчу, кечинде мектептен келаткан балдарын ушул жолдон тосуп алышчу. Уурулар үйгө кирип, баалуу буюмдарды көтөрүп кеткен учурлар да болгон. Атүгүл түнкүсүн сугат суунун нугун буруп коюу да чоң азап менен коштолчу.

Көчөлөргө жарык келгенден баштап көп нерсе өзгөрдү. Биздин күнүмдүк түйшүгүбүз бир кыйла жеңилдей түштү. Адамдардын өздөрү да өзгөрдү, баарынын маанайы ачык. Бизге келген коноктор да бул өзгөрүүлөргө таң калып жатышат. Биздин көчө тэми шаардагы көчөлөрдөн эч айырмаланбайт. Кечкисин эч ким үйүндө отурбай калды. Жарык берген чырактардын алдында эл топтолуп ары-бери басып жүрөт, бири-бирине конокко барышат, ал эми клубда түрдүү маданий иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Айыл өкмөтү жаңы трансформаторлорду орнотуп берген. Мурда электр жарыгы тез-тез өчүп турса, азыр андай болбой калган. Дагы кызыгы, жержерлерде курулуш иштери жанданды. Мигранттар жиберген акчанын жардамы менен адамдар жаңы үйлөрдү кура башташты. Мурда жаңы футбол аянтчасында балдар жана улуулар күндүз гана ойносо, азыр түнгө чейин топ тээп жүрүшөт. Атүгүл түндө да өзгөчө ышкыбоздорду үйгө кууп киргизе албай калдык. Айыл өкмөтү абдан жакшы иштеп жатат. Жаңы инвесторлорду таап, адамдардын көйгөйлөрүн чечип жатат. Айтор, эл жергиликтүү бийликтин ишине ыраазы.

 

Окшош материалы: