Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Суу түтүк түрубасын сатып алуу

2016-12-07 / АДК ЖАНА ЖӨБ ӨНӨКТӨШТҮГҮ

Ленин айылдык аймагы, Сузак району, Жалал-Абад облусу – конкурста үчүнчү орунду ээлегени үчүн 70 000 сом көлөмүндө байге.

Ленин айылдык аймагынын Орто-Сай айылында калктын саны өсүп, муну менен кошо таза сууга болгон суроо-талап да жогорулады. Убакыттын өтүшү менен жаңы конуштар да пайда болуп, ал аймактарга инфраструктура зарыл. Жаңы конуштардын жашоочулары үчүн маанилүү маселелердин бири таза сууга жеткиликтүүлүк болуп эсептелет. Жашоочулардын үчтөн бири сууну жергиликтүү дарыядан алып ичет. Баарына белгилүү болгондой, бул жашоочулардын саламаттыгына тикелей терс таасирин тийгизет. Бул көйгөй өзгөчө жай айларында курч турат. Анткени бул мезгилде дарыяда таштандылар көбөйүп, мал ошол жерден суу ичет. Мындай жагдай жашоочулар, өзгөчө балдар арасында жугуштуу ичеги-карын ооруларынын өсүшүнө себепчи болууда. ЖӨБ органдары бул чоң көйгөйдү өз күчү менен чече алышкан эмес. Буга карабастан бийлик кошумча каражаттарды тартуу аракеттерин токтоткон жок. 2014-жылы АДК күчү менен Орто-Сай айылында ЖМБА-иш-чаралары өткөрүлүп, анын алкагында күтүлгөндөй эле жаңы конуш тургундарынын таза сууга жеткиликтүүлүгү чектелүү болгону негизги көйгөйлөрдүн бири катары аталды.
2015-жылы донордук уюмдан алынган гранттын эсебинен айыл өкмөтү скважиналык насос үчүн электротрансформатор жана электр жабдуу сатып алды. Жакынкы келечекте калк скважинадан чыккан таза сууну колдоно баштамак. Бирок бул сууну бүтүндөй жаңы конуштарга жеткирүү көйгөйү чечилбеген бойдон кала берди. Бул маселени чечүү үчүн үч көчөгө 600 метр суу түтүк трубасын сатып алыш керек эле. Натыйжада калкты таза суу менен камсыздоодон тышкары, элеттиктер арасында жугуштуу оорулардын пайызын кыскартуу маселеси да чечилмек. Бенефициарлар: тикелей – 1 763 киши, кыйыр – 1 388 киши. “АДК үнү” Долбоору артыкчылыктуу көйгөйдү чечүү боюнча демилгени улантуу үчүн байге каражатына сатып алынган 388 метр суу түтүк трубаларды өткөрүп берди. Бул болсо Орто-Сай ай-ылындагы жаңы конуштардын тургундары үчүн суу маселесин жарым-жартылай чечүүгө жардам берет. Аймакта түзүлгөн биргелешкен мониторинг боюнча топ трубаларды орнотуу процессине мониторинг жүргүзүүдө. Жакын арада айыл өкмөтү жаңы суу түтүк тармагын колдонууга берүүгө камданып жатат.