Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

АЙМАКТАРДЫН ФОРУМУ: Кыргыз Республикасынын аймактарынын экономикалык өнүгүүсүндө ЖӨБдүн мүмкүнчүлүктөрү

2019-01-27 / ЖӨБ тажрыйбасы
АЙМАКТАРДЫН ФОРУМУ: Кыргыз Республикасынын аймактарынын экономикалык өнүгүүсүндө  ЖӨБдүн мүмкүнчүлүктөрү

2018-жылдын 5-ноябрында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору кезектеги Аймактардын форумун өткөрдү. Форумга Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы 50 ЖӨБ органынан айыл өкмөт башчылары, шаарлардын мэрлери жана жергиликтүү кеңештердин төрагалары катышты. Иш-чарага ошондой эле КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөт Аппаратынын өкүлдөрү, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Дональд ЛУ, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Форумдун катышуучулары Кыргыз Республикасынын аймактарынын экономикалык өнүгүүсүндө ЖӨБдүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ишчарага 157 адам катышты.

Форумдун негизги максаттары:

  •  Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкарууну бекемдөө боюнча мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү менен муниципалитеттердин ортосундагы диалогго көмөктөшүү;
  •  Кыргыз Республикасынын муниципалитеттери ортосунда тажрыйба алмашуу;
  •  ЖӨБ органдарынын жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрү жаатындагы мыкты практикалар менен тааныштыруу

Аймактардын форумун КР Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр ИМАНАЛИЕВ ачып, элеттик муниципалитеттердин экономикалык өнүүгүсүнүн маанисин баса белгиледи. Ошондой эле Данияр ИМАНАЛИЕВ жергиликтүү бюджеттерди башкаруу сапатын жогорулатууда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аспаптарын киргизүүдө жана жеке ишкерликти өнүктүрүүдө USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору ЖӨБ органдарына олуттуу колдоо көрсөтүп келатканын белгилеп өттү. АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд ЛУ Форумдун катышуучулары менен учурашкан соң Он-Эки-Бел айылдык аймагындагы жергиликтүү демилге тууралуу кененирээк айтып берди: "Чогултулган каражаттын жардамы менен алар эсептегичтерди орнотуп, тейлөөнү жолго салып, суу менен жабдуу системасынын ишин камсыз кылуу максатында кесипкөй адистерди жалдашты. Аймак үчүн бул чоң ийгилик. Мындан дагы жакшысы – алар башка алты аймак менен үйрөнгөндөрүн ушул жерде айтып беришүүдө. Бул окуялар эмне үчүн өз жамаатыңыздын лидери болуу тууралуу чечим кабыл алганыңызды бизге баяндоодо. Биз региондорду өнүктүрүү жана административдикаймактык реформаны жүргүзүү боюнча Өкмөттүн стратегиясын колдоого даярбыз. Мен Он-Эки-Бел аймагына барып, алардын тунук суусун ичким келет. Баарыбыз чогуу иш алып барып, ушул ийгиликти бардык аймактарда, айылдарда жана шаарларда жайылта алабыз деп ишенем”.

Данияр ИМАНАЛИЕВ жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Дональд ЛУ эки жылдан бери USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору менен кызматташып келаткан активисттерге жана жумушчу комиссияларга ыраазычылык каттарын тапшырышты. Сыйлыктарды төмөнкүлөр алышты:

  •  Дархан айыл өкмөтүнүн жумушчу комиссиясы;
  •  Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жумушчу комиссиясы;
  •  Жаркынай АМАНТУРОВА, Теплоключенка айыл өкмөтүнүн адиси;
  •  Айгуль ОРУНБАЕВА, Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
  •  Сарыгул КАЗИЕВ, Кош-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары;

  • Вахиджон АЛИМЖАНОВ, Ырыс айылдык аймагынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы;
  •  Шукурилло ГАФФАРОВ, Мирмахмудов айылдык аймагынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун жетекчиси Роберт БОДО да окуу сапарына арналган мыкты дилбаянга жарыяланган конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлады. Бул конкурсту Долбоор 2018-жылдын август айында 32 өнөктөш айыл өкмөттүн өкүлдөрү үчүн уюштурган. Сыйлыктарды төмөнкүлөр алды:

  •  Жумалы БУРКАНОВ, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
  •  Бактыгүл ДЖУМАБАЕ-ВА, Теплоключенка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
  •  Үсөн МАТКАЛЫКОВ, Исанов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары. Бул блокто форумдун катышуучулары аларды кызыктырган чөйрөдө өз суроолорун узата алышты. Ал чөйрөлөр: жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн, жергиликтүү бюджеттердин мүмкүнчүлүктөрү жана жергиликтүү деңгээлде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруудагы мүмкүнчүлүктөр. Суроолорго жооп берүү үчүн өнөктөш уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чакырылды:
  •  Рейна КУРМАНКОЖОЕВА, айыл өкмөттөрдүн Кепилдик фондунун тобокелдик-менеджери,
  •  Надежда ДОБРЕЦОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы;
  •  Зарина ЧЕКИРБАЕВА, КРдагы Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору;
  •  Сыймыкбек НУРУНБЕТОВ, КР Финансы министрлигинин Бюджет аралык мамилелер боюнча башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу
  •  Кубанычбек ТЕМИРБАЕВ, КР Мамлекеттик салык инспекциясынын башкы инспектору.

Муниципалитеттердин өкүлдөрү өз айыл өкмөтүнө инвестицияларды тартуу, жер-жерлерде жеке ишкерчиликке байланышкан кырдаалды жакшыртуу жолдоруна, субсидияларга, курулушка тендерлерди өткөрүү, салык ж.б. маселелерге кызыгышты. Андан соң үч айыл өкмөттүн өкүлдөрү салыкты администрациялоону жолго салуунун эсебинен муниципалдык бюджеттердин кирешесин жогорулатуу, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында башкаруунун алдыңкы усулдарын киргизүү боюнча мыкты практикалары менен бөлүштү.

Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн тажрыйбасы: элди таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Он-Эки-Бел айылдык аймагы – Ош облусунун Ноокат районунун эл жыш жашаган аймактарынын бири. Аймак 928 үй кожолуктан турат, тургундардын жалпы саны – 6 000. Ичүүчү суу менен камсыздоо жергиликтүү бийлик үчүн биринчи кезекте чечилиши керек болгон тапшырмалардын бири. Себеби элдин жарымы сууну каналдардан жана булганыч дарыялардан алууда. Суу менен жабдуу инфраструктурасы совет мезгилинде эле курулган. Ар бир көчөдө колонкалар бар болгону менен, алардын көпчүлүгү иштебейт. Жергиликтүү калк кырдаалды өзгөртүүгө даяр эмес болчу. Себеби ичүүчү сууну айыл чарбасы жана бакчылык үчүн колдонуп келген. Жергиликтүү тургундар сууну өз багыты боюнча колдонбогону аз келгенсип, бул үчүн акы да төлөчү эмес. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору менен иш башталганда бул багыттагы негизги көйгөйлөр аныкталды:

  • элде суу үчүн акы төлөөгө каалоо жок;
  •  эл сууну ачык (корголбогон) көлмөлөрдөн пайдаланууда;
  •  ичеги-карын оорулары көбөйүп жатат;
  •  дарыялардан жана каналдардан алынган сууну колдонуунун коркунучтары тууралуу элде билими жок

Маселени чечүү жолдору

Ичүүчү суу менен жабдууга байланышкан кырдаал бара-бара 2009-жылдан тартып оңоло баштады. Бул жылы Жигитали РАХМАНОВ Он-ЭкиБел айылдык аймагындагы “Нарай-Су” Таза суу керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин төрагасы болуп дайындалган. Жигитали РАХМАНОВ айылдык райондорду ичүүчү суу менен камсыздоо чөйрөсүндө өз тажрыйбасы жана билими менен кеңири таанылган. Бирикмени туруктуу иштетүү жана ар бир үй кожолукту таза суу менен камсыздоо РАХМАНОВДУН негизги максаты болгон. Бул максатка жетүү үчүн ал көп жылдар бою жергиликтүү калк, бийлик органдары жана донордук уюмдар менен тыгыз иш алып барды. Ичүүчү суу менен туруктуу жабдууну камсыздоо максатында Жигитали РАХМАНОВ жергиликтүү элдин ишенимине ээ болушу керек эле. Себеби эл дарыядан алынган суу менен түтүктөрдөн келген суунун сапатында эч кандай айырманы көргөн эмес. Мындай кырдаалды өзгөртүү үчүн Жигитали РАХМАНОВ аймактагы алты айылдын абройлуу аксакалдарын өз эсебинен дарыянын башына алып барды. Бул сапардын жүрүшүндө аксакалдар эл ичип жүргөн дарыянын боюнда үйүлгөн таштандыны көрө алышты. Жигитали РАХМАНОВ дарыядан алынган суу ичүүгө жараксыз экенин, жергиликтүү элдин, өзгөчө кичинекей балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизерин айтып, бул сөздөрүнө ишенимдүү жүйөлөрдү келтирди. Даана салыштыруу үчүн ал Бирикменин жакшы иштеп жаткан суу түтүктөрүн жана суу тазалоочу резервуарын көрсөтүп берди. Суунун сапатында олуттуу айырманы көргөн соң аксакалдар Бирикмени колдоого алышып, жарандарды ар бир үй кожолукта жеке суу өлчөгүчтөрдү орнотууга жана ичүүчү суу үчүн акы төлөөгө көндүрө алышты.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эмнелерди жасашты?

  •  Айыл өкмөтү тарифти эсептеп чыкты. Суу өлчөгүчтөр аркылуу тариф 10 сом 60 тыйын болуп калды. Көчөдөгү колонкалардан алынган суу үчүн тариф 15 сом, ишканалар үчүн 12 сом 70 тыйын болду (мурда сууну көчөлөрдөгү колонкалардан ташып ичкендер үчүн акы 5 сом, чарбакта 15 сом, эсептегичтер боюнча 9 сом болчу).
  •  Айыл өкмөтү тарифти жергиликтүү эл менен биргелешип талкуулады.
  •  Жергиликтүү кеңеш тарифти бекитип берди

Ошондой эле Бирикме жергиликтүү бийликтен да колдоо тапты. Суу менен жабдуу эрежелери тууралуу маалыматты эл арасында таратууда айыл өкмөтү Бирикмеге колдоо көрсөтүп келатат. Мындан тышкары Бирикме көз карандысыз ишжүргүзүп, акы алышы керек деген жүйөгө айыл өкмөтү макул болду. Жергиликтүү кеңеш ичүүчү суунун баасын тарифтерди эсептөөнүн негизинде бекитти. Ал эми тарифтер USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун колдоосу алдында эсептелип чыккан. Мындан тышкары жергиликтүү кеңеш Бирикмеге көчөлөрдөгү колонкаларды жабууга уруксат берди. Бул колонкалардын айынан суу өтө ысырап болуп жаткан эле. Бирикме USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору менен тыгыз кызматташты. Адегенде ичүүчү суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүлөрү боюнча ченемдик-укуктук документтер менен таанышып чыгып, анализдешти. Мындай анализ Бирикмеге финансылык башкарууну жакшыртууга, өзгөчө өз кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатууга жардам берди. Өз кезегинде маянанын жогору болгону кесипкөй кызматкерлерди ишке алууга шарт түздү. Мунун натыйжасына сапаттуу кызмат көрсөтүүдө Бирикменин эффективдүүлүгү да жогорулады.

Ошондой эле USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору Бирикмеге сууну керектөөдө экономикалык жактан эффективдүү тарифти эсептеп чыгууга жардам берди. Бул тариф сууну колдонуунун өлчөмдөрү тууралуу объективдүү маалыматка негизделген. Бул болсо дагы бир жакшы өзгөрүүгө көмөктөштү – Бирикме тарифтердин эки башка категориясын киргизди: а) жашоочулардын сууну жеке керектегени үчүн жана б) юридикалык жактардын сууну коммерциялык муктаждыкка керектегени үчүн.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун колдоосу менен айыл өкмөтү жана Бирикме кызмат көрсөтүүнү эффективдүү башкаруу боюнча төмөнкүдөй билим алышты:

  • суунун сапаты санитардык нормаларга шайкеш келиши керектиги тууралуу;
  •  сууну жеткирүү кызмат көрсөтүүсүнүн баасы бардык чыгашаларды жабышы керектиги тууралуу;
  •  суунун баасы нормативдерге ылайык эсептелиши керектиги тууралуу;
  •  кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөргө бул ишти жасоо акча жагынан пайда алып келе тургандай шарттарды түзүшү керектиги тууралуу;
  •  калк тарифтин баасын талкуулоого жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоого катышуусу зарыл экени тууралуу.

Маселени чечүүнүн ыкмалары:

  •  аксакалдардын жана айылдын абройлуу адамдарынын суунун булагына жеткирүүнү уюштуруу;
  •  каналдан алынган суунун зыяны тууралуу түшүндүрүү иштерин жигердүү уюштуруу жана өткөрүү;
  •  айыл өкмөтү тарабынан колдоо;
  •  суунун тарифинин көлөмүн эл менен чогуу талкуулоо;
  •  суунун реалдуу чыгашасы үчүн акы алуу жана суу өлчөгүчтөрдү пайдалануу практикасын киргизүү.

​Жыйынтыгы жана билим, практика менен бөлүшүү

2018-жылы Он-Эки-Бел айылдык аймагындагы алты айылга тең таза ичүүчү суу жетти. 938 үй кожолуктун ичинен 600 түтүнгө суу өлчөгүчтөр орнотулуп, алар бекитилген тариф боюнча туруктуу акы төлөп келатышат. Бирикмеде алты адам иштейт, алар жашоочуларды ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоодо. Кошуна аймактарды колдоо максатында Бирикменин кызматкерлери өз билими жана тажрыйбасы менен бөлүшүп турушат. 2018-жылдын июль айында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору “Нарай-Су” Таза суу керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин төрагасы Жигитали РАХМАНОВдун катышуусу менен тажрыйба алмашуу боюнча сесссияны уюштурган. Жигитали РАХМАНОВ жана Бирикменин бухгалтери Мамажакып ТАЖИБАЕВ айыл өкмөттүн артыкчылыктуу маселелерин чечүүгө, айталы, тарифтерди эсептөө жана үй кожолуктарында суу эсептегичтерди орнотуу зарылчылыгын талкуулоого жарандарды тартуунун маанисин баса белгилешти. Алар Исанов, Кеңеш, Зулпуев, Кара-Таш, Мирмахмудов жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөттөрүндөгү кесиптештерине өз тажрыйбалары тууралуу айтып беришти. 2018-жылдын ноябрь айында Аймактардын форумунда Жигитали РАХМАНОВ Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарындагы 50 муниципалитеттин өкүлдөрүнө өз тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Кара-Таш айыл өкмөтү: “Кара-Таш айылдык аймагынын бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү” Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Кара-Таш – Ош облусунун Ноокат районундагы эл жыш жайгашкан алыскы айылдык аймак. Элдин саны 13 миңден ашат жана 2523 үй кожолук бар. Кара-Таш аймагы өкмөттүн чектелүү дотацияларына толук көз каранды. Жергиликтүү тургундар үчүн кирешенин негизги булагы – айыл чарбасы. Бул аймакта бир нече чакан ишкана иштейт. Бирок жалпысынан алганда ишкерлик сектору начар өнүккөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарын эптеп бөлүштүрүшөт. Ошондуктан жергиликтүү бюджетке кошумча киреше булактарын табууга муктаждык чоң

Маселени чечуу

Кара-Таш айыл өкмөтү жарандарга эффективдүү жергиликтүү кызматтарды көрсөтүү максатында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору менен 2018-жылдын башынан тартып кызматташа баштаган. Бул өнөктөштүктүн алкагында айыл өкмөтү жумушчу комиссияны түзүп, анын курамына жигердүү жарандар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү киришти. Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү Долбоордун тренингдерине жана семинарларына катышып, алардын бири жергиликтүү бюджетке түшкөн каражаттарын бар болгон булактарын аныктоого арналган. Андан соң жумушчу комиссия жаратылыш ресурстары үчүн акы алуунун ыкмасын аныктады. Жер астындагы суу айылдын маанилүү жаратылыш ресурстарынын бири болуп саналат. Ноокат шаарынын жана кошуна Мирмахмудов менен Гүлистан айылдык аймактарынын жашоочулары сууну Кара-Таштын булактарынан алышат. Себеби бул булактарда суунун сапаты өтө жогору. Жашоочулар сууну акысыз колдонуп келишкен. Кара-Таш айыл өкмөтү жер астындагы суу менен жабдуу үчүн акы киргизүү зарыл деп чечти. Себеби жер астындагы суу “минералдык ресурстар” категориясына кирет. Бул болсо айыл өкмөтүнө улукттук мыйзамдык жоболорго жана нормаларга ылайык акы алуу укугун берүүдө. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 310-беренесине ылайык, алынган акчанын 50% жергиликтүү бюджетке которууга уруксат берилет.

Акы чогултууну камсыздоо үчүн Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жумушчу комиссиясы Ноокат райондук салык кызматына, КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жана “Ноокат сууканалына” тастыктоочу документтерди жана суроо-талапты жиберген. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети бул маселени жактырып, Кара-Таш айыл өкмөтүнө суу керектөөчүлөр менен келишимдерди түзүүгө уруксат берген. Өз кезегинде “Ноокат сууканалы” 2018-жылдын 11-сентябрынан тартып чегерүүлөрдү жасап турууга макулдугун берди.

Маселени чечүү жана келечекте болчу жыйынтык

Жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнүн жергиликтүү демилгесинин натыйжасында жана USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун эксперттеринин колдоосу менен Кара-Таш айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттин туруктуулугуна карай алгачкы кадамдарды жасай баштады. Алар дын бири – жыл сайын бир керектөөчүдөн – “Ноокат сууканалы” ишканасынан 178 176 сом алып туруу. Келечекте Кара-Таш айыл өкмөтү ушундай эле практиканы дагы эки керектөөчүгө карата колдонууну пландап жатат. Киреше алып келген жаңы ресурстун жардамы менен айыл өкмөттүн бюджети көбөйүп, мурдагыдан да диверсификацияланган болуп калмакчы. Бюджеттик каражаттардын туруктуу жана үзгүлтүксүз агымы бюджетти алдын ала пландоо жана түзүү үчүн мүмкүнчүлүк берет. Муну менен мамлекеттик бюджеттен берилчү субсидияларга көз карандуулук азаят. Кирешенин кошумча булагы Кара-Таш айыл өкмөтүнө жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга жана көбүрөөк жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жол ачмакчы.

Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтү: жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдө уюштуруу

Аймактардын форумунда Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Майрамбек АСАНБАЕВ Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын даярдоо жана аны иш жүзүндө колдонуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле АСАНБАЕВ бул методиканы үйрөтүү процесси, ишке ашыруунун негизги кадамдары жана алгачкы жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын колдонууда алынган жыйынтыктын бири – элге ичүүчү жана сугат суу жеткирүү боюнча муниципалдык ишкананын ачылышы. Муниципалитет адегенде Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгып, аны ишке ашыруу боюнча жумушчу комиссияны түздү.

Стратегияда кызмат көрсөтүүлөрдүн беш багыты артыкчылыктуу катары аныкталды:

  • кызмат көрсөтүүлөр (ичүүчү, сугат суу, таштанды чыгаруу) боюнча муниципалдык ишкананы ачуу;
  •  спорттук секциялар;
  •  ветеринардык кызмат;
  •  ички жолдорду оңдоо;
  •  чыгармачыл ийримдерди уюштуруу.

Андан соң айыл өкмөтү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча Иш-аракеттер планын иштеп чыкты. Анын алкагында:

  • кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары иштелип чыкты;
  •  кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы эсептелинип, эл менен макулдашылды;
  • жергиликтүү кеңеш кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифин бекитти;
  •  Стратегияны ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы түзүлдү.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун алкагында жумушчу комиссиянын мүчөлөрү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу методологиясын үйрөнүштү. Долбоордун консультанттары Стратегияны даярдоого жардам берип, ушул кезге чейин консультациялык жардам берип келатышат. Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын эсептөө методикасына, келишимди туура түзүүгө, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгууга үйрөткөн окуулар уюштурулду. Ишкана 2018-жылдын август айынан баштап кызмат көрсөтө баштады.

Алгачкы жыйынтыктар

2018-жылдын соңунда айылдык аймакта муниципалдык ишкана түзүлүп, кызмат көрсөтүү тууралуу АӨ менен муниципалдык ишкананын ортосунда, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар менен келишимдерге кол коюлду. Муниципалдык ишкананын кызмат көрсөтүүлөрүнө кеткен чыгашаларга жергиликтүү бюджеттен субсидия берүү каралып, бул чечимди айылдык кеңеш бекитти. Кум-Дөбө айылы үчүн ичүүчү суунун тарифи 29 сомду, Ажар айылы үчүн 32 сомду, Шамшы айылы үчүн 25 сомду түздү. Тариф бир айга субсидияларды (ар бир тургунга) эсепке алуу менен эсептелинди. Абоненттер менен келишимдерге кол коюлуп, кызмат көрсөтүлө баштады. Таштанды чыгаруу боюнча тариф субсидияларды эсепке алганда, ар бир короодон ай сайын 8 сомду түздү. Абоненттер менен келишимдерге кол коюлуп, кызмат көрсөтүлө баштады. Айылдык аймакта сугат суу боюнча тариф субсидияларды эсепке алуу менен, жыл сайын 675 сомду (бир гектарга) түздү. Абоненттер менен келишимдерге кол коюлуп, кызмат көрсөтүлө баштады.

Окшош материалы: