Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Салыктар боюнча адистин банк чыгымдарынын ордун толуктоо жөнүндө

2017-08-25 / Юридикалык кеңеш

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун дарегине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн суроолордун негизинде даярдалды. Муниципалитеттердин суроолоруна жоопторду ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристтери Бектурган ОРОЗБАЕВ жана Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдашты

Жергиликтүү калктан салык жана башка төлөмдөрдү чогулткан айыл-дык аймактын адиси банктын кассасына акы төлөөдө банктын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн өз чөнтөгүнөн акча төлөп келет. Жергиликтүү кеңеш бул чыгымдын ордун толуктоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп берүүгө укугу барбы? Бул максатта айыл өкмөтү контролдук-кассалык аппаратты сатып алышы керекпи? 

ЖӨБ органдары банктын бөлүмү же төлөм терминалдары болбогон калктуу конуштарда салык жыйноо боюнча өз ыйгарым укуктарын №04 форманын квитанциясы аркылуу ишке ашырышат. №04 форманын квитанциясы банк кызмат көрсөтүүсүн төлөө үчүн салык төлөөчүдөн каражат алуу мүмкүнчүлүгүн караштырган эмес. Бул акчаны кошумча ведомость аркылуу жергиликтүү бюджеттин кирешелерине чагылдырбастан кабыл алуу боюнча учурдагы практика ченемдер менен бекитилген эмес, финансылык тартипти бузууда жана текшерүүчү органдар тарабынан санкциялар колдонулушу мүмкүн. Ошондуктан жергиликтүү кеңеш, анын ичинде айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен банктын кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө боюнча салык төлөөчүлөрдүн чыгашаларын жабууга укугу жок. Биздин баамы-бызда, бул маселе КР Өкмөтү тарабынан чукул арада каралып, мыйзамдардагы бул боштукту жөнгө салуу зарыл. КР Салык кодексинин 109-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларында эл менен жүргүзүлүүчү акчалай эсептешүүлөр же накталай акча, банктык төлөм карточкалары, чектер аркылуу кызматтарды көрсөтүү фискалдык эске тутуусу бар контролдуккассалык машиналарды милдеттүү колдонуу жана контролдук чек берүү менен жүргүзүлөт. Буга ылайык, салык алуу айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүсү болуп эсептелбегендиктен айыл өкмөтүндө контролдук-кассалык машиналарды сатып алуу зарылчылыгы жок. 

Окшош материалы: