Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү демилге башкаруу саясатынын натыйжалуулугун өлчөйт. Социалдык чөйрөгө карата кызыгуунун өсүшү уланууда

2018-09-07 / Көңүл чордонунда

Өнүктүрүү саясат институту ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында жергиликтүү жамааттарда турмуш шарттарын жакшыртуу жана социалдык өнүгүү боюнча элдик демилгелер тууралуу маалы- матты чогултуу жана жалпылаштыруу жаатындагы көп жылдан берки практикасын улантып келүүдө. Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунда мындай демилгелердин көзгө урунаарлык үлгүлөрүн баса белгилеп, аларга дем берүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок долбоордун ресурстары маалыматты чогултуп, талдагандан тышкары да тенденцияларга көз салып турууга жол берет. Бул тенденциялар Кыргыз Республикасынын коомунда жана башкаруу системасында болуп жаткан өзгөрүүлөрдү чагылдыра алат. Топтолгон тажрыйба келечекке сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн өтө маанилүү болуп турат. Бул сунуштамаларды жергиликтүү демилгелердин авторлору да, алардын аткаруучулары – Кыргызстандын айылдарынын жана шаарларынын жигердүү жашоочулары да даярдай алат. Ошондой эле сунуштамаларды даярдоого бул демилгелерди колдогон ЖӨБ органдары да тартыла алат. Жер-жерлерден алын- ган маалыматтар элеттик муниципалитеттер бир нече жылдан бери Бишкек шаарында колдонулуп келаткан, эми Ош шаарында киргизиле баштаган аспаптарды колдонууга даяр деген тыянак чыгарууга негиз болууда. Мында ЖӨБ органдарынын гранттык программалары тууралуу сөз болуп жатат. Бул жерде тиричилик үчүн нормалдуу шарттарды түзүүгө, ири, чакан, өрөөн боюндагы, тоолуу, бай жана жакыр калктуу конуштарды өнүктүрүүгө байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында бириккен жарандарга жергиликтүү бюд- жеттен акча бөлүп берүү тажрыйбасы жөнүндө кеп болууда.

Жергиликтүү демилге бийликтин жана коомдун өнүгүүсүн, алардын ортосундагы өз ара мамилелердин өнүгүүсүн чагылдырган күзгү катары кызмат өтөп келатканын буга чейин да көп жолу айтканбыз. Жергиликтүү демилге – бул жергиликтүү жамаатардын муктаждыктарынын барометри. Дал ушул жергиликтүү демилге калктын өтө курч көйгөйлөрүн аныктап чыгат. Себеби өтө чукул арада чечилиши керек болгон маселеге гана убакытты, эмгекти сарптап, башка адамдарды ишин калтырып, ошол маселени чечүүгө киришүүгө үндөп, ынандыруу керек болот. Ар бир демилге – бул тигил же бул көйгөй өтө чукул чечим кабыл алууну талап кылганынын далили. Бул – көйгөйдү чечүүдө кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү ийгилик ЖӨБ органдарынан көз каранды болгонун тастыктаган мисал. Ар бир демилге – бул жамааттар басып өткөн жол. Ар бир демилгеде биринчи кадамды жашоочулар, кээде топтор жасайт. Бирок ар бир мисалдын ийгилиги күч-аракеттерди бириктирүүгө негизделген. Биринчи кадамды жамаат жасагандан кийин бул кыймылдын уландысы болуп, андан ары кеңейип кете бериши өтө маанилүү. Бул үчүн жолго эми гана чыгып жаткандар ошол жолду басып өткөндөрдүн ийгиликтерин билиши керек. Алар жергиликтүү өнүгүү максаттарына жетүүгө боло турганын жана бул максаттар реалдуу экенин билиши абзел. Көптөр чакан иштен баштап, конкреттүү демилгелерди ишке ашыргандан сырткары, өз жамааттарын пландагандан да көбүрөөк өнүктүрө алышканын унутпаш керек. Айрым адамдар “бала бакчанын тегерек четин тосмолоп эле коём” деп ишти баштап алып, жыл айланбай көпүрөнүн курулушун же чоң жолдун ремонтун кантип баштап жибергенин да сезбей калышат. Балдар аянтчасындагы таштандыны жыйнайм деп жүрүп, жергиликтүү сейил бактарды гүлдөтүп жибергендер да жок эмес.
Бирок ар бир демилгенин ийгилиги жана өнүгүүсү үчүн шарттар керек. Башкы шарт – ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын өз ара байланышы болушу абзел. Демилгечилер колдоо булактарына – жергиликтүү бюджетке жана ЖӨБ органдары башкарган башка ресурстарга жете алгыдай болушу керек.
 
Жамааттарды эмнелер тынчсыздандырат?
Кырдаал менен таанышып, динамикага талдоо жүргүзүү үчүн демилгелердин бардык мисалдары бир нече категорияга бөлүштүрүлдү. Бул категориялар жергиликтүү жамааттардын кызыгуусунун негизги чөйрөлөрүн чагылдырат. “Кызыгуу” деген сөздүн ордуна “тынчсыздануу” деген сөздү колдонсо болот. Себеби жергиликтүү жамаатар аларды чындап тынчсыздандырган көйгөйлөрдү чечүү демилгесин көтөрүп жүрүшөт.
 
“Базалык инфраструктура” категориясы өзүнө жамааттын жашоосу үчүн зарыл болгон курулуш, инфраструктура объекттерин калыбына келтирүү же оңдоо жаатындагы демилгелерди камтыйт. Бул категорияга ичүүчү суу, жолдор жана көпүрөлөр, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, муниципалдык транспорт, таштандыларды жыйноо жана чыгаруу боюнча долбоорлор кошулган. Башкача айтканда бул демилгелер жашоо, коопсуздук үчүн минималдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Дал ушундай демилгелер көп жылдардан бери жер-жерлерде көтөрүлгөн демилгелердин басымдуу бөлүгүн түзүп келди. Жамааттын күчү менен чечилген ушундай көйгөйлөрдүн үлүшү 25-35% чекте кармалып турууда. Ошол эле маалда категориялардын ичинде айрым бир өзгөрүүлөр да болгонун белгилей кетүү зарыл. Айталы, 2018-жылы базалык инфраструктура чөйрөсүндө таштанды жыйноо артыкчылыктуу маселе болду. Демилгелердин 40% дал ушул таштанды маселеси түздү. Ошол эле маалда демилгелерде “баарын жадаткан таштандыны жыйноо үчүн бир жолку ашар түрүндө “тешикти жамап коюу” тажрыйбасы” гана сүрөттөлбөгөнүн, маселени чечүүнүн системага салынган ыкмалары колдонулуп, калк арасында түшүндүрүү жана тарбиялоо иштери кошо жүргүзүлүп жатканын белгилей кетиш керек.
“Жергиликтүү экономикалык өнүгүү (мындан ары – ЖЭӨ) жана айыл чарбасы” категориясы өзүнө жумуш орундарын түзүүгө жана негизинен агрардык бизнести өнүктүрүүгө багытталган демилгелердин мисалдарын камтыйт. Мындай де- милгелер агрардык тармак экономиканын негизги реалдуу тармагы болуп саналган элеттик жамааттар үчүн мүнөздүү. Бул чөйрөдөгү демилгелердин үлүшү ушул жылы бир кыйла кыскара түштү. Айталы, 2012-жылга салыштырмалуу 16%, өткөн жылга салыштырмалуу 1% кыскарган.
 
Жергиликтүү демилге бийликтин жана коомдун өнүгүүсүн, алардын ортосундагы өз ара мамилелердин өнүгүүсүн чагылдырган күзгү катары кызмат өтөп келген. Жергиликтүү демилге – бул жергиликтүү жамаатардын муктаждыктарынын барометри.
 
“Көрктөндүрүү” категориясы өзүнө сейил бактарды, аллеяларды, эстеликтерди, аялдамаларды, айрым административдик имараттарды көрктөндүрүү демилгелеринин мисалдарын камтыйт. Бул объекттер инфраструктуранын элементтери болуп эсептелсе да, жашап кетүү үчүн милдеттүү болгон мүнөзгө ээ эмес. Мындай демилгелердин үлүшү салттуу болуп калгандай көп деле эмес. 2018-жылы бул багыттагы демилгелер 4% түздү. Эң жогорку көрсөткүч 2016-жылы болуп, 13%
бир аз көбүрөөк болгон эле.

1-таблица. “Базалык инфраструктура” категориясындагы өтүнмөлөрдүн темалары, жыл сайын берилген өтүнмөлөрдүн саны

Категориялар 2012 2013 2014 2016 2017 2018
Ичүүчү суу 20 29 15 38 13 24
Жолдор жана көпүрөлөр 30 41 73 29 38 16
Көчөлөрдү жарыктандыруу 30 24 4 13 19 12
Катуу тиричилик калдыктарын (таштандыны) жыйноо жана чыгаруу
20 0 8 21 31 40
Өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо
0 0 0 0 0 8
Муниципалдык транспорт 0 6 0 0 0 0
 
“Социалдык чөйрө” категориясы өзүнө социалдык жана материалдык эмес көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган демилгелердин мисалдарын камтыйт. Бул көйгөйлөр жашап кетүү үчүн зарыл деп саналгандардын катарына кирбейт, бирок жергиликтүү жамааттардын социалдык өнүгүүсү маанилүү экенин, кара нан менен эле жашай берүүгө болбойт дегенди тастыктап турат. Бул категорияга жергиликтүү жамааттар маданиятты жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, мектепке чейинки жана мектепте билим берүү үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча демилгелерди көтөрүп чыкканы тууралуу окуялар кирди. Жалпысынан бул категориядагы демилгелердин саны 2014-жылдан бери бардык демилгелердин басымдуу бөлүгүн түзүп келатат: 2014-жылы 54,1% болсо, 2018-жылы 56% жетти. Долбоор уюштурган конкурстун алкагында бул чөйрөдөгү демилгелердин туу чокусу 2017-жылга туура келип, ошол жылы 64% түзгөн. Ошол эле маалда категориянын ичиндеги демилгелердин басымдуу бөлүгүн мектепке чейинки билим берүү үчүн шарттарды түзүү маселеси түзөт. Экинчи орунда мектепте билим берүү үчүн шарттар турат.
 
2018-жылы жасалган анализдин жыйынтыктары 1-диаграммада жана 1-2-таблицаларда берилди. Ошол жыйынтыктарга ылайык, акыркы жылдары (2013-2018-ж.ж.) жарандарда социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө болгон кызыгуусу күчөгөн тенденция туруктуу сакталып келатат деген тыянакты чыгарса болот. Дагы бир жолу кайталайбыз – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттары эптеп жашап кетүү баскычынан өнүгүү баскычына өттү жана бул биринчи кезекте жарандардын өздөрүнүн күч аракети менен ишке ашууда.
 
Жергиликтүү демилгени каржылоо булактары: жамааттар алдыда
 
Жамааттар чечкиндүү түрдө келечекке инвестиция жасай баштады. Инвестицияны жергиликтүү деңгээлде өнүгүү процессинин түрдүү катышуучулары жасап жатышат (2-диаграмманы караңыз). 2018-жылы жамаат өзү жергиликтүү демилгелерди каржылоонун негизги булагы болуп берди. Жамааттын акчалай же эмгек салымы 45% түздү. Мааниси жагынан экинчи булак – жергиликтүү бюджет, ал 24% түздү. Дал ушул эки булак жергиликтүү жамааттардын көйгөйлөрүн чечүүдө негизги болуп жатканы логикалуу көрүнүш. Себеби жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун катышуусу менен гана жергиликтүү демилгени ишке ашырууга болот. 2018-жылы жергиликтүү демилгелерди бизнес тарап колдогон учурлар көбөйгөнүн белгилей кетүү зарыл. Тескерисинче, донорлордун каржылоосу кыскарды. Демилгелерди колдоого эмгек мигранттары жигердүү катышып жатканын да белгилей кетүү зарыл. Мигранттардын акчасы кичи Мекенине кайтарылып, инфраструктурага жумшалып жаткан учурлар көбөйүүдө. Бул да келечекке жасалган ивнестиция болуп саналат. Бул – мигранттар Кыргызстандын келечегин ойлоп жатканынын далили.
 
Донорлордун акчасын эркектерге караганда аялдар ийгиликтүү тартууда, бирок бизнес чөйрөсү эркектердин идеяларын көбүрөөк колдоого алып жатат
Акыркы үч жыл ичинде өткөрүлгөн конкурстардын статистикасындагы гендердик сереп көрсөткөндөй, демилгелерди аялдар да, эркектер да көтөрүп келатат. Бирок соңку эки жылда автору аял болгон демилгелер 5% өстү (2016-жылы – 46%, 2017 – 55%, 2018 – 51%). Аялдар көтөргөн демилгелерди каржылоонун негизги булагы болуп жергиликтүү бюджет кала берүүдө (21%). Жергиликтүү деңгээлде аялдардын демилгелерин каржылоодо жергиликтүү бюджеттин катышуу үлүшү аз да болсо көбөйдү. Маалыматтарга ылайык, тышкы булактарды издөөдө аялдар көбүрөөк ийгиликке жетип жатат. Алардын демилгелерин донорлор, өнүктүрүү программалары жана долбоорлору колдоого алууда. Ал эми жергиликтүү бизнес чөйрөсү аялдардын демилгелерине эки эсе азыраак колдоо көрсөтүүдө (3-таблицаны караңыз).
 
2-таблица. Жергиликтүү демилгелердин мисалдарынын тематикалык багыттары,
жылына түшкөн өтүнмөлөрдүн саны
 
Тематикалык багыттар 2012 2013 2014 2016 2017 2018
Базалык инфраструктура, анын ичинде: 10 17 26 24 16 25
ичүүчү суу 2 5 4 9 2 6
жолдор жана көпүрөлөр 3 7 19 7 6 4
көчөлөрдү жарыктандыруу 3 4 1 3 3 3
катуу тиричилик калдыктарын (таштандыны) жыйноо жана чыгаруу 2   2 5 5 10
өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу           2
муниципалдык транспорт   1        
Жергиликтүү экономикалык өнүгүү жана айыл чарбасы, анын ичинде: 7 10 5 3 5 5
жайыттар 1          
сугат суу   3 3 3 2  
ЖЭӨ, жумуштуулук 6 7 2   3 5
Көрктөндүрүү, анын ичинде: 0 0 3 11 2 3
сейил бактарды, аллеяларды, эстеликтерди, аялдамаларды,
административдик имараттарды, балдар аянтчаларын көрктөндүрүү
    3 11 2 3
Социалдык чөйрө, анын ичинде: 14 19 40 45 41 42
майыптуулугу бар адамдар жана карылар үчүн социалдык кызмат
көрсөтүүлөр
3 3 7 6 2 2
маданият, тарыхый-маданий мурас   1 2   2 6
спорт 1 2 4 10 2 7
мектепке чейинки билим берүү үчүн шарттар 3 7 13 9 17 10
мектепте билим берүү үчүн шарттар     6 8 6 4
укук тартиби       2   2
жаштардын бош убактысын өткөрүү үчүн шарттар   1   2 5 2
китепканалар 1 1     1 2
ден соолукту чыңдоо үчүн шарттар 1 2 4   2  
жарандык катышуу жана маалымат алмашуу 5 2 4 8 4 7
Жылдар боюнча өтүнмөлөрдүн баары: 31 46 74 83 64 75
Алты жыл ичинде өтүнмөлөрдүн жалпы саны:           373
 
Жергиликтүү демилге – ачык-айкындуулуктун далили
 
Эмне үчүн “Жергиликтүү демилге” конкурсунун тажрыйбасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жамаат алдында отчеттуулугу бар болгонун тастыктап турат? Конкурска Кыргыз Республикасынын бардык региондорунан жергиликтүү жамааттар катышты. Дээрлик бардык жерде жамааттардын жергиликтүү демилгелери жергиликтүү бюджеттен кош-каржылоого ээ болду. Себеби жамааттардын демилгелери жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган. Ал эми бул маселелер үчүн акыр аягында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жооптуу болушат. ЖӨБ органдары жарандар өзгөчө маанилүү деп эсептеген маселелердин үстүнөн иштөө укугун таанышат. Муну менен ЖӨБ органдары жарандар алдында өзүнүн жоопкерчилигин да сезип турушат.
 
1-диаграмма. Жергиликтүү демилгелердин тематикалык структурасындагы өзгөрүүлөрдүн
динамикасы, жылына өтүнмөлөрдүн жалпы санына карата пайыздар менен
 
Бирок бүгүнкү күндө демилгелерди жергиликтүү бюджеттен кош-каржылоого байланышкан кырдаал туруктуу мүнөзгө ээ эмес, ал жамаат айткан идеяларга ЖӨБ органдарынын реакциясы катары гана пайда болууда. Негизи мындай болбошу керек. Адегенде ЖӨБ органы демилгенин пайда болуусуна өзү дем берип, мыкты жана маанилүү идеяларды колдоого даярдыгын биринчи болуп көрсөтө тургандай шарттар түзүлүшү керек эле. Бул үчүн муниципалдык башкаруу практикасына жергиликтүү демилгелерди жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоонун механизмдерин киргизиши керек. Мындай практика Бишкекте жана Ошто колдонула баштады. Ошону менен бирге ЖӨБ органы кош-каржылоо алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин жамаатка кеңири маалымдап, бул каржылоого жергиликтүү жамааттын бардык өкүлдөрү тең укуктуу болгондой шарттарды түзүп бериши керек. Мындай учурда жергиликтүү демилгенин практикасы андан ары жайылып, туруктуу мүнөзгө ээ болуп, жарандардын улам жаңы бир тобу жамааттагы жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча идеяларды көтөрүп чыгып, аларды ишке ашыра баштайт. Ошону менен бирге демилгелүү топтор мурдагыдан да туруктуу болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Алар жергиликтүү өнүгүүнүн туруктуу жана жигердүү катышуучуларына айланышат. Демилгелүү топтордун туруктуулугунун өсүшүнө өбөлгөлөр пайда боло баштады десек жаңылышпайбыз. Жамааттар жарандык жетилгендигин көрсөтө баштады: 2018-жылы бир караганда бир жолкудай көрүнгөн демилгелер андан ары көйгөйдү системалуу түрдө чече баштаганын баяндаган окуялар көп болду. Ошондой эле маселени ийгиликтүү чечип алгандан кийин бул тажрыйба кошуна айылдарды таштанды жыйноого, жол оңдоого, көчөлөргө жарык берүүгө шыктандырган учурлар да абдан көп. Айрым муниципалитеттерде демилгелүү топтор институционалдык жактан өсүп- жетилип, коомдук бирикмелерге айланды. Башка бир муниципалитеттерде коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу демилгелерге туруктуулук мүнөзүн берди.
 
2-диаграмма. Демилгелерди каржылоонун булактары, пайыздар менен
 
 
3-таблица. Демилгечинин жынысынын алкагында жергиликтүү демилгени каржылоонун булактары, өтүнмөлөрдүн жалпы санына карата пайыздар менен
 
Демилгелерди каржылоонун
булактары/демилгелердин
авторлору
2016 2016 2017 2017 2018 2018
Демилгени ким көтөрдү: аялбы же эркекпи?
А Э А Э А Э
Жергиликтүү бюджет 13 18 20 21 21 27
Донорлор/долбоорлор 29 22 31 17 29 5
Жергиликтүү бизнес            
Калктын салмы (акча каражаттары
жана эмгек салымы)
           
Жарандык коом уюмдарынын
салымы, мамбюджет ж.б.
           
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү демилгелерди системага салып, туруктуу кылышы керек. Жогоруда айтылгандай, биринчи кадам – демилгелерди жергиликтүү бюджеттен кош-каржылоо механизмин формалдаштыруу. ЖӨБ органдары бул процессте өзүнүн ролун баамдай баштаганынын алгачкы белгилери 2018-жылы пайда болгонун белгилей кетүү зарыл. Бул жаатта Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айылдык аймагынын мисалы үлгү болуп берет. Бул аймакта жергиликтүү кеңеш айыл өкмөтү үчүн натыйжалуулуктун индикаторлорун белгилеп гана бербестен, ошону менен бирге “Айылды өнүктүрүү” конкурсун жайылтуу демилгесин да көтөрдү. Мында жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуунун жогорку деңгээлин көрсөткөн көчө каржылоого ээ боло турганы байге катары аныкталган. Ыкманы системага салганы үчүн бул демилгени Өнүктүрүү саясат институту конкурстун байге фондунан тышкаркы атайын байге менен белгиледи. Жергиликтүү демилгени туруктуу колдоонун үлгүсү кандай болоорун көрсөтүү максатында Институттун башкаруусу атайын байге катары өз эсебинен 15 миң сомду Ак-Муз айылдык аймагына берүүнү чечти. Ж а л п ы с ы н а н жергиликтүү өз алдынча башкаруу тарабынан жергиликтүү демилгеге колдоо көрсөтүүнү системалаштыруу методикасын ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери иштеп чыгышкан. Бул методика талкуулоо үчүн “Жергиликтүү демилге” форумунун катышуучуларына берилет. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору бардык кызыкдар адамдарды 2018-жылдын 30-декабрына чейин бул сунуштар менен таанышып чыгууга жана өзүнүн да сунуштарын берүүгө чакырат. Документтин долбоору менен сайттан таанышсаңыз болот (ИПР и ВАП – надо разместить). Сунуштарды Долбоордун муниципалдык финансы боюнча адиси Азамат МАМЫТОВго жибере аласыз. Адистин электрондук дареги: amamytov@dpi.kg

 

Сабина ГРАДВАЛЬ,
ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары

 

 

Окшош материалы: