Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаштар багын жана фельдшердик-акушердик пунктту тосмолоо

2016-12-06 / Айылдык ден соолук комитеттери
Жаштар багын жана фельдшердик-акушердик пунктту тосмолоо

Кыргызстан айылдык аймагы, Манас району, Талас облусу экинчи орун үчүн 100 000 сом көлөмүндө байге.

Акыркы учурларда Манас айылында ЖӨБ органдары АДКнын катышуусунда бир нече көйгөйлөрдү чечишти. Бул көйгөйлөр Манас айылындагы АДКнын көмөгү менен өткөрүлгөн ЖМБА-иш-чараларында аныкталган. Жергиликтүү тургундар талкуу маалында козгоп келген айылдагы көйгөйлүү маселелердин айрымдары төмөнкүдөй болчу: ички жолдордун начар абалы, айыл көчөлөрүндө жарыктын жоктугу, бош убакытты өткөрүү жана эс алуу үчүн шарттардын жана жердин жоктугу. Жергиликтүү жамаат көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү жолдорун биргелешип издөө идеясын абдан жигердүү колдоп беришти.АДК көтөргөн демилгеге колдоо көрсөтүп, элеттиктер эки негизги көчөдө оңдоо иштерин жүргүзүүнү чечишти. Демилгеге АДК мүчөлөрү жана айылдык кеңештин депутаттары да тартылды. Алар өзгөчө көйгөйлүү участокторго майда таш жеткирүүнү камсыздап беришти. Демилгечилерди колдогон айылдыктар болсо 5 000 сом көлөмүндө акча чогултуп, 40 литр күйүүчү май беришти.
Айыл өкмөт башчысы жергиликтүү бюджеттен 10 000 сом бөлүп, жол-эксплуатациялоо башкармалыгы менен сүйлөшүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен автогрейдерди ижарага алып берди. Жалпысынан калыбына келтирүү жумуштары эки көчөдө жасалды. Мындан тышкары АДК фельдшердик-акушердик пункттун аймагын жашылдандыруу боюнча демилгени өзүнө алып, карагайдын, кайыңдын жана мөмөлүү бактардын көчөттөрү менен камсыздады. Бул идея жергиликтүү жашоочулардын ден соолугун чыңдоо жана жарандардын эс алуусу үчүн шарт түзүү максатында ишке ашырылды. Ошондой эле демөөрчүлөр берген каражаттын (80 000 сом) эсебинен айылдагы негизги көчөлөрдүн биринде жарык берүүчү чырактар орнотулду. ЖМБАга катышуу, БАПты даярдоо жана маселелерди айыл өкмөтү тарабынан чечүү аркылуу айылдагы маанилүү маселелерди ишке ашыруу боюнча бул демилгелерге катышуу жакшы жыйынтыктардыберди. Жаштар багы элеттиктердин турмушунда чоң мааниге ээ.
Ошондуктан бул бакты көрктөндүрүүгө айылдын дээрлик бардык тургундары катышты. Мында ЖӨБ органдары да маанилүү ролду ойношту. Бактын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча өтө чоң иштер жасалганына байланыштуу мал жандыктан сактоо үчүн анын четчекесин тосмолош керек болчу. Мындан тышкары тосмолор айылдын сырткы көрүнүшүнө да таасирин тийгизмек. Бенефициарлар: тикелей – Манас айылынын 735 жашоочусу, кыйыр – 300 киши. Тосмонун бир бөлүгү (40%) Кыргызстан айыл өкмөтүнө байге катары берилди. Калган бөлүгү кийинчерээк, экинчи этап менен берилет. Айыл өкмөтүнүн жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлгөн Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу тосмону орнотуу процессине мониторинг жүргүзүүдө.