Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кочкор-Ата мамлекеттик социалдык заказды киргизүүдө

2019-06-18 / Социалдык кызмат көрсөтүүлөр
Кочкор-Ата мамлекеттик социалдык заказды киргизүүдө

Кочкор-Ата поселогу 1952-жылы негизделген, районго (Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна) баш ийген шаар статусун 2003-жылдын 1-июнунда алган. Ал Избаскент мунай кенинин ачылышы менен пайда болгон. Жарым кылымдан ашык убакыт аралыгында аянты 485 гектар болгон бул палаталык шаар көп улуттуу, калкынын саны 15 миңге жеткен шаарга айланды.

Кочкор-Ата шаар тибиндеги поселок (штп) болгондон бери эле ал коопсуздугу көп жакшы эмес, ээнбаштык орун алган аймактардын катарына кирчү. Кошуна муниципалитеттердин тургундары зарыл иши болбосо, бул шаарга келүүгө батынчу эмес. Мындай бетке көө жапкан таанымалдуулук көпкө созулду. Бирок бүгүнкү күндө Кочкор-Ата – жаш, жашыл жана өнүгүп келаткан инфраструктурасы бар шаар. Кочкор-Атада 17 миңге жакын адам жашайт, анын 2 миңге жакынын балдар жана өспүрүмдөр түзөт. Аларга бири-бири менен мамиле түзгөндү үйрөтүү өтө маанилүү маселе. Бирок жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу өтө татаал иш, кылымдар бою коомчулук бул маселени чечүүнүн эң жакшы жолдорун издеп келатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн бул өзгөчө оор маселе. Себеби ал атайын билимди, жөндөмдүүлүктү, технологияларды, сабырдуулукту жана көп убакытты талап кылат. Бирок толтура иштен колу бошопогон мунциципалдык кызматчылардын убактысы ансыз да аз эмеспи.

Ошондуктан Кочкор-Ата мэриясы үчүн жаштардын жүрүм-турумуна байланышкан көйгөй жакшы белгилүү, бирок көптөн бери чечилбей келаткан маселеге айланган. 2018-жылдын башында Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри НЕМАТ уулу Жайнак мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө семинарга катышкан. Бул семинар “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин дараметин күчөтүү” Долбоорунун ал кагында өткөн. “Семинарда мамлекеттик социалдык заказ тууралуу билим алдым. КЭУ1 арасында конкурс жарыялап, муниципалдык заказды ишке ашыруу менен биз артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чече алаарыбызды билдим. Бул семинардын жардамы менен МСЗ, жаңы Мыйзам тууралуу толук маалымат алдым. Ошондо “Жаштардын жүрүмтурум маданияты өңдүү мэрия үчүн татаал маселени чечүүгө жардам берүү сунушу менен КЭУга кайрылып көрсөкпү?” деген ой пайда болду”.

Ал маалда жаңжалдардын көбөйүшү улуу муунду тынчсыздандырган маселелердин бири эле. Кошуна айылдардагы мектеп окуучулары арасында жапырт мушташтар (шаарда төрт мектеп бар), мектеп рэкетчилиги көрүнүшү күчөп, балдар жана өспүрүмдөр милициянын көзөмөлүндө болчу. Кочкор-Ата шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси, мэриядан МСЗ механизмин киргизүү боюнча долбоордун биринчи координатору Чыныгүл ТУРДУМАТОВАнын айтымында, 2018- жылы Кочкор-Ата шаардык мэриясы жүргүзгөн фокус-топтордун жыйынтыктары балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында терс көрүнүштөр кулач жайганын көрсөттү: “Мисалы, кылмыштуулук, тирешүүлөр, рэкетчилик, тартип бузуу, өз жанын кыюу аракеттери. Мунун баары ички багыттардын жоктугу, улуулардын көз салбаганы жана бош убакытты туура эмес пайдалануу өңдүү көрүнүштөрдүн кесепети болгон. Шаардын муктаждыктарын биргелешип аныктоо боюнча ишчараларды өткөргөн учурда дал ушул көйгөйдү шаардыктар эң артыкчылыктуу деп аташкан. Биздин маалыматыбыз боюнча, тобокелдик тобуна 140 бала кирет.

Бул биздин шаар үчүн өтө көп сан. Себеби балдар – биздин келечегибиз жана биз, улуулар алар үчүн жооптуубуз. Бирок айрым учурларда ата-энелер өздөрү билбей эле зыян келтирип алышууда: баланын укуктары бузулган учурда тартип коргоо органдарына кайрылышпайт, бул болсо кылмышты жашырып коюуга алып келүүдө. Шаарда китепкана, спорт комплекси, чакан футболдук аянтча, сейил бак, музыкалык мектеп, түрдүү ийримдер бар. Бирок аларга кыздар гана барат. Ал эми эркек балдар муштумдун күчү менен өзүн таанытууга умтулушат. Өспүрүм куракта көпчүлүк балдар сабакты калтыра башташат. Мунун натыйжасында бош убактысын туура эмес өткөрүп, ар кандай тартип бузуулардын жана кылмыштардын катышуучусу же уюштуруучусу болуп чыга келишет. Мектептердеги жогорку класстардын окуучулары жана шаардагы атайын орто окуу жайлардын студенттери катышкан жолугушуунун жүрүшүндө бош убакытты пайдалуу өткөрүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылды. Майрам күндөрү өткөрүлгөн иш-чараларга жана конкурстарга окууда ийгиликке жеткен жана таланттуу балдар гана катышып, тобокелдик тобундагы балдар болсо четте кала берет”.

Кеп-кеңештерди алып, семинарларга жана тренингдерге катышкандан кийин Кочкор-Ата ш. мэриясынын өкүлдөрү МСЗ механизми аркылуу коомдук-пайдалуу долбоорлорду аткаруунун маңызын жана анын пайдасын барган сайын көбүрөөк баамдай башташты. КЭУнун жардамы менен МСЗ аркылуу мэрия өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, тирешүүлөрдүн жана укук бузуулардын деңгээлин азайтуу максатын көздөгөн эле. Муну болсо балдардын бош убактысын туура уюштуруу жолу менен ишке ашырууну чечкен. Ошентип, долбоордук иш-чараларга ата-энелерди да тартуу тууралуу чечим кабыл алынды. Себеби ата-энелер мугалимдер менен тыгыз байланышта болсо жана балдарына талаптагыдай көз салып турса, кырдаал анчалык деле көйгөйлүү болбой калат эмеспи. 2018-жылы июнда Кочкор-Ата шаардык мэриясы коомдук-пайдалуу долбоорду ишке ашыруу үчүн коммерциялык эмес уюмдарды (КЭУ) тандап алууга конкурс жарыялаган. Бул долбоор шаардагы өспүрүмдөр жана жаштар арасында кылмыштуулукту, рэкетчиликти жана зомбулукту болтурбоого багытталган. Ошентип конкурстун жеңүүчүсү деп “Абад” коомдук фонду табылган. Аталган фонд коомдук-пайдалуу долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом алган.

Бул КЭУ берген өтүнмөнүн өзгөчөлүгү – бөлүнгөн акчанын жарымын фонд конкурстун жеңүүчүлөрү жана катышуучулары үчүн байгеге жумшоону пландаган. Ал эми бул конкурсту долбоордун соңку этабында өткөрмөк. “Абад” коомдук фондунун тренери Рахат БАРПИЕВА Кочкор-Ата мэриясынын каржылык көмөгү менен ишке ашкан коомдук-пайдалуу долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп өттү: “Биринчи кезектебиз мектептердеги муктаждыктарды аныктап, талдоо жүргүздүк. Бул изилдөөнүн жардамы менен өспүрүмдөр бош убактысын кантип өткөрүүнү каалай турганын, кайсы багытта иш алып барышыбыз керектигин биле алдык. Биз жасачу иш оңой эмес эле. Бул көйгөйдү чечүү үчүн сөздү да, ишаракеттерди да терең ойлонуп, дыкат мамиле жасашыбыз керек болчу. Биздин негизги максатыбыз – балдарды жаман жолдон кайтарып, алар өз жашоосу үчүн өздөрү жооптуу болгонун түшүндүрүп берүү болчу.

2019-жылдын башында биз шаардагы төрт мектепте “Жаштар дүйнөнү өзгөртөт” аттуу форумду өткөрдүк. Бул форумга 6-11-класстардын окуучулары катышты. Форумга Кочкор-Ата шаарындагы өспүрүмдөр жана жаштар иштери боюнча инспектор чакырылып, ал кылмыш жана анын кесепеттери тууралуу айтып берип, мисалдарды келтирди. Жакшы менен жамандын, ак менен каранын, кылмыш менен жазанын реалдуу мисалдары форумдун жаш катышуучуларына катуу таасир тийгизгени көрүнүп турду. Иш-чаранын соңунда алар суроолорду узатып, биздин пландарыбызга кызыгып, биз келтирген мисалдардагы адамдардын тагдыры тууралуу сурап жатышты”.

Иш-чарадан кийинки сезимдери менен №14 мектептин окуучулары Арууке БЕГИБАЕВА (11-класс) жана Ажар НАЙМАНОВА (10-класс) мындайча бөлүштү: “Кылмыштуулук жок дүйнө сонун болооруна көзүбүз жетти. Ар бир адам өз тагдырын өзү чечет. Эң негизгиси – бул алдыңа максат коюп, ага жете билүү. Ар бир кылмыштын  жазасы боло тургандыгы жана кандай болгондо да, эч качан жеңилбеш керек экендиги тууралуу бизге Ник Вуйчичтин1 тагдыры дем берди. Ал эч нерсеге карабастан чындап эле улуу инсан экен!”. “Жаштар дүйнөнү өзгөртөт” аттуу конкурс Долбоордун кийинки этабы болуп калды. Айчүрөк НАЗАРБАЕВА, конкурстук комиссиянын мүчөсү, мэриянын социалдык коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, МСЗ коомдук-пайдалуу долбоордун баштапкы этаптарында аткарылган иш аракеттер тууралуу төмөнкүлөрдү айтып өттү: “Биз мектептердин жетекчиликтери менен бардык сүйлөшүүлөргө катышканбыз. 2019-жылдын февраль-март айларында, апрелдин башында ар бир мектептен 100дөн окуучу кылмыштуулук жана жаза, убакытты натыйжалуу башкаруу, жеке максатты аныктап алуу, ага жетүү, мотивация ж.б. темаларга өткөн семинарларга катышты. Балдар мектептеги рэкетчилик, кылмышты алдын алуу, турмуш жолун туура тандоо, адамгерчилик, жакшылык жана жамандык темаларына тартылган тасмаларды өтө чоң кызыгуу менен көрүштү. Өз жүрүм-турумуна, жасаган иштерине башкача карай баштаганы алардын көздөрүнөн эле билинип турду. Тасмаларды көргөндөн кийин алар сюжетти талкуулашып, пикирлери жана тасмадан алган таасирлери менен бөлүшүп, каармандарга жан тартып жатышты. Ал эми бул балдар долбоорду ишке ашыруу үчүн тандалып алынганы, семинарларга жана тренингдерге катышып калуусу аларга дем берип, конкурска катышууга түрттү”.

Мыкты идеяларга жарыяланган конкурска Кочкор-Ата шаарындагы мектептердин жүз окуучусунан 150 эмгек түштү. Конкурс үч номинацияда өттү: сүрөттөр, колго жасалган эмгек жана дил баян. Конкурс “Жаштар дүйнөнү өзгөртөт” деген ураан алдында өттү. Конкурстук комиссиянын курамына ата-энелер, мэриянын, Сүрөтчүлөр союзунун жана “Абад” коомдук фондунун өкүлдөрү кирди. Комиссиянын чечими менен байгелүү орундар жана шыктандыруучу байгелер окуучулардын ишти аткаруу техникасын жана чеберчилигин эсепке алуу менен бөлүштүрүлдү. Биринчи орун 43 окуучуга, экинчи орун 27 окуучуга жана үчүнчү орун 15 окуучуга берилди. Алардын баары баалуу байгелерди, дипломдорду жана сертификаттарды алышты.

Жеңүүчүлөрдүн бири, Н.Исанов атындагы мектеп гимназиянын 9-классынын окуучусу Элчибек ОРОЗБЕКОВ долбоор ага абдан жардам бергенин, максатка жана мотивацияга байланыштуу маселелерди чечип алганын айтып берди: “Менин көптөн бери ойлонуп жүргөн идеям бар эле – робобокс жасагым келчү. Робобокс – таштанды жыйнаган робот. Мен бул идеямды ишке ашыра алдым. Ушул эмгегимдин арты менен бүгүн жеңүүчүлөрдүн катарына кошулдум. Эми менин дагы бир максатым бар: мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, Бишкекте же Москвада билим алып, инженер болгум келет. Азыр бош убактым аз эле. Атүгүл майрам күндөрү деле эс албайм. Адатта бош убактым болсо волейбол ойнойм же “Тамашоуга”1 даярданам. Биздин шаарда мага окшоп техникага кызыккан балдар үчүн борбор ачылса дейм. Ал жерде биз жөндөмдүүлүгүбүздү өнүктүрүп, чогулуп, талкуулап, идеяларыбызды ишке ашыра алмакпыз.

Биздин шаарда спорттун өнүгүүсү үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Бирок техникага же илимге кызыккан өспүрүмдөр үчүн эч нерсе жок. Ошондой эле шаарым таза болушун каалайт элем. Шаардын тургундары таштандыны тушкелди ыргытышпаса, ал эми мэрия таштанды үчүн урналар жана контейнерлер менен камсыз кылса жакшы болмок”. Ата-энелер да шаардык мэриянын эмгегин баалап, өз кезегинде балдарына көбүрөөк көңүл бураарын белгилешти. Шаар тургуну, №28 мектептин 9-классынын окуучусунун апасы Айгүл АБСАМАТОВА: “Балам семинардан кийин тасмаларды кантип талкуулашканын, өздөрү үчүн кандай тыянак чыгарышканын айтып берди. Биздин мэрия компьютер, спорт, чет тилдер боюнча кандайдыр бир секцияларды же ийримерди ачып берип, жаш муундун арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсө жакшы болмок эле. Коомубуздагы дагы бир көйгөй – бул миграция. Ата-энелер акча табуу үчүн балдарын туугандарына калтырып, чет өлкөгө кетүүгө мажбур болуп жатат. Балдар болсо ата-энесинин кароосу жок, өз билгенин кылып жатышат. Мындай балдар ойдогудай тарбия көрбөй, отоо чөптөй эле өсүп калат экен. Себеби ата-эненин мээримин, камкордугун, тарбиясын көрбөй өсүүдө. Өспүрүмдөр жана жаштар арасында кылмыштуулуктун, өз жанын кыйгандардын же баңгилердин көбөйүшү үчүн биз, улуулар күнөөлүүбүз. Социалдык педагогдор, ата-энелер, мугалимдер – биз баарыбыз биригип, балдарыбызды жаман жолдон буруп кетишибиз керек”. 

МСЗ боюнча алгачкы тажрыйбанын ийгиликтүү жыйынтыкталышы коомдук-пайдалуу долбоорду ишке ашыруу процессин жетектеген Кочкор-Ата шаардык мэриясынын кызматкерлерине дем берди. Эми 2019-жылы да бул багытта ишти улантып, жаштар менен иштөө боюнча дагы бир долбоорго заказ бергени жатышат. Кочкор-Ата мэриясынын Спорт, жаштар жана туризм бөлүмүнүн адиси Мыйзамбек АКМАТАЛИЕВ МСЗ механизми жаштарды тарбиялоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкандыгын айтты: “Алгачкы долбоордун алкагында жасалган иш уланышы керек. Ооба, бул долбоор ийгиликтүү болду, бирок бир эле долбоор менен туруктуулукка жете албайбыз да. Азыр биз ЮНИСЕФтин “Балдар менен жаштар үчүн ыңгайлуу Кыргызстан” долбоорунун конкурсуна катышып жатабыз. Долбоордун өнөктөшү болуп, инвестиция тартканды үйрөнөбүз деп ишенип турабыз. Биздин көп пландарыбыз бар. Мисалы, “Тамашоу” оюнун, мэрдин кубогу, “Мыкты жигит” ж.б. өңдүү көңүл ачуучу-өнүктүрүүчү спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүп турабыз. Жаштарда жаман ой пайда болбогудай, мындайга убактысы да болбой тургандай иш-чараларды өткөрүүнү каалайбыз. 2019-жылы мэрия жаштардын өнүгүүсү үчүн жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом бөлүп жатканын да белгилей кетээр элем”.

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИ, “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин дараметин күчөтүү” Долбоору үчүн