Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

БИШКЕКТЕ БАШАЛАМАН КУРУЛУШТУ КАНТИП ТОКТОТОБУЗ?

2017-04-26 / Шаарга болгон укук
БИШКЕКТЕ БАШАЛАМАН КУРУЛУШТУ КАНТИП ТОКТОТОБУЗ?

СОҢКУ ОН ЖЫЛДЫН ИЧИНДЕ БИШКЕК КУРУЛУШ АЯНТЧАСЫНА АЙЛАНЫП КАЛДЫ. КУРУЛУШ ТАРМАГЫНА ЧОҢ ФИНАНСЫ КЕЛИП, ШААРДА УРУКСАТ БЕРИЛБЕГЕН АЙМАКТАР ДА ДА КУ¬РУЛУШ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ. БУЛ КООМДУК ЖАЙЛАР: ЖАШЫЛ ЗОНАЛАР, БАЛДАР ЖАНА СПОРТ АЯНТЧАЛАРЫ. ЭМНЕ КЫЛЫШ КЕРЕК? ШААРДЫКТАР КАЛААНЫН КЕЛЕЧЕГ ИН АНЫК¬ТООГО КАТЫША АЛЫШАБЫ, ДЕГЕЛЕ КАТЫШКЫСЫ КЕЛЕБИ?

Албетте шаардыктар курулуштарга ка­рата чечим кабыл алуу процессине кы­зыкдар жана катышкысы келет. Уруксат берилбеген жерлерде курулуш иштери куруу­чулар менен жергиликтүү тургундар ортосунда жаңжалдарга себепчи болуп жатканы да жөн жерден болбосо керек. Маалымат каражатта­рында чагылдырылган соңку тирештердин бири – 2016-жылдын соңунда “Слоники” сейил багын­да жана кошуна балдар аянтчасында курулуш иштери болду. Ошондо “Зеленострой” муници­палдык ишканасынын кызматкерлери ондогон бак-дарактарды кыйып салган жана жергиликтүү тургундар менен кайдыгер эмес шаардыктардын нааразылыгы гана курулуш иштерин токтотуп калган. Бул факт боюнча иш Башкы прокурату­рага өткөрүлүп берилди.

Шаардыктар барган сайын бийликти жана ак ниет эмес курулушчуларды катуу сынга алып келишүүдө. Курулушчулар болсо уруксат доку­менттерин алуу жана инженердик тарамдарга кошулуу жол-жоболору өтө татаал болгонуна даттанып, ар бир жолу жергиликтүү тургундар менен “согушкусу” келбегенин ырасташат. Өз ке­зегинде шаар бийлиги курулушка байланышкан көйгөйлөр жакын арада чечилет деп убада бе­рип келишет.

ДЕТАЛДУУ ПЛАНДООНУН ДОЛБООРУ (ДПД) БАРДЫК МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧЕ АЛАБЫ? Башаламан курулуш боюнча сын пикирлерге мэрия деталдуу пландоонун долбооруна (ДПД) заказ берип, бул үчүн шаардык бюджеттен 18 миллион сом бөлүп бергенин айтып жооп кайта­рат. ДПД – бул шаардын Башкы планынын так­талган варианты жана ал объекттердин детал­дуу жайгашуусун көрсөтүп турат. Анын шаардын борбордук бөлүгү үчүн варианты коомчулукка 2016-жылдын август айында тартууланган жана адистер менен кайдыгер эмес шаардыктар та­раптан бир топ сын пикирлер айтылган.

Себеби деталдуу пландоонун долбоору та­лаштуу объекттерге мыйзамдуу статусту гана бер­бестен, ошону менен бирге жаңы курулуштар ша­ардагы имараттарга жанаша жайгашып калчудай. Буга кошумча долбоордо бир дагы жаңы сейил бак жана социалдык инфраструктура объекттери жок. ДПД шаардыктардын пикирлерин эсепке ал­бастан, илгеркидей эле коомчулукту тартпастан, жашоочулардын муктаждыктарын жана суроо-та­лаптарын изилдебестен эле даярдалган. Шаарда­гы жаңжалдарды чечкендин ордуна, бул долбоор жаңы олуттуу тирештерге жол ачты.

КУРУЛУШ КУРУУНУН ЖАНА ЖЕР ПАЙДАЛАНУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ (КЖПЭ) ЖАРАНДЫК КАТЫШУУНУН АСПАБЫ КАТАРЫ КЖПЭ – бул шаарды функционалдык зоналар­га бөлүп турган жана шаар куруу ишин регла­менттештирген документ. Ал курулуштун жана жер пайдалануунун ар бири үчүн параметрле­рин так аныктайт. Документ шаардыктарга, турак жай ээлерине жана бизнеске курулуш куруу жана жер пайдалануу тууралуу ачык маалыматтарды берип, пландоо этабында чечим кабыл алуу­га жана өз кызыкчылыктарын коргоого катышуу үчүн укуктук мүмкүнчүлүктөрдү берет.КЖПЭ – бул коомдук келишим. Бул бардык шаардык субъекттер – бизнес, турак жай ээлери, бийлик жана инвесторлор үчүн ачык-айкын эре­желер. Алар тигил же бул жер участогун кантип колдонсо болору, курулушка уруксатты кантип алып, же кыймылсыз объектке укуктарды кантип каттаса болору тууралуу бардык маалыматтар­ды камтыйт.

КЖПЭ ак ниет бизнес жана инвестор үчүн пайда­луу. Бул эрежелер аткарууга кабыл алынган жер­де куруу жеңил жана тез болот. Алар уруксат документтерин алуу системасын жөнөкөйлөтүп, субъекттер орто­сундагы жаңжал­дардын пайда бо­луу тобокелдигин азайтат.Документ турак жайды, жумуш­чу мейкиндикти тандоо тууралуу маалыматтар­ды берүү менен, аймактык зона­лардын өнүгүүсү жана колдонулу­шу тууралуу жет­киликтүү жана түшүнүктүү элес берип, керексиз коңшулаштык то­бокелдигин азай­тат. Анын жар­дамы менен жер участокторунун ээлери жер участокторун жана капиталдык курулуш объекттерин уруксат берил­ген түрүндө өзгөчө эффективдүү пайдалана алы­шат.

Ийкемдүүлүк - бул КЖПЭнин дагы бир арты­кчылыгы. Шаардын муктаждыктарын жана жашо­очулардын суроо-талаптарын эске алуу менен, аларды толуктап, зоналарды деталдаштырып жана өзгөртүп, анализ жүргүзүп, коомдук угуу­ларды өткөрсө болот.Курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелери он жыл мурда Кыргызстандын 12 шаарында кабыл алынган. Алар: Токмок, Ош, Жалал-Абад, Чолпон-Ата, Каракол, Нарын, Ка­ра-Балта, Талас, Өзгөн, Балыкчы, Баткен жана Кант. Анткен менен аларды жеринде колдонууда бир топ көйгөйлөр бар.

БИШКЕКТЕГИ КЖПЭ Бишкекте Курулуш куруунун жана жер пай­далануунун эрежелери бери дегенде 10 жылга кечикти. Бул мезгил аралыгында шаардын бор­борундагы жана түштүк кичи райондорундагы бош жерлердин дээрлик баарында курулуштар башталып калды. Баш калаадагы азыркы кыр­даал шаардыктардын нааразылыгын жаратып, учурдагы шаар куруу системасын кайра карап чыгуу зарылчылыгы пайда болду.Шаар мейкиндиги бардык субъекттердин –шаар бийлигинин, бизнес өкүлдөрүнүн жана жарандык коомдун кызыкчылыктар чөйрөсүнө тиешелүү болгонун, бул субъекттердин кызы­кчылыктар балансын сактоо КЖПЭнин башкы милдети экенин түшүнүш керек.Бишкекте укуктук зоналаштыруу принципте­рин өнүктүрүү жана КЖПЭни кабыл алуу үчүн бардык кызыкдар жактарга бул документ туура­луу ишенимдүү маалыматты жеткирүү өтө маа­нилүү; Эрежелер – пайдалуу жана коопсуз бол­гонун түшүндүрүү зарыл.

Архитектор жана укуктук зоналаштыруу боюнча эксперт Ильдар Умурзаков Бишкекте укуктук зона­лаштыруу идеяларын илгерилетүү үчүн жарандык сектордун күчү жетишсиз болгонун, ири бизнес ассоциациялардын колдоосуна ээ болуш керек­тигин айтат. «КЖПЭни илгерилетүү үчүн алар ири инвесторлорго зарыл болгонуна ынандыруу ке­рек. Анткени ири оюнчулар гана бул процесске таасирин тийгизип, өкмөт менен Жогорку Кеңеш­тин деңгээлине чыга алышат», - деп айтат Ильдар Умурзаков. Азыркы системада ак ниет бизнеске иштөө өтө оор. Инвесторлор инженердик-техника­лык кубаттуулук тууралуу ишенимдүү жана жаңы­ланып турган маалымат жетишсиздиги өңдүү көй­гөйгө көп туш болушат. Объекттердин курулушу да шаар куруу процессинин айкын эместигинен, татаал бюрократиялык жол-жоболордон улам кый­ынчылыктар менен коштолот. Өз кезегинде КЖПЭ инвесторлорго ыктымал курулуштун түрүн жана көлөмүн, чектөөчү факторлорду так түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берип, бизнес пландоо процессин жеңилдетет. Бирок бизнес үчүн курулуш жана ай­мактарды өнүктүрүү чөйрөсүнө аралашкан муни­ципалдык жана мамлекеттик органдар тараптан коррупциялык тобокелдиктердин азайышы негиз­ги стимул болуп калат.

Коомчулукту Курулуш куруунун жана жер пай­далануунун эрежелери тууралуу маалымдоо­нун да билим берүүчү натыйжасы бар. Анын жардамы менен шаардыктар шаарды башкаруу системасын түшүнүп, калаадагы жер ресурста­рын пайдаланууда талаштуу, жаңжалдуу кырда­алдарды жөнгө салуу үчүн укуктук ченемдерди колдонгонду үйрөнүп алышат.Укуктук зоналаштырууну билген кадрларды да­ярдоо жана шаарды, шаардыктардын муктаждык­тарын түшүнүүгө жөндөмдүү, шаарларды башка­руу саясатын түзө билген, укуктук зоналаштыруу принциптерин илгерилеткен жана бардык деңгээ­лдерде сүрөгөн дисциплинарлар аралык топтор­ду түзүү дагы бир маанилүү маселе.Бишкекте КЖПЭти жайылтуунун демилгечи­си ким гана болбосун, жумуш ачык жана айкын жүрүшү керек. Ар бир субъект бири-биринин укуктарын жана кызыкчылыктарын урматтап, кон­структивдүү диалог курууга умтулушу керек.