Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Биздин мектептин окуучулары Кыргызстанда гана эмес, анын сыртында да таанылышат

2020-03-06 / ЖӨБ кызматтары
Биздин мектептин окуучулары Кыргызстанда гана эмес, анын сыртында да таанылышат

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай АА

Алтымыш АКИМОВ, 35 жашта, мугалим:

– Өмүр бою Дароот-Коргон айылында жашап келатам. Төрт баламдын экөө бешинчи жана жетинчи класстарда окушат. Алар билим алган мектепте мен 10 жылдан бери орус тили жана адабиятынан сабак берем. Бул – райондогу эң чоң мектеп. Бул мектеп 1951-жылы биринчилерден болуп курулган. Ал эми 1988-жылы жаңы имарат курулган эле. Учурда бул мектепте 700 окуучу билим алат, 70 педагог иштейт, 27 техкызматкер бар. Биздин мектепте гана эмес, Чоң-Алай айылдык аймагындагы калган жети мектепте да көп жылдардан бери окуунун кандайдыр бир жаңы, заманбап усулдары киргизилген эмес. Азыркы технологиянын доорунда дүйнө жүзү маалымат менен ыкчам алмашып жаткан учурда күн сайын жаңы билимге жана ага жетүүнүн жаңы ыкмаларына болгон муктаждык да көбөйдү. Бирок биздин балдарда жаңы технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Түрдүү сынактарда жана олимпиадаларда биздин балдар канчалык артта калганы билинип турчу. Ал эми жогорку окуу жайларына тапшырып жатканда биздин балдар төмөнкү жыйынтыктарды көрсөтүшчү, Интернетти колдонуу, видеосабактарга катышуу өңдүү кадыресе көндүмдөргө ээ болушкан эмес.

2017-жылы бизге Долбоордун өкүлдөрү келишип, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен ар бир айылдан жашоочуларды чогултуп, эң курч көйгөйлөрдү аныктап чыгышты. Көйгөйлөр абдан көп эле, бирок окуучулардын ата-энелери жана мугалимдер мектептеги билим берүү маселесин козгошуп, анын сапатын жогорулатуу зарыл болгонун айтышты. Бул маселени чечүү үчүн демилгелүү топ түзүлүп, ага мугалимдер, анын ичинде мен дагы, ата-энелер, АӨнүн кызматкерлери киришти. Чакан гранттар программасынын конкурсуна катышуу үчүн биздин топ “Жаштар – биздин келечегибиз” аттуу долбоорду даярдадык. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн Чоң-Алай айылдык аймагындагы бардык мектептер үчүн интерактивдүү такталарды жана компьютердик жабдууларды сатып алууну чечтик. Чоң чогулушта мен долбоор менен тааныштырып, жашоочулардын басымдуу бөлүгү менин долбоорум үчүн добуш бергени чоң жеңиш жана жетишкендик болду! Ошентип, биз 1 миллион сомдук гранттык каражатты утуп алдык! ЖӨБ органы кошо каржылоо катары 300 миң сом бөлүп берди. Тендер аркылуу жети мектепке жана жети бала бакчага интерактивдүү такта, ар бир мектепке проекторлорду, түстүү принтерлерди сатып алдык. Ошондой эле ар бир мектепти жана бала бакчаны Интернетке коштук.

Биздин мектепте интерактивдүү тактаны орус тили жана адабияты классына орноттук. Ошентип, акыры жаңы технология да бизге жетип, балдар ага канчалык муктаж болгону ошол заматта билинди. Бул окуя балдарга чоң дем берип, сабакка болгон кызыгуусу бир топ артты. 5-11-класстардын окуучулары интерактивдүү тактаны пайдаланганды тез эле үйрөнүп алышты. Алар көрсөтмө куралдар жана сүрөттөр аркылуу материалдарды өздөштүрүп, Интернетти колдонгонду үйрөнүп, активдүү болуп калышты. Интерактивдүү такта окуучуларды олимпиадага даярдаганга жардам берет, аны менен иштеген абдан ыңгайлуу, буга чейин жазгандарыңды сактап, кайра көрүп чыксаң болот. Балдарда өзүнө болгон ишеним артты, түрдүү багыттар боюнча жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүп жатышат. Өз балдарым да жакшы жагына өзгөрө баштаганын байкадым. Балдарым көбүрөөк окуй башташты, электрондук китептерди жакшы көрүшөт, көнүгүүлөрдү тез эле аткарып калышты, тапшырмаларды жасоого каалоосу күч. Жаңы технологиялар окуу процессине болгон кызыгууну пайда кылганына ата-энелер да кубанып жатышат. Алар балдарынын жүрүм-туруму өзгөргөнүн көрүшүүдө. Балдар окууга жоопкерчиликтүү мамиле жасап, келечекке чоң пландарды кура башташты, аларда алдыга болгон умтулуу пайда болду. Биздин мектептердин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстанда гана эмес, анын тышында да кеңири таанылат деп ишенем.

 

 

Окшош материалы: