Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБЭММА директору Б. У. Салиевдин куттуктоосу

2020-01-13 / Көңүл чордонунда
ЖӨБЭММА директору Б. У. Салиевдин куттуктоосу

Урматтуу ЖӨБ органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү!

Кыргыз Республикасында ушуну менен үчүнчү жыл катары менен Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланып жатат. Ошентип жылдан жылга конкреттүү аймактагы өнүгүүнүн жыйынтыктары үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мойнуна жүктөлгөн жоопкерчилик да көбөйүүдө. Азыркы заман сиздерге жаңы сыноолорду даярдап, башкарууну санариптештирүүнү эске алуу менен, сиздерден башкаруунун жаңы көндүмдөрүн жана ыкмаларын колдонууну талап кылууда.

Санариптештирүү – бул бийлик ойлоп тапкан саясий талап эмес. Бул – дүйнө жүзүндө башкаруу органдарында иштеген жаңы реалдуулуктун талабы. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу да башкаруунун санарип усулдарына өтүүгө кадам таштады. “Санарип Аймак” системасын ишке киргизүү мында алгачкы этап болуп калмакчы.

2020-жылдын башынан бери “Санарип Аймак” системасынын программалык камсыздоосун даярдоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Март айында айрым шаарларда жана айылдарда практикалык тестирлөө башталат. Андан ары бул система бардык ЖӨБ органдарына киргизилет. Биринчи кезекте системаны киргизүү муниципалдык кызмат көрсөтүүдө ЖӨБ органдары менен жарандардын өз ара аракеттенүүсүн эффективдүү жана ачык-айкын кылууга багытталган. Бирок “Санарип Аймак” ЖӨБ органдарына административдик башкаруунун сапатын кескин көтөрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Биринчи кезекте сөз маалыматтарга негизделген пландоо тууралуу болуп жатат. Сиздер өткөн жылдын планына негизделген пландоо практикасынан түрдүү мазмундагы иш жүзүндөгү маалыматтарга таянган социалдык-экономикалык өнүгүүнү божомолдоо практикасына өтүшүңөр керек. Көп жылдар бою мамлекеттик органдардан түрдүү маалыматтарды алууда сиздердин мүмкүнчүлүгүңөр чектелүү болуп келген эле. Эми болсо “Санарип Аймак” түрдүү мамлекеттик түзүмдөр менен маалыматтарды натыйжалуу алмашууга жардам берет. Бул болсо сиздерге орто мөөнөттүү мезгилге мурдагыдан да ишенимдүү жана так өнүгүү божомолдорун түзүүгө жол ачат.

Санариптештирүүнүн дагы бир сыноосу – муниципалдык менчикти башкаруу боюнча электрондук соода аянтчасын түзүү пландалып жатат. Бул аянтча муниципалдык мүлккө укуктарды өткөрүп берүү процессин бир кыйла ачык-айкын, конкурстун негизинде кылат. Бул болсо өз кезегинде муниципалдык менчикке баалардын өсүшүнө жана жергиликтүү бюджеттердеги акчаны көбөйтүүгө алып келиши керек.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ЖӨБЭММА ЖӨБ органдарынын иш шарттарын жакшыртуу үчүн бир топ аракеттерди жасап келатат. Айталы, 2019-жылы калкынын саны 20 миңден ашкан ЖӨБ органдарында жергиликтүү кеңештердин бошотулган төрагаларын айлык акы менен камсыз кылуу үчүн финансы каражаттарын бөлүп берүү тууралуу маселе акыры оң жагына чечилди. Мындай кеңештерде жооптуу катчы кызматы да ачылды. Бул маселени чечүүгө үч жылдан ашык убакыт кетти. Бул мезгил аралыгында мыйзамдарга тийиштүү түзөтүүлөр киргизилип жаткан (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун колдоосу менен). 

Ошондой эле ЖӨБ органдарынын саясий жетекчилерине класстык чендерди ыйгаруу маселеси да чечилди. Мунун жоктугу көп жылдардан бери муниципалдык лидерлерге карата акыйкатсыз мамиле болуп келген эле. 2020-жылы ЖӨБ органдарынын потенциалын жогорулатып, алардын билим жана маалымат алуу булактарын кеңейтүү үчүн жаңы ресурс берилет. Бул – ЖӨБдүн мыкты практикалар порталы.

Мыйзамдарды үндөштүрүү чөйрөсүндө да чоң иштер башталды. 2019-жылдын башында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Кодексин иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеп, мына ушул иштерге старт берген. Ошондон бери КР Өкмөтүнүн жана эксперттердин, өнүгүү боюнча донорлордун аракети менен Кодекстин концепциясы даярдалып, бекитилди. Кодексти даярдоо процесси жигердүү жүрүүдө. Жакын арада Кодекс кеңири талкууга коюлат. Сиздер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү мына ошол талкуунун негизги катышуучуларынын бири болуп калышыңар керек.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу чоң реформалардын босогосунда турат. Бул чоң жолду басып өтүп, Кыргызстандын шаарларындагы жана айылдарындагы турмуш шартты чындап оңдой ала турган жыйынтыктарга жетүү үчүн болгон эркибизди, билимибизди колдонолу. Эң негизгиси – башкаруу системасынын маңызын жарандарыбыз баамдай алышы үчүн ЖӨБ органдары менен мамлекеттик органдардын ортосунда туруктуу, тыгыз байланыш түзүлүшү керек. Иштин жүрүшүндө пайда болчу бардык суроолор боюнча түз эле ЖӨБЭММАга да, “Муниципалитет” журналына да кайрылууну сунуш кылабыз. Бул журналда кыйынчылыктарды жана каталарды талкуулап, мыкты практика менен бөлүшүп, келечегибизди чогуу курабыз.

Жергиликтүү деңгээлде турмушту жакшыртуу – татаал, бирок жараткыч эмгек. Ошондуктан мен Сизге чың ден соолук, үй-бүлөңүз жана жакындарыңыздын арасында гармония жана жылуулук, ал эми Кыргызстандын жергиликтүү жамааттарынын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган асыл иштериңизге эбегейсиз ийгиликтерди каалап кетүүгө уруксат этиңиз.

САЛИЕВ Б. У., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору

Окшош материалы: