Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мектептердеги сапаттуу тамактануу билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүгө көмөктөшөт жана дени сак муунду калыптандырат

2020-03-06 / ЖӨБ кызматтары
Мектептердеги сапаттуу тамактануу билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүгө көмөктөшөт жана дени сак муунду калыптандырат

Баяндардын топтомун ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси Гуляим ШАМШИДИНОВА даярдады

Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат АА

Тамара ШАДЫКАНОВА, 54 жашта, инновациялык мектеп-гимназиясынын директору:

– Билим берүү системасында 32 жылдык иш стажым бар. Эмгек жолумду жөнөкөй мугалим болуп баштап, окуу бөлүмүнүн башчысы болдум. Андан соң 13 жыл мурда директор болдум. Бул мектепте алты жылдан бери директор болуп иштейм. Мектепте 2334 окуучу билим алат, 85 мугалим иштейт, 105 техникалык кызматкер бар. Бул мектеп райондогу эң күчтүү окуу жайлардын бири – Кара-Балта шаарындагы №6 гимназиядан кийинки эле орунда турабыз. Балдар облустук жана республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлешет, Жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификат алышат. Жыл сайын бир же эки бүтүрүүчү “Алтын тамга” кызыл аттестатына ээ болот. Ал эми биздин бүтүрүүчүлөрдүн көбү жогорку окуу жайларына бюджеттик орундарга өтүшөт.

Мектеп 1980-жылы курулган, ашканасы 150 орунга эсептелинген. Жыл сайын ЖӨБ органы имаратты оңдоп турганы менен, ашкана көйгөйлүү маселе бойдон кала берчү. Айталы, 2014-жылдан тартып ашканадагы жабдуулар иштен чыга башта ган: 40 жылдан ашык колдонуп келген эски мештер иштебей калды, техниканы жана идиш-аякты колдонууга болбой калды. Ашпозчулар ысык тамак жасаганга үлгүрбөй жатышты. Анын үстүнө ички миграциянын айынан окуучулардын саны да көбөйдү. Ош жана Жалал-Абад облустарынан көп үй-бүлө жер которуп келген. Бир күндө 800 баланын курсагын тойгузуш керек эле. Ашпозчулар биринчи жана экинчи нөөмөттө окуган балдардын курсагын тойгузуунун айла-амалын издеп абдан убара болушту. Бул маселени чечүү үчүн өтө көп акча керек эле. Биз айыл өкмөтүнө бир нече жолу кайрылганбыз. Бирок бюджеттин киреше бөлүгү биздин маселебизди чече албай турганын айтышты.

2015-жылы Ак-Башат АА Долбоор менен кызматташа баштады. Бир жолу мени чогулушка чакырып калышты. Ал чогулушка айылдын тургундары да, анын ичинде окуучуларымдын ата-энелери да келишкен экен. Биз топ-топторго бөлүнүп алып, айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктай баштадык. Жашоочулар жолдордун абалы, көчөлөрдү жарыктандыруу, клубдун ремонту, ФАПты оңдоо, ичүүчү суу өңдүү маанилүү маселелерди көтөрүштү. Бирок биз окуучулардын ата-энелери менен мектептеги ашкана тууралуу маселени көтөрүп чыктык. Көрсө, ушундай эле көйгөй Ак-Башат айылындагы орто мектепти да көптөн бери тынчсыздандырып жаткан экен. Эки мектептеги ашкана маселесин чечүү үчүн демилгелүү топ (ДТ) түзүлдү. Топко ата-энелер, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, мектептин өкүлдөрү мүчө болушту. Биз долбоорду даярдап чыктык. Ошентип, чогулушта дене тарбия мугалими Игорь Головнев биздин долбоорду абдан жакшы тартуулады. Башка топтор да артыкчылыктуу көйгөйлөрдү жакшылап баяндап бергенине карабастан, жашоочулар “Балдар – биздин келечегибиз” аттуу долбоорубузду тандап алышты. Элеттиктер ашканадагы шарттарды оңдоп, заманбап жабдууларды сатып алуу жолу менен мектептеги тамактануунун сапатын да жакшыртса болоорун түшүнүштү.

Натыйжада 2017-жылы биздин долбоор Чакан гранттар программасынын конкурсунда 1 миллион сом утуп алды. Кошо каржылоо катары ЖӨБ органы жергиликтүү бюджеттен 614 960 сом бөлүп берди. Эки мектепте ашканаларды толугу менен оңдоп чыктык, канализация системасын, ашкананын ичин жаңыладык, балдар колдорун жылуу суу менен жууп турсун деп суу жылыткычтарды орноттук. Мындан тышкары ашканага жаңы жабдууларды сатып алдык. Мисалы, мештер, демдеме меш, муздаткыч, камыр жууругуч, жемиш кескич, идиш жуучу жай, отургучтар жана үстөлдөр сатып алынды. Ашпозуларга иш үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Эгерде мурда нанды башка жерден сатып келсек, азыр таттуу нанды жана пирожкилерди өзүбүз эле жасап калдык, кенже жана жогорку класстардын окуучулары үчүн ысык тамак жасап жатабыз. Тамактын сапаты да бир кыйла оңолду. Мурда балдар толук жебей, таштап кетишсе, азыр тамакты калтырбай жеп калышты. Бул долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында эки мектепте жаңы төрт иш орду пайда болду. Мурда биздин мектепте ашпозчу болгон эмес, ашкананын кызматкерлери гана болчу. Эми болсо үч ашпозчу жана үч кызматкер иштейт. Ошентип мектептеги жашоо кызып жаткан учур. Окуучулардын, мугалимдердин жана ата-энелердин маанайы абдан жакшы, баары ыраазы.

Ольга ОВЧЕРЕНКО, 35 жашта, үй кожойкеси, 2-3-класстарда окуган эки баланын энеси:

– Биздин прогрессивдүү мектебибиз үчүн абдан кубанычтамын. Бул мектепте билим деңгээли гана жогору болбостон, балдар үчүн мыкты шарттар да түзүлгөн. Ашкананы жаңылагандан бери тамак да оңолуп, балдар тоё жеп калышты, жада калса дагысурашат. Бардык тамактар даамдуу, жаңы. Балдарым мектептен курсагы ток келишет, ашкананын тамагын дайыма макташат! Мектептеги сапаттуу тамактануу – бул мыкты билим берүүгө шарт түзүп, дени сак муунду өстүрөт. Мурда ашкананын абалы ата-энелерди абдан санаага салчу. Эми болсо ушундай көйгөй болгонун унутуп баратабыз.

Минавар НИЯСОВА, Ак-Башат айылындагы мектептин директору:

– Биздин мектептеги көйгөй жергиликтүү бийликке акыры жеткенине бактылуубуз. Алар Ак-Башат айылындагы чакан мектептин бардык пландарын ишке ашыра алышты. Бул мектепте 266 окуучу билим алат. Алардын ичинен 129 бала – кенже класстын окуучулары мектептин ашканасында тамактанышат. Долбоордун жардамы менен, биринчиден, ашкана толугу менен ремонттолду, буга чейин эч болбогон жыт соргучту орноттук, полго кафель төшөлдү, электр системасы жаңыланды, үч идиш жуучу жай жана суу жылыткыч орнотулду. Балдар колдорун жылуу суу менен жууп калышты. Экинчиден, ашкананын тамак жасоочу блогундагы жабдууларды толугу менен алмаштырдык, эки камералуу муздаткыч сатып алдык, демдегичи бар электр мешин, эки идиш жуучу ваннаны, идиш үчүн текчелерди, эки тамак жасоочу үстөлдү, суу жылыткычты, идиш-аяктарды, таразаны жана дагы көп буюмдарды сатып алдык. Мурда балдарга булочка жана чай берчүбүз, булүчүн Кара-Балта шаарына же Новониколаевкага атайын барып келчүбүз. Жолго бир топ акча кетчү. Ашкананы толугу менен оңдоп чыгып, жабдууларды жаңылагандан кийин балдардын толук тамактануусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлдү. Азыр балдар ысык тамак ичип калышты, нанды, таттууну өзүбүз жасайбыз. Ата-энелер “балдарыбыз ачка калбаса болду” деп тынчсызданбай калышты. Себеби көпчүлүк окуучулар 3 км аралыкты басып өтүп, башка айылдардан келип билим алышат. Мурда ысык тамак болбогондуктан, орундардын тартыштыгынан кенже класстарды экинчи нөөмөткө калтыра алчу эмеспиз. Ошондуктан баары биринчи нөөмөттө билим алчу, класстарда кысылып отурушчу. Эми болсо окуучуларды эки нөөмөткө бөлүп койдук. Ошондой эле балдарда күрөш жана волейбол боюнча спорт секцияларына катышууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул секциялар мектептеги ремонттон кийин ачылган. Мындан тышкары англис тилин жана комуз черткенди үйрөткөн курстар да пайда болду. Балдардын көңүлү жайдары, тамакка табити бар – бул үчүн абдан бактылуумун. Ата-энелер жана мугалимдер ыраазы. Алыскы аймакка колдоо көрсөткөнүңөр үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем. Анткени адатта алыста жайгашкан айылдар көңүл сыртында кала берет эмеспи.

 

Окшош материалы: