Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бюллетенге кандай маалыматтарды жайгаштырыш керек?

2017-03-15 / ЖӨБ кызматтары

Маалыматтык бюллетенди эффективдүү даярдап, басып чыгаруу максатында ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүн муниципалдык маалыматтык бюллетендин мазмунун түзүү жаатында ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун эксперттеринин сунуштары менен толук тааныштырууну чечтик. Маалыматты туура берүү ЖӨБ органына жарандардын ЖӨБОнун карамагында турган маалыматка мүмкүн болушунча көбүрөөк жетүүсүн камсыздап, ошондой эле кайра байланыш түзүүгө жардам берет. Ал эми бул болсо туура жана тең салмактуу чечим кабыл алуу үчүн зарыл. Бул болсо ЖӨБ органы менен жергиликтүү жамааттын тыгыз кызматташуусун өнүктүрүүгө, алардын жергиликтүү бийликке болгон ишенимин арттырууга көмөктөшөт. Маалыматтык бюллетенде кандай түрмөктөр болушу мүмкүн?

Эрежеге ылайык, маалыматтык бюллетень актуалдуу тематикалык маалыматтардан турат. Ар бир чыгарылышын даярдаганда мазмунун категориялар түрүндө уюштуруу тууралуу ойлонуш керек. Окурманга өзгөчө кызыктуу жана пайдалуу боло турган темалардын тизмесин түзүп, ар бир чыгарылышына ар бир категориядан бирден макала кошуп туруу керек. Максаттуу аудиторияга жараша түрмөктү аныктоо:
 
  • жетекчинин / редактордун / сыйлуу адамдын окурмандарга кайрылуусу;
  • шаардын же ААнын жаңылыктары;
  • шаардагы же ААдагы маанилүү окуялар;
  • мыйзамдагы жаңылыктар;
  • ЖӨБОнун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат (Маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө” КР Мыйзамдын 20-беренеси);
  • калктын демилгелери;
  • айылдын турмушу;
  •  өнөктөштөр;
  • жарыялар, куттуктоолор, кайрылуулар ж.б.;
  • «алдын-ала жарыялар»— бюллетендин кийинки чыгарылышында кеңири чагылдырыла турган жаңылыктардын үзүндүлөрү.

“ЖӨБОнун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат” жана “ЖӨБ жаңылыктары” түрмөктөрү кандай жаңылыктарды камтышы керек? Муниципалитеттин маалыматтык бюллетенинин негизги максаттарынын бири жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маанилүү жаңылыктарын жарыялоо болуп эсептелет. Бул бөлүмдү “ЖӨБОнун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат” жана “ЖӨБ жаңылыктары” деп атап койсо болот. Бул жерде ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана жетишкендиктери, ошондой эле бардык муниципалитеттин турмуш тиричилигинен жаңылыктар мүмкүн болушунча көбүрөөк жайгаштырылат. Маалыматтык бюллетендеги “ЖӨБжаңылыктары” бөлүмүндө маалыматтын маанилүү түрлөрү болуп төмөнкүлөр эсептелинет.

  • Шаардын же ААнын экономикалык өнүгүүсү боюнча стратегияга киргизилген өзгөртүүлөр.
  • ТКЧ же башка маселелер боюнча жаңы муниципалдык ишкананы негиздөө.
  • Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча долбоорду ишке ашыруу (жаңы мектептин,бала бакчанын/ФАПтын ж.б. курулушу).
  • Жылдык отчет (мэриянын же АӨ, жергиликтүү кеңештин, ТКЧ ж.б.).
  • Мэриянын же айыл өкмөттүн пландары.
  • Бюджеттик маалымат (бюджеттин аткарылышы жана долбоору).
  • Долбоорду ишке ашыруу боюнча отчет (гранттык долбоорду кошкондо ж.б.).
  • Жамаат үчүн маанилүү чечим кабыл алуу (муниципалдык менчиктеги объектти: жерди, курулмаларды ж.б. сатуу).
  • Коомдук угуулар (бюджет, тарифтер, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары).
  • Жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актылары.
  • Жергиликтүү кеңеш (Жергиликтүү кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын түзүмү, иш планы, жергиликтүү кеңештин сессияларынын графиктери жана отчеттуулук, токтомдор). Айыл өкмөтүнүн буйруктары.
  • Сот актылары.
  • Айылдык кеңештин депутаттарынын тизмеси (аты-жөнү, сүрөтү, билими, шайлоо округу, байланыш жолдору).
  •  АӨ кызматкерлеринин тизмеси (байланыштар).
  • Тендердик документтер (тендерлер тууралуу жарыялар, тендердин жыйынтыктары).
  • БАПтын (биргелешкен аракеттер планы) ишке ашырылышы боюнча отчет.
  • Жергиликтүү демилгелер.
  •  Жана башкалар.
Алдыда болчу иш-чараларды жарыялоонун эффективдүүлүгү ЖӨБ органы үчүн чогулуш, курултай, коомдук угуулар жана жергиликтүү кеңештин сессиясы өңдүү алдыда болчу коомдук иш-чаралар тууралуу маалыматты бюллетенге жайгаштыруу маанилүү жана эффективдүү болуп эсептелет. Мисалы, ЖӨБ органы пландалып жаткан иш-чара таштанды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифти өзгөртүү маселеси боюнча коомдук угууларды өткөрүү тууралуу толук маалыматты берет. Мында муниципалитеттин жашоочулары бул иш-чарага алдын ала даярданып алып, даяр суроолору жана сунуштары менен келишет. Же болбосо жаңы бала бакчанын курулушу,же муниципалдык менчиктеги объектти сатуу маселесин кароо боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясын өткөрүү пландалып жатат дейли. Анда маалыматтык бюллетень аркылуу ЖӨБ органы шаардын же ААнын жашоочуларына конструктивдүү диалог түзүү жана өзүнүн даяр сунуштарын киргизүү максатында жергиликтүү кеңештин сессиясына катышуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул, демек, жергиликтүү кеңештин депутаттары жамаат үчүн туура чечим кабыл алат дегенди билдирет. Мындан тышкары бюллетенге алдыда боло турган коомдук иш-чаралар тууралуу маалыматты жайгаштыруу жергиликтүү жамааттын иш-чарага мүмкүн болушунча катышуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Анткени ЖӨБ органы жөн гана жарыя берип койбойт (иш-чара өтчү күнү жана орду, темасы). ЖӨБ органы тема боюнча болгон материалды кеңири тартуулайт (анализ, эсептер, жүйө, көйгөйлөр, жергиликтүү жашоочулардан кандай колдоо талап кылынат ж.б.). Бул болсо жашоочуларды тартып, ушул маселеге карата кызыгуусун пайда кылат. Бул абдан маанилүү. Себеби ЖӨБ органдарынын көптөгөн жетекчилери жергиликтүү жамаат чогулуштарга, коомдук угууларга, жергиликтүү кеңештин сессияларына көп жакшы катышпай жатканына, мындай иш-чараларга негизинен ондогон “дүжүр” адамдар келээрине даттанышат. Муниципалитеттин бюллетенинин бөлүмдөрүнө кандай маалыматты кошпош керек? Мамлекеттик же башка мыйзам менен атайын коргоого алынган жашыруун сырды, бийликти күч менен басып алууга, же учурдагы конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырган, согушка, зордук зомбулукка жана мыкаачылыкка үгүттөгөн, расалык, улуттук араздашууну козуткан, диний жана атеисттик сабырсыздыкты, порнографияны, ошондой эле башка кылмыш жоопкерчилигине тарткан чакырыктарды камтыган маалыматтарды басып чыгарууга жана жайылтууга жол берилбеш керек Жаңылыктар кандай көлөмдө болууга тийиш?
Жаңылыктардын кандай өзгөчөлүктөрү бар? Муниципалитеттин маалыматтык бюллетени – ыкчам басып чыгарылган, аны чыгарган уюмдун карамагына кирген маселелер боюнча кыскача расмий маалыматтарды камтыган мезгилдүү же үзгүлтүксүз чыккан басылма. Бүгүнкү күндө бул басылма ЖӨБ органынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана жергиликтүү жамаат тууралуу максаттуу аудиторияга маалымдоонун негизги, эффективдүү жана жеткиликтүү каражаттарынын бири болуп эсептелет. Ийгиликтүү маалыматтык бюллетень – бул ЖӨБ органы жергиликтүү жамаат үчүн зарыл болгон жаңылыкты бергенде талап кылынган мазмундун болгону. Экинчиден, ток этээр жерин айтуу – жаңылык кырдаалды кыска, нуска жана так берет. Мисалы, ЖӨБ органы жергиликтүү жамаат менен биргеликте айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүнүн бирин чечти дейли – бала бакча курушту. Жыйынтыктары маалыматтык бюллетенде сөзсүз түрдө чагылдырылып, төмөнкүдөй тартипте кыскача баяндалууга тийиш:
 
  • чечим издөө үчүн эмнелер себеп болду (көйгөйдүн сүрөттөлүшү) (2-3 сүйлөм);
  • качан, кайсы жерде жана эмнелер жасалды (бул маселе боюнча ЖӨБО жасаган бардык иш-чаралардын сүрөттөлүшү, анын ичинде мобилизацияны, уюштурууну кошкондо, ишчаралардын/катышуучулардын, километрлердин, чуңкурлардын саны, чубалгылардын узундугу, чарчы метр ж.б.) (3-4 сүйлөм);
  • кимдер жасады (аты-жөнү, аткаруучунун/подрядчынын аталышы, объекттерди ким координациялаган, чечимдерди ким кабыл алган, ким мониторинг жүргүзгөн) (3-4 сүйлөм);
  • тараптардын салымдарынын көлөмү (акчалай жана эмгек) (1-2 сүйлөм);
  • бул кимдер үчүн жасалды (пайданы ким алат - түз жана кыйыр пайда алчу бенефициарлардын саны көрсөтүлүш керек) (1 сүйлөм);
  • бул тематика боюнча сапаттуу сүрөттөрдүн болушу (объекттердин курулушка ЧЕЙИН жана АНДАН КИЙИН сүрөттөрү). Анткени сүрөттөр жасалган ишти реалдуу иш жүзүндө гана тастыктабастан, ошону менен бирге жаңылыктын өзүнө эстетикалык көрк берип, окурмандарда кызыгууну жаратат (баары болуп 2-3 сүрөт).
Анда-санда узун бюллетендерди чыгаргангакараганда актуалдуу маалыматты камтыган кыска бюллетендерди тез-тез жиберип турган талапка ылайык болот. Маалымат бюллетени окурманды кошумча маалыматтарды алуу үчүн уюмга кайрылууга түрткүдөй деңгээлде маалыматты камтыш керек. Окурман менен байланыш түзүп, жарнаманы эмес, пайдалуу маалыматты сунуштоо менен анын ишенимине жана урматына ээ болуу зарыл. Макала жазууда ар кайсы маселеге окурмандын көзү менен караңыз. Сиз эмне тууралуу маалымдагыңыз келгенге эмес, окурмандарыңыз эмнени кааларына көңүлүңүздү бурсаңыз маалымат бюллетенинин таасири күчтүү болот. Бюджеттик маалымат. Эмне үчүн өткөн мезгил менен салыштыруу бериш керек? Диаграммалар канчалык зарыл? Бүгүнкү күндө маалыматтык бюллетень айыл-
дык аймактарда жана көптөгөн шаарларда маалымат алмашуунун эң эле жеткиликтүү аспабы болуп эсептелингендиктен, ЖӨБ органы биринчи кезекте бюджеттик маалыматты жайгаштырышы керек.Калкка төмөнкүдөй маалымат кызык – жергиликтүү бюджетке акча кайдан түшөт, б.а., жергиликтүү бюджет кантип түзүлөт, кантип жана кайда акча каражаттары сарпталат, б.а. жергиликтүү бюджет кантип аткарылат. Бюджеттик маалымат төмөнкү түрүндө берилет:
 
  • кийинки жылга бюджет долбоору;
  • өткөн жыл (же жарым жыл) үчүн бюджеттин аткарылышы.

Бирок бюджеттик маалыматты берүүдө маанилүү өзгөчөлүктөрдүн бири болуп, киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча маалымат Жарандык бюджет түрүндө берилгени эсептелет. Жарандык бюджет маалыматты (бюджеттик параметрлер, артыкчы- лыктар жана белгилүү бир финансылык мезгилге чечимдер тууралуу) жеткиликтүү жана жөнөкөйлөштүрүлгөн түрүндө баяндап берет. Жарандык бюджет атайын билими болбогон адамдарга жергиликтүү бюджет тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүк берет. Жарандык бюджет КР Өкмөтү бекиткен методикага ылайык түзүлөт жана инфографикага ээ. Бул түрдүү диаграммалар, сүрөттөр, таблицалар  болушу мүмкүн. Диаграммалар татаал бюджеттик маалыматты карапайым адамдар үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү тилде жеткирет. Мында түстүү сүрөттөрдө бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү түрдүү көлөмдөрдө (мааниси, үлүшү) жөнөкөй чагылдырылган. Өткөн жылдардагы негизги кирешелер менен чыгашалардын түшүүсүнүн салыштырмалуу маалыматтары бюджеттик маалыматтын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Ошондой эле инфографика аркылуу берилет . Бул калк менен талкуулап, муниципалитеттин бюджеттик саясатын жакшыртуу боюнча биргелешкен чечимдерди кабыл алуу максатында бюджетке анализ жасоо үчүн керек. Анткен менен жөн гана өзгөрүүлөрдү көрсөтүп коюу жетишсиз. Кандай себептерден улам олуттуу өзгөрүүлөр болгонун түшүндүрүп берүү зарыл. Мисалы, жашоочуларда эмне үчүн жергиликтүү салыктардын түшүүсү 47% өсүп, ал эми салыктык эмес түшүүлөр болгону 4% өстү деген суроо пайда болушу мүмкүн. Балким бул жерде эч кандай олуттуу маселе деле жок чыгаар. Бирок адамдарга эмне үчүн бир көрсөткүч өсүп, экинчиси азайып жатканын түшүндүрүп берүү маанилүү. “Ким маалыматка ээ болсо, ошол дүйнөгө ээлик кылат” деген учкул сөз бар. Ошондуктан ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жамаатынын атынан бардык ЖӨБ органдарына прогрессивдүү болуп, заман ыргагына ыктап, өз иши тууралуу маалыматтарды жарыялоонун бардык мүмкүн болгон механизмдерин колдонууну каалайбыз! Заманбап, тең салмактуу жана туура маалымат гана ЖӨБ органдарына карата калктын ишеними жана чоң колдоосу түрүндө жемишин берет!

Окшош материалы: