Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБдүн эволюциясы карама-каршылыктардын өнүмү катары жана ЖӨБдү өнүктүрүүнүн философиялык өнүттөрү

2017-01-25 / ЖӨБ тажрыйбасы

Бул макала философиялык изилдөө эмес. Ошентсе да “Муниципалитет” журналынын редакциясынын пикири боюнча, басып чыгарылууга татыктуу. Анткени жергиликтүү өз алдынча башкарууну кыргызстандык медиа-талаа үчүн күтүүсүз ракурстан – философиялык көз караштан алып карайт. Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул башкаруу системасынын, бюрократиялык аппараттын, же чечим кабыл алуу системасынын бир бөлүгү болгонго карагандан да кыйла көбүрөөк экенин 2011-жылы эле жазган. Ошол маалда ЖӨБ бул уникалдуу көрүнүш, ал адамдын өнүгүүсү үчүн көбүрөөк башкаруучу жана башкарылуучу чөйрөнү, болгондо да материалдык да (кызмат көрсөтүүлөр жана инфраструктура), материалдык эмес да (маданият, руханий жана психикалык саламаттык) чөйрөнү чагылдырат деген парадигма калыптанып калган. Бул макала ошол парадигманы өнүктүрүү менен жазылган жана ЖӨБдү изилдегендер үчүн кызыктуу болот. Ошондой эле макала жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарылчылыгы күчөгөн чакта өзгөчө актуалдуу болуп турат.

Узатылган суроонун өзү кызыктуу болуп турат: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (ЖӨБ) философиялык көйгөйү барбы? Эгерде бар болсо, анда аны кантип философиянын көз карашынан карайбыз? ЖӨБдү философиялык көз караштан кароонун практикалык мааниси эмнеде? Адегенде бул макаланын алкагында философия түшүнүгүн аныктап алсак. Философиянын түрдүү аныктамалары бар: илимий дисциплина, аң-сезим формасы жана көз караш. Биринчиси: философия – бул реалдуулуктун жана таанып билүүнүн, адамдын тиричилигинин, адам менен дүйнөнүн мамилелеринин өзгөчө жалпы олуттуу мүнөздөмөлөрүн жана фундаменталдык принциптерин үйрөнгөн дисциплина. Экинчи вариант: философия – бул тиричиликтин жана адамдын дүйнөдөгү ордунун фундаменталдуу принциптери жөнүндө билим системасын иштеп чыккан коомдук аң-сезимдин формасы. Үчүнчү вариант: философия – бул биринчи кезекте адамдын субъективдүү көз карашы; анын өзү жана айланасындагы дүйнө тууралуу жеке түшүндүрмөсү жана өзүн түшүнүүсү.
Мында тыштан кабыл алган кандайдыр бир билимге жана өз тыянактарына – жашоосундагы тажрыйбага негизделет. ЖӨБдүн философиялык өңүтүнө карата бардык үч аныктаманы тең колдонсо болот. Ошондой эле ЖӨБдүн өзөктүк түшүнүгүн да аныктап алуу маанилүү. ЖӨБ деген эмне? Система катары ЖӨБ барбы жана анын мүнөздөмөлөрү кандай? Ал философиялык ой-толгоолордун предмети боло алабы? ЖӨБдү изилдөө үчүн философиялык мамилелерди жана аспаптарды колдонсо болобу? ЖӨБ реалдуулукта бар, ал бизге көз каранды эмес. Мындан улам аны объективдүү дүйнөнүн бир бөлүгү катары изилдесе болот. Мисалы, ЖӨБдү өнүктүрүүгө карата эволюциялык мамиле да ЖӨБдү мезгил ичинде жана мейкиндикте өнүккөн объект катары түшүнүү үчүн чоң мааниге ээ.
ЖӨБдүн эволюциялык өнүгүүсү ЖӨБ боюнча эксперттердин көптөгөн эмгектеринде чагылдырылган1. Бул эмгектерде системанын жөндөгүч механизмдеринин эволюциясын кошкондо, ЖӨБ эволюциясын этап-этапка бөлүүнүн түрдүү варианттары келтирилет. “Адамзаттык өнүгүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун көңүл чордонунда: бул жерде жана азыр!” аттуу Улуттук докладда да жөндөгүч механизмдерди өзгөртүүнүн жыйынтыктары кандай болгону жана алар кимдерге багытталган болсо, ошолорго кандай таасир тийгизгени тууралуу фактологиялык маалыматтар да берилген. Анткен менен бул көптөгөн көз караштардын бири. Башка авторлор башкача классификацияларды келтирет жана этаптарга бөлүштүрөт. Ошентсе да академиялык деңгээлдеги аналитикалык баалоону камтыган бирдиктүү түшүнүк жана баары тарабынан кабыл алынган бөлүштүрүү жана логикалык баяндамасы азырынча жок.
Мониторинг жана баалоо усулдары, бизнес процесстерди сүрөттөө усулдары, ошондой эле компьютердик программалардын жардамы менен ЖӨБ объекттерине жөнгө салуучу механизмдердин таасир тийгизүүсүн моделдештирүү академиялык изилдөөнүн аспаптары боло алмак. Биздин тышыбыздагы реалдуулукта объективдүү түрдө бар болгон ЖӨБ түшүнүгүнүн философиялык мүнөзү ЖӨБдүн мыйзамдык аныктамасында чагылдырылышы керек. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ЖӨБдү жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүү укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү катары аныктайт. Бул аныктама ЖӨБдүн маңызын канчалык терең чагылдырат жана ал дагы терең болушу үчүн өзгөртүү зарылбы? Бул философиялык суроо. Бул суроого жооп таап, же жок дегенде буга аракет жасаш үчүн ЖӨБ системасынын субъекттерин жана объекттерин аныктап алуу маанилүү.
Мамлекеттик башкаруу тууралуу илимдин салттуу түшүнүгүндө ЖӨБ системасынын субъекттери дегенде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, ал эми объекттери дегенде ЖӨБ органдары башкарган ресурстарды жана анын мүмкүнчүлүктөрүн түшүнөбүз. Калк же жарандар бир эле маалда субъекттин жана объекттин ролун аткарышат. Жарандардын жыйындысы катары калк субъект болуп эсептелет. Анткени өкүлчүлүктүү органды шайлоо аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууга бийлик берет. Ошол эле маалда өзүнчө жаран ЖӨБ белгилеген эрежелерге баш ийүүгө мажбур болгондо ЖӨБго карата объект ролунда чыгышы мүмкүн. Ошентсе да эгерде бул системада объекттерге да, субъекттерге да экөөнүн ортосундагы байланыш таасирин тийгизбесе жана иштебесе, анда ал система болгон эмес. Бул байланыш жөндөгүч механизмдер болуп эсептелет. Ушуну менен бирге жөндөгүч механизмдер субъекттерге жана объекттерге таасирин тийгизип, системанын ичинде анын тышындагы маанилүү оюнчулар  мамлекет-
тик органдар, инвесторлор жана башкалар менен алардын арасындагы байланышты орнотот.Тилекке каршы Кыргызстанда ЖӨБ системасынын ичиндеги мамилелерди жана ЖӨБ системасынын тышкы дүйнө менен мамилелерин өнүктүрүүнүн натыйжасында пайда болгон эмпирикалык материалга жасалган терең анализ жок. Системалуу изилдөөлөрдүн жоктугу ЖӨБ системасынын ичиндеги мамилелерге гана эмес, анын тышкы мамилелерине да кабыл алынып жаткан мыйзамдар кандай таасир тийгизип жатканын түшүнүүгө жол бербей жатат. Идеалында мыйзамдардагы ар бир өзгөртүүлөр мамилелерди дагы да сапаттуу деңгээлге көтөрүү менен спираль боюнча өнүгүү логикасын ээрчиши керек. Ушуну менен бирге таасир тийгизүүчү объекттердин өздөрүнө да жакшы жагына сапаттуу түрдө өзгөрүүгө жол берет. Анткен менен ар бир аракетти каршы аракет коштойт, ал мыйзам чыгаруу процессинде да чагылдырылышы мүмкүн. Бир жагынан борборлоштуруу (же саясий истеблишменттин бир бөлүгүнүн ага умтулуусу) жана эл бийлигин узурпациялоо, экинчи жагынан демократияны күчтөндүрүү – бул бир кыймылдын эки карама-каршы вектору болгонун, алар бардык деңгээлдерде, анын ичинде ЖӨБ деңгээлинде да мамилелер системасын өзгөртөөрүн түшүнүш керек. Бул процесс үзгүлтүксүз жүрүп турат, карама каршылыктардын кармашы прогрессти илгерилетет.
Эмесе, карама-каршылыктар системанын ичиндеги да, анын тышындагы да мамилелерде пайда болот. Бул карама каршылыктар ЖӨБдүн философиялык талкуулар предмети болуп эсептелет. Бул карама-каршылыктар тууралуу эксперттик пикирлер (башкаруучулук, ресурстук, структуралык ж.б.) карама-каршылыктарды чечүүнүн альтернативалуу варианттары үчүн өбөлгөлөрдү түзөт. Альтернативалуу чечим эксперттик жамаат жана башка структуралар түзүлгөн кырдаалдарда ушул тарыхый учурда кабыл ала турган салыштырмалуу чындык болуп калат. Философиялык талкуулардын предметин аныктап алгандан кийин суроолорго өтсөк болот. Мисалы: жарандын орду жана ЖӨБ системасы менен мамилелери кандай? адамдын ЖӨБ системасынан фундаменталдуу күтүүлөрү жана суроо-талаптарыкандай? ЖӨБ системасы базалык адам баалуулуктарына жооп береби же кандай баалуулуктарга жооп бериши керек? философиянын объектиси катары ЖӨБ кандай болот? Бул тизмени ушундай мааниде уланта берсе болот. Бир мисалды карап көрөлү. Кыргызстандын ар бир жараны муницилитетте – ЖӨБ органдары башкарган административдик-аймактык бирдикте – шаарда же айылда жашайт.
ЖӨБдүн сонку максаты – бул ар бир адамдын бакубатчылыгына кам көрүү – көпчүлүк эксперттер ЖӨбдүн максатын дал ушинтип аныкташат эмеспи. “Бакубатчылык” түшүнүгү сыйымдуу, бирок бир түрдүү жана оң маанайдагы мазмунда. “Баары адам үчүн, баары адамдын жыргалы үчүн” ураанына ылайык, ЖӨБдүн материалдык да, финансылык да бардык ресурстары мындай максатка жетүүгө баш ийиш керек. Бирок бул максатка жеткенибизди билүү үчүн соңку жыйынтык кандай болууга тийиш? Калктын туруктуу жаңылануусу үчүн шарттарды түзүү ЖӨБдүн ишинин соңку жыйынтыгы болууга тийиш. Мониторинг көз карашынан алып караганда, калктын жыл сайын көбөйүшү жакшы көрсөткүч болуп эсептелет. Тескерисинче, эгерде калктын өсүшү жыл сайын кыскарып жатса, анда ЖӨБдүн бардык аракеттери нөлгө чыгып калат. Эгерде жыл сайын айылдык аймактагы калктын саны кыскарып жатса, айыл калктуу конуш катары такыр эле жок болуп кетүү коркунучуна кабылса, анда ЖӨБ же мамлекеттик бийликтин башка органдарынын ишинин маңызы калабы? Айылдын карапайым жашоочусу үчүн ЖӨБдүн баалуулугу жана мааниси эмнеде?
Ал ЖӨБдү реалдуулук катары кабыл алабы? Философиянын негизги маселеси: ЖӨБдүн жашоо же бар болуу маңызы эмнеде? “Кагаздын реалдуулугу бар. Ал адабияттын реалдуулугунан чексиз айырмаланат. Кагаз жеген күбө көпөлөктүн аң-сезими үчүн адабият деген түшүнүк болбойт. Бирок Адамдын аң-сезими үчүн адабият кагаздын өзүнө караганда чоң мааниге ээ болот. Ушул өңдүү эле эгерде кайсы бир чындыктын адамдын аңсезимине эч кандай сезимтал же рационалдуу тиешеси болбосо, анда биз тирүү жан бойдон калганга чейин ал түбөлүккө маанисиз бойдон кала берет”. Ушул эле нерсени ЖӨБго карата да айтса болот. Статистикалык маалыматтардын жыйынтыктары көрсөткөндөй, Жапонияда күн сайын калктын саны 160 кишиге азайып жаткан чакта, Кыргызстан калкынын саны күн сайын 106 кишиге көбөйүп турат. Мына ушундай эле кырдаалда Орусия да калган болчу. Бирок саясий кийлигишүүнүн жана жыйынды жөнүндөгү механизмдерди түзүү менен калктын өсүшүн 0,04% көбөйтүү мүмкүн болду.
Диллема жаралат. Жашоо деңгээли канчалык жогору болсо, төрөттүн өсүшү ошончолук аз болот. Демек, жашоо деңгээли канчалык жогору болсо, жок болуп кетүү тобокелдиги да ошончолук көп болобу? Жапонияда ЖӨБ калган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар сыяктуу эле экономикалык мүмкүнчүлүктөр күчтүү болгондо жарандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө (калкты жаңылоого) көмөктөшпөйбү? Ал эми Кыргызстанда экономикалык шарттар начар болгонуна карабастан калктын өсүшү үчүн мыкты шарттар түзүлдү деп түшүнсөк болобу? Философиялык суроо дал ушул – материалдык бакубатчылыкка умтулуу менен калктын өсүшү (төрөт саны) зарылдыгы кантип өз ара аракеттенет? Адамдын биологиялык өзөгү калкты жаңылоо зарылдыгын талап кылса, социалдык өзөгү бул зарылдыкка карама-каршы келет. ЖӨБ системасында инструментарийлер оң да, терс да кесепеттерге ээ болушу мүмкүн. Бул эми ЖӨБ системасында тобокелдиктер падышалыгы. Ал эми аларды таанып-билүү да философиялык көйгөй болуп эсептелет. ЖӨБ негизинен адам үчүн турмуш шарттарынын сапатын, материалдык маданиятты (инфраструктураны) камсыздоо менен алектенет. Бирок ЖӨБ адамдардын баалуулук багыттарына таасир тийгизе албайт, бул максаттарга ЖӨБдө ресурс жок. Бул туура эмес.
Биологиялык жана социалдык керектөөлөр муниципалдык өнүгүү программаларында бирдей даражада чагылдырылыш керек деген тыянак келип чыгат.ЖӨБдүн башка бир философиялык өңүтү – ЖӨБ органдарынын өз системасынын ичинде жана тышында коомдук аң-сезимди калыптандыруу, ЖӨБ тууралуу билим жана баалоочу ой жүгүртүүнү бере алуу жөндөмдүүлүгү. Мисалы, жергиликтүү кеңештин депутаты же айыл өкмөт башчысы болуп шайланган жаран бир сапаттык абалдан экинчисине өтөбү, анын аң-сезими өзгөрөбү жана кантип өзгөрөт? Бул өзгөрүүлөрдү кантип өлчөсө болот? ЖӨБ системасынын өзү ЖӨБ органдарынын сандык жана сапаттык курамындагы өзгөрүүлөрдүн натыйжасында сапаттуу жакка өзгөрөбү? Мисалы, шаарларда партиялык шайлоолорду киргизүүнүн натыйжасында кандай өзгөрүүлөр болду? Депутаттардын санын 21 миңден 7 миңге чейин азайткандын натыйжасында сандан сапатка өтүү байкалдыбы Эгерде өзгөрүү болбосо, анда сандан сапатка өтүү үчүн кандай өбөлгөлөр түзүлүшү керек? Кийинки философиялык өңүтү – ЖӨБдүн келечеги. Ушул тапта ЖӨБ кандай мүнөздөмөгө ээ жана келечекте кандай м ү н ө з д ө м ө л ө р г ө ээ болушу керек? Жамаат тарабынан ЖӨБдөн күтүүлөр реалдуулукка дал келеби? ЖӨБ Элесин формулировкалоо аракети бул суроого жоопту жарым-жартылай бергендей болот.
ЖӨБ Элесин 2016-жылы Өнүктүрүү саясат институту (“Муниципалитет” журналынын 2016-жылдын ноябрь айындагы чыгарылышын караңыз) түзгөнгө аракеттенген. Бул ошондой эле ЖӨБдү үйрөнүүнүн философиялык өнүтү да болуп кетет – келечекке көз чаптырып, ЖӨБдүн моделин белгилүү бир мүнөздөмөлөр менен түзүүгө аракет жасоо. Балким ЖӨБ жасагандын баары конкреттүү аймакта калктын сапаттуу кеңейтилген жаңылануусуна гана багытталган болушу ыктымал. Бул таасир этүүнүн соңку көрсөткүчү узак мөөнөттүү планда өзөктүк болууга тийиш. Эгерде калктын сапаттуу кеңейтилген жаңылануусу ЖӨБ системасы болуп туруп жүзөгө ашырылбаса, анда система катары ЖӨБ өзүнөн өзү жок болуп кетет. Тескери кырдаал да мүмкүн. Мында аймактагы ресурстар түгөнгөнгө байланыштуу ал жердеги калктын санынын көбөйүшүн болтурбоо. Мындай учурда ресурстардын жетишсиздигинен улам калктын турмуш шарттарынын деградациясынын натыйжасында ЖӨБ жок болуп кетиши ыктымал. Буюмдар дүйнөсүнүн өз ара байланыштар диалектикасы, бир нерсе экинчиси болмоюнча жашап кете албайт.
Бул карама-каршы боло берет. Анткени ЖӨБ системасы өнүгүп, өркүндөтүлүп жатат. Бул карама-каршылыктар бар болгону тууралуу сөз кылууга негиз берет.Ал сыноолор жана каталар усулу менен эмес, күтүлгөн жыйынтыктарды болжолдоонун, илимий негизде алып салынышы керек. Бул карама-каршылыктар жамааттын муктаждыктарын эсепке алып жөнгө салуучу механизмдерди түзүү жолу менен алынат. Философиялык көзкараштан алганда жөнгө салуучу механизмдердин өздөрү сапаттык да, сандык да мүнөздөмөлөрдү талдоо объекттери болуп калат. Жөндөгүч механизм диалектикалык мамиленин объектиси болууга тийиш. Жаңы жөндөгүч механизм сандан сапатка өткөрүүгө тийиш. Мисалы, мыйзамдарды өзгөртүүгө карата: 4 жылда (2011-жылдан 2015-жылга чейин) шайлоо мыйзамдары 8 жолу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамдар 6 жолу, ал эми ЖӨБ жөнүндө мыйзам 15 жолу өзгөргөн!1 Балким ЖӨБ жөнүндө мыйзамды мынчалык тездик менен өзгөртө бербестен, ЖӨБдү өзүнөн өзү өнүккөн жана өзүн өзү жөнгө салган система катары (Конституциянын алкагында) карап көрүү керектир. Ушуну менен бирге КР Жогорку Кеңешти микросубъектке – жергиликтүү кеңешке карата макросубъект катары караш керек чыгаар: бул – субъекттик-субъекттик мамилелер болот.
Функционалдык параметрлер боюнча алар окшош эле көйгөйлөрдү окшош ыкма менен чечишет. Айырмасы масштабында – өлкө жана айылдык аймак. Субъекттик-субъекттик философиялык мамиле жана параллелдер жөндөгүч механизмдерди иштеп чыгууга карата жаңы методологиялык ыкма үчүн негиз боло алмак. Диалектикалык четке кагуунун философиясы. Мында четке кагуу объекттин керексиз, атүгүл зыяндуу болуп калган бөлүктөрүн гана жок кылууну караштырган философияны ЖӨБ карата да колдонсо болот. Мисалы, ЖӨБ жөнүндө мыйзамды кайра-кайра өзгөртүүгө карата. Диалектикалык четке кагуу көз карашынан алганда бул эмне – учурдагы кырдаалга реакциябы, же ЖӨБдүн жөнгө салуучу механизмдерин өнүктүрүүдө узак мөөнөттүү прогресспи? Мындай жөнгө салуучу таасир тийгизүүнүн оң жана терс жыйынтыктарына баалоо жана болжолдоо жүргүзүлөбү? Эң негизгиси, жөнгө салуучу механизмдер социалдык мейкиндикте жана мезгил ичинде адамдардын жашоосун кантип өзгөртүп жатат?
Бул мамлекет, ЖӨБ системасы жана калк ортосунда социалдык мобилдештирүүнүн алкагында өнүккөн өз ара мамилелер жана карама-каршылыктар. Түрдүү сандык жана мазмундук салттуу вариацияларында (чогулуштар, жыйындар, коомдук угуулар) социалдык мобилдештирүү өзгөрүүлөргө дуушар болот жана жаңы муундагы адамдарда Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көйгөйлөрү жана белгисиздик абалы. Өнүктүрүү саясат институту. Сайтка шилтеме: http://golos.kg/?p=29534 жаңы аспаптар пайда болгондуктан жарым-жартылай эффективдүүлүгүн жоготот. Сөз социалдык тармактар тууралуу жүрүүдө. Алар технологиялардан да жогору турган нерсеге айланышты. Социалдык мобилдештирүү ыкмасы боюнча, социалдык тармактар калкты мобилдештирүүнүн бардык салттуу ыкмаларынан ашып түштү. Социалдык тармактарды ЖӨБ системасына кантип ыңгайлаштырса болот? Интернет, уюлдук байланыш системасы көп сандагы социалдык топторду камтыган чоң социалдык мейкиндикке тарады жана бир кыйла ийгиликтүү иштеп жатат. Кыргызстанда интернет аймактын 43,7% жайылган.
Маалымат жеткирүүнүн бул ыкмасын кантип колдонуп, социалдык мобилдештирүү максатында анын тийгизген таасиринин деңгээлин кантип жогорулатса болот? Диалектикалык мамилеге ылайык баары өзгөрөт – жашообузду уюштуруу ыкмалары да, ой жүгүртүү образы да. ЖӨБ көйгөйлөрүн изилдөөгө карата диалектикалык ыкма салттуу аспаптардын алкактарынан чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет. Ал эми интернет жана социалдык мобилдештирүүгө байланышкан мисал ЖӨБ көйгөйлөрүнө карата философиялык мамиленин практикалык маанисин көрсөтүп турат. Философия дүйнөнү (анын ичинде ЖӨБдү) таануу ыкмасы катары аныктоого жана жаңыча баамдоого, ошондой эле бар болгон объективдүү карама-каршылыктар үчүн чечим табууга жардам берет. Анткени өнүгүү – бул карама-каршылыктарды чечүү дегенди билдирет. Кыргызстанда да, башка өлкөлөрдө да ЖӨБдү өнүктүрүүдө жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрдү жана тенденцияларды аныктап чыгуу – ЖӨБдү үйрөнүүгө карата философиялык мамиле мына ушунда жатат. Философиялык мамиле болуп жаткан процесстерди, алардын өз ара байланышын, мыйзам ченемдүүлүгүн, тенденцияларын түшүнүүнүн чек арасын кеңейтет. Прогресс – бул ЖӨБдүн абалын сүрөттөө эмес.
Прогресс – бул ЖӨБдүн абалын жамааттын муктаждыктарын жана ЖӨБдүн өнүгүүсүнүн саясий, экономикалык жана социалдык реалдуулугун жана горизонтторунэсепке алуу менен өзгөртүү. Бул процесс ЖӨБ бар болгонго чейин токтобойт. Демек ЖӨБдүн философиялык көйгөйлөрү да кала берет.Бул макала – философия категорияларында ЖӨБ тууралуу субъективдүү ой жүгүртүү. Макалада коюлган тезистер ЖӨБдүн учурдагы системасын түшүнүүнүн, баамдоонун жана үйрөнүүнүн жаңы деңгээлин калыптандыруу максатын көздөйт. Бул жерде ЖӨБдүн альтернативалуу элес системасын түзүү чоң мааниге ээ болуп турат: ал кандай болушу керек? Бул ЖӨБ системасын ичинде жана анын тышкы дүйнө менен мамилелеринде болуп жаткан процесстерди; ЖӨБдүн бүгүнкү күндө жетишилген сандык жана сапаттык параметрлерин баамдоо аракети. Мунун баары ЖӨБ тууралуу ушул жерде жана азыр актуалдуу, бирок бизди абсолюттук чындыкка жакындаткан салыштырмалуу чындыкты калыптандыруу үчүн зарыл.
 

 

Окшош материалы: