Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Регионалдык | мейкиндиктик пландоонун Европа хартиясы тууралуу

2019-03-13 / Мейкиндиктик пландоо

Регионалдык/мейкиндиктик пландоо тууралуу Европа хартиясы 1983-жылдын 20-майында Торремолинос шаарында (Испания) мейкиндикти пландоо министрлеринин VI Конференциясында кабыл алынган.

Хартия мейкиндикти өнүктүрүү боюнча алгачкы документ болуп саналат. Бул документ андан аркы изилдөөлөрдүн жана түрдүү деңгээлдердеги эл аралык жолугушуулардын негизги темасын аныктаган. Хартия “Европа континентинин туруктуу мейкиндиктик өнүктүрүүнүн негиз салуучу принциптерин” иштеп чыгууда база болуп берген. 2-пунктта мындай деп белгиленген: “Негиз салуучу принциптер” Регионалдык/мейкиндиктик пландоо тууралуу Европа хартиясынын жоболоруна таянат (Торремолинос Хартиясы, 1983-жыл). Хартия улуттук жана европалык саясаттардын принциптерин киргизет. Бул саясаттар ошол маалда ЕБга мүчө 22 мамлекет үчүн Европанын мейкиндиктик уюмдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыкты. Ошондой эле айрым мамлекеттердин чек арасынын алкагынан чыккан көйгөйлөрдү чечүү максатын көздөйт”. Ошондой эле 82-пунктта төмөнкүлөр белгиленет: “1983-жылы эле Регионалдык/мейкиндиктик пландоо тууралуу Европа хартиясы жарандардын мейкиндиктик пландоо процессине жигердүү катышууга болгон муктаждыгына көңүлдү бурган.

Ошондон берки жылдар бул муктаждыкты тастыктады. Мындан тышкары жергиликтүү, регионалдык жана аймактар аралык долбоорлорго катышуу, бейөкмөт уюмдар (NGO) аркылуу европалык коомчулукту жана социалдык-экономикалык агенттерди тартуу зарылчылыгы пайда болду. Процесстин эрте баскычында алардын катышуусу пландоо процессинин мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүгө, өндүрүмдүү эмес инвестициялардан оолак болууга салым кошот. Жергиликтүү жана регионалдык демилгелер ийгиликтүү болушу үчүн социалдык мунаса маанилүү. Аны менен катар тышкы инвесторлор жана агенттер үчүн жигердүү чөйрөнү түзөт. Жаш муундун пландоо процессине катышуусу жарандардын өзүнүн кичи Мекенин узак мөөнөттүү пландоого кызыгуусун арттырып, эффективдүү чыгармачыл катышууга түртөт. Мунун баары жарандардын бирдиктүү Европа идеясын кабыл алуусуна өбөлгө болот”. Ошондой эле Хартия “Мейкиндиктик өнүктүрүүнүн Европалык перспективаларынын” заманбап версиясынын концептуалдык мазмунуна да чоң таасирин тийгизди. Регионалдык/мейкиндиктик пландоонун Хартиясы Европалык мейкиндиктик пландоо жаатындагы алгачкы колдонмо болуп саналат. 1983-жылдан бери ал Европа кеңешинин Министрлер кабинети тарабынан ЕБга мүчө мамлекеттер үчүн Сунуштамаларга толук түрүндө кошулган. Документте биринчи жолу негизги жалпы европалык максаттар аныкталган. Бул максаттар мейкиндиктик пландоо, Европада жашоо сапатын өркүндөтүү, адамдык жигердүүлүктү уюштуруу саясатынын өзөгүн түзүшү керек.

http://vasilievaa. narod.ru/mu/csipfo/ kpr/frames/guide/ erchapregspatplann.htm сайтындагы материалдар боюнча даярдалды