Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Таза суу аялдын түйшүгүн жеңилдетет

2020-03-09 / ЖӨБ кызматтары
Таза суу аялдын түйшүгүн жеңилдетет

Ош облусунун Ноокат районундагы Гүлистан АА

Бахтияр МИРЗАКУЛОВ, 55 жашта, дыйкан:

– Менин үй-бүлөм “Абад-Дала” участогунда 1994-жылдан бери жашап келатат. Мен билгенден бери бизде таза суу азап болчу. Биздин үй-бүлө сууну бир километр алыстыктагы айылдан жөө ташып келчү. Ал эми кышында сууну арыктан алчубуз. Баарынан да аялдарга кыйын болчу. Аялым, кыздарым, келиним сууну көбүрөөк ташычу, бул болсо абдан көп убакытты жана күчтү алып коёр эле. Эки жыл мурда кызым сарык менен ооруп калды. Себебин издей келсек, жугуштуу оору арыктагы сууну ичкенден кийин пайда болуптур. Ушундан кийин узак аралыкка жана кыйналып жеткиргенге карабай сууну колонкадан гана алып калдык.

Бул маселени чечип берүүсүн өтүнүп, айылдык кеңештин депутаттарына, айыл өкмөтүнө бир нече жолу кайрылганбыз, жергиликтүү мамлекеттик администрацияга кат жазчубуз. Бирок бюджетте акча жок деген эле жоопту укчубуз. 2017-жылы жайында Маданият үйүндө чогулуш өтүп, ал жерде элеттиктер менен чогуу айылдын негизги көйгөйлөрүн аныктап чыктык. Биринчи кезекте таза суунун жоктугу маселесин бөлүп алдык. Андан соң чогулушта адамдар биздин маселени артыкчылыктуу деп тандап алышып, айыл өкмөт башчы жакын арада таза суу маселеси биротоло чечиле турганын айтты. “Абад-Дала” участогунда жашагандарды бул кабар абдан кубандырды, биз өз максатыбызга жеткенибизге сыймыктанып турдук. Ошентип, Долбоордун гранттык программасынын конкурсуна катышып, Гүлистан АА “Абад-Дала” участогундагы таза суукөйгөйүн чечүү үчүн 1 миллион сом утуп алды.

Бул көйгөйдү кантип чечтик? Кошуна айылдагы “Исмаил-Ата” участогунда басымы жакшы артезиан скважинасы иштейт. Айылдын тургундары ушул таза сууну колдонууну чечишти. Скважина 1,3 км аралыкта жайгашканына карабастан айылдын тургундары чуңкур казып, куурларды төшөп, линияларды монтаждоо иштерине жигердүү катышып беришти. Беш көчөнүн ар бирине суу түтүк линиясы төшөлүп, эки көчөнүн жашоочулары сууну өз үйлөрүнө өткөрүп алышты, сууну эсептегичтер орнотулду. Мындан ары суу эсептегич ар бир үйдө орнотулуп чыгат. Ошентип ЖӨБ органдарынын, жергиликтүү жамааттын биргелешкен күч-аракети менен, Долбоордун колдоосу алдында 30 жылдан бери көкөйгө тийген маселе акыры чечилди. Адамдар арыктан суу ташыганды токтотуп, сууну кошуна участоктон алып жатышат. Азыр суу ташып келүүгө кеткен убакытты маанилүү иштерге сарптап жатабыз. Өзгөчө аялдарда үй-бүлөсү үчүн көбүрөөк убакыт пайда болду. Ошондуктан балдар жана карылар кароосуз калбай калды, атүгүл өздөрү үчүн да убакыт таап жатышат. Артезиан суусу бир кыйла сапаттуу жана ден соолукка да пайдалуу. Жашоочулар донорлорго жана бул Долбоордун аткаруучуларына абдан ыраазы.

Дилафруза ХАЖИМАМАТОВА, 40 жашта, үй кожойкеси:

– Менин үй-бүлөм “Абад-Дала” участогунда 2002-жылдан бери жашайт. Ошондон бери күн сайын эки, кээде үч жолу 1 км жолду жөө басып, кошуна участоктон суу ташып келчүмүн. Ал жакта кезек да күтүп калчумун. Бул абдан көп убактымды алчу. Кээде сууну арыктан алчубуз. Суунун кирдигинен улам балдардын ичи өтүп, акыркы жолкусунда кызым сарык менен ооруп калды. Күйөөм башка өлкөдө иштейт. Ал үйгө келгенде гана машине менен суу ташып келип, түйшүгүмдү жеңилдетчү. Бирок ал жокто сууну өзүм ташычумун. 2017-жылы жайында кошуналарым менен иш-чарага катышканбыз. Ал жерде бизди топ-топко бөлүшүп, айылдын эң олуттуу маселесин тандап алышыбыз керек эле. Биздин топ таза суу көйгөйүн көтөрүп чыккан. Андан соң бизди чоң чогулушка чакырышып, адамдар биздин долбоор үчүн добуш беришкен. Бир жылдан кийин долбоор иш жүзүнө аша баштады. Айылдын бардык тургундары курулуш ишерине жигердүү катышып беришти. Эркектер куурларды төшөөгө жардам берсе, ар бир көчөнүн аялдары кезектешип аларга тамак жасап берип турдук. 2018-жылдын этегинде биздин участокко көпкө күткөн суу да келди. Биз, аялдар күн сайын суу ташып келүүгө 3-4 саат коротпой калдык. Бош убакыт пайда болду. Бирок эң негизгиси – эч ким арыктан суу албай алды, балдар жугуштуу ооруларга чалдыкпай калышты. Бул көйгөйдү чечүүгө жардам бергендердин баарына абдан ыраазыбыз. Чынын айтсам, биз кошуна келиндер менен биринчи жолу коомдук иш-чарага ушинтип жигердүү катыштык. Биз үй кожойкебиз да. Үй тиричилигинен башканы билбейбиз, ушак-айыңдар эле бизге жетпесе, айылда эмне болуп жатканынан кабарыбыз деле жок. Ошондуктан бул иш-чарага катышуу биз үчүн чоң окуя болуп калды. Элибиз үчүн маанилүү маселени чечүүгө өз салымыбызды кошконубузга сыймыктанып турабыз. Эми мындан ары да айылдын жашоосуна жигердүү катышып, аялдардын көйгөйлөрүн талкуулай берели деп чечтик. Азыр аялдын үйдөгү жүгүн кантип жеңилдетсе болот деп ойлонуп турган кезибиз.

 

 

Окшош материалы: