Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Калкты маалымдоо

2016-12-06 / АДК ЖАНА ЖӨБ ӨНӨКТӨШТҮГҮ

Кочкор айыл аймагы, Кочкор району, Нарын облусу – конкурста ээлеген төртүнчү орун үчүн 30 000 сом көлөмүндө байге.

Исакеев айылында 200 орундуу клуб бар. Ушул жерде гана жергиликтүү тургундар бош убактысын өткөрүп, айылдагы салтанаттуу-маданий ишчаралар өтүп турат. Клуб 25 жыл мурда курулган. Бирок СССР кулагандан кийинки 90-жылдары клуб таланып-талкаланып, кароосуз калган. 2012-жылы ЖӨБ органдары клубду калыбына келтирүүгө, бул үчүн каржылык жардам издөөгө аракет жасашкан болчу. Ошондо КР Финансы министрлигинен 3 миллион сомдук дем берүүчү грант келген. Айыл өкмөтү да жергиликтүү бюджеттен 600 000 сом көлөмүндө каражат бөлгөн. Ошентип клуб оңдолуп, калыбына келтирилген.Демөөрчүлөрдүн каражатына 200 отургуч, сахна үчүн декорация жана клубдун аталышы жазылган көрнөк сатып алынган. Айыл өкмөтү парда, килем, палас сатып алып, жыл сайын клубга ремонт жасап турат, электр жарыгына кеткен чыгымды көтөрөт.Бирок дагы бир маселе чечилбеген бойдон калган – жылуулук жок болчу. “АДК үнү” Долбоорунун алкагында ЖМБА-ишчаралары өткөрүлгөн.Мында башка артыкчылыктуу көйгөйлөр менен бирге (таштанды жыйноо жана жок кылуу, көчөлөргө жарык берүү) клубда жылуулуктун жоктугу көйгөйү да айтылган.
2015-жылы бул маселе айылдык кеңештин сессиясында каралып, бекитилген Биргелешкен аракеттер планына (БАП) кошулган. Көйгөйдү чечүүгө жергиликтүү бюджеттен 150 000 сом бөлүнгөн. Натыйжада 2016-жылдын III кварталында жылытуучу калориферди орнотуу пландалган. Ошондой эле таштанды чыгаруу маселеси да гранттын жана айыл өкмөтүнүн каражатынын эсебинен алынган 4 миллион сомго атайын техниканы сатып алуу жолу менен чечилген. Бул мүмкүнчүлүктөрдүн баарын ЖӨБ органдары жамааттын жана АДКнын тикелей катышуусуменен түзүп жатышат. Айылдын көйгөйлөрүн мындан ары чечүү үчүн жамаат арасында көбүрөөк маалымат жайылтуу зарыл. Муну менен кайдыгерликти, пассивдүүлүктү жеңип, жакшы жагына өзгөрүүлөрдү колдогон тарапкерлерди тартууга болот. Бенефициарлар: тикелей – 400 киши, кыйыр – 600 жашоочу.Байгеге алынган суммага калкты маалымдоо боюнча коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн жабдуу сатып алынды: үн күчөткүчтөр, динамикалар жана проектор. Айыл өкмөтү жана АДК мындан ары иш-чараларды, чогулуштарды жана акцияларды талаптагыдай жана сапаттуу деңгээлде өткөрө алышат. Сатып алынган жабдуулар жашоочуларды маалымдоо жолу менен айылдын калган чечиле элек маселелерин жөнгө салууга дем берет.