Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Шаардагы көптөгөн мектепке чейинки мекемелерге караганда биздин бала бакчада мыкты шарттар түзүлгөн

2020-03-09 / ЖӨБ кызматтары
Шаардагы көптөгөн мектепке чейинки мекемелерге караганда биздин бала бакчада мыкты шарттар түзүлгөн

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз АА

Гүлмайрам КЫРГЫЗБАЕВА, 60 жашта, бала бакчанын директору:

– Мен үй-бүлөм менен Ак-Муз айылында 12 жылдан бери жашайм. 2007-2019-жылдары 120 наристе тарбияланган бала бакчада тарбиячы болуп иштедим. Акыркы жылдары бакчадагы орун абдан тартыш болуп жатат. Бала бакча мынча сандагы балага эсептелинген эмес. Айлабыз кетип, бир керебетке 2-3 баланы жаткырууга туура келди. Шейшеп-жууркан да жетишпей, матрастан баштап шейшепке чейин ата-энелерден суроого мажбур болдук. Биз балдарды музыкага окута алганжокпуз, себеби бала бакчада музыкалык аспаптар жана аппаратура болгон эмес. Интернет тууралуу ооз да ачпай эле коёлу, бизде атүгүл документтерди жүргүзүү үчүн компьютер да жок эле. Сөздүн ток этээр жерин айтсам, биз балдарга толук мектепке чейинки билим жана тарбия бере албай келдик. Бул маселе менен айыл өкмөтүнө кайрылганбыз, бирок акча каражатынын жоктугунан алар биздин маселебизди чечип бере алышкан жок.

2017-жылы айыл өкмөтү көпчүлүк тургундарды чакырып, чогулуш өткөрдү. Ошондо бизден көйгөйлөрүбүздү айтып берүүнү өтүнүштү. Биз ата-энелер менен чогуу бала бакчадагы көйгөйлөр тууралуу айтып бердик. Башка жашоочулар болсо таза суунун жоктугу, оңдолбогон жолдор, мектептин, бала бакчанын, оорукананын начар абалы тууралуу кеп козгошту. Мен бардык коомдук иш-чараларга жигердүү катыша баштадым. Ошентип демилгелүү топко да мүчө болуп кирдим. Бул топ биздин бала бакчанын көйгөйлөрүн чечүү боюнча планды иштеп чыкты. 2018-жылы жыйынтоочу элеттик чогулушта катышуучулардын көбү Долбоордун гранттык программасына катышуу үчүн эки артыкчылыктуу долбоорду тандап алышты. Чогулуштун катышуучулары мектептеги билим берүүнүн шарттарына басым жасаган долбоорду (мектепке пластик терезелерин орнотуу) жана “Балдар – биздин келечек” аттуу биздин долбоорду (бала бакчаны зарыл болгон жабдуулар – эмерек, идиш-аяк, оюнчук менен камсыз кылуу) тандап алышты. Дал ошол маалда 50 орундуу кошумча корпустун курулушу бүтүп калган. Корпусту зарыл болгон эмеректер жана буюмдар менен камсыздаш керек эле.

2018-жылы биздин долбоор 1 млн. сом өлчөмүндө грант утуп алды. Бул акчага кошо каржылоо катары жергиликтүү бюджеттен 126 500 сом бөлүндү. Биз бул акчага бала бакча үчүн зарыл буюмдардын баарын сатып алдык. Ошентип, 90 керебет, 70 матрас, 120 төшөк, жапкыч, жаздыктар, 200 комплект шейшеп, килемдер, күзгүлөр, интерактивдүү такталар, компьютер, проектор, санарип пианино, эки комуз, музыкалык колонка, видеокамера, эки телевизор, сууну тазалоо үчүн фильтр, шамчырак, оюнчуктар, нан бышыруу үчүн электр меши жана жайлоодо бала бакча уюштуруу үчүн чоң металлдан куралган боз үй сатып алынды.

Бала бакча бардык талаптарга шайкеш жабдылгандыктан жаңы тайпа ачылып, бакчада музыкалык зал да пайда болду. Балдарга ырдаганды, бийлегенди үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду; ар бир баланын өзүнүн керебети жана жаңы шейшеп, жуурканы бар; жергиликтүү бюджеттин эсебинен Интернетке кошулуп, интерактивдүү такта аркылуу сабактарды санарип форматта өткөрөбүз. Тарбиячылар өз билимин тереңдетип, балдар менен иштөөнүн жаңы заманбап инновациялык усулдарын Интернеттен издеп табышууда. Жаңы жумушчу орундар түзүлүп, кадрлар резервинен айылдын 11 тургунун кошумча ишке алдык. Алардын ичинен үчөө тарбиячы, экөө бала багуучу, алтоо техникалык кызматкерлер. Булардын маянасы Билим берүү министрлиги аркылуу төлөнөт. Балдар жаңы жабдууларга жана оюнчуктарга абдан кубанышты. Алардын жүрүмтурумунда да оң өзгөрүүлөр байкалууда. Балдар мурдагыдан да активдүү, эркин болуп, окуганды же санаганды үйрөнгөндө кыйналбай, чоң жылыштар байкалууда. Балдар талаптагыдай билим жана тарбия алып жатышат. Бала бакчага киргиси келгендер көбөйүп, мурда төрт тайпа болсо, азыр бешөө болуп калды. Эми жаңы бала бакчаны ачуу пландарын түзө башташ керек.

Кенже ОСМОНОВА, 45 жашта, чоң эне:

– Мурда эки неберем бала бакчага барганда жерде укташчу, башкалар керебетте жатчу. Мени бул көрүнүш санаага салганы менен, башка айла жок эле. Колубуздан келген нерсе – ар ким үйдөн төшөнчү-жууркандарды алып келчү. Эми болсо бардык балдар керебетте уктайт, ар биринин өзүнүн төшөнчүсү бар. Балдардын акыл-эсин өнүктүрүү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр пайда болду, балдар мурдагыдан да ачык, шатыра-шатман жүрүшөт. Ата-энелер да өзгөрдү. Көптөр баланы мектепке чейин билим берчү мекемеге жиберүү зарыл экенин түшүнүштү. Бакчага барбаган бала ал жакта тарбияланган баладан бир топ айырмаланып турат. Мындай айырма балдар мектепке барганда байкалат. Бала бакчага баргандар оюн эркин түшүндүрө алышат, сүйлөшкөндү билет, ырдай алышат, тамга таанышат, китеп окуй алышат, бир сөз менен айтканда өз алдынча болуп калышат. Ал эми бакчага барбаган бала уялып, курдаштарынан артта кала баштайт экен. Биздин бакчада шаардагы көптөгөн бакчаларга караганда мыкты шарттар түзүлгөн жана биз муну менен абдан сыймыктанабыз. М

 

Окшош материалы: