Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кеңеш жана Бешик-Жон айылдык аймактарында тазалыкты сактоо үчүн кызмат көрсөтүүлөр уюштурулду

2019-04-04 / ЖӨБ кызматтары
Кеңеш жана Бешик-Жон айылдык аймактарында тазалыкты сактоо үчүн кызмат көрсөтүүлөр уюштурулду

Кеңеш айылдык аймагынын борборунда жайгашкан Совет айылында тазалыкты камсыз кылуу боюнча жергиликтүү калк үчүн жакшыртылган кызмат көрсөтүүнүн ачылыш аземи өттү.

Ошондой эле Кеңеш менен Бешик-Жон айылдык аймактары ортосундагы муниципалитеттер аралык кызматташтык боюнча жумуштар менен тааныштырышты. Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча аракеттер планы “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун финансылык колдоосу алдында ишке ашырылды. Аталган долбоорду Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана ХЕЛВЕТАС менен Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырууда. Салтанаттуу аземге мамлекеттик администрациянын башчысы – Базар-Коргон районунун акими А.К.БЕГИМКУЛОВ, Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.ӨМҮРЗАКОВ, Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы жана депутаттары, “Кеңеш-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, долбоордун кызматкерлери жана айылдын тургундары катышты. Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр боюнча муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Кеңеш жана Бешик-Жон айылдык аймактары аракеттер планын (КЖАП) иштеп чыгышкан. Буга чейин мындай кызмат көрсөтүү болбогондуктан жана катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу боюнча тиешелүү шарттар түзүлбөгөндүктөн, жергиликтүү калк таштандыны көчөлөрдө, дарыялардын боюнда, ошондой эле коомдук жайларда ыргытып келген. Натыйжада аймактагы санитардык-экологиялык абал начарлап, бул биринчи кезекте калк арасында жугуштуу оорулардын өсүшүнө таасирин тийгизген.

Техникалык грант катары ЖДКЖ долбоору төмөнкүдөй каражатты бөлгөн:

• калкка сапаттуу жана туруктуу кызмат көрсөтүү үчүн АӨ адистеринин, айылдык кеңештин депутаттарынын, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн потенциалын жогорулатууга – 63 180 сом,

• тиешелүү документтерди даярдоо жана эксперттерди жалдоо үчүн – 173 600 сом,

• КЖАПтын алкагында жасалган иштерди баалоо үчүн биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун түзүү үчүн – 12 300 сом.

Жалпысынан Кеңеш айыл өкмөтү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча үч ишаракеттер планын даярдады. Бул КЖАПтар Долбоордун гранттык комиссиясына тапшырылып, Кеңеш айылдык аймагынын калкы үчүн катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер Планы колдоого алынды. КЖАПтын жалпы бюджети 478 230 сомду түздү. Алардын ичинен грант катары 418 230 сом жана Кеңеш айыл өкмөтүнүн өз салымы катары 60 000 сом бөлүндү. Кеңеш айылдык аймагында КЖАПты ишке ашыруунун алкагында таштанды контейнерлери үчүн 14 жер аныкталып, тегерек-чети тосмолонду. Бул тосмолордун жардамы менен чогулган таштанды айылдын аймагына жетпейт, муну менен санитардык-экологиялык чөйрө да оңолот. Натыйжада жергиликтүү калк үчүн таштанды жыйноо жана чыгаруу үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлдү.

Ошондой эле “Кеңеш жана Бешик-Жон калкы үчүн таштанды жыйноо жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү” деп аталган иш-аракеттер Планы муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын алкагында колдоого алынды. КЖАПтын жалпы бюджети 5 777 644 сомду түздү. Анын ичинен грант катары 5 000 000 сом, Кеңеш айыл өкмөтүнүн өз салымы катары 458 072 сом, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн өз салымы катары 319 572 сом бөлүндү. КЖАПты ишке ашыруунун жүрүшүндө таштанды чогултуу үчүн КО-440-2 ГАЗ-3309 үлгүсүндөгү атайын машине сатып алынды. Кеңеш АА үчүн 42 темир контейнер, Бешик-Жон АА үчүн 36 контейнер сатып алынды. Кеңеш айылдык аймагынын Могол-Коргон айылында аянты 3 гектар болгон таштанды полигону темир кашаа менен тосулду. Полигондун аймагында келечекте таштандыны кайра иштетүү боюнча шарттарды түзүү үчүн түнкү жарык орнотулду. Натыйжада Кеңеш ААнын 30 577 тургуну, БешикЖон ААнын 13 180 тургуну үчүн, ошондой эле 145 социалдык объект жана 288 үй кожолук үчүн катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү жакшыртылды. Бул кызмат кантип көрсөтүлүп жатканына биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу туруктуу көз салып турат. 2018-жылдын 22-октябрында Кеңеш жана БешикЖон айылдык кеңештеринин депутаттары муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык боюнча маселелерди талкуулап, бекитишти.

ТУРДУКУЛОВ Медет, Совет айылынын айыл башчысы: “ЖДКЖ Долбоорунун жардамы менен курулган, таштанды чогултуу үчүн 14 тосмолонгон аянтча, ошондой эле сатып алынган таштанды контейнерлери калктын турмуш сапатын бир кыйла оңдоду. Айлана-чөйрө, көчөлөр таза болуп калды. Биз жашаган аймак кантип өзгөрүп жатканын көргөндө ичибиз жылыйт”. КЖАПты ишке ашыруунун алкагында “Кеңеш-Тазалык” аттуу муниципалдык ишкана ачылып, ишкана менен Кеңеш айыл өкмөтү ортосунда, ишкана менен абоненттер ортосунда таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү боюнча кызматташтык тууралуу келишимдер түзүлдү. Бул келишимдерде тараптардын бардык укуктары жана милдеттенмелери көрсөтүлгөн. Ишканага абоненттер менен иштөө үчүн атайын биллингдик программа менен оргтехника берилген. Кеңеш жана Бешик-Жон айылдык аймактарынын жашоочуларынын катышуусунда өткөн коомдук угууларда КТК чыгаруу жана жыйноого тарифтер талкууланып, жактырылды. Ишкананын материалдык-техникалык базасын бекемдеп, жумушчуларга талаптагыдай шарттарды түзүп берүү үчүн атайын жай, аспаптар, ширетүүчү аппарат, муниципалдык ишкананын кызматкерлери үчүн атайын кийим бөлүндү.

Жарандар Кеңеш айыл өкмөтү коомдук угууларды өткөргөнүн тастыктап, бул угууларда бардык каалоочулар өз суроолоруна толук жооп алганын, таштандыны жыйноо, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүү тууралуу, муниципалдык ишкананын иши, тарифтер, келишимдер, анын ичинде ЖДКЖ Долбоорунун алкагында өткөрүлгөн бардык иш-чаралар тууралуу маалыматка ээ болушканын айтышты.

Окшош материалы: