Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Берилген ыйгарым укуктар боюнча отчеттуулук жөнүндө

2019-06-17 / Юридикалык кеңеш

Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча органдар жана ЖӨБ органдарынын башчыларынын отчеттуулугунун бекитилген формасы барбы? Мындай отчетту берүүнүн бекитилген тартиби барбы?

Отчеттуулуктун формасы, аны берүү мөөнөттөрү жана тартиби тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимде же мыйзамда белгилениши керек. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесине ылайык, мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчет беришет. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдарга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө документтерди жана башка маалыматтарды берүүгө, тиешелүү мамлекеттик органга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышынын натыйжалары жөнүндө отчетту өз убагында берүүгө милдеттүү. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү мамлекеттик органга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы жана аларды аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана каржылык каражаттардын пайдаланылышы тууралуу отчетторду берет.

Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген мөөнөттөрдө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы тууралуу отчетторду бербеген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамда же келишимде каралган жоопкерчиликти тартат. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын контролдоону тиешелүү мамлекеттик орган берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз ал дынча башкаруу органдарынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышынын натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу аркылуу жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 Токтому менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Типтүү келишим бекитилген. Аталган токтомдун 2-пунктуна ылайык, министрликтер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Типтүү келишимдин негизинде иштелип чыккан келишимге ылайык ишке ашырууга тийиш. Типтүү келишимдин 3.1-пунктуна ылайык, мамлекеттик орган мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүдө аны аткаруунун жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануунун натыйжалары жөнүндө маалымат берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын отчетторунун формаларын бекитүүгө укуктуу. Типтүү келишимдин 4.2-пунктуна ылайык, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы төм. милдеттүү: ай сайын (квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө мамлекеттик органга отчет берүүгө; квартал сайын (ай сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчет берүүгө милдеттүү.

Типтүү келишимдин 7.1-пунктуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт: ай сайын 10унан кечиктирбестен (квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту; квартал сайын 10унан кечиктирбестен (ай сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчетту. Типтүү келишимдин 8.4-пунктуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону тиешелүү мамлекеттик орган ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу аркылуу ишке ашырат.

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун, ЖӨБ Союзунун биргелешкен аракети менен даярдалды. Аларга “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору колдоо көрсөттү. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарат (ЭҮЖӨБОЖ Долбоору). Консультанттар: Бектурган ОРОЗБАЕВ, Нуржан КОЖОШЕВА, Нуржан МАМЫРАЛИЕВА

Окшош материалы: