Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Таза сууга коопсуз жеткиликтүүлүк: кырсыктардын ордуна жаңы үмүт

2016-12-29 / АДК ЖАНА ЖӨБ ӨНӨКТӨШТҮГҮ

Өлкө калкынын саны өскөн сайын аны менен бирге ресурстарга, таза сууга дагы талап өсүп жатат. Аны менен катар таза суу адамдын саламаттыгына чоң таасирин тийгизери белгилүү.Савай айылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылдык аймагында Өзбекстандын чек арасынын жанында жайгашкан.

Айыл көп калктуу жана этностук жактан көп түрдүү болуп саналат. Өлкө эгемендик алгандан бери Савай айыл аймагынын ЖӨБ органдары аймакты өнүктүрүү менен катар ресурстарга жеткиликтүүлүк маселесин да чечүүгө аракет жасап келүүдө. Тилекке каршы, жашоочулардын саны өсүп, жаңы турак жайлар пайда болгону менен, жергиликтүү бийлик ресурстар таңсыктыгы көйгөйүн бир заматта чече албай жатат. Савай айылы менен кошуна өлкөнүн ортосунан чоң Түштүк-Фергана каналы өтөт. Бул канал тегеректеги ирригация үчүн курулган.Үйлөрүнө суу түтүк тармагы өткөрүлбөгөн жаңы конуштардын жашоочулары сууну ирригациялык каналдан алып ичишчү. Канал суусунун санитардык-гигиеналык абалы чеке жылытпаганы менен, жашоочулар бул сууну айла жок колдонуп келишкен. Натыйжада чоңдор да, балдар да ооруп, маал-маалы менен ичеги-карын оорулары, атүгүл А гепатити да чыгып турган. Бирок эң коркунучтуусу – каналдан суу алам деп бир нече адам агып кеткен. Бөөдө кырсык айыл тургуну Айсалкындын үйүн да кыйгап өткөн жок: каналга барган жолдошун суу агызып кеткен эле.
Ошондон бери жалгыз бой аялүч баланы өзү багып келатат. Дагы жакшы, ага жакындары, кошуналар жана карапайым адамдар кол кабыш кылып келет. 2015-жылы Айсалкын айыл тургундары менен кошо жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо боюнча иш-чарага катышкан. Иш-чараны Савай айылынын Айылдын ден соолук комитети өткөргөн эле. Айылда көйгөйлүү маселелер көп эле. Бирок буга чейин маселени чечүү үчүн эч ким демилге көтөрүп чыккан эмес. Адамдар жакындарын бөөдө кырсыктарда жоготкон, же турмуш шарттын начардыгынан түрдүү ооруларга кабылган кырдаалды өзгөртүш керек болчу. Жашоону жакшы жагына өзгөртүп, өз үнүн бийликке жеткирип, айылды өнүктүрүүгө катышуу – бул Айсалкын көздөгөн максатка айланды. Савай Айылдык ден соолук комитети Бүсайра АМАТОВАнын төрагалыгы алдында “АДК үнү” Долбооруна катышып, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жарандарды тартуу боюнча бардык баскычтардан өтүштү. Жергиликтүү тургундар көтөргөн негизги көйгөйлөр – таза суу, көчөлөргө жарык берүү, ички жолдорду оңдоо. Бул көйгөйлөрдү АДК анализдеп чыгып, негизги документке – Савай ААнын Биргелешкен аракеттер планына кошту. Савай ААнын ЖӨБ органдары сабаттуу жана жигердүү коомдук ишмер, кичи мекени үчүн чын дилинен күйүп, айылындагы турмушту жакшы жагына өзгөртүүгө жан үрөгөн Бүсайра АМАТОВАнын бардык демилгелерин колдоого аракет кылып келишти.
Бардык аныкталган жана буга чейин чечилбей келаткан айылдын маселелери жергиликтүү жашоочулардын жигердүү жана сабаттуу катышуусу менен ЖӨБ органдардын жана жергиликтүү тургундардын күчү менен аягына чыкты. Айыл өкмөтү бир нече ички көчөлөргө майда таш сээп чыкты. Буга чейин жамгыр жааганда эле бул көчөлөрдөн машине да өтө албай, жөө басып өтүүгө да мүмкүн болбой калчу. Мындан жергиликтүү тургундар жана балдар азап тартчу. Ошондой эле көчөлөргө жарык берилип, муну менен айылдагы жакшы өзгөрүүлөрдүн тизмеси узарды. Элеттиктердин да айылдын өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы кубандырат. АДК айылынын жана жергиликтүү активисттердин, алардын катарында Айсалкындын да таза суу көйгөйүн чечүү боюнча демилгесин баары колдоп беришти. Элүү үй-бүлө тең өз ыктыяры менен чөнтөгүнөн акча чыгарып, үйлөрүнө 200 метрден ашык суу түтүгүн өткөрүп келишти.Савай айылынын жашоочусу Айсалкын: “Бүсайра эже башында турган биздин АДКнын иши баарыбыз үчүн таза абадай эле болду. Бүсайра эже бизди жигердүү болууга, көйгөйлөргө кайдыгер мамиле жасабоого, айылдагы жашоону өзгөртүүгө, ошол өзгөрүүлөргө биргелешип умтулууга үйрөттү. Эми акырындап отуруп, бирок туура кадамдарды таштоо менен жашоо жакшы жагына өзгөрүп жатат”. Бүсайра АМАТОВА, Савай АДК төрайымы: “Айылда ЖМБА боюнча иш чаралар биринчи жолу өттү. Элеттиктер иш-чараларды колдоп, аларга чоң кызыгуу менен катышты. Биздин айылда адамдар бизди курчап турган көйгөйлөрдүн баары ден соолугубузга да байланыштуу болгонун түшүнүштү. ЖӨБ органдары АДКны болушунча колдоп жатканы мени абдан кубандырат. Биз аймактагы өзгөрүүлөрдүн маанилүү бир бөлүгү болуп калдык”.