Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Спирт ичимдиктерин сатуу убактысын чектөө жөнүндө

2017-08-22 / Юридикалык кеңеш

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун дарегине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн суроолордун негизинде даярдалды. Муниципалитеттердин суроолоруна жоопторду ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристтери Бектурган ОРОЗБАЕВ жана Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдашты

Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатуу убактысына чектөө киргизе алабы (мисалы, кечки саат 9дан кийин спирт ичимдиктерин сатууга тыюу сала алабы)? КР мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү кеңеш алкоголдук продукцияны сатууга кошумча чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу. Мындай ыйгарым укук жергиликтүү кеңештерге “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пунктунда, ошондой эле “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” КР Мыйзамынын 13-беренесинин 3-бөлүгүндө берилген. Ошону менен бирге алкоголдук продукцияны сатуу бөлүгүндө жергиликтүү кеңеш киргизген чектөөлөр мыйзамдарга шайкеш келип, жарандардын кайрылууларын канааттандырууга багытталып, ошондой эле ишкерлердин тартиптерди жана мыйзам бузууларын четтетүү максатын көздөшү керек. Көпчүлүк учурларда иш жүзүндө жергиликтүү кеңеш жарандардын кайрылууларынын жана даттанууларынын негизинде спирт ичимдиктерин колдонуп, коомдук тартипти бузган адамдарга байланыштуу, алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сатууга (лицензиясы жок) тыюу салууга аракет жасап келет.

Эгерде ишкерлер тиешелүү лицензия алып, “Этил спиртин жана алкоголдук продукция-ны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” КР Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 14-беренеде көрсөтүлгөн талаптарды бузбаса, анда жергиликтүү кеңеш айылдын же айылдык аймактын чегинде спирт ичимдиктерин сатууга толугу менен тыюу салууга укугу жок.2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 31-беренесинде “шаардык жана айылдык кеңештер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу” болгону айтылат. Шаардык, айылдык, райондук кеңештин сессиясында алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырымжырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо маселелери чечилиши мүмкүн (15-пункт).

2009-жылдын 13-октябрындагы №269 “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” КР Мыйзамынын 13-беренеси алкоголдук продукцияны дүңүнөн жана чекене сатуунун тартибин аныктайт. 1. Алкоголдук продукцияны дүң жана чекене сатууну уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар жүзөгө ашырат. Жеке ишкерлер алкоголдук продукцияны чекене сатууну жүзөгө ашырышат. Алкоголдук продукцияны сатуу иштин лицензиялануучу түрү болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн аракка минималдуу дүң сатуу жана чекене бааны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.Алкоголдук продукцияны төмөнкүдөй жагдайларда сатууга жол берилбейт:

  • балдар, билим берүү уюмдарында жана аларга жакын аймактарда, ошондой эле тикедентике медициналык мекемелердин аймактарында;
  • шаардык жана шаардын жанындагы каттамдагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө (жалпы колдонуудагы транспортто);
  • маданий уюмдарда (аларда жайгашкан уюмдарды же коомдук тамактануу жайларын, анын ичинде юридикалык жак болуп түзүлбөгөнүн кошпогондо), дене тарбиялыкден соолукту чыңдоочу жана спорттук жайларда;
  • 18 жашка чыга элек адамдарга;
  • 18 жашка чыга элек адамдардын;
  • ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык коштоочу документтерсиз жана маркировкасыз же болбосо жасалма акциздик марка менен;
  • массалык иш-чаралар өтүүчү жерлерде, аскердик бөлүктөрдүн аймагында, аскердик соода объекттерин кошпогондо, ошондой эле чатырларда, контейнерлерде, колдо, лотоктордо, автомашиналарда, бул продукцияны сатуу үчүн ылайыкташтырылбаган башка жерлерде.Ушул берененин 3-пунктунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алкоголдук продукцияны сатууга кошумча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу болгону белгиленген.

 

Окшош материалы: