Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ кызматтары
Кочкорбаев АА: жаңыланган суу мунарасы
Кочкорбаев айылдык аймагынын Буденовка айылында суу мунарасынын башкы имараты 1965-жылы курулган. Ошондон бери суу мунарасынын жабдуулары бир кыйла эскирген. Буденовка айылындагы эки көчөдө жана айылдын чет жакасында таза суу болгон эмес. Ошондой эле суу басымы начар болгондуктан көп жерлерге таза суу жетпей жаткан. Трубалар эскирип, абалы начар болчу. Мунара ачык тургандыктан ал жакка таштанды кошулуп, жашоочулар да ооручу. Мунарадан сууну ага жакын жайгашкан мектеп колдонуп, суу ичкен балдар да ооруп калчу. Суу менен жабдуу системасын оңдоо маселелери менен алектенчү квалификациялуу адис да, жарылып кеткен трубаларды өз убагында оңдоо үчүн техника да болгон эмес. Суу мунарасын оңдоо жана ага жанаша аймактарды абаттоо маселеси жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) боюнча иш-чараларды өткөргөн маалда артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн катарында аныкталды.
Окшош материалы:
-
№12 (146) / 2023-12-10 Маданий жана музыкалык мурастарды сактап калуу максатында Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү балдар үчүн музыка сабактарын уюштурууда
-
№12 (146) / 2023-12-10 Айыл өкмөтүнүн жана мониторинг тобунун күч-аракети менен Казыбек айылдык аймагында 120дан ашык бала дзюдо, бокс жана күрөш боюнча сабактарга катыша башташты
-
№12 (146) / 2023-12-10 Семеновка айылдык аймагындагы балдар аянтчасы: тургундардын, мигрант мекендештердин жана ЖӨБ органынын салымы
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Туруктуу кызмат көрсөтүүнү алгың келеби? Анда убагында төлө!
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Сиздин пикириңиз жергиликтүү бийлик үчүн маанилүүбү?
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Жамааттын күчү менен жүргүзүлгөн сапаттуу мониторинг объекттердин жана кызматтардын сапатын жакшыртат
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Санариптик биллинг өлкөдө арышын кеңейтүүдө, же муниципалдык ишканаларда “Оймо Биллингди” ишке киргизүүнүн жыйынтыктары
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Кыргызстандын муниципалдык ишканаларында сатып алуулардын жаңы Эрежелери: ачык-айкындуулукту камсыз кылууда кызмат көрсөтүүчүлөргө жардам