Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен мектепте электрикти кармоо жөнүндө

2017-08-24 / Юридикалык кеңеш

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун дарегине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн суроолордун негизинде даярдалды. Муниципалитеттердин суроолоруна жоопторду ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристтери Бектурган ОРОЗБАЕВ жана Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдашты

Орто мектепте электриктин кызматы кыскарды. Ал билим берүүнүн райондук бөлүмүнүн эсебинен айлык алып иштечү. Жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен электрикти мектепте иштетүүнү сунушташты. Эгерде буга уруксат болсо, анда муну кантип ишке ашырса болот? Айыл өкмөтүнүн штаттык санынын толук тизмеги КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген. Бул токтомдо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына атайын каражаттардын же башка каржылоо булактарынын эсебинен кармоо үчүн штатка кызматкерлерди алууну токтото туруу сунушталган. Атүгүл КР Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы №404 “Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Имаратты, курулмаларды жана жабдууларды тейлөө жана учурдагы оңдоо иштери боюнча кызматкердин (электрик, сантехник ж.б.) штаты билим берүү мекемесине бекитилген. Мындан улам ЖӨБ органдары орто мектеп үчүн электрикти кармай албайт жана жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен ага айлык акы төлөй албайт.

Окшош материалы: