Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Калк үчүн маалымат борборун уюштуруу

2016-12-06 / АДК ЖАНА ЖӨБ ӨНӨКТӨШТҮГҮ
Калк үчүн маалымат борборун уюштуруу

Улахол айылдык аймагы, Тоң району, Ысык- Көл облусу – конкурста ээлеген төртүнчү орун үчүн 30 000 сом көлөмүндөгү байге.

Шор-Булак айылында СССР кулаган мезгилден бери таза суу болгон эмес. Акыркы учурларда АДК демилгеси боюнча донор уюмдардын жардамы менен жок дегенде айылдагы жалгыз мектептин окуучулары таза сууну колдоно алышы үчүн суу өткөрүлгөнү кубандырат. Чоң иштер жасалды:траншея казылып, суу түтүк трубалары өткөрүлүп, мектептин кире беришинде жана жалпы ашканада чакан насос скважинасы, сантехникалык жабдуулар жана суу жылыткычтар орнотулду. Балдар жок дегенде тамак алдында колдорун жылуу суу менен чайкай алышат. Бул болсо окуучулар арасында жугуштуу оорулардын санын азайтат.Маалымдоо боюнча балдар жана айыл тургундары менен мындан аркы иштерди жүргүзүү зарыл. Ооруларды алдын алуу жана болтурбоо боюнча иштерди жүргүзүш керек. АДК брошюралар,буклеттер аркылуу калкка маалымат жеткирүүдө. Бирок мындан дагы көбүрөөк эффективдүүлүк үчүн мектептин базасында маалыматборборун уюштуруу зарыл. Бул борбордо айыл жашоочуларынын ден соолугун бекемдөө боюнча слайд шоуларды, тасмаларды, социалдык роликтерди көрсөтүп туруу пландалууда. Ошондой эле айыл көйгөйлөрү чагылдырыла турган өз тасмаларын даярдоо боюнча пландар да бар. Бенефициарлар: тикелей – 253 окуучу, 21 педагог; кыйыр – 1570.