Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ТАШТАНДЫГА КАРШЫ ТУРУУ МҮМКҮНБҮ?

2012-03-30 / ЖӨБ КЫЗМАТТАРЫ

Карапайым катардагы жаранды да, ири өндүрүш ишканасын да түйшөлткөн маселелердин арасында бир жалпы чоң тапшырма бар, аны чечүү адатта баш ооруга айланат – бул таштандыны чыгаруу.

Танат Осмонкулов,

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун ЖӨБ органдары менен иш алып баруу боюнча адиси

Кыргызстандын бардык аймактары бири-бирине ... таштандысы менен окшош

Карапайым катардагы жаранды да, ири өндүрүш ишканасын да түйшөлткөн маселелердин арасында бир жалпы чоң тапшырма бар, аны чечүү адатта баш ооруга айланат – бул таштандыны чыгаруу. Чындыгында эле үйдүн короосунда доодой үйүлүп жаткан таштандыны көрүп турган да, санэпидкөзөмөл же экологиялык кызматтардан айып пул төлөө тууралуу билдирүү алган да жагымсыз. Анын үстүнө таштанды да чоң аймакты ээлейт эмеспи. Бир гана жол бар –таштанды туруктуу чыгарылып туруш керек, же зарыл болгон учурда таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөткөн кайсы бир уюмдун буйрутмасы менен ишке ашырылыш керек. Ошол эле учурда мыйзам боюнча, катуу тиричилик калдыктарын чогултууну жана чыгарууну уюштуруу милдети жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн.

ЖӨБ органдарынын милдетине таштанды чыгаруу гана эмес, муниципалитеттин аймагындагы абалды көзөмөлдөө да кирерин түшүнүш керек. Мисалы, таштандынын үймөгүн, таштандылардын туш келди чачылып жатышын алдын алуу. Таштанды менен күрөшүү иши акыркы жылдары өзгөчө актуалдуу болуп калды. Анткени таштандынын саны бир нече эсе өстү – жыйырма жыл мурдагыдай жеке буюмдар керектөөчүдөн керектөөчүгө өткөрүлбөй, аларды ыргытып салуу күчөдү. Мындай буюмдардын арасында жараксыз болуп калган кийим гана эмес, эски эмерек да, атүгүл бузулуп калган тиричилик техникасы да бар. Анан албетте келемиштердин жана адам үчүн коркунучтуу болгон ооруларды алып жүргөн башка жандыктардын көзөмөлсүз көбөйүүсүн шарттаган тамак-аш таштандылары да бар.

Эмесе аймактын санитардык абалынын жана таштанды чыгаруунун көйгөйлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети. “Элдин үнү жана ЖӨБО жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту пилоттук үч муниципалитетке айылдын керектөөсүн биргелешип билүүнү (АКББ) өткөрүүгө жардам берди. Анын натыйжасында пилоттук аймактарда жашаган жарандардын көпчүлүгүн тынчсыздандырган артыкчылыктуу маселелер аныкталды. Көрсө, таштанды – бул пилоттук үч – Ивановка,Төрт-Күл жана Ленин айылдык аймактарында артыкчылыктуу маселе экен. Ивановка аймагынын сурамжылоого катышкан 184 тургуну таштандыга байланыштуу учурдагы кырдаалга мындай мүнөздөмө беришти:

• таштанды чыгаруу боюнча айыл өкмөтүнүн иши тартипке салынган эмес, чыгаруу графиги түзүлгөн эмес, аны чыгарууну көзөмөлдөй турган жооптуу киши жок;

• кварталдар боюнча таштанды чогултуу жана чыгаруу үчүн каражатты жыйноо жана сарптоо боюнча отчеттор берилбейт;

• таштанды чогултуу боюнча атайын техника жетишпейт, ал эми колдо болгону өтө эле эскирди. Ивановка АА таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн учурдагы системасына тургундар нааразы. Ивановка АӨ башчысынын орун басары К.Исаевдин айтымында, жергиликтүү бюджеттеги каражаттардын айылды көрктөндүрүү, анын ичинде таштанды чыгаруу үчүн жетишсиз болгону, техниканын эскириши – прицеби менен бир гана трактор бар, ага да 20 жыл толду – бул кызматты сапаттуу ишке ашырууга бут тосууда.

Анткен менен Ивановка АА аймагында бул иштер жарым-жартылай болсо да жолго салынган жана иштеп жатат. Бирок Долбоорду ишке ашырууга катышкан башка пилоттордо кырдаал начар. Төрт-

Күл АА тургундары 2011-жылы таштанды чыгаруу үчүн жалпысынан 14 миң сом төлөгөн. Бул болсо айыл өкмөтү таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө багыттай ала турган каражаттын жалпы көлөмүнүн 18 пайызын гана түзөт.

Чогултулган каражат таштанды топтолгон жерлерди алардын жанында жашоо таптакыр мүмкүн болбой калганда маал-маалы менен жок кылууга гана жетет. Төрт-Күл айылдык аймактын кирешесинин бир кыйла бөлүгү республикалык бюджеттен гранттар түрүндө (дотациялар) түшөрүн эсепке алганда, бул киреше мамлекеттик кызматтар жана билим берүү өңдүү милдеттүү функцияларды камсыздоого гана араң жетет, ал эми таштанды үчүн акча жок. Айта кетчү жагдай, коммуналдык керектикке, анын ичинде таштандыга чыгашаларды жергиликтүү бюджет өз кирешесинин эсебинен жабыш керек, демек муниципалитеттин тургундарынан башка эч ким таштандыны жыйноо үчүн акча бөлбөйт. Андыктан жамаат кантип жана кайсы каражатка аймактагы таштандыны жыйноо керектигин өзү ойлонуш керек.

Ушундай эле кырдаал Жалал-Абад облусундагы Ленин АА да түзүлдү.

Ошентип таштанды чогултуу көйгөйү Кыргызстандын айылдык муниципалитеттеринде кеңири жайылган. Жада калса Совет доорунда да айыл жеринде катуу тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу системасы жеткиликтүү иштебегени көйгөйдү курчутту. Ошол маалда деле элет калкы таштандыны өз алдынча жок кылууга аракет жасачу. Бирок ал убакта таштанды кайра жеңил иштетилчү. Азыркы убакта таштандыны (пластика, металл) жок кылуу бир топ оор, ал ЖӨБ органдарынан ылайыктуу кызматты жана жаңы технологиялык ыкмаларды талап кылууда.

Кантип жыйноону билсең, таштанды анчалык деле коркунучтуу эмес

Кыргыз Республикасынын аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары “таштанды көйгөйүн” ийгиликтүү чечип келаткан муниципалитеттер да бар. Андыктан “Элдин үнү жана ЖӨБ жоопкерчилиги” долбоору пилоттук аймактарга өлкөдөгү айрым ийгиликтүү тажрыйбаны үйрөнүүгө жардам берейин деп чечти. Бул үчүн Ивановка, Төрт-Күл жана Ленин айылдык аймактарынын өкүлдөрү үчүн Чүй облусундагы ЖӨБ органдары таштанды жыйноо жана чыгаруу кызматын көрсөтүп келаткан Беловодск жана Гаврилов муниципалитеттерине окуу сапары уюштурулду.

Он тогуз адам, анын ичинде айылдык кеңештердин төрагалары; айыл өкмөтүнүн башчылары жана орун басарлары; көрктөндүрүү маселелери менен алектенген адистер; башкы бухгалтерлер жана каржы-экономикалык бөлүмдөрдүн жетекчилери; ошондой эле таштанды боюнча демилгелүү топко кирген калктын өкүлдөрү “Чүй облусундагы Беловодск жана Гаврилов айылдык аймактарында катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн практикасы” деген тема боюнча алмашуу сапарына катышты.

“Таштанды” кызматын уюштуруу практикасы жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн жана аймактын территориалдык өзгөчөлүктөрүнөн көз каранды. Андыктан окуу сапарын уюштуруу үчүн муниципалитеттердин тандоо төмөнкү критерийлерге негизделди:

• техникалык базанын, анын ичинде атайын техниканын болгону;

• утилизациялоо боюнча ишмердүүлүктүн уюштурулушу;

• кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджеттин чыгашасы;

• ЖӨБ органынын кызмат көрсөтүүчү менен иштешүүсү;

• ЖӨБ органынын калк менен биргелешип иштешүүсү;

• кызматты башкаруунун жөнгө салынган системасы жана анын ишке ашырылышын көзөмөлдөө.

Эмесе, көрсөтүлгөн критерийлерден улам тажрыйбасын үйрөнүү үчүн Чүй облусунун Беловодск жана Гаврилов аймактары сунушталды. 2-таблицада көрүнүп тургандай, эки муниципалитетте кызмат көрсөтүү системасы бири-биринен олуттуу айырмаланат. Муниципалитеттер да бири-бирине окшош эмес. Гаврилов АА КТК жок кылуу үчүн өз полигонуна ээ эмес, бирок ал жакта калктын саны да аз. Беловодск аймагында акционердик коом иш алып барат – жеке ишкана, анын ири акционери муниципалитеттин өзү, ал эми Гаврилов АА – муниципалдык ишкана.

Беловодск аймагынын башчысы Александр Кононовдун айтымында, бул кызматты көрсөткөн ишканалар эгерде маянага мисалга 20 миң сом сарптаса жана жүгүртүү капиталы 1 миллион сомдон кем болбосо ишенимдүү болот. Бирок бул үчүн акы чо гултууну жогорулатып, ошондой эле ири айылдардагы жергиликтүү жамааттардын ичинен активдүү жарандарды санитардык-экологиялык системага киргизиш керек.

Гаврилов аймагынын башчысы А. Усенов калкта санитардык-экологиялык аң-сезимди тарбиялоо зарыл деп эсептейт: “Башында, биз жаңыдан гана таштанды чогултуу боюнча аянтты уюштурууга киришип жатканда аларды жергиликтүү бюджеттин эсебинен куруп жаттык. Жергиликтүү тургундар аларды көп жолу талкалачу. Жергиликтүү бюджеттен кошумча каражат бөлүү менен аянттарды оңдоого мажбур болчубуз”.

Эки модель тең идеалдуу эмес, анткен менен алар конкреттүү жамааттардагы керектөөлөргө жана кырдаалга жараша түзүлдү. Ивановкадан, Төрт-Күлдөн жана Ленинден келген коноктор эки системанын ишинин өзгөчөлүктөрүн түшүнүп, өз муниципалитетинде кызмат көрсөтүү кантип уюштурула турганын чечиш керек болду.

Окуу сапарынын жүрүшү

Беловодск АА

Сапардын алгачкы күнү катышуучулар Беловодск АӨ башчысынын “Беловодск АА боюнча КТК боюнча кызмат көрсөтүү практикасы”, КЭБ башчысынын “ ТЖКЧ боюнча каржылык башкаруу” (кар-

жылык документация, техникалык базанын реестри) аттуу темада бет ачарын угуп, Беловодск айылдык аймагынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле катышуучулар аймакты көрктөндүрүү,айыл өкмөтүнүн алдындагы санитардык-экологиялык инспекция, КТК маселелери боюнча кеңештин депутаттык корпусунун ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү ченемдик актылар менен таанышты. Андан кийин катышуучулар “Коммунальщик” АК барып, ишкананын иши кантип уюштурулганын көрдү. Анын ичинде:

• көп батирлүү үйлөрдүн, жеке сектордун,кичи жана орто бизнес объекттеринин жана бюджеттик уюмдардын алдында КТК жыйноо үчүн аянтчалар тууралуу;

• акционердик коомдун техникалык базасы, анын ичинде инфраструктурага жана кызмат көрсөтүү боюнча атайын техникага кам көрүү жана аны колдонуу маселеси тууралуу;

• КТК боюнча өндүрүш циклин уюштуруу,анын ичинде муниципалдык таштанды жайына кам көрүү үчүн чыгашалар тууралуу;

• кошумча кызмат көрсөтүү боюнча ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу;

• ишкананы каржылык башкаруу тууралуу.

Гаврилов айылдык аймагы

Гаврилов аймагында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча жөнгө салынган иш катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Себеби Гаврилов аймагынын мүнөздөмөлөрү – аймагы, административдик бөлүнүшү, жайгашуусу, калктын саны – сапарга катышкан өкүлдөрдүн муниципалитеттерине окшошуп кетет.

Гаврилов АА тарабынан алмашуунун уюштуруучулары иш-чарага практикалык мүнөз берүү максатында жана катышуучулардын каалоосуна ылайык, программага өзгөртүү киргизип, “Көрктөндүрүү боюнча комбинат” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө кенен токтолушту. Ишкананын директорунун милдетин аткаруучу С.Титова ишкананы каттоодо өзгөчөлүктөр, салык органдары, Социалдык фонд, айыл өкмөтү алдындагы каржылык отчеттуулук тууралуу кенен айтып берип, чарбалык ишмердүүлүк маселесине токтолду. АӨ каржы бөлүмүнүн бухгалтери катары тажрыйбасы болгон үчүн С.Титова бардык суроолорго квалификациялуу жооп бере алды.

Ишкана Гаврилов АА аймагында калкка кызмат көрсөтөт; каржы айыл өкмөтүнөн гана айылдык кеңештин сессиясында бекитилген тарифке ылайык түшүп турат. Негизи тариф – ушул өңдүү ишкананы уюштуруу маселесинде эң оор маселелердин бири. Бирок ал ишкананын каржылык туруктуулугу үчүн өзөктүк мааниге ээ. Андыктан сапардын катышуучулары үчүн таштанды чыгаруу үчүн тарифти эсептөө (моделдештирүү) боюнча практикалык көнүгүү уюштурулду.

Эмнени үйрөндүк?

Практикалык көнүгүү катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Анткени анын жардамы менен алардын муниципалитеттеринин аймагында кызмат кантип уюштурууларын жана бул үчүн кандай каражат керектелерин элестете алышты.

Эсептер катышуучуларга бекитилген тарифтердин ишенимдүүлүгүн анализдөөгө жана инфраструктурага капиталдык салымдарды эсепке алуу менен тарифтердин альтернативдик варианттарын эсептеп чыгууга жардам берди. Мисалы, Төрт-Күл аймагынын өкүлдөрү таштанды чыгаруу боюнча кызматты уюштуруу үчүн бюджеттик каражаттын жылдык керектөөсүн эсептеп чыгышты.

Алмашуу сапарынын жүрүшүндө катышуучулар жолугушуулар, топтун ичиндеги талкуулар, тажрыйбалар жана идеялар тууралуу дептерлерине күндө жазып жүрүштү. Анткен менен болочок кызмат тууралуу жалпы идеялардан жана ой-толгоолордон, ошондой эле абстрактуу тарифтерди эсептөөдөн тышкары сапардын олуттуу натыйжасы катары иш-чаранын соңку бөлүгүндө катышуучулар даярдаган жана көрсөткөн КТК чыгарууну уюштуруу боюнча конкреттүү пландардын долбоорлорун айтса болот.

Ленин аймагынын өкүлдөрү биринчи кезекте ар бир айылда жер тилкелерин таштанды аянты үчүн бөлүү, ошондой эле сапардын жүрүшүндө алынган тажрыйбанын негизинде муниципалдык ишкананы түзүүнү бүткөрүү ишин тездетүү маселесин кароону чечти.

Төрт-Күл айылдык аймагынын өкүлдөрү айылдык кеңештин жакынкы сессиясында таштанды чогултуу үчүн жылдык чогултуунун көлөмү тууралуу маалыматты карооону, ошондой эле коомдук угууда КТК кызматын көрсөтүүгө байланыштуу маселени талкуулоону чечти.

Ивановка АӨ өкүлдөрү таштанды үчүн аянтты курууга каражат табууну жана таштанды контейнерлерин даярдоону, ошондой эле атайын техниканы сатып алуу боюнча долбоорду даярдоону чечти.

Ошентип, тиричилик жана курулуш таштандысын чыгаруу жана жок кылуу – чечиле турган маселе. Адатта бул кызматты алгылыктуу деңгээлде көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджетте каражаты жетиштүү болгон шаарларда гана мындай маселени чечүү мүмкүн деп эсептелинет. Бирок муниципалдык башкаруунун практикасы көрсөткөндөй, маселе айылдарда да чечилет, ал эми бул үчүн зарыл болгон каражат бир карагандагыдай өтө деле чоң эмес. Ошондой эле бул эртеңки күндүн эмес, кечээки күндүн маселеси. Кыргызстандын элет тургундары кызматтарды шаар тургундары менен бир катарда колдоно албайт деп ким айтты? Каражат табуу мүмкүн, бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына методологиялык колдоо, өз күчүнө болгон ишеним жана ишти аткаруу мүмкүн болгонун далилдеген оң мисалдар зарыл. Мындай жакшы мисалды катышуучулар Беловодск жана Гаврилов айылдык аймактарына болгон окуу сапары өңдүү өз көзү менен көргөнү жакшы.

Окшош материалы: