Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эл каттоону жергиликтүү бюджеттен каржылоо тууралуу

2019-06-17 / Юридикалык кеңеш

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзуна анын мүчөлөрүнөн – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан кайрылуулар түшүп жатат. Ал кайрылууларда ЖӨБ органдары райондук администрация башчыларынан кат алып жатышканы, ал катта Өкмөттүн токтомунда каралган иш-чараларды аткаруу үчүн акча бөлүү зарыл экени айтылат. Сөз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомунда каралган иш-чаралар тууралуу болууда.

«Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоону даярдоо, жүргүзүү, анын жыйынтык маалыматтарын иштеп чыгуу жана жарыялоо үчүн жооптуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана анын аймактык статистикалык бөлүмдөрү же алардын укук мураскорлору болуп саналат. Ошол эле маалда аталган Мыйзамдын 3-беренесинде эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү боюнча ишчараларды мамлекеттик бийлик органдары, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишке ашырат деп белгиленген.

Аталган Мыйзамды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтому кабыл алынган. Анын 9-10-пункттарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын токтом менен каралган иш-чараларга катышуусу макулдашуу боюнча аныкталган. Бул маселе боюнча Улуттук Статкомдун жана ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүп берүү зарыл. Ошондой эле «Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бекем сактоо керек. Ага ылайык, эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү боюнча иш-чараларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында ишке ашырат. Белгилүү болгондой, КР Конституциясынын 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принциптерине негизденет. Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт.

КР Конституциясынын 113-беренесинин 2- пунктуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар мыйзамдын же келишимдин негизинде берилиши мүмкүн. Ошол эле маалда “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-4-5-беренелеринде каралган талаптар сакталууга тийиш. Ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси менен мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө төмөнкү учурда уруксат берилет: мамлекеттик бийлик органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга зарыл болгон материалдык, финансылык же башка ресурстарды, анын ичинде максаттуу трансферттерди (субвенцияларды) республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке которуу менен өткөрүп берсе, буга уруксат берилет. Максаттуу трансферттер (субвенциялар) өзүнө адиске төлөнгөн эмгек акыны, жол чыгымдарын, адистин квалификациясын жогорулатуу үчүн окутууга чыгымдарды жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгон башка финансы чыгымдарын камтыйт. Жогоруда айтылгандарды эсепке алуу менен, эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча иш-чараларды Улуттук статистика комитети жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп бербегендиктен бул максатта жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү мыйзамдарга каршы келет жана бюджеттик каражатты максатсыз пайдалануу катары бааланышы мүмкүн.

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун, ЖӨБ Союзунун биргелешкен аракети менен даярдалды. Аларга “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору колдоо көрсөттү. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарат (ЭҮЖӨБОЖ Долбоору). Консультанттар: Бектурган ОРОЗБАЕВ, Нуржан КОЖОШЕВА, Нуржан МАМЫРАЛИЕВА

Окшош материалы: