Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Улахол айылдык аймагындагы Оттук айылынын жаштары үчүн бош убакытты өткөрүүгө шарттар түзүлдү.

2019-04-04 / ЖӨБ кызматтары
Улахол айылдык аймагындагы Оттук айылынын жаштары үчүн бош убакытты өткөрүүгө шарттар түзүлдү.

Оттук айылы Улахол айылдык аймагындагы беш айылдын катарына кирет. Оттукта 2397 адам жашайт, алардын ичинде 512 адам – 25 жашка толо элек жаштар.

Оттук айылы салыштырмалуу чоң болгонуна карабастан, бул жерде бош убакытты туура өткөрүү үчүн шарттар түзүлгөн эмес. Мектепте спорттук жана жыйындар залы жок, окуучулар ар кандай иш-чараларды клубда өткөрүп келишет. Эскилиги жеткен клубда жылуулук берилбейт, мунун айынан кышында клубга жана китепканага эч ким кирчү эмес. Ошол себептен айылда окуучулар катыша ала тургандай түрдүү ийримдерди уюштурууга мүмкүнчүлүк жок болчу.

7-класстын окуучусу УРПАЛЫЕВА Аймончок буларды айтты: “Мен бала кезимден бери комуз чертем. Тилекке каршы, айылда комуз черткенди үйрөтчү мугалим да, ийримдер да болгон эмес. Мен жана классташтарым комуз черткенди үйрөнүш үчүн Гүлнара эженин үйүнө барчубуз. Ал бизди үй шарттарында эле окуткан. Бирок мындан да терең билим алыш үчүн бул жетишсиз эле жана мугалимге да ыңгайсыз болчу”.

Чогулушта Улахол айылдык аймагынын жашоочулары биринчи кезекте Оттук айылында бош убакытты өткөрүүгө шарттарды түзүш керек деген чечимге келишти. “Улахол ААнын Оттук айылынын жаштары жана өспүрүмдөрү үчүн бош убакытты эффективдүү өткөрүүгө шарттарды түзүү” боюнча кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн Долбоор 4 263 220 сомду бөлүп берди. Ал эми айыл өкмөтү кош-каржылоо катары 530 600 сом бөлдү. Бул каражатка клубдун жана китепкананын имараты толугу менен оңдолуп, жылуулук жана суу өткөрүлүп, музыкалык жана компьютердик жабдуулар сатып алынып, балдар аянтчасы курулуп, Интернет киргизилди. Комуз ийримин уюштуруу үчүн алты комуз сатып алынды.

Эми шарттар түзүлгөн клубда жана китепканада комуз боюнча ийрим өз ишин баштады. Бул ийримге 20 окуучу (11 кыз жана 9 бала) барат. Ошондой эле вокал боюнча да ийрим ачылып, ага 10 бала барат (алты бала жана төрт кыз). Мындан тышкары клубда ар кандай маданий иш-чаралар, мектептер ортосунда конкурстар, майрамдык концерттер, балдар үчүн көңүл ачуучу иш-чаралар өтүп турат. Ошондой эле элеттиктердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, жергиликтүү кеңештин катышуусунда коомдук угуулар өтөт. Оттук айылындагы китепканада окурмандар үчүн бардык шарттар түзүлүп, каалоочулар компьютерден маалыматты издей алышат. Бүгүнкү күндө китепканага ар түрдүү курактагы 616 окурман туруктуу келип турат. Алардын 402си аялдар, 239у өспүрүмдөр, 15 жашка толо элек 270 бала жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү беш бала бар. Бир жылдын ичинде Интернетти жана компьютерлерди колдонуп, балдар аянтчасына ойноо үчүн 4117 адам келди, алардын 2804ү – аялдар.

Китепканада облустагы бардык китепканачылардын жана райондук маданий бөлүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен элеттик китепканаларды өнүктүрүү боюнча облустук деңгээлдеги ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп турат. Мындан тышкары китепканада түрдүү иш-чаралар, семинарлар, “Мамлекеттик тилибизди сактайлы”, “Мыкты жаш китепканачы” өңдүү республикалык сынактарга даярдоочу иш-чаралар өтүп турат. Мекеме КР Билим берүү жана илим министрлиги өткөргөн эң мыкты жабдылган элеттик китепканага жарыялаган сынакка да катышты. Бул сынак Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында уюштурулган. Ошондой эле “Чогуу китеп окуйбуз” аттуу Долбоор боюнча семинар өткөрүлүп, ага мектепке бара элек балдар ата-энеси менен чогуу катышты. 7-класстын окуучусу Аймончок УРПАЛЫЕВА: “Клубду оңдогондон кийин комуз ийрими ачылаарын угаар замат эч ойлонбостон жазылдым. Эми жакшы шартта комуз черткенди үйрөнүп жатабыз. Ата-энем мага комуз сатып бербегендиктен, мен клубга тиешелүү комузду чертип жатам. Азыр комуз боюнча ийримдин алдыңкы окуучуларынын биримин жана облустук музыкалык сынакка катышып жатам. Байгелүү орун алам деп ишенип турам”.

6-класстын окуучусу Аяна КАРЫБЕКОВА: “Мен да комузга кызыгам. Клубга ремонт жасалганга чейин менде комуз черткенди үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк жок болчу. Мугалим да, аспаптар да жетишсиз эле. Азыр болсо комуз ийримине катышып жыргап калдым. Мугалимим мыкты комузчу болуу үчүн менде талант бар деп айтат”. Кызмат көрсөтүү туруктуу болушу үчүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттен төмөнкүдөй каржылоо бөлүндү: маянага – 196 634 сом; иш-чараларды өткөрүүгө – 24 000 сом; коммуналдык жана башка чыгашаларга – 23 133 сом. Шахмат боюнча ийримге балдарды кабыл алуу да башталды.

Окшош материалы: