Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Балдардын талантына жол ачалы

2018-09-07 / Көрктөндүрүү

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? Салттуу айылдык жамаат балдарга өзүнүн чыгармачыл дараметин ачып берүү үчүн дайыма эле жетиштүү шарттарды түзүп бере албайт. Кээде мындай таланттуу балдар чүнчүп, аларды эч ким кабыл албай, түшүнбөй жаткандай кысылып кетишет. Мына ушул коркунучту баамдап, таланттуу балдарга жана жаштарга өзүн көрсөтө алуусу үчүн шарттарды түзүп берүү максатында Куланак айылындагы Маданият үйүнүн жамааты өнөктүк өткөрүп, окуучулардын арасынан таланттууларды иргеп алууну чечти.

Айылдардын саны 
Калктын саны  6 211 
Жылдык бюджети  8 734,9 миң сом

Эмнелер жасалды?

Куланак айылында Тамара Жумакаеванын атындагы маданият үйүндө “Эл ичи – өнөр кенчи” деген аталышта кароо сынак уюштурулду. Кароо сынакка эң таланттуу окуучулар катышты. Мүмкүн болушунча көбүрөөк адамды тартуу максатында айылда жарыялар илинип чыкты. Көп өтпөй талапкерлер Маданият үйүнө агылып, каттоодон өтүп, репетициялар башталды. Ошентип жарыяланган иш-чара өтчү күн да келди. Кароо сынакта жергиликтүү жаш таланттар чыгармачылыктын ар кандай түрлөрүндө өз өнөрүн жана талантын көрсөтүп беришти. Балдар ырдашты, бийлешти, көркөм окушту, тарткан сүрөттөрүн көрсөтүп, “Манас” айтышты. Балдардын эң кичүүсү, бирок бир кыйла таланттуу манасчы деп үчүнчү класстын окуучусу Адилет ШАРИПОВ табылды. Ал атактуу эпостон үзүндүнү абдан бериле айтып берди. Жаш курагына карабастан Адилет буга чейин да көптөгөн сынактарга катышып, байге алып, лауреат болгон эле. 8-класстын окуучусу Калыс ТӨРӨГЕЛДИ уулу да “Манас” эпосунан үзүндүнү (“Чоң казат Алооке”) мыкты аткарып берди. Экинчи класстын окуучулары болсо испан бийин эң жогорку деңгээлде бийлеп, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Улуттук кийим менен “Кара жорго” бийин бийлеп чыккан Акзыйнат жана Айжамал көрүүчүлөргө кыргыз бийинен тышкары, башка элдердин бийлерин да тартуулашты. Көркөм окууга чыккан Гүлбарчын РУСЛАН кызы жана Бекжан КЕМЕЛОВ Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасынан үзүндү (Майсалбектин катын) окуп беришти. Сүрөт боюнча сынакта Сабина САТАР кызы, Айсулуу АБДЫРАИМОВА, Кайрат БОЛОТБЕК уулу жана Үмүт БЕРДИБЕКОВА күз темасына тартылган эмгектерин көрөрмандардын сынына коюшту. Жеңүүчүлөргө баалуу байгелер тапшырылды.

Жыйынтыгы кандай болду?

Сынактан кийин Маданият үйү комуз черткенди жана сүрөт тартканды үйрөтүү боюнча ийримдерди ачууну пландай баштады. Себеби бул демилге комуз черткенди, сүрөт тартканды үйрөнгүсү келген балдар өтө көп экенин көрсөттү. Бул балдарга колдоо керектиги белгилүү болду.

Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айылдык аймагы Ааза ТИЛЕКМАТОВА

Окшош материалы: