Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Окуучулардын ишембиликтерге катышуусу жана балдар эмгегинин мыйзамдуулугу жөнүндө

2017-08-21 / Юридикалык кеңеш

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун дарегине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн суроолордун негизинде даярдалды. Муниципалитеттердин суроолоруна жоопторду ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристтери Бектурган ОРОЗБАЕВ жана Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдашты

Окуучуларды айылдагы ишембиликтерге тартышууда, ата-энелер нааразы. ЖӨБ органдары уюштурган ишембиликтерге окуучуларды тартуу канчалык мыйзамдуу? Мыйзамдар балдарды ишембиликтерге же башка бир иштерге тартууга тыюу салат. Балдар жөнүндө кодекстин 15-беренеси мындай чектөөнү деталдуу түрдө регламенттештирет. Баланын ден соолугуна коркунуч туудурган же анын билим алуусуна тоскоол болуучу же болбосо анын ден соолугуна, денетарбиялык, акыл-эс, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүшүнө зыян келтирген кандай болбосун жумуштарга баланы кабыл алууга же аткаруу үчүн тартууга тыюу салынат. Балдардын эмгегин анын эң начар көрүнүштөрүнүн формаларында эксплуатациялоого, ошондой эле менчигинин формасына карабастан, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, анын ичинде кооперативдерде, дыйканчылык жана фермердик чарбаларда кандай формадагы болбосун, балдардын мажбурлаган эмгегине тыюу салынат.

Эмгек шарты зыяндуу же опурталдуу иштерде, жер астындагы иштерде, түнкү убактарда, ошондой эле аткаруу балдардын ден соолугуна жана адептик өсүшүнө зыян келтирүүсү мүмкүн болгон иштерде (оюн-зоок бизнесинде, көңүл ачуучу мекемелердеги түнкү жумуштарда, спирт ичимдиктерин, тамеки буюмдарын, баңгизаттарды жана уулуу дарыдармектерди ж.у.с. өндүрүүдө, ташып жеткирүүдө жана сатууда) балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынат. Балдардын алар үчүн белгиленген нормадан ашык оор нерселерди көтөрүүлөрүнө, ташууларына жана жылдырууларына тыюу салынат. Балдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган жумуштардын тизмеги, ошондой эле оор нерселерди көтөрүүнүн нормаларынын чеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилет. КР Билим берүү министрлиги жыл сайын бекиткен Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын Базистик окуу планына ылайык эмгек практикасынын алкагында гана балдар эмгегине уруксат берилет. Балдар эмгегинин калган башка түрлөрү мыйзамсыз болуп эсептелет жана териштирүүлөр менен жазага тартуунун предметине айланышы мүмкүн.

Окшош материалы: