Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жеке бизнестин бааларына таасир этүү жана салыктарды төлөө жөнүндө

2017-08-24 / Юридикалык кеңеш

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун дарегине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн суроолордун негизинде даярдалды. Муниципалитеттердин суроолоруна жоопторду ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристтери Бектурган ОРОЗБАЕВ жана Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдашты

Айылдык кеңеш кандай жол менен айылдагы жеке бизнестин кызмат көрсөтүүлөрүнө (айдоо, себүү, жыйноо ж.б.) болгон баага таасирин тийгизип, ошондой эле бизнести салык төлөөгө (патент сатып алууга) мажбурлай алат? Менчик ээсин өзүнүн мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу, андан пайда табуу укугуна ээ. Ал эми айыл өкмөтүнүн башчысы, ошондой эле айылдык кеңештин депутаттары агротехниканын ээлерин бир айылдык аймактын же айылдын аймагынын чегинде өз мүлкүн колдонуусун чектей алышпайт. Менчик ээси өзүнө таандык мүлккө карата мыйзамдарга каршы келбеген ар кандай аракеттерди жасоого, анын ичинде өзүнүн мүлкүн сатууга, убактылуу пайдаланууга берүүгө, мүлкүн күрөөгө коюуга жана аны башка ыкмалар менен нарктоого, мүлкүн колдонуп, экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүүгө, өз каалоосу менен кызмат көрсөтүүнүн баасын өз алдынча аныктоого укуктуу. Конституциянын жана Жарандык кодекстин ченемдери белгилегендей, Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет.

Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес. Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет (КР Конституциясынын 12-беренеси). Ошону менен бирге айылдык кеңеш айыл чарба техникасынын ээлерине экономикалык ишти жүргүзүүдө салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо тууралуу маселени коө алат, бирок кызмат көрсөтүүнүн көлөмүн белгилей алышпайт. Бирок жергиликтүү кеңештин сессиясында АӨ башчысына же салык кызматынын органдарына тийиштүү чечимдерди кабыл алуу жана аталган адамдардын салык төлөөсүн камсыздоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү тууралуу тапшырма берсе болот. Болбосо ЖӨБ органдары жана салык кызматтары экономикалык ишмердүүлүк (ишкерчилик) жүргүзгөн айыл чарба техникасынын ээлерине карата КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 346, 351-1, 352 жана 353-беренелерине ылайык административдик жоопкерчилик чаралары (айып санкциялары) колдонулса болот (346-берене. Салыктан качуу жана бухгалтердик эсептерди бурмалоо; 351-1-берене. Салыктарды мыйзам менен белгиленген мөөнөттө төлөбөө; 352-берене. Салыктын суммасын азайтуу; 353-берене. Салыктык каттоодон өтпөстөн экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүү).

Окшош материалы: