Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аскерге чакырылуучулардын иш сапар чыгымдары жөнүндө

2017-08-23 / Юридикалык кеңеш

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун дарегине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн суроолордун негизинде даярдалды. Муниципалитеттердин суроолоруна жоопторду ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристтери Бектурган ОРОЗБАЕВ жана Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдашты

Айыл өкмөтү аскерге чакырылуучулардын иш сапар чыгымдарын жергиликтүү бюджеттен төлөп берүүгө укуктуубу? ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджеттен аскерге чакырылуучулардын иш сапар чыгымдарын төлөөгө укугу жок. Мыйзамдар жергиликтүү бюджеттеги каражаттан жеке жактардын (аскерге чакырылуучулардын) иш сапар чыгымдарын каржылоого (айлык акы, иш сапар жана башка чыгымдар) тыюу салат.

„Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө“ КР Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аскердик каттоо боюнча милдетине төмөнкүлөр кирет:

  • аскерге чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү аларды райондук (шаардык) аскер комиссариаттарга чакырылып жаткандыгы жөнүндө кабарлоого жана алар-дын өз убагында барышын камсыз кылууга милдеттүү.
  • аскердик-каттоо документтеринде райондук аскердик комиссариаттарынын аскердик каттоого алынганы (аскердик каттоодон чыкканы) жөнүндө белгиси бар болгондо аскер кызматчыларын, аскерге милдеттүүлөрдү жана аскерге чакырылуучуларды жашаган жери боюнча каттоого алууга (каттоодон чыгарууга);
  • тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына аскерге милдеттүүлөрдүн, аскерге чакырылгандардын жана аскерге чейинки чакырылуучулардын сандык жана сапаттык курамы жөнүндө маалыматтарды берүүгө;
  • аскерге чакырылуучуларды аскердик каттоого алууга, жарандарды аскердик кызматка жана аскердик жыйындарга чакырууну жүргүзүүгө жардам көрсөтүүгө;
  • жарандардын аскердик каттоо эрежесин сактоосу үчүн контролду жүзөгө ашырууга.

Окшош материалы: